Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саламаттык сактоону жергиликтүү маанидеги маселелерге кошуш керекпи?

2019-03-13 / ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.ТУРУСБЕКОВ демилгелеген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам Долбооруна каршы пикир.

Мыйзам долбоору менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесин жаңы жергиликтүү маанидеги маселе менен толуктоо сунушталууда. Ал: “саламаттык сактоо тармагындагы программаларды ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу”. КР Конституциясынын 47-беренесине ылайык, мамлекет медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү кепилдейт. Бул кепилдикти ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өлкө боюнча бирдей деңгээлде камсыз кылууга тийиш. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, саламаттык сактоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына кирет. КР Конституциясынын 113-беренесинин 2-пунктуна жана “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзам долбоорунун демилгечисине мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизмдерин КР Конституциясында жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонуу сунушталды (Чыг. 2019-жылдын 11-февралы).

Түрмөк ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун КОЖОШЕВА Н., ОРОЗБАЕВ Б., БЕКИЕВ Б., ЧАНДЫБАЕВА А. жана башка эксперттеринин биргелешкен аракеттери менен даярдалды