Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Туризмди жергиликтүү маанидеги маселелерге кошуш керекпи?

2019-03-13 / ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам Долбооруна каршы пикир (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына, Административдик жоопкерчилик жөнүндө КР Кодексине, КР Салык кодексине).

Сунушталып жаткан долбоор менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренеси жаңы жергиликтүү маанидеги маселе менен толукталат. Ал: “Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө мыйзамдарына ылайык, туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү”. Туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө ЖӨБ органдарынын катышуусу өңдүү идея жалпысынан колдоого алаарлык. Бирок туризм маселеси жана туризм аркылуу эл аралык имиджди түзүү маселеси мамлекеттин артыкчылыктуу укугу болгонун эстен чыгарбаш керек. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамына ылайык, Өкмөт туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат. Ошондой эле бул багыттагы концепцияларды жана программаларды бекитет. Туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши башында турган мамлекеттик органдар аныкташат. Буга байланыштуу, КР Конституциясынын 3-беренесинин 4-пункту боюнча, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туризм чөйрөсүндөгү иш милдеттери менен ыйгарым укуктары так бөлүштүрүлүшү керек. Бирок сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул маселе каралган эмес. Бул конституциялык принцип туризм чөйрөсүндөгү тигил же бул функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жооптуу башкаруу органдарын, ошондой эле ушул функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансы жана башка ресурстарды так аныктап алууга жол ачат. Натыйжада ар бир жооптуу орган өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды эффективдүү жана талаптагыдай аткара алат. Жогоруда сөз болгондорду эсепке алуу менен, мыйзам долбоорунун демилгечисине долбоорду КР Конституциясынын 4-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык толук иштеп чыгуу сунушталат (Чыг. №203, 2017-жылдын 2-декабры).

Түрмөк ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун КОЖОШЕВА Н., ОРОЗБАЕВ Б., БЕКИЕВ Б., ЧАНДЫБАЕВА А. жана башка эксперттеринин биргелешкен аракеттери менен даярдалды