Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерге жогорку билим тууралуу талапты коюу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын статусу

2019-11-19 / ЖӨБ Союзу байланышта

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен таанышып чыгып, төмөнкүдөй сунуштарды берет.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн билим деңгээлинин чеги

Мыйзам долбоору менен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө толуктоолор киргизилип жатат. Аларга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты жалпы орто билимден төмөн эмес билимге ээ болушу керек деген талап коюлган.

КР Конституциясына ылайык, жергиликтүү кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналат, алар жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт; жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитет; жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. Өз милдеттерин талаптагыдай деңгээлде аткара алышы үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү билимге да ээ болушу керек.

Ушул тапта жергиликтүү кеңештердин депутаттары кабыл алган чечимдердин сапаты ойдогудай эмес. Көп учурда бул талап кылынган билимдин жоктугу менен шартталып жатат. Айталы, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын олуттуу бөлүгү – 40 пайыздан ашыгы орто же орточо-атайын билимге ээ. Кыргыз Республикасындагы мектептеги жана орточо-атайын билим берүүнүн деңгээлин эсепке алуу менен, бул депутаттардан мамлекеттик башкарууда компетенттүүлүктү күтүү оңой эмес маселе. Ал эми депутаттардын калган бөлүгүнө башкаруу тууралуу билим жетишпей жатат. Ошону менен катар өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын окутуунун кандайдыр бир формасы жок. Мунун баары кеңештердин жана жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу иши үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратып жатат.

Ошону менен катар башка бир мыйзам долбоорунда[1] «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 42, 48-беренелерине толуктоолорду киргизүү сунушталып жатат. Бул толуктоолор менен шаар мэри, айыл өкмөт башчысы үчүн жогорку билимдин болушу тууралуу талаптар коюлган. Буга байланыштуу, ошондой эле жарандардан түшкөн көптөгөн кайрылууларды жана сунуштарды эсепке алуу менен, «жергиликтүү кеңештин депутаты жалпы орто билимден төмөн эмес билимге ээ болушу керек» деген талапты «жогорку билимге ээ болушу керек» дегенге алмаштырууну сунуш кылабыз.

Шайлоодо байкоочулар үчүн чектөөлөр тууралуу

Шайлоодо байкоочуларга коюлган талапка карата Мыйзам долбоорунда «Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоодо байкоочу боло албайт» деп көрсөтүү сунушталып жатат. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат ордун ээлеген адамдар мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы болуп саналат. Бул сүйлөм саясий муниципалдык кызмат орундарына тиешелүү эмес. Демек, жергиликтүү кеңештин депутаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органанын башчысы өңдүү саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар шайлоодо байкоочу боло алышат. Бул жерде бир нерсени тактоо зарыл: кандай себептерден улам Мыйзам долбоорунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары байкоочу боло албайт, ал эми шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөт башчылары байкоочу боло алат деп сунушталып жатат? Ушундай эле кырдаал саясий мамлекеттик кызмат орундарына байланыштуу да түзүлдү. КР ЖӨБ Союзу «мамлекеттик кызматчы», «муниципалдык кызматчы», «мамлекеттик жарандык кызматчы», «саясий кызмат орду» деген түшүнүктөрдү чечмелеген мыйзамдарды эсепке алуу менен, Мыйзам долбоорун толук иштеп чыгууну сунуш кылат.

Шайлоодо коомдук байкоочулар

Мыйзам долбоору менен «Коомдук байкоочулар жөнүндө» Мыйзамдын 81-беренесин толуктоо сунушталып жатат. Ошону менен катар, толукталып жаткан берененин текстинде коомдук байкоочулардын укуктары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренесинде каралган байкоочулардын укуктарын кайталап жатат. Мында эки укук кошулган эмес – «арыбери эркин жүрүү жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болуу» жана «өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттануу». Коомдук байкоочу жасабашы керек болгондор расмий байкоочу жасабашы керек болгонду толугу менен кайталап жатат.

Шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен сатып алынган товарлар

Мыйзам долбоору менен Мыйзамдын 15-беренесинин 12-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталып жатат:

«Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;

2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөнтүз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:

  • маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;
  • үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;
  • жайлардын, жабдуулардын ижарасына;
  • транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;
  • байланыш кызматтарына;
  • кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;
  • шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 15-беренесинин 12-бөлүгүнүн 3-пунктунда кызмат көрсөтүүлөр жана жумуштар гана эмес, товарлар да саналгандыктан, «үчүн төлөөгө» деген сөздүн алдында «товарларды жеткирүү» деген сөздү кошуп, бул пунктту толуктоону сунуш кылабыз. Ошондой эле «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын ушул өңдүү башка беренелерине да өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл».

Маршруткаларда эл толуп калгандыктан, башталгыч класстардын окуучулары мектепке жөө барып келүүгө мажбур. Мектеп транспорт каттамын уюштуруп бере алабы?

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга» ылайык, мектептердин имараттары адамдар жашаган зонада, ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоо зоналарынан, гараждардан, автобекеттерден, автомагистралдардан, темир жол транспортунун объекттеринен, метрополитенден, аба транспортунун учуу жана конуу маршруттарынан тышкары жайгашуусу зарыл.

Шаардык жалпы билим берүү уюмдарын долбоорлоодо жана курууда мекемелерге жөө жетүү аралыгы 0,5 километрден ашпашы керектиги каралат. Айыл жергесинде жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн жөө басып жетүү төмөнкүнү түзөт:

  • билим берүүнүн 1-тепкичинин окуучулары үчүн - 2,0 кмден көп эмес;
  • билим берүүнүн 2 жана 3-тепкичинин окуучулары үчүн - 3,0 кмден көп эмес.

Жогоруда көрсөтүлгөн аралыктарда айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында окуган окуучулардын жалпы билим берүү уюмдарына чейин барып жана кайра келүүлөрү үчүн транспорт каражаты менен тейлөө зарыл. Бир тарапка жол жүргөн убакыт 30 мүнөттөн ашпашы керек. Үйдөн топтолуу жайга чейинки аралык 500 метрден кем болбоосу зарыл (6-12-п.п.). Буга байланыштуу «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана алардын иш жүзүндө жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирет.

Мындан тышкары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктуна ылайык, муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүлүп берилген. Мындан улам айылдык аймактын же шаардын калктуу конуштарынын чегинде иштеген коомдук транспорттун ишин координациялоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды мектепке жана алардын иш жүзүндө жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу маселесин карап чыгып, аны чечүүгө укуктуу.

 

___________________


[1] «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору

 

Окшош материалы: