Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана диний институттар

2020-03-13 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана диний институттар

Чинара БИЯЛИЕВА, Зауре СЫДЫКОВА, “Кыргызстанда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” Долбоорунун буюртмасы менен даярдалды. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) каржылайт

Кыргыз Республикасы азыркы этабында кандайдыр бир деңгээлде глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга туш болууда. Бул болсо өлкөдө диний уюмдарды жөнгө салуунун текшерүүдөн өткөн ыкмаларын жана усулдарын дыкат даярдап чыгууну талап кылууда. Бул диний уюмдардын ишмердиги КР Конституциясына жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш. Өлкөдөгү диний кырдаалды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жарандык коомдун өз ара байланышын күчөтүү зарылчылыгы өңдүү маселеге да өзгөчө көңүл буруш керек.

КР Конституциясынын 1-беренесине жана 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Бирок ошол эле маалда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренеси1 менен ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденген. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

Кыргызстанда “светтик (дүйнөбий) мамлекет” же “мамлекеттин светтик модели” деген түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна шайкеш аныкталган жана КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясында чагылдырылган. Бул Концепция 2014-жылы КР Президентинин жарлыгы менен бекитилген.

Аталган Концепцияда мамлекеттин дүйнөбий моделине ылайык, диний бирикмелер жана дин кызматчылары саясий ишмердикке катыша албайт жана мамлекеттик башкаруу процессине кийлигишүүгө укугу жок.

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясына ылайык, “жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук платформанын алкагында жергиликтүү жамааттар жана диний уюмдар, бирикмелер жана лидерлер менен өз аракеттенүү аркылуу диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат. Коомдук платформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги астында жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн жана диний лидерлердин катышуусунда дин иштери жагында жергиликтүү деңгээлде каралган коомдук комитеттерди билдириши мүмкүн”.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний уюмдар менен бирдикте диний чөйрөдөгү кырдаалды гармониялаштыруусу үчүн приоритеттүү багыттар болуп төмөнкүлөр эсептелет.

  • Өз аймагында диний кырдаалга тиешелүү маселелерди кароо жана аны жакшыртууүчүн зарыл чараларды кабыл алуу.
  • Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын сунуштарын жана рекомендацияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
  • Диний касташууну козутуу, динге ишенгендердин диний сезимин кордоо, ошондой эле зомбулукка чакырыктарды же мындай актыларга шыкактоо учурларын болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды кабыл алуу.
  • Диний сабырдуулук жана толеранттуулук, балдарды жана жаштарды атуулдук жана укуктук тарбиялоо, үй-бүлө институтун колдоо жана чыңдоо жагында ишти уюштуруу.
  • Ар бир калктуу конуштун аймагында диний билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу.

Ошону менен бирге бир катар чечилбей жаткан көйгөйлөр (тийиштүү мамлекеттик органдардын (ДИМК жана башкалардын) ишине жана жетишилген жыйынтыктарга карабастан) мамлекеттик дин саясатынын эффективдүүлүгү жана системалуулугу дагы деле жетишсиз болуп жатканын айгинелеп турат.

Аны менен катар:

  • дүйнөбий мамлекеттин негизги принциптерин түшүндүрүү, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо жана ошол идеяларды пропагандалоо, сабырдуулукка тарбиялоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлгөн жок;
  • мамлекеттик-конфессиялык мамилелер чөйрөсү үчүн жооптуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринде системалуулук жана жол улоочулук жок;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары диний экстремизмге жана радикалдуу идеялар азгырыгына каршы туруу үчүн эффективдүү саясатты жүргүзө алчудай потенциалга ээ эмес.

Евробиримдиктин “Дин дана демократия жөнүндө конструктивдүү диалогдор” аттуу долбоорунун алкагында International Alert жүргүзгөн изилдөө2 көрсөткөндөй, “диний лидерлер жергиликтүү жамааттарда маанилүү ролду ойнойт жана коомдук турмуштун бир катар чөйрөлөрүндө чечимдердин кабыл алынышына таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү”. Башкаруучулук маселелердин үстүнөн иш алып барган уюмдар менен жүргүзүлгөн консультациялардын жыйынтыктары көрсөтүп тургандай, диний аалымдар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы мамилелер көп жакшы жолго коюлган эмес, алар өздөрү аткарышы керек болгон тийиштүү функцияларды түшүнүү үчүн бул багытта иштерди жүргүзүш керек.

Төмөндө берилген жалпы кыска тыянактар башка изилдөөнүн негизинде жасалды. Бул изилдөө International Alert эл аралык уюмунун “Кыргызстанда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” аттуу пилоттук долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Изилдөө көрсөткөндөй, жалпысынан ар бир пилоттук жамаатта ислам динине ишенген жана бул динге тиешелүү болгон бардык диний ырам-жырымдарды карманган адамдар туруктуу көбөйүүдө. Бул көрүнүш өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылууда, алар динге көбүрөөк радикалдуу көз карашы менен киришет жана башка диндерди такыр четке кагышат.

Ар бир пилоттук жамаатта өзүнүн айырмалуу өзгөчөлүгү бар жана ал кандайдыр бир жеке мүнөздөмөгө ээ. Булар болсо анын толеранттуулук жана бириккендик деңгээлине, динге ишенгенине жана ЖӨБ органдарынын жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде диний жамааттар менен өз ара аракетине таасирин тийгизүүдө. Ар бир айылдык аймакта бул чөйрөдөгү кырдаалды башкарууда эске алыш керек болгон таасир этүүнүн формалары, усулдары жана механизмдери, кызматташуу модели калыптанып калган.

ЖӨБ органдары менен диний жамааттар ортосундагы өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын деңгээли төмөнкүлөрдөн көз каранды:

  • жамааттагы диний лидерлердин билим деңгээлине: диний лидерлер жогорку руханий билимге ээ болсо, жамааттын ынтымагы бекем болуп, башка диндерге карата сабырдуу мамиле жасалат;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жана радикалдашуу жана диний экстремизмдин пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу үчүн ЖӨБ органдарынын диний жамаат менен иш алып баруу зарылдыгын түшүнгөнүнө көз каранды болот;
  • ЖӨБ органдарынын демилгеси боюнча чогуу жүзөгө ашырылган иш-чаралардын санынан көз каранды;
  • ЖӨБ орган башчысынын кесипкөйлүүлүгүнөн жана жеке адамдык сапаттарынан, анын жамааттагы аброюнан көз каранды болот.

Пилоттук жамааттардагы муниципалдык кызматчылар дүйнөбий мамлекет дегенди ар башкача түшүнө турганын белгилей кетүү зарыл. Бир бөлүгү “дүйнөбий” деген “атеисттик” мамлекет дегенди билдирет деп эсептесе, экинчи бөлүгү светтик мамлекеттин маңызын жана маанисин толук түшүнбөйт, ал эми үчүнчү бөлүгү так аныктама бере алганы менен, алар да дүйнөбий мамлекеттин маңызын толук түшүнбөйт.

ЖӨБ органдары мамлекеттик башкарууга дин аралашпаганын, дин тутуу эркиндигин, КР Конституциясынын жана диний чөйрөдөгү улуттук мыйзамдардын негиздерин көп жакшы түшүнбөй жатканы бул багыттагы маалыматтык-түшүндүрүү жана алдын алуу иштеринин эффективдүүлүгүн азайтууда, Кыргызстанда радикализмдин жана экстремизмдин пайда болуп, көбөйүүсүнө шарт түзүп жатат. Натыйжада диний уюмдар саясий процесске аралашкан учурлар болуп жатат. Бул болсо мамлекеттин дүйнөбий мүнөзүнүн өзгөрүүсүнө алып келүүдө, бара-бара коом диний нормаларга көбүрөөк баш ийип жатканы байкалууда. ЖӨБ органдарынын баамында, бул чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын бардык талаптары толук көлөмдө аткарылып жатат. Бирок баалоо көрсөткөндөй, талаптарды аткаруу формалдуу жана жетишсиз мүнөзгө ээ. Жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу системасына динчил адамдардын келиши, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү диний ырым-жырымдарды эл көзүнө жасаганы да жамаат арасында диндин жайылуусуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатат.

Көптөгөн ЖӨБ органдары диний уюмдар менен ар кандай деңгээлде жана ар башка интенсивдүүлүк менен өз ыйгарым укуктарынын алкагында байланыш түзүүдө. Мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын өз ара байланышынын предметтери: билим берүү, маданият, спорт, сергек жашоо образы, социалдык маселелерди чечүү, коомдук тартип, жаңжалдарды болтурбоо, сөөктү жерге берүү маселелери, диний экстремизмди жана радикализмди алдын алуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, балдарга жана жаштарга патриоттуулук жана укуктуктарбия берүү, көрктөндүрүү жана таштанды чыгаруу маселелери, зомбулукту, уурулукту жана башка мыйзамсыз иштерди болтурбоо боюнча алдыналуучу чаралар жана башка ушул өңдүү жамаатка коомдук пайда алып келген иштер. Өнөктөштүктү ушул багыттарда түзүп, өнүктүрүү сунушталат.

Изилдөөнүн жүрүшүндө өнөктөштүктүн төмөнкүдөй негизги механизмдери аныкталды: дин иштери боюнча коомдук комитеттер жана комиссиялар; аксакалдар сотуна караштуу жаңжалдарды каттоо журналдары; маселени айылдык кеңештердин сессияларына алып чыгуу; жарандардын жеке кайрылуусу; биргелешкен долбоорлор жана демилгелер; жума намаздарында маалымат берип туруу;

ЖӨБ органдарынын демилгеси боюнча имамдар менен жолугушуу; диний уюмдар менен мамлекеттик органдардын өз ара байланышын фасилитациялоо; диний билим берүү мекемелеринин ишмердигине мониторинг жүргүзүү максатында аларга баруу тууралуу отчеттор; дааватчыларды каттоо журналдары; экстремизмди жана терроризмди болтурбоо боюнча иш пландары; кызыкчылыктарга жараша “Вотсап” тиркемесиндеги тайпалар.

Бул изилдөөгө ылайык, биринчи кезекте улуттук деңгээлден алып караганда, элдин мамлекеттик органдардын ишине болгон ишеним деңгээли азаюуда (коррупциянын, паракорчулуктун, саясий тирештердин ж.б. айынан). Бул болсо мамлекеттин жана жалпысынан мамлекеттик органдардын аброюн да түшүрүп, мамлекеттин демократиялык, укуктук жана дүйнөбий мамлекет катары образын жоюп салууда. Мындай кырдаалда ислам динине ишеним көбүрөөк болуп, коомдо диний баалуулуктарды жайылтуу үчүн кошумча дивиденддерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды түзүп жатат. Ошондой эле жемкорлукка аралашпаган, карапайым адамдардын кызыкчылыктарын коргогон лидерлер катары дин аалымдарынын аброю көтөрүлүп жатат. Маңызы жагынан алып караганда дин (ислам) мамлекеттин бош турган идеологиялык мейкиндигин ээлеп жатат.

Эл мамлекеттик бийликке караганда ЖӨБ органдарына көбүрөөк ишенет. Бирок ЖӨБ органдарына караганда диний лидерлерге болгон ишеним жылдан жылга көбөйүп баратат. ЖӨБ органдарында зарыл финансылык ресурстар, кээде ыйгарым укуктар да болбой, адамдардын конкреттүү көйгөйлөрүн чече албай калып, мунун натыйжасында ишине терс баа берилген кырдаал түзүлүп жатат. Ошол эле маалда диний лидерлердин аброю артып, аларга карата сый-урмат мамиле да көбөйүүдө. Себеби эл диний лидерлер алардын маселесин чечип берет деген күтүү сезими жок, алар оор турмуштук кырдаалда диний лидерлерден руханий, адамдык, психологиялык колдоо издешет жана муну толук көлөмдө алышууда.

Ошондой эле жергиликтүү эл дүйнөбий мамлекеттин маңызы жана мааниси тууралуу, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясаты, КР Конституциясынын негизги ченемдери жана жергиликтүү деңгээлде мамлекеттин саясаты тууралуу кабардар эмес. Дүйнөбий мамлекетте диний уюмдардын ролуна жана ишмердигине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Себеби учурда диний уюмдар жана ишмерлер өлкөнүн саясий процесстерине жигердүү катышып жатат. Мамлекеттин дүйнөбий мүнөзү деген – бул ар бир жаранда каалаган динге ишенүүгө укугу бар дегенди билдирет. Бирок мамлекеттик башкарууга дин таасирин тийгизүүсүнө жол берилбеши керек. Мисалы, айрым айылдык кеңештерге имамдар депутат катары келсе, алар мечиттеги ишин да кошо токтотушу керек. Эгерде депутат имам болуп калса, өзүнүн депутаттык мандатын тапшырышы керек. Диний лидерлер имам катары ишин токтотпостон, жергиликтүү кеңештин депутаты катары жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу дин мамлекеттин ишине кийлигишет деген тобокелдикти көбөйтүүдө.

Мамлекеттик башкарууга дин аралашпайт деп кабыл алынган биздин мамлекеттин светтик модели өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр колдонуп келген модель. Бирок бул мамлекет диний уюмдардын ишмердигин дүйнөбий принциптерге жана дин тутуу эркиндигин кепилдеген принциптерге таянып, тең салмактуу жөнгө салган учурда гана мүмкүн болот. Ошол эле маалда дин маселелерин жөнгө салуу даражасы жетишсиз болуп, көп жакшы ойлонулбай жасалса, дин саясатташып, диний уюмдар жана диниятчылар мамлекеттик башкаруу процессине аралашып, саясий ишмердикке катыша башташы ыктымал. Бул болсо чыңалууга, социалдыксаясий кырдаалды туруксуздаштырууга, Кыргыз Республикасында мамлекеттин дүйнөбий (светтик) мүнөзүн жоготуп алышына жол ачат. Буга байланыштуу мамлекеттик органдар КР мыйзамдарын кантип аткарып жатканына көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Жамаатта динчилдик көбөйгөн учурда өзгөчө аярлуу социалдык топко аялдар кирип калат. Коомдук турмуштан обочодо калуусу, өз укуктарыжана светтик мамлекет кепилдеген эркиндиги тууралуу маалыматтын аздыгы, салттуу исламдын негизги принциптерин билбегени, чечим кабыл алуу процесстеринен четтетилиши аялдардын динге берилиши үчүн, көп учурда радикалдуу агымга кирип кетүүсү үчүн шарт түзүүдө. Дүйнөбий билим берүүнүн баалуулугу азайып, аброю түшкөнү, жергиликтүү деңгээлде анын сапатынын начарлашы, окуучулардын сабакка келиши көп жакшы көзөмөлдөнбөй жатканы балдар менен жаштар арасында динге берилгендердин көбөйүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Эл арасында динчилдик деңгээли өзгөчө жаштар арасында жогору. Ушул тапта дин “социалдык тепкичке” айланды, жаштарга жамаатта социалдык жана саясий капитал алууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Диний жамааттардагы жаштар арасында ийгиликтүү адамдын өзүнүн модели түптөлүп калды: ислам дининин бардык шарттарын аткарган, спорт менен алектенген жана бизнеси бар (кайрымдуулук жасаган) адам ийгиликтүү деп эсептелинет. Мамлекет бул моделге түзөтүү киргизиши керек – мындай адам биринчи кезекте Кыргызстандын жараны жана өз өлкөсүнүн патриоту болот деген түшүнүктү калыптандыруу зарыл.

Квалификациясы жогору диниятчылардын тартыштыгы өңдүү маселе да курч турат. Ушундан улам даярдыгы начар, атүгүл радикалдуу маанайдагы адамдар жергиликтүү жамааттарда диний жол көрсөтүүчү болуп калышууда. Муфтият жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар имамдардын квалификациясына көзөмөлдү күчөтүшү керек. Муфтияттын ишмердигин диний жамааттар жана диний бирикмелер диний уюмдардын ишмердигин жөнгө салган мамлекеттик органдын иши катары кабыл алышат. Ошондуктан муфтияттын бардык чечимдери милдеттүү тартипте аткарылат. Ошондой эле мамлекеттин диний билим берүүнү жөнгө салуу маселеси да курч турат. Учурда диний билим берүү бир дагы нормативдик документ менен жөнгө салынбай келатат. Эксперттердин баамында, диний билим берүүнү уюштурууга байланыштуу колдонуудагы мыйзамга толуктоо киргизип, же өзүнчө ченемдик укуктук акты иштеп чыгуу зарыл. Руханий лидерлерди даярдап, экстремизмге каршы туруу максатында диний билим берүүнү уюштуруунун жаңы концепциясы талап кылынууда.

Диний билим берүү системасында төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:

  • түрдүү ислам мектептеринин (мазхабдардын) өкүлдөрү отосунда да, диний ынанымдар (акыйда) ортосунда да пикир келишпестик бар;
  • ар башка өлкөлөрдө билим алган диниятчылар менен аалымдар ортосунда пикир келишпестик бар;
  • айрым учурда сабатсыз, квалификациясы жетишпеген кадрлар диний билим берүүдө;
  • окуу программасында, окуу-методикалык базада бирдиктүү стандарттар жок;
  • диний билим берүү программасында дүйнөбий предметтер жок.

Диний билим берүүнү уюштурууда ага карата мамлекет тарабынан да, диний уюмдар тарабынан да комплекстүү мамиле талап кылынат. Окуу программасына кадимки мектепте окутулган предметтер да камтылууга тийиш. Бул предметтер коомдун социалдык, экономикалык өнүгүүсүн көрсөтүп, жарандык иденттүүлүктү калыптандырат. Диний билим берүү системасын модернизациялоо, диний билим берүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасын түзүү боюнча светтик жана диний билим берүү системалары ортосунда диалог болушу керек. Бул ишке окумуштууларды, билим берүү системасынын жетекчилерин, квалификациясы жогору дин таануучуларды, мыйзамды билгендерди, теолог окумуштууларды, социологдорду, дүйнө таанымы кеңири диний жана коомдук ишмерлерди тартуу зарыл. Мамлекет тарабынан диний бирикмелерге жана диний билим берген уюмдарга талаптагыдай контролдун жоктугу бир диний конфессиянын ичиндегилерлин бири-бири менен байланышты жоготуп алуусуна, диний жамааттардын бири-бирине карата сабырсыз мамиле жасашына шарт түзүп жатат.

Жалпысынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жүйөлүү мамлекеттик улутчулдукка негизделүүгө тийиш. Исламга коркунуч катары эмес, өнүгүү фактору катары карап, ошого жараша саясаттын чараларын колдонуу зарыл.

Маалымат булактары:

  • 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы.
  • 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 КР Мыйзамы менен өзгөртүүлөр киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  • Диний уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү: Кыргыз Республикасынын Чүй жана Талас облустарынын мисалдарында жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине диний уюмдардын ыктымал таасиринин себептери жана мазмуну. https://www.international-alert.org/sites/default/files/Kyrgyzstan_ConstructiveDialogues_RU_2019.pdf.
  • “Кыргызстанда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” аттуу базалык изилдөө. Ч. БИЯЛИЕВА, З. СЫДЫКОВА.
  • “Кыргызстанда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн тандалып алынган муниципалитеттерде толеранттуулукту жогорулатуу” Долбоорунун соңку баа берүүчү изилдөөсү, Ч. БИЯЛИЕВА, З. СЫДЫКОВА.

 

_____________


2016-жылдын 28-декабрындагы №218 КР Мыйзамынын менен өзгөртүүлөр киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы

2 “Диний уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү: Кыргыз Республикасынын Чүй жана Талас облустарынын мисалдарында жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине диний уюмдардыныктымал таасиринин себептери жана мазмуну”. https://www.international-alert.org/sites/default/files/Kyrgyzstan_ConstructiveDialogues_RU_2019.pdf

 

Окшош материалы: