Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандар ЖӨБ органдарына жардам берүүгө даяр. Бирок алар катышуунун жаңы формаларына жана иштин ачык-айкын болушуна муктаж

2020-07-08 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Жарандар ЖӨБ органдарына жардам берүүгө даяр. Бирок алар катышуунун жаңы формаларына жана иштин ачык-айкын болушуна муктаж

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору; Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары; Жамала УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын лидери; Оңолкан УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын аналитиги

Өнүктүрүү саясат институту түрдүү долбоорлордун алкагында жана өз демилгеси менен жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамилесин көп жылдардан бери изилдеп келатат. 2020-жылы социологиялык сурамжылоо ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы боюнча “Erfolg Consult” ЖЧКнын күчү менен өткөрүлгөн. Сурамжылоонун негизинде алынган маалыматтарга анализ “Erfolg Consult” ЖЧКнын жана Өнүктүрүү саясат институтунун биргелешкен күч-аракети менен жасалды. Анализдин жүрүшүндө буга чейин түрдүү долбоорлордун алкагында өткөрүлгөн сурамжылоолор маалында алынган маалыматтар колдонулду.

Жарандардын ЖӨБго катышуу укугу

Жарандардын ЖӨБго катышуусу – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пайдубалы. Себеби жергиликтүү жамааттын өз алдынча, жоопкерчиликти өзүнө алуу менен кабыл алган чечимдери ЖӨБ системасынын маңызын түзөт. Ошондуктан жарандардын ЖӨБго катышуу укуктарын ишке ашыруу үчүн укуктук жана институционалдык шарттарды жакшыртуу процесси туруктуу, үзгүлтүксүз ишке ашып турушу керек.

Жарандар ЖӨБдөгү өзүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу көп жакшы маалыматка ээ эмес жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун толук колдоно албай келишет. Негизги көйгөй – ЖӨБ менен жарандар ортосунда натыйжалуу коммуникация жетишсиз болууда. Элде мамлекетке карата инфантилдүү, керектөөчү мамиле да таасирин тийгизип жатат. Мындай мамиле калктын кулк мүнөзүндө Советтер Союзунан жана пландуу экономика мезгилинен бери сакталып келүүдө. Көпчүлүк жарандар, анын ичинде ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, атүгүл айрым мамлекеттик кызматчылар да ЖӨБдүн чыныгы табиятын толук түшүнбөй жатышат. Алар мамлекеттен башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну да, көйгөйлөрдү чечип берүүнү да күтө беришүүдө.

Жергиликтүү жамааттын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн пландап, аны жүзөгө ашырууда ЖӨБ органдары көп учурда жарандардын чыныгы муктаждыктарын талаптагыдай эсепке албай калышат. Жергиликтүү бюджеттер аймактардын Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарына негизделүүгө тийиш.

Улуттук мыйзамдар (КР Бюджеттик кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар) ЖӨБ органдарынан коомдук угууларды (мындан ары – КУ) өткөрүп, ошол жерден элдин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктап, бюджеттин долбоорун талкуулоону талап кылат. Бирок бул иштер азырынча талаптагыдай деңгээлде болбой жатат. Буга негизинен бюджеттик процессте калктын кызыкчылыктарын кантип коргош керектигин жергиликтүү деңгээлде түшүнүктүн жоктугу себеп болууда.

Отчеттуулук мындайча түзүлгөн: ЖӨБ органдары биринчи кезекте аларды тандагандардын (б.а., жергиликтүү жамааттын) алдында эмес, башкаруу иерархиясында жогору тургандардын – мамлекеттик органдардын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчиликтин жок же аз болгонунун натыйжасында элеттик ЖӨБдүн аткаруу органдарынын жетекчилери – айыл өкмөт башчылары иш жүзүндө элге, жарандарга отчет беришпейт. Себеби аларды жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт, ал эми талапкерлигин мамлекеттин өкүлү же жергиликтүү кеңеш өзү көрсөтөт. Ошентип, жарандарда шайлоо системасы аркылуу жетекчиге түз таасир этүү мүмкүнчүлүгү жок. Натыйжада жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын же жергиликтүү кеңештин муктаждыктарын канааттандыруу айыл өкмөт жетекчисинин башкы максатына айланат. Бирок алардын кызыкчылыктары дайыма эле калктын кызыкчылыктарына төп келе бербейт. Буга партиялык шайлоо системасы көмөкчү болууда.

1-диаграмма. Жергиликтүү демократиянын жана ЖӨБ деңгээлинде жарандык катышуунун өзгөчө натыйжалуу формалары1

Жарандардын ЖӨБго катышуу формасын тандоого келгенде жарандар эң натыйжалуусу деп төмөнкүлөрдү аташкан: ЖӨБ органдары жамааттарда өткөргөн жолугушуулар (47%); коомдук угуулар (35%); жергиликтүү курултай (31%); жергиликтүү демилгелер (22%). Жарандардын 12 пайызы гана жергиликтүү кеңешке шайлоону, 10 пайызы коммерциялык эмес уюмдар аркылуу өз ара аракеттенүүнү катышуунун натыйжалуу формасы деп эсептегени тынчсызданууну жараткан факт. Бул сандар элдин ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээли бир кыйла жогорку деңгээлде болгону менен, жарандар шайлоо өңдүү өкүлчүлүктүү принципке жана КЭУ аркылуу иштерге байланыштуу болгон формалардан качып, тикелей өз ара аракеттенүүгө умтулганынан кабар берет. Мындай көрүнүш жарандардын ЖӨБго катышуусунун өкүлчүлүктүү формасына болгон ишеним деңгээли төмөн болгондуктан, жергиликтүү кеңеш өз милдеттенмелерин толук аткарбагандыктан, ЖӨБ органдарынын жарандар алдындагы отчеттуулугунун чабалдыгынан улам болууда.

2-диаграмма. Бюджет боюнча коомдук угууларга катышкан жарандардын үлүшү, 2007-2020-жылдар, пайыз менен

Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу

Жогоруда айтылгандай, чогулуштар жана коомдук угуулар жарандардын ЖӨБго катышуусунун эң эле көп тандаган формалары болуп эсептелинет. Жарандардын коомдук угууларга катышуусу жарандардын санына тескери пропорционалдуу болгонун түшүнүш керек. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, 5000ден ашпаган киши жашаган муниципалитет үчүн жалпы муниципалдык чогулуштарга калктын 14-15 пайызы гана катышат. Ал эми калктын саны 20 миңден ашкан муниципалитетте 3-5% гана катышат2.

3-диаграмма. Бюджет боюнча коомдук угууларга катышуунун жыйынтыгына ыраазы болгон жарандардын үлүшү, 2007-2020-жылдар, пайыздар менен

Муну кандай гана чогулуш болбосун, анда жөнөкөй физикалык чектөөлөр да болоору менен түшүндүрө алабыз: көпчүлүк калктуу конуштарда 150-200дөн ашык адамды бир жерге чогултуу мүмкүн эмес (Кыргызстандагы ЖӨБ органдарынын практикасында 200дөн ашык адам катышкан угуулар сейрек болот). Өлкөдөгү ЖӨБ органдарынын жалпы санынан алганда, Кыргыз Республикасында бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынын натуралай максималдуу саны 60тан 100 миңге чейин жетиши мүмкүн (КР Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, угууларга орточо 85 адам катышат). Бирок натуралай максимум деген социалдык жактан мүмкүн жана натыйжалуу максимум дегенди билдирбейт. Себеби катышуучулардын санын жөн эле көбөйтүп коюу менен бюджет өзгөчө натыйжалуу талкууланып калат деп айтууга болбойт.

4-диаграмма. Бюджет боюнча коомдук угууларга катышуудан канааттанбаган жарандардын жүйөлөрү, 2018-жылдагы жана 2020-жылдагы корсөткүчтөр, пайыз менен

Коомдук угуулар практикасы Кыргызстанда 1999-жылы башталган. Ошондон тартып 2018-жылга чейин жарандардын жергиликтүү деңгээлде бюджет боюнча коомдук угууларга катышуусунда туруктуу өсүш байкалып келди. Ал эми 2018-жылы Кыргыз Республикасы үчүн рекорддук 20 пайыздан ашты. КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы коомдук угууларды 330 ЖӨБ органы өткөргөн. Угуулар негизинен элет жергесинде өткөн, ал эми катышуучулардын саны 28 миңден ашкан. Ошентип, жарандардын мындан ары да коомдук угууларга катышуусун сан жагынан көбөйтүү жарандардын катышуусун күчөтүү процессинин максатына айланбашы керек. Мындан ары сапатына көңүл буруу абзел. Коомдук угууларга жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун жаңы формаларын киргизүү зарыл.

5-диаграмма. Бюджет боюнча коомдук угуулардын жыйынтыгында ЖӨБ органдары эсепке алган сунуштардын КР облустары боюнча үлүшү, пайыздар менен (Талас облусу кошулган жок, себеби маалыматтарды алууга мүмкүн болгон жок)

Анын үстүнө мындан ары коомдук угуулардын катышуучуларынын саны көбөйөт деген ыктымалдуулук аз. Себеби ЖӨБ органдары катышууну каалагандардын көбү үчүн шарттарды түзүп берди. Ошондуктан иш-чара тууралуу маалыматтын жоктугу, билбегени катышуунун негизги себеби боло албайт. Муну коомдук угуу өтөөрү тууралуу билсе да, колу бош болбогондуктан бул иш-чарага катышпаган жарандардын саны көбөйүп жатканы тастыктап турат. 2018-жылы ушинтип жооп кайтаргандар 17,8 пайыз болсо, 2020-жылы мындайлар 24,5 пайызды түзгөн. Коомдук угуу өтөөрү тууралуу билбеген адамдардын үлүшү 3,4 пайызга; мындай иш-чараларга кызыкпагандардын үлүшү 3,3 пайызга азайган.

Ошентип, жарандардын коомдук угууларга катышуусунун мындан аркы деңгээли туруксуз болот деген божомол бар. Айталы, 2018-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2020-жылы коомдук угууларга болгон кызыгуу 1,6 пайызга түшүп кеткен. Эми ЖӨБ органдары угуулардын сапатына, өзгөчө угуулар маалында жарандардан түшкөн сунуштардын бюджетте эсепке алынышы үчүн жоопкерчиликке өтө көңүл бурууга тийиш. Угуулардын сапаты жана сунуштардын эсепке алынышы келечекте жарандардын бюджеттик процесске катышуу каалоосуна олуттуу таасирин тийгизе турган факторлор. Угууларды өткөргөн алгачкы он жылда коомдук финансы өңдүү өтө так жана маанилүү маселени бийлик менен талкуулап алуу мүмкүнчүлүгү адамдарды шыктандырчу. Бирок убакыт өткөн сайын жарандар угуулардын иш жүзүндөгү жыйынтыгын көбүрөөк баалай башташты. Бул маанисинен алып караганда, жакшы кабар бар: угуулар институтунун өзүнө ишенбегендердин, угууларга катышкандардын каалоосу бюджеттин долбоорунда эсепке алынарына көзү жетпегендердин саны азайды – 8 пайыздан 4,2 пайызга түштү. Мындай динамика адамдарда өз пикирин жеткире алууга болгон ишеним өсүп жатканынан кабар берет. Жалпысынан бюджет боюнча угууларга катышып, ыраазы болуп калган адамдардын үлүшү бир кыйла жогору бойдон кала берүүдө.

Мындайлар сурамжылоого катышкандардын 70 пайызын түзөт. Бирок 2020-жылы көп мезгилден бери болбогон көрүнүш байкалды: угуулардын жыйынтыгына канааттануу деңгээли 5,6 пайызга түшүп кетти.

Бюджеттик угууларга катышуу тажрыйбасына ыраазы болбогон жарандар муну төмөнкүдөй себептер менен түшүндүрүп беришти: бюджет түшүнүксүз жеткирилди (38,2%), иш-чара начар уюштурулган (17,2%), угуулар элдин арыз-даттануусу айтылган чогулушка айланып кетти (14,6%), угууларга катышкандардын сунуштары бюджетке таасирин тийгизген жок (13,4%), алып баруучу гана сүйлөй берди, жашоочуларга пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилген жок (12,7%).

Угуулар маалында жарандардан түшкөн сунуштардын эсепке алынышы тууралуу айта турган болсок, КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, ЖӨБ органдары түшкөн сунуштардын болжол менен 52 пайызын эсепке алган. Ошону менен катар Чүй жана Жалал-Абад облустарында жарандардан түшкөн сунуштардын 60 пайызга жакыны, Талас облусунда 70 пайыздан ашыгы эсепке алынган.

Адамдар адатта угуулар өтүп бүткөндөн кийин эле чукул реакцияны жана популисттик билдирүүлөрдү күтө турганы белгилүү. Бирок жергиликтүү деңгээлде, өзгөчө элеттик муниципалитеттердин деңгээлинде чукул убакыт ичинде реакция жасоо, тигил же бул сунушту аткарууга убада берүү мүмкүн эмес. Белгилүү болгондой, жергиликтүү бюджеттерде акча дайыма тартыш болуп турат жана муниципалдык лидерлер убадаларга өтө кылдат мамиле жасайт, алар бардык көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эместигин, ал эми бул үчүн жооп берчү күн алыс болбогонун жакшы билишет.

Ошентсе да, “бюджеттеги маалыматтарды түшүнгөн жокмун” деп жүйө келтиргендер көбөйүүдө. Ошентип, калктын жалпысынан финансылык сабаттуулугунун төмөн деңгээли, бюджеттик маалыматты окуй албаганы, түшүнбөгөнү угууларга катышуудан канааттанбагандыктын негизги себептеринин бири бойдон кала берүүдө.

Бул маселени гендердик таандыктыгы жагынан алып караганда, эркектерге караганда аялдар “угуулар маалында алып баруучу гана сүйлөй берди, жашоочуларга пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилген жок” деген жоопту көбүрөөк беришкен: 2020жылы мындай жоопту аялдардын 19,4 пайызы, эркектердин 7,1 пайызы берген. Ошону менен катар эркектердин 45,9 пайызы, аялдардын 29,2 пайызы үчүн гана “бюджет түшүнүксүз болгон”. “Угуулар элдин арыз-даттануусу айтылган чогулушка айланып кетти” деп эркектерге караганда аялдар көбүрөөк белгилешкен. Мындай пикирдеги эркектер 18,1%, ал эми аялдар 11,8 пайызды түзгөн.

Ушундан улам мындай тыянак чыгарууга болот: мамлекеттик финансыны башкаруу маселесин аялдар эркектерден кем эмес билишет. Бирок талкуу процессинде аялдар дискриминацияны көбүрөөк байкашат, аялдар өз оюн толук жеткире албай калганын белгилешкен.

Мындан ары ЖӨБ органдары бюджеттик маалыматты жайылтуунун азыркыдан да жөнөкөй, жеткиликтүү механизмдерин киргизүүгө көбүрөөк аракет жасашы керек. Мисалы, жарандык бюджеттин онлайн форматын алалы. Бул форматты 2019-жылы ЖӨБ органдарынын 70 пайызы толтуруп чыккан. Бирок бардык эле жарандар ал тууралуу көп жакшы биле беришпейт жана анын жардамы менен өзүнүн м у н и ц и п а л и т е т и н и н бюджети тууралуу маалыматты ала алышпайт. Коомдук угууларга катышуунун сандык деңгээлине караганда, ЖӨБ органдары жарандардын пикирлерин жана каалоолорун эсепке алуунун сапаттуу индикаторлоруна көңүл бурушу керек. Мисалы, муниципалдык сайттар, “Вотсаптагы” тайпалар, сунуштар үчүн кутулар жана кайтарым байланыштын башка түрлөрү аркылуу онлайн баарлашуу жана сунуштарды алуу үчүн шарттарды түзүп берсе болот.

Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жеке катышууга болгон даярдыгы

ЖӨБ органдарынын жарандар менен диалогду уюштуруу, өз ара байланыштын жаңы формаларын түзүү багытындагы аракеттери жамааттын жоопкерчилигин жогорулатат. Бул өтө маанилүү. Себеби чыныгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардан жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча, анын ичинде жоопкерчиликти өзүнө алып чечүүнү талап кылат. Мыйзамдардагы ченемдердин, коомдук суроо-талаптын таасири менен ЖӨБ органдары элдин үнүнө көбүрөөк кулак сала башташты. Ошол эле маалда жарандар да жамааттын өнүгүүсүнө даяр болгонун айтып жатышат.

Өз шаарынын же айылынын коомдук ишине жеке өзү катышууга даяр жарандардын катары калыңдап баратат. 2020-жылы сурамжылоого катышкандардын 64,8% мына ушундай пикирин айтышкан. Бул көрсөткүч 2018-жылга караганда 8,7 пайызга көбүрөөк (мурда коомдук угууларга катышууга көп учурда даяр болбогон жарандар эми оюн өзгөртүштү). Аны менен катар сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы (47%) бул жаатта тажрыйбасы бар болгонун айтышкан.

6-диаграмма. Катышуу формаларынын алкагынан алып караганда, жарандардын коомдук иштерге катышуу деңгээли, 2018-2019-жылдар, пайыздар менен

Бул бир нерсени кыйыр түрдө тастыктап турат: барган сайын көбүрөөк жарандар жалпы жашоо шарттарын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар болгонуна ишенип калышты. Ошол эле маалда көбүрөөк адамдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга алардын жардамы керек болгонун түшүнүп, ошол себептен көмөк көрсөтүүгө даяр болуп турушат.

7-диаграмма. ЖӨБго катышуу формасына карата шаарда жана айылда жарандардын тандоосу, пайыздар менен

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө даяр болгондордун үлүшү позитивдүү көрүнүш. Себеби өз-өзүнчө иш алып барганга караганда жамаат менен башкаруу органынын биргелешкен күч-аракети көбүрөөк натыйжа берет. Бирок бул ЖӨБ органдарынын алдына бир тапшырманы коюп жатат: алар адамдарды бул процесске катышуунун талаптагыдай уюштуруучулук формалары менен камсыз кылышы керек. Ошондой эле бул катышууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө көбүрөөк күч жумшоо зарыл. Муну менен жарандарга өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берип, ага баалоо жүргүзүп, бул ишине ыраазычылык билдирүүгө шарт түзүлөт.

Анын үстүнө жарандардын өнүгүүгө кошкон салымы канчалык маанилүү болгонун баса көрсөтүү дагы бир себептен улам маанилүү болуп турат: жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууну такыр каалабаган адамдардын үлүшү 1,5 пайызга болсо да көбөйдү. 2020-жылы мындайлардын саны 20 пайыздан ашты.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жеке өзү катышууга эркектерге караганда аялдар көп дилгир эмес. 2020-жылы эркектердин 58,5 пайызы коомдук иштерге катышса, аялдардын арасында мындай респонденттердин үлүшү 38,1 пайызды түзгөн. Муну эки себеп менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиден, аялдар күнүмдүк көр тиричиликтен колу бошобойт, бул акы төлөнбөгөн жумуштар алардын болгон бош убактысын алып коюуда. Ушул убакытты алар коомдук иштерге жумшай алышмак. Экинчиден, коомдук турмушка жигердүү катышкан аялдарга карата терс маанай мурдагыдай бойдон кала берүүдө.

8-диаграмма. Жарандарда мониторинг жана баалоонун предметтеринин (темалардын) популярдуулук рейтинги, 2018-2020-ж.ж. пайыздар менен

Жарандардын баамында, чогулуштар (54,5%) жана коомдук угуулар (15,1%) коомдук иштерге катышуунун эң эле популярдуу формасы болуп саналат. Аны менен катар, бюджет, тарифтер, кызмат көрсөтүүлөр жана жергиликтүү маанидеги башка маселелер боюнча коомдук угууларга катышкандардын үлүшү эки эсе көбөйдү. Бул болсо бир нерседен кабар берет: жарандардын катышуусу консультация берүү баскычынан чечимдерди биргелешип кабыл алуу баскычына өтүп баратат. Себеби чогулуштардан айырмаланып, угуулар жөн гана маалымат же кеп-кеңеш берүүгө эмес, конкреттүү чечим кабыл алууга багытталган. Жарандардын катышуусу барган сайын көбүрөөк натыйжалуу мүнөзгө ээ болгонун дагы бир көрүнүш тастыктап турат: жергиликтүү бюджеттин же тышкы жардамдын эсебинен каржылана турган долбоорду даярдап, тандап алууга катышкандардын үлүшү алты эсе көбөйдү. Коомдук кеңештерге катышкандарды саны өтө кескин азайып кеткен көрүнүш да пайда болду.

2018-жылы катышуу формаларынын рейтингинде коомдук кеңештер экинчи орунду ээлеп, респонденттердин 30 пайыздан ашыгы ушул жоопту тандаган. Бирок эки жылдын ичинде коомдук кеңештердин популярдуулугу дээрлик эки эсе түшүп кетип, болгону 12 пайызы гана ушул жоопту тандаган. Мындай өзгөрүүнү позитивдүү көрүнүш катары бааласа болот. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде мыйзамдык ыйгарым укуктарга ээ болгон эң маанилүү кеңеш бар – бул жергиликтүү кеңеш. Эгерде жергиликтүү кеңеш сапаттуу, толук кандуу иш алып барса, жарандарда кошумча кеңештерге катышуу зарылчылыгы деле болмок эмес. Бирок чакан айылдарда ири муниципалитеттерге жана шаарларга караганда кырдаал бир кыйла айырмаланат. Чакан муниципалитетте жергиликтүү кеңеш коомдук кеңештердеги бардык муктаждыктарды камсыз кылууга жөндөмдүү. Бирок шаарда же ири муниципалитетте мындай кеңештер өзүн актайт. Ошондуктан шаарларда демилгелүү топтордун жана коомдук кеңештердин ишине катышкысы келген жарандар көбүрөөк. Ал эми айылдарда адамдар коомдук угууларга, ошондой эле каржылоо үчүн долбоорлорду даярдап, тандап алууга көбүрөөк катышат.

9-диаграмма. ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрү болуп-болбогону тууралуу жарандардын пикирлерин көрсөткөн динамика, 2018-2020-ж.ж., пайыздар менен

Өз шаарын же айылын көрктөндүрүү боюнча коомдук иштерге жеке өзү катышууга даяр жарандардын катары туруктуу түрдө калыңдап баратат. 2018-жылга салыштырмалуу 2020-жылы бул көрсөткүч дагы 9,1 пайызга өсүп, 72,8 пайызды түзгөн.

10-диаграмма. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматтын көлөмүнө жана сапатына канааттануу деңгээлинин динамикасы, 2007-2020-ж.ж., пайыздар менен

Иш жүзүндө жарандардын басымдуу бөлүгү өз муниципалитетин көрктөндүрүүгө жеке салымын кошууга даяр турат. Бул – өнүгүү потенциалы өтө жогору, ЖӨБ органдары үчүн даяр “армия”. Ошол эле маалда бул көрсөткүч Кыргызстан элинин биримдигин, коллективизмин, өзүнүн жашоосу үчүн гана эмес, болочок муундун жашоо шарты үчүн да жоопкерчилик сезими бар болгонун тастыктап турат. Буга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети – жарандарга бул үчүн эффективдүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү. ЖӨБ органдары бул тапшырманы жарым-жартылай аткара алды десе болот. Анткени өз шаарын же айылын көрктөндүрүү боюнча коомдук иштерге жеке өзү катышкан адамдардын үлүшү да өсүп, 2020-жылы мындайлар 36,7 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, ар бир үчүнчү кыргызстандык өзүнүн гана эмес, башканын да турмуш шартын жакшыртууга салым кошуп жатат.

11-диаграмма. ЖӨБ органдарынын ачыктык деңгээли тууралуу жарандардын пикирлеринин динамикасы, 2007-2020-ж.ж., пайыздар менен

Ошол эле маалда көрктөндүрүү боюнча иштерге даяр болбогон адамдардын саны аз да болсо (4 пайызга) көбөйдү. 2020-жылы мындайлар 16 пайызды түздү. Калгандары коомдук иштерге анда-санда гана катышып тургусу келет, айрымдары бул суроого жооп бере алышкан жок.

Жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө катышуусу

ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү – Кыргыз Республикасындагы тарыхы терең коомдук иш болгонуна карабастан, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун эң оор өңүттөрүнүн бири. Жалпысынан адамдар “мониторинг” деген сөзгө көнүп калышты, адатта муну бийликтин үстүнөн көзөмөл жүргүзүү катары кабыл алышат. Себеби жарандардын дээрлик жарымы – 47,4% - мониторинг жана баалоого катышуу ниетин билдирген, болгону 7,3 пайызы гана бул суроого бир жактуу жооп бере алган эмес. Бирок мониторинг жана баалоонун предметтерине тереңирээк анализ жүргүзгөндө жарандардын ага катышууга даярдыгы жаатында олуттуу айырма келип чыгууда.

12-диаграмма. Жергиликтүү бюджеттердеги каражатты сарптоонун артыкчылыктуу багыттары тууралуу жарандардын пикирлеринин динамикасы, 2007-2020-ж.ж.3, пайыздар менен

Ошентип, мониторинг жана баалоого катышуу ниетин билдиргендердин ичинен 70 пайыздан ашыгы ичүүчү суу менен камсыз кылуу (75,6%) жана таштанды жыйноо (71,1%) кызмат көрсөтүүлөрүнө карата жасагысы келет. Коомдук мониторинг үчүн темалардын рейтингинде булардын алдыга суурулуп чыгышы логикага сыйган көрүнүш. Себеби ичүүчү суу жана таштанды жыйноо – бул ар бир үй-бүлө күн сайын колдонгон кызмат көрсөтүүлөр. Ошондуктан ар бир адамдын бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө тынчсызданганы, аларга мониторинг жүргүзгүсү келгени турган иш.

13-диаграмма. ЖӨБ органдарынын ишине канааттануу деңгээлинин динамикасы, 2007-2020-жылдар, пайыздар менен

Темалардын рейтингинде үчүнчү орунду долбоорлордун ишке ашырылуусуна мониторинг ээлейт. Мындай мониторинг жүргүзүүгө даярдыгын сурамжылоого катышкандардын 67,8 пайызы билдирген. Кыргыз Республикасынын элеттик жамааттарында көп жылдардан бери жарандарды түрдүү инфраструктуралык объекттерге, мисалы, мектептин ремонтуна мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө тартуу практикасы түптөлүп келген. Мониторингдин бул түрү көп деле кыйынчылыкты жаратпайт. Себеби жамааттын ичинде бул жумуштардын сапаттуу жана өз убагында жасалышына кызыкдар болгон адамдардын конкреттүү тобу бар. Мисалы, мектепти алалы, мугалимдер да, окуучулардын ата-энелери да мектеп өз убагында жана талаптагыдай ремонттолушуна абдан кызыкдар. Анткен менен, бул жерде бир нерсени түшүнүп алуу маанилүү: эгерде тыштан тартылган уюмдар, анын ичинде өнүгүү долбоорлору эмес, ЖӨБ органы заказчы болуп чыкса, жарандар тарабынан мониторингдин мындай түрүнүн эффективдүүлүгү бир кыйла жогору болот. Адамдар үчүнчү жакка караганда, ЖӨБ органдарына оңой таасир эте алат.

Жалпысынан ЖӨБ органынын ишине коомдук мониторинг жана баалоо жүргүзүү процесси татаалыраак. Мындай учурда мониторинг убакыт жагынан узакка созулат, ал эми баа берүү оор болуп калат. Себеби көзгө көрүнүп турган жыйынтыктар менен кошо башкаруу процессине да баа берилет. Мониторингдин мындай түрүнө катышууну каалаган адамдардын саны 2018-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе азайган. 2020-жылы мындай мониторинг жүргүзгүсү келгендер 37,4 пайызды гана түздү. Адамдар катышуунун бул түрү жеке убакытты көп талап кылаарын, документтер менен таанышып чыгууга, бул багытта жаңы билим алууга көбүрөөк күч-аракет кете турганын түшүнүп калышты.

Жарандардын мониторинг жана баалоого катышуу ниети ишке ашуусу үчүн ЖӨБ органы шарт түзүп бердиби же жокпу – буга байланыштуу адамдардын пикири маанилүү. Сурамжылоонун катышуучулары мүмкүнчүлүктөр кеңейгенин айтып жатышат. 2020-жылы ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктү көрүп тургандардын үлүшү 50 пайыздан ашты. Ушундан улам, албетте, мындай мүмкүнчүлүктү байкабаган же суроого жооп бере албаган адамдардын үлүшү да кыскарды.

ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугунун деңгээли

Жарандардын басымдуу бөлүгү – 67,9% – жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматтын көлөмүнө жана сапатына кайсы бир деңгээлде ыраазы. 2007-жылы бул багытта байкоо жасала баштагандан бери маалыматтын көлөмүнө жана сапатына ыраазы болгон жарандардын үлүшү туруктуу өсүп отуруп, 2020-жылы эки эсе көбөйдү.

2007-жылы 12% болсо, 2020-жылы 26,3 пайызды түздү. Маалыматтын көлөмүнө жана сапатына жарым-жартылай ыраазы болгон жарандардын үлүшүнө карата өсүш динамикасы да 2018-жылга чейин сакталды. 2018-жылы бул көрсөткүч тарыхый максимумду көрсөттү: маалыматка толугу менен же жарым-жартылай ыраазы болгондордун жалпы үлүшү 80 пайыздан ашкан. Бирок 2018-жылга салыштырмалуу 2020-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматтын сапатына жана көлөмүнө канааттанбаган адамдардын үлүшү кескин түрдө көбөйүп кетти. Ушул факт, буга кошумча 2020-жылы ЖӨБ органдары менен өз ара байланыш жана ишеним деңгээли салыштырмалуу түрдө кескин түшүп кеткени 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу адамдарда пайда болгон үмүт акталбай калды деген божомолду тастыктагансып турат. Бирок, буга карабастан ЖӨБ тууралуу маалыматтын көлөмүнө жана сапатына ыраазы болгондордун үлүшүндө өсүш токтогон жок. Ошентсе да өткөн мезгилдерге салыштырмалуу анын ыргагы бир аз басаңдай түштү. Жарандарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматка карата көбүрөөк айкын пикир калыптана баштаганын белгилей кетүү зарыл: толугу менен ыраазы жана канааттанбагандардын саны өсүп жатат. Ошол эле кезде жарым-жартылай ыраазы же бул суроого жооп бере албагандардын саны азаюуда.

Кыргызстандын жарандарынын көбү – 65,7% – ЖӨБ органдары өз ишинде коомчулук үчүн кайсы бир даражада ачык деп эсептешет. 2009-жылга салыштырганда ЖӨБ органдары өз ишинде толугу менен ачык деп эсептегендер дээрлик үч эсе көп болуп калды (12 пайыздан 34,4 пайызга көбөйдү).

Алынган маалыматтарга жасалган анализ көрсөткөндөй, жарандар ЖӨБ органдарынан алган маалыматтын көлөмү жана сапаты алардын ачык-айкындуулук деңгээлин баалоого да таасирин тийгизет: адамдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматтын көлөмүнө жана сапатына канааттануу деңгээли канчалык жогору болсо, ЖӨБ органдары өз ишинде ачык деп эсептегендердин катары да ошончолук калың болот.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жалпы маалымдуулугун көрсөткөн дагы бир факт – жергиликтүү бюджеттеги каражат кандай максатта сарпталып жатканы тууралуу адамдардын маалыматка ээ болуусу.

12-диаграммада көрүнүп тургандай, жергиликтүү бюджеттердеги эң олуттуу чыгаша беренелери тууралуу адамдардын пикири өзгөрдү, болгондо да өтө катуу өзгөрдү. Айталы, 2007-жылы жарандардын 42 пайызы жергиликтүү бюджет кандай максатта сарпталып жатканын билчү эмес. 2020-жылы мындайлардын үлүшү 10 пайызга азайды. Мэриянын жана айыл өкмөтүнүн чыгымдары, көрктөндүрүүгө кеткен чыгашалар тууралуу пикир да абдан өзгөрдү. 2020-жылы жарандардын 34 пайызы көрктөндүрүүнү чыгашалардын артыкчылыктуу беренеси деп эсептейт. 2012-жылы бул көрсөткүч 12 пайызды гана түзчү. Ошондой эле айыл өкмөтүн жана мэрияны күтүүгө кеткен чыгашалар беренесин негизги деп эсептегендердин саны да абдан азайып кетти. Жалпысынан айтканда, 2007-жылга салыштырмалуу 2020-жылы адамдар жергиликтүү бюджеттердин чыгаша структурасы тууралуу көбүрөөк акылга сыярлык көз карашка ээ.

Жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине канааттануусу

2007-жылдан тартып жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине болгон канааттануу деңгээли өсүп жатат. Бирок бул көрсөткүч туруктуу эмес жана салыштырмалуу жай өсүүдө. Бул жерде да ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээлиндей эле 2018-жылдагы үмүттөр акталбагандан кийин көрсөткүч төмөндөп кетти. 2018-жылы тарыхый (байкоо жүргүзүлө баштаган учурдан берки) чоң көрсөткүч байкалган. Ошол жылы жарандардын 84% ЖӨБ органдарынын ишине канааттанаарын билдирген. Бирок чынында бул ишеним бийликке берилген аванс болчу. Себеби ошол жылы жалпы элде аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында жергиликтүү жамааттарда да өзгөрүүлөр болот деген үмүт чоң эле.

Жалпысынан жарандар жергиликтүү өз алдынча башкарууга сейрек кайрылып калышты. Кайрылгандардын орточо саны бир кыйла эле кыскарды – 20,5 пайызга азайып, 2020-жылы 42 пайызды түздү. Акыркы 12 айдын ичинде мэриядагы же айыл өкмөтүндөгү кимдир бирөөгө аялдардан жана эркектерден тең санда кайрылуу болгон. Бирок маалыматкат алгысы келип кайрылгандардын саны олуттуу түрдө азайган. Бул фактынын артында санариптештирүү жана жарандардын документ үчүн кайрылууларынын санын кыскартууга багыт алган мамлекеттик саясат турганын белгилебей коё албайбыз. Алалы, жарандар ЖӨБ органдарына кайрылган себептердин жалпы структурасында 50 пайызга жакынын маалымкаттар, дагы 25 пайызга жакынын жеке себептер ээлечү. Дал ошондуктан маалымкаттар боюнча кайрылуулардын кескин азайышы бул көрсөткүчтөгү жалпы динамикага олуттуу таасирин тийгизди. Башкарууда санарип технологиялардын өнүгүүсү менен маалымкаттарга байланыштуу кайрылуулардын саны мындан ары да азая берээринен шек жок.

Бирок бул факт ЖӨБ органдарынын өзүнүн ыйгарым укуктарына байланыштуу кайрылуулардын саны азайды дегенди билдирбейт. Ошондуктан кайрылуу үчүн калган себептер анализ жүргүзүүгө кызыктуу болуп жатат. Бул тизмеде таза суу менен жабдуу маселеси, ошондой эле жергиликтүү салыктар жана жыйымдар талашсыз лидер болуп калышты. Аны менен катар, салыктар жана жыйымдар боюнча кайрылуулардын саны 2018-жылга салыштырмалуу олуттуу түрдө азайган. Бирок бул көрүнүштү эреже эмес, өзгөчө учур деп эсептесе болот. Себеби ЖӨБ органдарынын карамагында болгон дээрлик бардык маселелер боюнча кайрылуулардын саны көбөйүүдө. Мисалы, АЖМФ жерлери, муниципалдык жерди ижарага берүү же сатуу, көрктөндүрүү, турак-жай берүү жана кармоо, көчөлөрдү, жолдорду жарыктандыруу, канализация жана таштанды жыйноо маселелери боюнча кайрылуулар көбөйдү. ЖӨБ органдарынын жоопкерчилик чөйрөсүнө кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар азая баштады. Мисалы, саламаттык сактоо, пенсиялык камсыздоо, сугат суу. Бул болсо адамдардын укуктук маданияты жогорулай баштаганынан кабар берет, алар конкреттүү маселе үчүн кайсы орган жооптуу болгонун бара-бара түшүнө башташты.

14-диаграмма. Жарандардын ЖӨБ органына кайрылуусу үчүн себептердин салыштырмалуу рейтинги, 2018-2020-жылдар, пайыздар менен

Ошондой эле жарандар өзүнүн добуш укугун да баамдай башташты, алар ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна көнүп келатышат. Жарандар кайсы маселелерге кызыкса, ошолорду ЖӨБ органдарынын алдына койгонду үйрөнүүдө. Себеби маалыматка болгон талап өсүп, конкреттүү артыкчылыктуу маселени чечүү боюнча талаптар да күчөдү.

Ошентип, кайрылуулардын рейтингинен маалымкатка байланышкан жана жеке маселелердин чыгарылганы ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча кайрылган жарандардын саны көбөйгөнүн көрсөттү. Жарандардын бул кайрылуулардын жыйынтыгына канааттануусунун деңгээли өтө жогору болду – 90 пайыздан ашты. Санариптештирүүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн жакшыруусунун натыйжасында маалымкатка байланыштуу кайрылуулар азайды.

 

__________________


1 Булак: Public Opinion Survey Residents of Kyrgyzstan // The survey was conducted by Dr. Rasa Alisauskiene of the public and market research company Baltic Surveys/The Gallup Organization on behalf of the International Republican Institute. The field work was carried out by SIAR Research and Consulting, 2018.

2 Массачусетстин (АКШ) мисалында. Очертина М. А. Коомдук угуулар институтунун аныктамасы жана типологиясы // Орусиялык Илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн Философия жана укук институтунун жылдык илимий жыйнагы, № 8, 2008. Шилтемеси: https://cyberleninka.ru/article/n/ponyatie-itipologiya-instituta-publichnyh-slushaniy/viewer

3 2018-жылкы сурамжылоонун маалыматтары ылгап алууда ката кеткенине байланыштуу чыгарылды.

 

Окшош материалы: