Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Төрт-Күл, Ленин жана Ивановка айылдык аймактарында артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча айыл жыйындары

2012-03-30 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 14-мартында Төрт-Күл айылында гранттык программага катышуу үчүн долбоорлорду артыкташтыруу максатында айылдык чакан жыйын өткөрүлдү.

Төрт-Күл, Ленин жана Ивановка айылдык аймактарында артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча айыл жыйындары

Төрт-Күл айылдык аймагында

2012-жылдын 14-мартында Төрт-Күл айылында гранттык программага катышуу үчүн долбоорлорду артыкташтыруу максатында айылдык чакан жыйын өткөрүлдү. Жыйында айылдык кеңештин депутаттары (8 адам), айыл өкмөттүн аппараты, демилгечи топтордун мүчөлөрү жана жергиликтүү жамааттын лидерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны 56 адамды түздү. Жыйындын программасы жана таркатылуучу материалдары айыл өкмөтү тарабынан ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун консультанттарынын техникалык жардамы менен даярдалган. Жолугушуунун алкагында демилгечи топтордун лидерлери тарабынан жети долбоор сунушу тартууланды. Ар бир топтун жумушун айыл өкмөтүнүн аппаратынын дайындалган кызматкерлери коштоп турушту. Долбоордук идеялар «Долбоорду иштеп чыгуу жана башкаруу» деген аталыштагы эки күндүк окуунун жүрүшүндө иштелип чыгып, талкууланган. Артыкчылыктуу долбоорлор, тандоо критерийлерине ылайык, жашыруун добуш берүү жолу менен тандалып алынды. Натыйжада төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

• ички жолдорду оңдоп-түзөө иштерин аткаруу (айылдагы жолдор); долбоордун алкагында муниципалитет атайын техника сатып алууга ниеттенүүдө (29 добуш);

• Темир-Канат айылындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөө (10 добуш);

• Туура-Суу айылында балдар аянтын куруу (9 добуш).

Ленин айылдык аймагында

2012-жылдын 15-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айылдык аймагында артыкчылыктуу долбоорду тандоо боюнча айыл жыйыны болуп өттү. Жыйынга 70 адам катышып, алардын катарында аймактын үч айылынан тең өкүлдөр. Айылдык кеңештин аппаратынын депутаттары жана АӨ кызматкерлери катышты. Жалпысынан демилгечи топ 5 долбоор сунушун иштеп чыгышкан. Ачык добуш берүүнүн натыйжасында, айыл жыйындын катышуучулары көпчүлүк добуш менен КТТ чыгаруу кызматын уюштуруу боюнча «Айыл тазалыгы – калктын саламаттыгы» деген аталыштагы долбоорду тандап алышты. Калган долбоорлор боюнча артыкчылыктар төмөндөгүдөй бөлүндү:

• Жыгач-Коргон айылынын клубунун чатырын оңдоо жана анын тегерегин курчоо;

• Узундугу 1500 м. болгон Орто-Сай айылында сугат каналын куруу;

• Жыгач-Коргон айылындагы жаңы конушта жол куруу жана көчөлөрүн жарыктандыруу, жана ошондой эле Ленин айылындагы Маданият үйүн капиталдык оңдоо, эмерек жана аспаптарды сатып алуу.

Ивановка айылдык аймагында

2012-жылдын 15-мартында Ивановка айылдык аймагында жергиликтүү коомчулуктун, демилгечи топтордун, депутаттардын жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен айыл жыйыны болуп өттү (жалпысынан 57 адам катышты). Жыйындын максаты катары жашоо сапатын жакшыртуу максатында демилгечи топтор тарабынан иштелип чыккан долбоорлордун арасынан артыкчылыктуусун тандап алуу каралган.

Тандоонун натыйжасы төмөндөгүдөй болду:

• «Айыл – биздин үйүбүз, үйүбүздү тартипке келтирели» – таштандыны чыгаруу үчүн техника сатып алуу долбоору – эң маанилүү артыкчылык берилди;

• «Спорт – бул дени сак жашоо жолу» – Станция Ивановка айылындагы стадионду реконструкциялоо жана жакшылантуу долбоору – экинчи артыкчылык;

• «Маданият жана эс алуу багы» – Ивановка айылындагы сейил багын реконструкциялоо жана жакшылантуу долбоору – үчүнчү артыкчылык.