Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өткөрүлүп берилген функцияларды аткаруу үчүн штаттык бирдиктерди берүү жетиштүү болобу?

2019-03-13 / ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтом долбооруна комментарий.

КР Өкмөтүнүн токтом долбоорун КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги даярдаган. Токтом долбоору Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин 12 аймактык бөлүмүнүн (шаардык бөлүмдөрдүн жана секторлордун) 33 штаттык бирдигин шаарлардын мэрия аппараттарынын түзүмүнө өткөрүп берүүнү караштырат. Мында спорт чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн мамлекеттик кызматчылардын категориясынан муниципалдык кызматчылардын категориясына которулат. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселеси ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн штаттык бирдиктерди берүү менен гана чектелбей турганын белгилей кетүү зарыл. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселеси дыкат анализди жана комплекстүү мамилени талап кылат. Алар биринчи кезекте өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек: мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүнү; ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон Мамлекеттик агенттиктин ыйгарым укуктарын аныктап алууну; өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарынын көлөмүн эсептеп чыгууну; жогоруда айтылган мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын сактоо менен мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүп берүүнү. КР Мамлекеттик агенттигине мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизмдерин КР Конституциясында жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонуу сунушталды (Чыг. №297, 2019-жылдын 11-марты).

Түрмөк ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун КОЖОШЕВА Н., ОРОЗБАЕВ Б., БЕКИЕВ Б., ЧАНДЫБАЕВА А. жана башка эксперттеринин биргелешкен аракеттери менен даярдалды