Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандагы социалдык биримдикти бекемдөө үчүн муниципалиттерде толеранттуулукту жогорулатуу

2020-03-13 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Кыргызстандагы социалдык биримдикти бекемдөө үчүн муниципалиттерде толеранттуулукту жогорулатуу

Чинара БИЯЛИЕВА, Зауре СЫДЫКОВА “Кыргызстанда социалдык биримдик бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” Долбоорунун буюртмасы менен даялдалды. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) каржылайт

“Кыргызстанда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” пилоттук долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) каржылайт. Долбоор 2017-жылдан 2020-жылга чейин ишке ашырылган “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” аттуу үч жылдык долбоордун бир бөлүгү. Бул долбоорду International Alert эл аралык уюму “Ыйман” диний маданият фонду менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ишке ашырууда.

Өнүгүү, кызматташтык жана жаңжалдардын алдын алуу үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, түрдүү конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда диалог платформасын түзүү “Кыргызстанда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” аттуу пилоттук Долбоордун максаты болуп эсептелинет. Бул Долбоор Кыргызстандын төрт муниципалитетинде ишке ашырылган. Алар: Чүй облусунун Александровка жана Юрьевка айылдык аймактары жана Ош облусунун Гүлистан жана Жазы айылдык аймактары. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, түрдүү конфессиялардын дин кызматкерлеринин жана жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга багытталган. Катышуучулар медиация жана жаңжалдарга анализ жүргүзүү, социалдык толеранттуулук, жергиликтүү деңгээлде социалдык маселелерди Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында биргелешип аныктоо жана чечүү көндүмдөрүн үйрөнүштү.

Пилоттук муниципалитеттердеги ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын 200гө жакын өкүлү жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен диний лидерлердин Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн укуктук механизмдери маселеси боюнча; медиация, анализ жана жаңжалды сезүү, социалдык сабырдуулук, жарандык иденттүүлүк боюнча окуудан өтүштү. Окуунун соңунда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, катышуучулардын 66,7 пайызында алган билими жана практикада үйрөнгөн көндүмдөрү бар болгону жана аларды колдонуп жатканы далилденди. Окууга катышкандардын 39,5 пайызын аялдар түздү, ал эми диний уюмдардын өкүлдөрү окууга катышкандардын жалпы санынан 17 пайызды түздү.

ЖӨБ органдары, мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары жана диний лидерлер ортосунда жергиликтүү деңгээлде иштиктүү диалог платформасын түзүү Долбоорду ишке ашырууда негизги механизм болуп калды. Долбоор пилоттук жамааттарды бириктирүү, ЖӨБ органдары, жарандык активисттер жана диний лидерлер ортосундагы диалогду активдештирүү үчүн зарыл болгон пайдубал түптөй алды. Калк менен диалог аянтчаларын түзүү жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы коммуникациянын жеткиликтүү, жөнөкөй каналына айланды. Бул канал ишенимдүү маалыматты алуу жана жайылтуу, өнөктөштөрдүн жана санаалаштардын колдоо топторун аныктоо, коомдук пикирди калыптандыруу жана жаңы демилгелерди жайылтуу максатында түзүлгөн. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү жамаат менен өнөктөштүк түзүлдү. ЖӨБ, диний лидерлер жана жарандык коом ортосунда диалог платформасы түзүлүп, алар жергиликтүү социалдык көйгөйлөрдү аныктап, аларды Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чечүүнүн үстүнөн чогуу иш алып барышты.

Диалогдун катышуучулары ортосундагы өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын предмети болуп төмөнкүлөр табылды: жергиликтүү саясатты чогуу талкуулоо, жамааттын өнүгүү программаларына/ пландарына сунуштарды киргизүү жанажергиликтүү деңгээлде аларды ишке ашыруу боюнча иш аракеттерди даярдоо; жамааттын жашоочуларынын турмуш шартын жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү; жамааттын маселелерин жана көйгөйлөрүн чечүү механизмдерин жана аспаптарын түзүү; калкты, ресурстарды мобилдештирип, активдештирүү; жергиликтүү өнүгүү үчүн өнөктөштөрдү тартуу; кызыкдар тараптардын муктаждыктарын аныктап, потенциалын жогорулатуу; коомдук пикирди калыптандыруу жана чечим кабыл алуу процессине таасир тийгизүү;

Жергиликтүү социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча кызматташуу максатында туруктуу демилгелүү топтор түзүлдү. Алардын курамына ЖӨБ органдарынын, диний уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Бул демилгелүү топтор мындан ары да кызматташуу үчүн бекем негиз түзүп бере турган бир топ жумуштарды жасашты. Мисалы:

  • артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктап, социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү жамааттардын биргелешкен иш-аракеттер планын даярдашты;
  • жаңжалдарды азайтууга, социалдык толеранттуулукту, жарандык иденттүүлүктү жогорулатууга, адам укуктарын коргоого багытталган беш чакан гранттык долбоорду даярдап чыгып, ишке ашырышты.

Чакан социалдык гранттык долбоорлор конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иш алып баруу менен бардык катышуучулардын кызыкчылыктарын бириктирип, ынтымагын бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн бири катары каралды. Пилоттук жамааттардын командалары конкурска сегиз социалдык долбоорду сунуш кылышты, алардын ичинен бешөө каржылоого ээ болду. Бардык долбоорлор жергиликтүү жамааттын актуалдуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө багыталган. Ишкеашырылган долбоорлор кызыкдар тараптар, анын ичинде диний лидерлер ортосунда диалог түзүүнүн механизмдерин жана аспаптарын сыноо боюнча аянтча түзүү үчүн шарттарды пайда кылды.

Долбоордун негизги күч-аракеттери жаштар аудиториясы менен иштөөгө багытталган. Натыйжада мугалимдердин жаштар арасындагы жаңжалды токтотууга жана “мүнөзү оор” балдар менен иштөөгө жөндөмдүүлүгү курчуду; мектептердеги балдар арасында жаңжалдарды алдын алуу боюнча кыска окуу усулдары мугалимдер жана мектеп персоналы үчүн кыргыз тилинде даярдалды. Балдардын эс алуусу, руханий жана физикалык өнүгүүсү үчүн мейкиндикти камсыз кылуу максатында Юрьевка ААда “Балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борбору” ачылды.

“Ислам жана христианчылык – тынчтык диндери” деп аталган, жогорку деңгээлде өткөн конференция кошо каржыланып, уюштурулган. Конференцияга Кыргызстандын, Орусия Федерациясынын өкүлдөрү жана КР Президенти катышты.

 

Окшош материалы: