Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Редакциядан

2019-03-13 / ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары

Мыйзамдардын долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актыларды талкуулоо, башка маанилүү чечимдерди кабыл алуу процессинде дээрлик 500 ЖӨБ органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө тең укуктуу өнөктөш боло алышпайт.

Себеби жеке макулдашуулар өзүн актабаган ресурстарды талап кылат. Мындан тышкары жеке тартипте макулдашуу мунасага алып келбейт. Себеби айрым бир учурларда ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктары бири-биринен айырмаланып, карама-каршы келиши ыктымал. Дүйнөдө бул процессте ЖӨБдүн кызыкчылыктарынын мыйзамдуу өкүлү – муниципалдык ассоциациялар аркылуу иштөө механизми кеңири колдонулат. Кыргыз Республикасында жалгыз легитимдүү муниципалдык бирикме – бул «КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу» Юридикалык жактардын бирикмеси. КР ЖӨБ Союзунун 20 жылдык тарыхы бар жана ЖӨБдү өнүктүрүүдө мамлекеттин ийгиликтүү өнөктөшү болгонун далилдей алды. Бул мезгил аралыгында айрым бир жыйынтыктарга жетүү мүмкүн болду. Муну менен катар, ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарынын легитимдүү өкүлү катары ЖӨБ Союзунун статусу мыйзамдарда бекитилген.

Өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусун уюштуруунун жана ишинин негиздери биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген. Конституция менен катар мамлекеттик башкаруу системасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун аныктаган жана ЖӨБ органдарынын ишмердигин жөнгө салган атайын, тармактык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар (мындан ары - ЧУА) да бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдар туруктуу өркүндөтүлүп келатат. Ошол эле кезде жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына же оң, же терс таасирин тийгизген өтө көп өзгөрүүлөр да болуп турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык маңызын көп жакшы түшүнбөө жана аны мамлекеттик органдын бир бутагындагы деңгээли боюнча төмөн орган катары кабыл алуу көп учурда ЧУАга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген өзгөрүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле ЖӨБ чөйрөсүндөгү атайын мыйзамдар менен тармактык мыйзамдардын макулдашылбай калуусуна алып келет. Аны менен катар, ушул күнгө чейин эч кандай административдик жана финансылык камсыздоосуз эле ЖӨБ органдарына кошумча милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүктөгөн мыйзам долбоорлору демилгеленип жатат.

Учурда Өнүктүрүү саясат институту жана ЖӨБ Союзу ченемдик укуктук актыларга жана өкмөттүн чечимдерине экспертиза жүргүзүп, өтө оор ишти жасап жатышат. “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) бул жумуштардын басымдуу бөлүгүнө колдоо көрсөтүүдө. Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.

ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоп, ӨСИ жана ЖӨБ Союзу мамлекеттик органдарга каршы пикир билдирген учурлар сейрек эмес. Бирок муниципалитеттердин өздөрү бул иштердин жүрүшү жана жыйынтыгы кандай болгонунан дайыма эле кабардар боло бербейт. Ошондуктан “Муниципалитет” журналы “ЖӨБдүн укуктары жана кызыкчылыктары” деп аталган жаңы түрмөктү ачууну чечти. Бул түрмөктө жаңы мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу маалымат берилип, жаңы мыйзамдарда жана киргизилген өзгөртүүлөрдө ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктары кантип эске алынып жатканы, же тескерисинче, эмне үчүн андай болбой калганы жөнүндө материалдар жайгаштырылат.

Өз убагында, дыкат жана кесипкөйлүк менен жүргүзүлгөн экспертиза мыйзам долбоорлорунун, ЧУАнын сапатын бир кыйла жогорулатууга, мыйзамдардын ЖӨБ органдарынын ишине тийгизген таасиринин ыктымал кесепеттерине талдоо жасоого жол ачат. Демилгечилер берген сунуштамалар жана жүйөлүү сунуштар аларды туура нукка багыттап, ченем чыгаруучу органдар мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алганга чейин эле маселелерди чечүүнүн ыңгайлуу жолдорун макулдашып табууга жардам берет. Анткен менен, бул процесске жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү да катышууга тийиш. Ошондуктан «Муниципалитет» журналы ЖӨБ органдарын сунушталып жаткан ЧУА долбоорлоруна карата да, ӨСИ менен ЖӨБ Союзунун комментарийлерине жана сунуштамаларына карата да өз пикирин билдирүүгө чакырат.

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы.