Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Фостердик үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү маанидеги маселелерге кошуш керекпи?

2019-03-13 / ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.МАВЛЯНОВА демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна каршы пикир.

Мыйзам долбоору менен КР Балдар жөнүндө кодексине ЖӨБ органдарына караштуу Социалдык маселелер боюнча комиссиянын милдеттерин көбөйтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Бул максатта комиссияга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлмөкчү: камкорчуларды, асырап алуучуларды, фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдү тандоо; камкорчуларга, фостердик жана багуучу үй-бүлөлөргө консультативдик жана психологиялык жардам берүү; фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдө болгон балдардын укугун коргоо тармагында текшерүү формасындагы контролду жүзөгө ашыруу; фостердик же асыроочу үй-бүлөдө болгон баланын ден соолугунун жана турмуш-тиричилигинин абалына жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте мониторинг жүргүзүү. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Өкмөт балдарды коргоо, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат. Сунушталып жаткан Мыйзам долбоору КР Балдар жөнүндө кодексинин колдонуудагы редакциясына каршы келет. Ага ылайык, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн жана багуучу ата-энелердин, асырап алуучулардын милдеттерин аткарууга жөндөмдүү адамдарды эсепке алууну жана тандоону жүргүзүү; баланы бул үйбүлөгө (асыроочу) тарбиялоого өткөрүп берүү үчүн багуучу ата-энелер менен келишимдерди түзүү; камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн жана багуучу ата-энелердин, асырап алуучулардын милдеттерин аткарууга жөндөмдүү адамдарды окутуп үйрөтүүнү уюштуруу милдеттери балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн (КР Өкмөтү). КР Конституциясынын 113-беренесинин 2-пунктун, 3-берененин 4-пунктун эске алуу менен, жогоруда айтылган ыйгарым укуктар ЖӨБ органдарына “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык өткөрүлүп берилиши керек. Бул мыйзамга ылайык, мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзам долбоорунун демилгечисине мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизмдерин КР Конституциясында жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонуу сунушталды (Чыг. №280, 2019-жылдын 19-февралы).

Түрмөк ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун КОЖОШЕВА Н., ОРОЗБАЕВ Б., БЕКИЕВ Б., ЧАНДЫБАЕВА А. жана башка эксперттеринин биргелешкен аракеттери менен даярдалды