Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттар өз күчү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип, жергиликтүү маанидеги маселелерди кантип чечип жатышат?

2019-06-18 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Таштанды үчүн челектер, отургучтар, прожекторлор, шлангдар жана чөптү сугарып туруу үчүн “вертушкалар”, сейил бак үчүн чөп тегиздегич – бул белектин баарын 2019-жылдын апрель айынын соңунда Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылындагы “Жамааттар аракетте” Демилгелүү тобунун мүчөлөрү алышты. Эми Демилгелүү топ таштанды үйүлгөн жерди тазалап, анын ордуна жаңы сейил бакты көрктөндүрүү үчүн ишин жандандырат. Бул сейил бак үчүн өткөн жылдары бир топ убакыт, каражат жана күч жумшалган болчу. 2018-жылы алар “Жергиликтүү демилге” конкурсуна катышкандан кийин алардын ийгиликтүү практикасы тууралуу кошуна муниципалитеттер гана эмес, дээрлик жалпы Кыргызстан да биле алды.

2018-жылы ноябрда Ош жана Нарын шаарларында “Жергиликтүү демилге – 2018” темасына аймактык форумдар өткөн. 200гө жакын адам, жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтордун мүчөлөрү, коммерциялык эмес уюмдар, муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын жана айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештери чогулуп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбанын мисалдарын талкуулашты. Эки облустун катышуучулары ийгиликтүү демилгелердин мисалдары, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелердин ролу, бул процессте жарандардын катышуусу менен таанышып чыгышты. “Жергиликтүү демилге – 2018”, “2019-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу” жана “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БЭУ) ролу” аттуу үч конкурс өттү. Бул конкурстар “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат. Конкурстарга түшкөн өтүнмөлөрдүн ичинен демилгелердин мыкты мисалдары катышуучулардын назарына сунуш кылынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен АСИЗОВ жана Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Рахманберди МОНОКБАЕВ, ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) расмий өкүлдөрүнүн атынан Зарлык ТУРГУНБАЕВ жана Кайрат ТУРСУНОВ, КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Кадырали ИМАНОВ, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү форумга катышты. Алар мыкты практиканын мисалдарына күбө болуп, үч конкурстун тең катышуучуларын куттукташып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүндө жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессинде өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууда мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Аймактарды өнүктүрүү жылында КР Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүн колдоого багытталган иш-чаралары тууралуу жана долбоорлордун алкагында муниципалитеттердин ийгиликтери тууралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары айтып берди: “Муниципалитеттердин өкүлдөрү бийлик жергиликтүү өз алдынча башкаруудан баштала турганын, ал эми жергиликтүү жамааттар аларга жергиликтүү демилгелер аркылуу өнүгүүгө жардам берип жатканын дагы бир жолу далилдешти. Анткени дал ушул силердин жетишкендиктериңер жана жыйынтыктар аркылуу донорлорду жана алардын каражаттарын тартып, муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө салым кошуп жатасыңар. Силердин байге каражатыңар жер-жерлерде, мектептерде, мектепке чейин мекемелерде, жаштар жана карапайым эл бош убактысын өткөрө алчу жайларда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттарды жакшыртууга багыттала турганы да абдан жакшы”.

Форумду ачып жатып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ 2018-жылы Долбоордун максаттуу жана максаттуу эмес өнөктөштөрү өзгөчө жигердүүлүгүн көрсөтө алышканын белгилеп, бул үчүн баарына терең ыраазычылыгын билдирди. БЕКИЕВ Долбоор өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде ачык-айкындуулукту камсыздоодо мындан ары да ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөтө берээрин баса белгиледи: “Үч конкурстун жалпы байге фонду 2018-жылы бир миллион 420 миң сом көлөмүндө болду. Бул каражатты биздин Долбоордун алкагында Швейцария өкмөтү берди. Бул анчалык деле чоң байге фонду эмес, бирок ушундай конкурстарды өткөрүп жатканда биз “акча таратуу” максатын көздөбөйбүз. Негизгиси – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган ийгиликтүү демилгелердин мисалдарын аныктоо, бул демилгелердин авторлоруна колдоо берип, аларды шыктандыруу, алардын тажрыйбасын жайылтууга көмөк көрсөтүү. Форумдар жетишилген жыйынтыкты, ийгиликтүү демилгелерди, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелердин ролун жана бул процессте жарандардын катышуусун талкуулоо максатында уюштурулган. Үч конкурска түшкөн өтүнмөлөрдүн ичинен демилгелердин мыкты мисалдарын Ош, Нарын жана Чүй облустарындагы, Баткен жана Бишкек шаарларындагы ЖӨБО жана жарандык коомдордун өкүлдөрү тааныштырышат”.

1-диаграмма. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун конкурстарына келген өтүнмөлөр, Ош жана Нарын облустары

2-диаграмма. 2013-жылдан 2018-жылга чейин VAP Долбоорунун конкурстарына түшкөн өтүнмөлөр

Касен АСИЗОВ, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү: “КР Президенти 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандан бери биздин облуста социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү жана уланып жатат. Жылдын башында биз нарындык жердештердин башын Бишкекте бириктирдик. Алар бул багыттагы биздин демилгебизди колдоп берип, жалпы суммасы 768 миллион сомго 361 долбоорду каржылоого жардам беришти. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 241 долбоор аткарылган. Мындан тышкары биз жыл сайын эл аралык инвестициялык форумду өткөрүп турабыз. Бул жылы да өтөт – июнь айында беш меморандумга кол койдук, андагы иш-чаралар аткарыла баштады. Ошону менен катар дары чөптөр менен иштөө жана Ат-Башы районунда логистикалык борборду ачуу боюнча иштер жасалууда. Биздин облуста иштей баштаган дагы бир долбоор – Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору. Долбоордун иши ЖӨБ органдарынын ишиндеги ачык-айкындуулук ту камсыз кылууга жана жарандардын жергиликтүү бюджеттерди талкуулоого жана аткарууга катышуусун күчөтүүгө багытталган. Форум өз максатына жетип, ийгиликтүү демилгелер менен таанышуу үчүн бөлүнгөн убакытты туура колдонуп, тажрыйба алмашабыз деп ишенем. Андан соң жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлык тапшырабыз”. 

Зарлык ТУРГУНБАЕВ, КР ЖӨБЭММАнын Ош облусундагы өкүлү: “Силердин ийгилик – бул өз муниципалитетиңизди өнүктүрүү үчүн жумшаган күч-аракеттин жыйынтыгы. Силер алакан жайып, өкмөттөн акча күтүп отуруп албастан, өзүңөр эле мүмкүнчүлүктөрдү издеп, конкурстардан утуп, анын жыйынтыгында инвестицияларды алып, бул акчаны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө инфраструктураны жана социалдык объекттерди өнүктүрүүгө багыттап жатасыңар. Бул конкурстар таза өткөнүнө ишенем. Атүгүл Бюджеттик кодексте да бюджеттик процессти жергиликтүү калк менен ачык талкуулоону өткөрүүдө ЖӨБОнун милдеттери жана жергиликтүү демилгелер тууралуу айтылат. Бүгүнкү форум сизге башка муниципалитеттерден мыкты демилгелердин мисалдары менен терең таанышууга жардам берет”. 2018-жылы “Жергиликтүү демилге” конкурсуна Ош (46) жана Нарын (29) облустарындагы айылдык аймактардан 75 өтүнмө түшкөн. Анын ичинде 21 өтүнмө максаттуу эмес муниципалитеттерден болгон. “Жарандардын бюджеттик процесске реалдуу катышуусу” конкурсуна 28 өтүнмө түштү: Нарын облусунан 10, Ош облусунан 14 өтүнмө.

“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БЭУ) ролу” конкурсуна 10 өтүнмө түштү: бешөө Ош облусунан жана бешөө Нарын облусунан (1-диаграмманы караңыз). Жалпысынан ЭҮЖӨБОЖ Долбоору иш жүргүзгөн убакыт аралыгында 2013-жылдан бери үч конкурска беш облустан – Жалал-Абад, ЫсыкКөл, Чүй, Ош жана Нарын облустарынан 477 өтүнмө түштү (2-диаграмманы караңыз): “Жергиликтүү демилге-2018” форумдары да тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды. Бул форумдун алкагында демилгеси инновациялык деп табылган же жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонгон конкурстун катышуучулары кесиптештерине өз практикасын көрсөтүп беришти. Форумдун программасында өлкөнүн ичинде да, сыртында да, мисалы, Латвияда мыкты практиканын мисалдары келтирилди. Латвияга Долбоордун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча иш сапарга барып келген Ош облусунун Жазы айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Максатбек ИБРАИМОВ жана Нарын облусунун Ак-Тал айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Эркин САТАРОВ көргөн-билгендерин форумда айтып беришти.

Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары: “Соңку алты жылдын ичинде турмуштун минималдуу шарттарын түзүүгө, коопсуздукка (ичүүчү суу, жолдор жана көпүрөлөр, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык транспорт, таштанды жыйноо жана чыгаруу ж.б.) багытталган демилгелер жер-жерлерде көтөрүлгөн демилгелердин басымдуу бөлүгүн түзүүдө – 25-30% болууда.

Ал эми 2014-жылдан баштап социалдык чөйрөдөгү категориялар бардык демилгелердин басымдуу бөлүгүн түзүп жатат: 2014-жылы 54,1 пайыздан 2018-жылы 56 пайызга чейин жетти. Ошону менен бирге мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү үчүн шарттарды түзүү боюнча маселелелер лидер бойдон кала берүүдө. Келечегине инвестиция жасаган жергиликтүү жамааттардын катышуусун да баса белгилей кетүү зарыл. 2018-жылы жамааттардын акча түрүндөгү же эмгек салымы 45% түздү. Ал эми жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн салым 24 пайыз менен экинчи орунда турат. Форумда берилген ар бир мисал чоң кызыгууну жаратты. Себеби ар бир жергиликтүү демилге – бул жамааттар басып өткөн жол. Бул долбоорлордо биринчи кадамды жашоочулар – кээде топтор, кээде бир гана лидер тарабынан жасалат. Бирок ар бир мисалдын ийгилиги күч-аракеттерди бириктирүүгө негизделген. Себеби жергиликтүү демилге дайыма калктын эң курч көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат. Ар бир демилгенин ийгилиги үчүн жана аны чоң ишке айландыруу үчүн шарттар талап кылынат. Алардын ичинен эң негизгиси – бул ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын эриш-аркак иш алып баруусу, демилгечилердин жергиликтүү ресурстарга, ЖӨБ органдары башкарган бюджетке жетимдүүлүгүнүн так эрежелери”. Ошондой эле соңку эки жылда аял авторлордун үлүшү 5 пайызга өскөнү билинди: 2016-жылы 46% болсо, 2017-жылы 55%, ал эми 2018-жылы 51% болду. Мындан тышкары аялдардын демилгелери ийгиликтүү болуп, донорлордун, өнүгүү боюнча программалардын жана долбоорлордун колдоосуна ээ болуп жатат.

Бекболот БЕКИЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси: “Эмне үчүн Швейцариянын Өкмөтү биздин Долбоор аркылуу жергиликтүү демилгелерди колдоп, байгелерге акча берип жатат? Себеби бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзөгүн түзгөн маанилүү коомдук кыймыл. Жеңүүчүлөрдү аныктап жатканда биз конкурстук комиссиядан жашоочулар менен ЖӨБ органдарынын кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурууну өтүндүк. Себеби ЖӨБ органдары өз ишинде калктын муктаждыктарын эсепке алып, муну жасашы керек деген ишенимдебиз. Ошону менен бирге ЖӨБ органдары жамааттагы турмуш шарттарды жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди да уюштуруп, адамдардын демилгелерине шыктандырып турууга тийиш. Мындай демилгелерди шыктандыруу үчүн аларды жергиликтүү бюджеттерден кош каржылоонун механизмин киргизүүнү сунуш кылабыз. Бул механизм жамаатка дем берүүчү грант деп аталат жана КРнын айрым шаарларында колдонула баштады. Ал эми Орусияда бардык жерлерде колдонулуп жатат. Биз азыр бул маселе боюнча Жобону бекитүү багытында иштерди жасап жатабыз жана ал жактырылат деп ишенип туралы”.

3-диаграмма. “Жергиликтүү демилге – 2018” конкурсунун тематикасы

Форумдар өз ишин жалпы маалыматтар менен тааныштыруудан башташты. Өткөн үч конкурс боюнча маалыматты Долбоордун адистери БАЛАКУНОВА Айнура, МУСАЕВА Анара жана МАМЫТОВ Азамат тартуулашты. “2018-жылы “Жергиликтүү демилге” конкурсуна 32 муниципалитеттен 75 өтүнмө түшкөнү анын өзгөчөлүгү болду. Башкача айтканда, айрым муниципалитеттер бир нече өтүнмө беришкен:

• Кызыл-Суу АА, Ош облусу – 6 өтүнмө;

• Көк-Жар АА, Ош облусу – 5 өтүнмө;

• Ылай-Тал АА, Ош облусу – 5 өтүнмө;

• Шарк АА, Ош облусу – 5 өтүнмө;

• Ак-Тал АА, Нарын облусу – 4 өтүнмө

Буга чейинки жылдары болуп келгендей эле, бул жылы да биз муниципалитеттердин аталышын коддун ичине “катып” койдук. Башкача айтканда, комиссиянын мүчөлөрү демилгелерди баалап жатканда кайсы муниципалитет өтүнмөнү даярдаганын билген эмес. Ушул эле учурду 2018- жылы миллион сомдон грант алууга сертификаттарды тапшырып жатканда ЖӨБЭММАнын директору Б. У. САЛИЕВ баса белгиледи. Ал конкурстук өтүнмөлөрдү баалап жатканда башка долбоорлор жана уюмдар да ушул механизмди колдонсо жакшы болоор эле деген ниетин билдирди”, - деп айтты Долбоордун жарандык катышуу боюнча адиси Айнура БАЛАКУНОВА. Конкурста бардык демилгелер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталганына карабастан, 2018-жылы конкурстун тематикасын шарттуу түрдө төрт багытта бөлүп койсо болот. Бирок бул мезгил аралыгында социалдык чөйрө лидер бойдон кала берүүдө – 2018-жылы 42 өтүнмө ушул темага арналган (3-диаграмманы караңыз)1 . “Өтүнмөлөрдү жашоочулардын, мугалимдердин, же бала бакчалардын, жалпы билим берүүчү мекемелердин тарбиячыларынын ичинен чыккан жергиликтүү лидерлер жана ЖӨБ органдары даярдап жатканы кубандырат. Мисалы, 2018-жылы 75 өтүнмөнүн ичинен 18ин мугалимдер/мекемелер даярдаган, 22 өтүнмөнү ЖӨБ органдары, 28 өтүнмөнү жергиликтүү лидерлер даярдаган, – деп айтты Долбоордун жарандык катышуу боюнча адиси Анара МУСАЕВА.

Мыкты жергиликтүү демилгелердин аял авторлору өтүнмөнү гана даярдап, жеңишке жетип тим болбостон, ошону менен бирге кесиптештери менен тажрыйбасын бөлүшүү үчүн башка жакка барууга даяр. Мисалы, “Жергиликтүү демилге – 2018” конкурсунда үчүнчү орунду ээлеген орто мектептин мугалими Роза ЮЛДАШЕВА Кара-Суу районундагы Шарк муниципалитетинде жашайт. Ал Нарынга барып, “Үй-бүлө, мектеп жана коом” демилгеси тууралуу айтып берди1 : “Албетте, биз биринчи орунду ээлейбиз деп үмтөтүп турганбыз. Бирок биздикинен да мыкты демилгелер бар экен! Биздин демилгебиз мыктылардын катарына кирип, үчүнчү орунду ээлегенине сүйүнүп жатабыз! Байге катары берилген 50 миң сомго мектеп үчүн футбол шаймандарын сатып алабыз: футбол, волейбол жана баскетбол топторун, теннис үчүн ракеткаларды, теннис үстөлү үчүн торчону, секиргич, секундомер, гимнастикалык жана ыргытма топторду, “3х1” принтерин алабыз. Үчүнчү орунду ээлеген “Балдар үчүн парк” аттуу демилге тууралуу Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Кенжебай БЕЙШЕНКУЛОВ айтып берди.

Бул демилге да 50 000 сом байге алган: “Жаңы-Талап айылынын тургундарынан турган демилгелүү топ ачык парк аркылуу балдардын жигердүү эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп берүүнү чечти. “Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот”деген ураан алдында көпчүлүк элеттиктерди тарттык. Баары балдар сейил багы идеясына түшүнүү менен мамиле жасап, уюштуруучуларга кошулуп, парк үчүн акча бөлүп берүү тууралуу маселени чечүүгө даярдыгын билдиришти. Бишкекте жашап, иштеп жаткан жердештерибизди чакырып, марафон өткөрүп, 300 миң сомду накталай, 280 миң сомду жабдуу түрүндө чогулттук. Эл чогулткан акчаны көзөмөлдөө үчүн эсеп комиссиясы түзүлдү. Парктын курулушуна акчалай же башка жол менен жардам бере албай калган элеттиктер эмгек салымын кошууга даярдыгын билдиришти. Марафонго катышкан аялдар парктын курулушчуларына кезектешип ысык тамак жасап бермей болушту. Жергиликтүү бийлик жашоочулардын демилгесине түшүнүү менен мамиле жасап, айылдын борбордук бөлүгүндө 0,15 гектар муниципалдык жер бөлүп берди жана бул объектти документтештирүү жоопкерчилигин өзүнө алды. Бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашуусу жаңы идеяны табууга шыктандырды – жаштар үчүн спорт комплексин куруп берүүнү чечтик. Биздин демилге жергиликтүү бийлик менен калк ортосундагы ишенимдүү жана ачык иштин үлгүсү боло алат”.

Бүлөлү муниципалитетинин айыл өкмөт башчысы АРТЫКОВ Бакыт “Кол-Чаты айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу” демилгеси менен тааныштырды. Бул демилге конкурста экинчи орунду ээлеген: “Кол-Чаты айылында 62 кожолук же 275 киши жашайт. Айыл тургундары дарыянын суусун колдонуп келишет. Бул демилгенин натыйжасында алар таза суу менен туруктуу камсыз болду. Социалдык объекттердин жана турак үйлөрдүн санитардык-гигиеналык абалы оңолду. Балдар арасында жугуштуу ооруларды жуктуруп алгандардын саны азайды. Үйлөрдүн тегерегиндеги чарбактар иштетилип, түшүмдүүлүк да жогорулады. Калкка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн байге каражатына биз айыл өкмөтүнүн имараты үчүн эмерек, шкаф, кресло, отургуч сатып алдык”.

“Жергиликтүү демилге – 2018” конкурсунда биринчи орунду ээлеген, 150 000 сом утуп алган демилге албетте, талкуунун негизги темасы болду. Бул демилге “Таштанды төгүлчү жердин ордуна эс алуу паркы” деп аталат. “Биздин айылдык аймактын бардык тургундары жергиликтүү маанидеги маселелер менен бийлик өкүлдөрү гана алектениши керек деген ойдо болуп келген. Мындан улам биз көпкө чейин бюджеттик процесске катышпай жүрдүк. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун окууларына катышкандан кийин биз бул процесске катышууга, ЖӨБ органдары менен чогуу жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө ТИЙИШ экенибизди түшүндүк. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин биз аянты 20 сотик болгон таштанды төкчү жерди элеттиктердин эс алуусу үчүн тосмолонгон сейил бакка айландыра алдык. Муну менен муниципалитетибиздин дагы бир артыкчылыктуу көйгөйүн чечтик. Аймакты тосмологондон кийин көчөттөрдү отургуза баштадык, бүгүнкү күндө алар тамыр жая баштады. Бул иштердин жыйынтыгын көргөн элде жана ЖӨБ органдарында айылдык аймактын жашоосуна катышып, бардык көйгөйлөрдү чогуу чечсе болот деген ишеним пайда болду. Айылга карата мамиле да өзгөрдү, ал мурдагыдан да жандана түштү.

Ал эми АКИпресс порталында биздин ийгиликтүү демилгебиз тууралуу макала чыккандан кийин башка айылдар да биздин демилгебизди жогору баалап, “таштанды төкчү жер бакка айланган экен” деп таң калып жатышат. Бүгүнкү күндө бул жер айылыбыздын эс алуу жайына жана сыймыгыбызга айланды”, - деп айтты Нарын облусунун Нарын районундагы МиңБулак айылынын жергиликтүү жамаатынын лидери Кымбат ЖУНУСОВА. “2019-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунда биринчи орунду ээлеген Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтү бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү: “2018-жылдын 11-июлунда биз 2019-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөнбүз. Угууларда биздин муниципалитетибиздин бюджети каралган. Бюджет 25 миллион 376 миң 200 сом көлөмүндө пландалган. Жалпысынан угууларга 343 адам катышып, алардын ичинен 209у аялдар болду. Ош облусунун Көк-Жар айылдык аймагындагы коомдук угуулардын жыйынтыктары боюнча 113 суроо жана сунуш түштү. Алардын ичинен негизги бешөө долбоорго кошулду. Бул беш маселени чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттин долбооруна 870 миң сом көлөмүндө өзгөртүүлөр киргизилди:

• бир айылда суу түтүктөрүнүн ремонтуна – 50 миң сом;

• төрт айылда бирден көчөнүн жолдорун оңдоого (майда кум төгүүгө) – 100 миң сом;

• беш айылда көчөлөргө жарык өткөрүүгө (бирден көчөгө) – 170 миң сом;

• Ош-Исфана трассасында светофорду орнотууга – 350 миң сом;

• башка сунуштар – 200 миң сом”, – деп айтып берди Көк-Жар АӨ башчысы Бакыт АРТЫКОВ.

Андан соң форумдун программасына ылайык, кесиптештерине өз демилгелерин сунуш кылган үч облустун жана эки шаардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Форумдун катышуучулары да көйгөйлөрдү, келечекти жана муниципалитеттердин деңгээлинде “Жергиликтүү демилгенин” туруктуулук маселесин талкуулашты. Анара МУСАЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси: “Форумдун бул бөлүгү жергиликтүү демилгелер кимден көз каранды жана ал үчүн ким жоопкерчилик алышы керек деген боюнча пикирин билүү максатында өткөрүлдү. Ошону менен бирге биз ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү жамааттын жана жарандык коом уюмдарынын жергиликтүү демилге, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде анын туруктуулугун жана системалуулугун камсыз кылуунун усулдары жана жолдору тууралуу пикирлерин билгибиз келди”. Бул үчүн форумдун катышуучулары жасаган иштерине жараша шарттуу түрдө эки чакан топко бөлүнүп, төмөнкү суроолорго жооп беришти.

Жергиликтүү демилгенин келечеги

Жергиликтүү демилгелер кимден көз каранды? Жергиликтүү демилгелер үчүн ким жоопкерчилик алышы керек?

Ар бир топ берилген суроолорго жооп узатуу менен, жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоодо, аларды чечүүнүн жолдорун табууда, жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда жарандык катышууну жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти. Мисалы, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коом уюмдарынын лидерлери жергиликтүү демилгенин келечеги биринчи кезекте ЖӨБ органдарынан көз каранды экенин белгилешти. Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн баамында, жергиликтүү кеңеш саясатты аныкташы керек. Ошондуктан жергиликтүү деңгээлде “Жергиликтүү демилге жөнүндө” Жобону иштеп чыгууга тийиш. Ошону менен бирге жамаат жигердүү болуп, жеринде демилгени көтөрүшү керек. “Жергиликтүү демилгелер үчүн жоопкерчиликти бардык тараптар, бирок биринчи кезекте айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш алышы керек. ЖӨБ органдары жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү координациялоо, уюштуруу жана тартуу үчүн жооптуу. Ал эми жергиликтүү жамааттын лидерлери, түрдүү демилгелердин мүчөлөрү жеринде турмушту жакшыртуу боюнча демилгелерди көтөрүүгө кызыкдар болууга тийиш”, - деп чечишти катышуучулар.

Жергиликтүү демилгелер колдоого алынып, өнүгүүсү үчүн эмнелерди жасаш керек?

Бул үчүн катышуучулар төмөнкүлөрдү сунуш кылышты:

• ченемдик актыны кабыл алуу же механизмди жергиликтүү жамааттын Уставында бекитүү;

• жергиликтүү бюджеттен жергиликтүү демилгени кошо каржылоо үчүн каражат бөлүп берүү;

• калктын маалымдуулугун камсыз кылуу.

Талкуунун соңунда “жергиликтүү демилге” терминин жергиликтүү деңгээлде бекитүү үчүн Айылдык аймактын/шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттарынын эсебинен айылдык аймактын/шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду (идеяларды) тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү жобо сунуш кылынды. Азамат МАМЫТОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси: “Айылдык аймактын/шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттарынын эсебинен айылдык аймактын/шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду (идеяларды) тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан. Жобо жергиликтүү бюджетте каралган гранттардын эсебинен, донорлордун, анын ичинде эл аралык уюмдардын акча каражатынын, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын эсебинен айылдык аймактын/шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду (идеяларды) тандап алуу жана каржылоо тартибин жөнгө салат”.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формаларын өнүктүрүү, коммерциялык эмес уюмдарга, анын ичинде аймактык коомдук өз алдынча башкарууга, демилгелүү топторго, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү түзгөн бирикмелерге ишинде колдоо көрсөтүү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык аймакты/шаарды өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерин бириктирүү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандап алуунун жана каржылоонун максаты болуп саналат. Жергиликтүү жамааттан бөлүнгөн каражат, донорлордун, анын ичинде эл аралык уюмдардын акча каражатынын, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары гранттардын булагы болуп эсептелинет. Уюштуруучулардын айтымында, өзүнүн маңызы боюнча, жергиликтүү демилге – бул адамдардын өз күчү менен жашоо шарттарын жакшыртууга умтулуусу.

Мындан улам жергиликтүү демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. “Атүгүл жергиликтүү демилге – бул убакытка баш ийбеген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эссенциясы. Чындыгында эле, миңдеген жылдар өтсө да жергиликтүү демилге мурдагыдай эле адамдардын коомдоштугунда, анын ичинде Кыргыстандын жергиликтүү жамаатында да орун алган. Жергиликтүү демилгелердин тематикалык багыты коомдордун өнүгүүсүнүн деңгээлин чагылдырат, жергиликтүү жамааттын алдында кандай максаттар турганын көрсөткөн жакшы индикатор болуп берет. Жергиликтүү жамааттар бир маселени чечиши керек – сактап калып, жашап кетиш керекпи, же өзгөрүп, өнүгүш керекпи? 2014- жылы эле ушул өңдүү аймактык форумда биз жергиликтүү демилгенин темалары жана багыттары инфраструктурага байланышкан маселелерди чечүүдөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү чөйрөсүнө өтүшү керек деп айткан элек. Себеби жарандар инфраструктуралык долбоорлорду аткаруу милдетин өзүнө алган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу эс алып, адамдар ашар жолу менен эле жолдорду оңдоп коет, бала бакчаларды куруп салат деп ишенип, кошумча ресурстарды издебей калышат.

Ал эми бул туура эмес. Жарандардын чыгармачыл потенциалын жана энергиясын башка багытта колдонсо болот. Мисалы, салттарды жана маданий мурасты сактап калуу үчүн, спортту өнүктүрүү, кары адамдарга жардам берүү өңдүү иштер үчүн колдонсо болот. Ал эми инфраструктура – бул жергиликтүү маанидеги иштер, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тикелей милдети жана иши. Албетте, инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүдө жарандардын катышуусун таптакыр эле четке кагып салбаш керек. Бирок адамдар бул иштерди айласы кеткендиктен жасап жатканын түшүнүш керек. Муниципалитеттердин социалдык өнүгүүсүндө жарандардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жана механизмдерин жергиликтүү демилгелер, социалдык заказ аркылуу өнүктүрүү зарыл”, - деп эсептейт ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

С у н у ш т а л г а н

Типтүү Жобо катышуучулардын колдоосуна ээ болду. Алар ийгиликтүү жергиликтүү демилгелерди колдоо маанилүү экенин белгилешти. Себеби дал ушул жергиликтүү демилге Кыргызстанда жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгү менен, иштин алдыңкы усулдарын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын колдонууга көмөктөшөт. Форумдун ишин жыйынтыктоочу бөлүгү үч конкурстун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болду. Толугураак маалыматты Долбоордун сайтынан (www.vap.kg1 ) жана «Муниципалитет» журналынын 2018-жылдын сентябрындагы №9 (2) атайын чыгарылышынан2 окуй аласыз. Конкурс жөнүндө Жобонун шарттарына ылайык, байге каражаттары жергиликтүү эл үчүн шарттарды жакшыртууга жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө гана багытталат.

• Эс алуу жайларынын (сейил бактардын, балдар аянтчасынын) шарттарын жакшыртууга – отургучтар, урналар, чөп тегиздегич, прожекторлор, селкинчектер, турниктер, муз дөбөлөр, брусчаткалар.

• Мектепке чейинки билим берүү үчүн мекемелерди жабдуулар: эмерек, оюнчуктар, кеңсе техникасы.

• Спорт менен алектенүү үчүн шарттарды түзүүгө: спорттук шаймандар.

• Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга: көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн лампалар, перфоратор, ширетүүчү аппарат.

• Кызмат көрсөтүүлөр үчүн айыл өкмөттүн шарттарын жакшыртууга: эмерек, кеңсе буюмдары, телевизор, жүгүртмө сап.

• Аялдардын көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн шарттарды жакшыртууга: тигүүчү машинелерди сатып алуу.

• Маданиятты өнүктүрүүгө: улуттук кийимдер, аспаптар.

• Жаштар менен иштөөгө: кеңсе техникасы.

• Калктын социалдык жактан аялуу катмарларына жардам берүүгө: эмерек, кеңсе буюмдары, китептер ж.б.

2018-жылы “Жергиликтүү демилге” конкурсунун өзгөчөлүктөрү

• Жергиликтүү жамааттын лидерлери жергиликтүү демилгелердин авторлору болуп көбүрөөк чыга башташты.

• КТК боюнча демилгелер бир жолку масштабдуу ашар жолу менен таштандыны жыйнап коюу эмес, көйгөйдү чечүүнүн системага салынган жолдорун, анын ичинде калк арасында түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүү түрүндө боло баштады.

• Байгелерди кошкондо көбүрөөк ресурстар жергиликтүү демилгени улантуу үчүн колдонууга пландалып жатат.

• Барган сайын көбүрөөк иш-чаралар демилгелердин туруктуулугуна жетүүгө багытталып жатат.

Катышуучулар жергиликтүү демилгени ЖӨБ органдары системага салып, туруктуу кылышы керек деген бир пикирге келишти. Мында жергиликтүү бюджеттен демилгелерди кошо каржылоо механизмдерин түзүү биринчи кадам болуп калышы керек. Бул процессте өз ролун ЖӨБ органдары 2018-жылдан баштап көрсөтүүдө. Буга Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык аймагы мисал боло алат. Бул аймакта жергиликтүү кеңеш “Айылдын өнүгүүсү” аттуу конкурсту жайылтуу демилгесин көтөрүп, айыл өкмөтү үчүн натыйжалуулуктун индикаторун белгиледи. Бул конкурста байге – кайсы көчөнүн жашоочулары жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк катышса, ошол көчөдөгү инфраструктурага инвестиция артыкчылыктуу түрдө берилет.

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, Айнура БАЛАКУНОВА, Анара МУСАЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун материалдары боюнча даярдалды

Окшош материалы: