Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттын уставы ЖӨБ органдарынын жана жашоочулардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө

2018-08-20 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Жергиликтүү  жамааттын уставы ЖӨБ органдарынын жана жашоочулардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө

2018-жылдын июнь айында Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында жергиликтүү жамааттын Уставынын (ЖЖ Уставы) долбоорун киргизүү жана кабыл алуу практикасы боюнча таж- рыйба алмашуу сапарлары өттү. Иш-чаралардын негизги максаты – жарандардын катышуусу мнен коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу ишмердиктин айкындуулугун жана ачыктыктын камсыздоо чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү ортосунда тажрыйба алмашуу, ЖЖ Уставынын долбоорун талкуулоо жана кабыл алуу боюнча маалымат өнөктүгүн өткөрүү.

Иш-чаралар эки облуста – Ош жана Нарында өттү. Жалпысынан эки тажрыйба алмашуу сапарына ЖӨБ органдарынын 120дан ашуун өкүлү (45 аялдар) катышты. Анын ичинде ЖМК жана ЖӨБЭММА өкүлдөрү, ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери да болушту. Өз кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун 12 максаттуу муниципалитетинен жана максаттуу эмес 30 ЖӨБ органынан айыл өкмөт башчылары, АК депутаттары жана АӨ адистери келишти. Бир күндүк тажрыйба алмашуу сапарлары Ак-Тал ААда (Нарын облусунун Ак-Талаа району) жана Шарк ААда (Ош облусунун Кара-Суу району) уюштурулду. Анда жыйынтыктоочу чогулуштарда ЖӨБ органдары калк менен кошо ЖЖ Уставын талкуулап, кабыл алышты. 
 
Жыйынтыктоочу айылдык чогулуштар ЖӨБ органдарынын чоң күч-аракетинин жыйынтыгы болуп калды. Башында бардык катышуучулар “Жергиликтүү жамааттын Уставы. Айылдык аймактарда талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуунун жол-жоболору” темасы боюнча окуудан өтүштү. Андан соң Ош жана Нарын облустарынын 15 максаттуу муниципалитетинин ар биринде ЖЖ Уставдарын иштеп чыгуу, жергиликтүү жамаат менен тал-
куулоо жана кабыл алуу этаптары өттү.
 
 
Бул мезгил ичинде айылдык аймактын ар бир айылынын деңгээлинде көптөгөн чакан чогулуштар өткөрүлдү. Ошондой эле Уставдар чогулуштарда жана уюмдар менен мекемелердин жамааттарында, ар бир кварталда жана ар бир көчөдө өтүп, жашоочулар ЖЖ Уставынын долбоорун талкуулап, өз сунуштарын бере алышты. ЖЖ Уставынын долбоорун киргизүү жана кабыл алуу процессинин маанилүү бөлүгү – параллелдүү түрдө түшкөн сунуштарга юридикалык экспертиза жүргүзүлдү. Анын натыйжалары жыйынтыктоочу чогулуштар маалында калкка айтылды. Жергиликтүү жамааттардын уставдарын киргизүү боюнча иш-чаралардын бул комплекси КР Юстиция министр-лигинин аймактык бөлүмдөрүндө уставдарды каттоо менен жыйынтыкталат. Ошондой эле калкка бекитилген уставдар тууралуу маалымат берилет.
 
Ак-Тал ААда жана Шарк ААда чогулуштар тажрыйба алмашуунун алкагында башка муниципалитеттерден келген коноктор үчүн үлгүлүү- көрсөтмөлүү иш-чаралар болуп калды. Коноктор ЖЖ Уставынын долбоору боюнча ЖӨБ органдары менен калктын кызуу талкууларына күбө болушту. Айталы, Ак-Тал ААда өткөн чогулушка 115 киши (43% аялдар), Шарк ААдагы чогулушка 320 адам (45% аялдар) катышты.
 
Иш-чаралардын жүрүшүндө АӨ жетекчилери өз жарандарын ЖЖ Уставынын негизги жоболору менен тааныштырышты, калк арасында жүргүзүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. ЖЖ Уставын киргизүү жана кабыл алуу боюнча атайын жумушчу топту түзүү тууралуу маалымат берилди. Өткөрүлгөн чакан чогулуштар боюнча сандык дайындар жана калктын катышуу деңгээли; ЖЖ Уставын кабыл алууда жергиликтүү кеңештердин компетенциялары жана ролу тууралуу; жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелүү топторду түзүү жөнүндө ж.б. маалымат берилди. Ошондой эле ЖЖ Уставын кабыл алуу жана анын күчүнө кирүүсү боюнча мындан кийинки кадамдар талкууланды. Берилген маалыматтар боюнча: Ак-Тал ААда 180 адамдын катышуусу менен алты чакан чогулуш өтүп, ЖЖ Уставынын долбооруна 70 сунуш түштү. Шарк ААда жети чакан чогулуш өтүп, ага 168 адам катышып, 31 сунуш түштү.
 
Калк менен жолугушуулар маалында ЖЖ Уставынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери боюнча түшкөн эскертүүлөргө жана сунуштарга юридикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштыруу талкуу үчүн экинчи тема болуп калды. Долбоордун юрист-эксперттери кайсы темалар боюнча, ар бир ААда канча сунуштар түшкөнүн кеңири айтып беришти. Айталы, Ак-Тал ААда ЖЖ Уставынын долбооруна түшкөн 66 сунуштан 62 сунуш, Шарк ААда 31 сунуштан 26 сунуш мыйзамдардын алкагында Уставдын долбооруна кирди.
 
Чогулуштардын маалында уставга киргизүү үчүн жарандардын сунуштарын талкуулоо уланды. Административдик комиссиянын иши, айып санкцияларын жана алардын көлөмүн катаалдаштыруу, коомдук иш-чараларда (чогулуштар, КБУ, курултай) жарандардын катышуу квотасы боюнча, аксакалдар сотторунун иши, айыл жашоочулары ортосунда ички
талаш-тартыштар жана жаңжалдар тууралуу маселелер көтөрүлдү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖӨБ маселелери боюнча адиси Танат ОСМОНКУЛОВ мындай кеңешин берди: чогулуштар учурунда мыкты жыйынтыкка жетүү үчүн жарандардан түшкөн сунуштар менен алдын ала таанышып чыгып, талдаш керек. Бул болсо тийиштүү адистерди жана жооптуу адамдарды чакыруу үчүн зарыл болот. Ошондо бардык жашоочулар дагы да конкреттүү жоопторду алып, көптөгөн суроолорду жеринде чечүүгө болот.
 
Уставга эмнелерди КОШПОЙБУЗ? Практикадан алынган мисалдар
 
ЖАШООЧУНУН СУНУШУ: Уставга чөптүү тебелөө үчүн айыпты киргизүү керек.
 
ЮРИСТТИН ЖООБУ: КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске ылайык, айып санкцияларынын көлөмү белгиленген, бир эсептик көрсөткүч – жүз сом. Айыптар тууралуу чечимди администрациялык комиссия кабыл алышы керек, ал үчүн тийиштүү жобо кабыл алынууга тийиш. Администрациялык комиссия укук бузган адамдардын иш-аракетине укуктук баа берет. Администрациялык укук бузган адам келтирген зыяндын орду сот тартибинде толукталат. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 185-беренесине ылайык, айып чөп тебелөөгө жол берген укук бузуучуга салынат. Мындай учурда айыптын көлөмү Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте каралган кылмыш үчүн жаза катары салынат, ал эми мал келтирген зыяндын орду сот аркылуу толукталат.
 
ЖАШООЧУНУН СУНУШУ: Тажыяга жана тойго кеткен өзүн актабаган чыгымдарды устав менен чектөө керек
 
ЮРИСТТИН ЖООБУ: Тойлордо жана тажыяларда ысырапкорчулукка карата көпчүлүк айылдык аймактарда мындай иш-чараларды өткөрүүдө чектөөлөр тууралуу жамааттарда оозеки макулдашуу бар. Кандайдыр бир кагаз түрүндөгү келишимсиз эле алар бул макулдашууну сакташат. Сиз да ушундай айтылбаган эрежелерди макулдашып алып, кармансаңыз болот. Жалпысынан, майда талаш-тартыштар болгондо, мисалы, кошуналар урушса же таштандыны туура эмес жерге ыргытса –мунун баарын аксакалдар соту аркылуу гана чечкен туура болот. Аксакалдар соту талаш-тартыштарды милицияга жеткирбестен эле өздөрү чечип коюшат.
 
ЖАШООЧУНУН СУНУШУ: Кошуналардын үйлөрүнө суу түтүгүн өткөрүү үчүн өз чарбактарындагы жер участогун бөлүп берүү тууралуу жашоочуларга талапты Уставга киргизүү керек.
 
ЮРИСТТИН ЖООБУ: Эки жол бар: 1) чарбактын ээси өз каалоосу боюнча жер участогун бөлүп бериши керек; 2) эгерде макул болбосо, анда ЖӨБ органынын мажбурлоосу менен бөлүшү керек. Чарбактагы жерлер коомдук муктаждыктар үчүн сервитут катары бөлүнүшү керек. Бирок жер ээлерине бардык чыгашалардын орду толукталууга тийиш. Маселе кимдин кызыкчылыгында чечилсе, ошол киши чыгашалардын ордун толуктайт.
 
ЖАШООЧУНУН СУНУШУ: Сабакка барбаган окуучуларга айып салуу керек.
 
ЮРИСТТИН ЖООБУ: Үй-бүлө кодекси бар, анда ата-энелердин укуктары жана милдеттери каралган. Эгерде бала мектепке барбаса, анда биринчи кезекте камкорчулар кеңеши жана соцпедагогдор иштеши керек. Алар ушундай окуучулар тууралуу маалыматты беришет, ал эми соцкызматкерлер муну ата-энелер тарабынан балага карата кайдыгер мамиле катары баалап, ата-энелерди укуктарынан ажырата алышат. Мектептерде ар кандай маселелер боюнча акча чогултуу – бул мыйзамга каршы келет жана бул үчүн жаза каралган.
 
Сырттан көз караш – коноктордун пикирлери жана суроолору
 
 
Тажрыйба алмашуунун бардык катышуучулары биринчиден, чогулуштар жогорку деңгээлде өткөнүн, көптөгөн жашоочулар катышканын, маалымат түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө берилгенин, талкуулар жандуу жана кызыктуу болгонун, регламент сакталганын белгилешип, калктын активдүүлүгүнө өзгөчө баа беришти. Себеби калктан өтө көп сандагы сунуштар түшүп, эң актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Тажрыйба алмашуу сапарынын дээрлик бардык катышуучулары өз жамааттарында да ушундай чогулуштарды өткөрүү ниетин билдирип, бирок юридикалык  кспертизаны уюштуруу кыйын болоорун белгилешти. Себеби мындай юридикалык экспертиза үчүн юрист-эксперттердин
техникалык жардамы талап кылынат. Ушул себептен улам тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын басымдуу бөлүгү ЖЖ Уставын киргизүү жана кабыл алуу процессин толугу менен өз алдынча уюштура алышпайт. Ошондуктан бардык процесстин, анын ичинде чакан чогулуштарды жана жыйынтыктоочу чогулуштарды өткөрүү аркылуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу маселелери боюнча процесстин юридикалык өңүттөрүндө жардам сурап кайрылышты.
 
Съездбек МЫКТЫБЕКОВ, Терек АӨ башчысы (Нарын облусу): “Ак-Тал ААнын ЖЖ Уставын талкуулоо жана кабыл алуу боюнча чогулуш жогорку деңгээлде өттү. Биз өзүбүз үчүн көп жаңы нерсени ачтык: чогулуштун бүтүндөй процессин кантип сабаттуу өткөрүш керек, калк менен кантип иштеш керек, алдын ала маалыматтык өнөктүктү кантип өткөрүш керек. Бүгүнкү күндө бардык муниципалитеттерде уставдар бар, бирок алардын сапаты жана мазмуну көңүлгө толбойт".
 
Касмакун МАМЫРБАЕВ, Учкун айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы (Нарын облусу): “Чогулушту өткөрүү тартибин жана аны уюштуруу деңгээлин баса белгилегим керек. Чогулушта көпчүлүк жашоочулар ЖӨБ органы бул багытта
ийгиликтүү иш алып барып жатканын айтышты. Жарандар ушунчалык сабаттуу болгондуктан, бардык суроолор жана сунуштар орундуу болду. Калктан өтө көп пайдалуу сунуштар түштү. Эми негизгиси – ишти аягына чыгарып, ЖЖ Уставынын соңку вариантында бардык каалоолорду эске алуу керек”.
 

 

Кымбат ИСРАИЛОВА, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (Нарын облусу): “Юристтердин эксперттик жардамы өтө чоң ролду ойноду, алар бардык курч жана талаштуу суроолорго толук жооп кайтарышты. Көпчүлүк АА үчүн
юристтердин жоктугу өтө чоң көйгөй экенин баары жакшы билишет. Мындан улам иште көптөгөн кемчиликтер болуп келет. Биз, Жерге-Тал, Кош-Дөбө жана Кара-Бүргөн айылдык аймактарынын өкүлдөрү ЖЖ Уставын талкуулоо жана кабыл алуу боюнча ушундай эле иш-чараларды өткөрүүнү каалайбыз”. Айыл өкмөттөрдүн башчылары жана кызматкер-
лери ЖЖ Уставы тууралуу өз суроолорун юристке бере алышты. Алар ЭҮЖӨБОЖ Долбоору тарткан юрист Венера БАЛТАБАЕВАдан жооп алышты. Айрым суроо-жоопторду сунуштайбыз:
 
СУРОО. Эмне үчүн жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставында жергиликтүү маанидеги маселелерди жөнгө салган эрежелерди, жоболорду бузганы үчүн административдик айыптар каралган эмес?
 
ЖООП. ЖЖ Уставы жалпы нормаларды жана принциптерди камтыйт, алардын негизинде өз нормаларды жана эрежелерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Аларда жергиликтүү маанидеги маселелерди жөнгө салган бул нормаларды аткарбаганы үчүн санкциялар (айыптар) каралса болот.
 
СУРОО. ЖЖ уставдарын жогорку инстанциялар, анын ичинде тартип коргоо органдары эсепке алабы? Мисалы, ЖЖ Уставдарынын нормаларын жана жоболорун жеринде прокуратура көз жаздымында калтырып келет.
 
ЖООП. Жергиликтүү жамааттын уставы ченемдик укуктук акттын күчүнө ээ. Ошондуктан “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” КР Мыйзамында каралган ЧУАны кабыл алуу жана бекитүү боюнча тартип жана аларды бекитүү ЖЖ Уставына да тиешелүү. Аны менен катар ЖЖ Уставынын Долбоору расмий жарыяланууга тийиш, ЖЖ Уставын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин Токтому ЧУА Мамреестрине кошуу үчүн юстиция органдарына жиберилиши керек. Ошондо прокуратура уставды көз жаздымында калтырбайт.
 
СУРОО. ЖЖ Уставын жаңылоого болобу?
 
ЖООП. Ооба, 2014-жылдын 4-мартында КР ЖӨБЭММАнын №01-24/19 Буйругу менен бекитилген ЖЖ Типтүү уставы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча нормаларды/тартипти камтыйт.
 
СУРОО. ЖЖ Уставына АӨ башчысын түз шайлоо тууралуу ченемди киргизсе болобу?
 
ЖООП. АӨ башчысын шайлоо тартиби ЖӨБ жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынган. ЖЖ Уставына АӨ башчысын калк/жамаат түз жол менен шайлайт деген ченем киргизилген учурда, мыйзамдардагы ченемдерге каршы келип калат.
 
СУРОО. ЖЖ Уставы айыл өкмөттүн Уставынан айырмаланабы? ЖЖ Уставынын юридикалык күчү кандай болот?
 
ЖООП. ЖЖ Уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттештирет, жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин караштырат, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өз ара, жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин аныктайт. Мисалы, гигиена жана санитарияны сактоо максатында КТК маселелери боюнча бул документ таштанды жыйноо жана чыгаруу, жергиликтүү маанидеги башка маселелер боюнча ишинин жалпы ченемдерин жана принциптерин аныктайт. ЖЖ Уставына эрежелерди сактабаганы үчүн нормаларды, б.а., эрежелерди бузуу үчүн айыптар же жазалар боюнча ченемдерди киргизүүгө болбойт. ЖЖ
Уставы негиз салуучу принциптерди камтыйт.
 
СУРОО. ЖЖ Уставына АӨ башчысын түз шайлоо тууралуу ченемди киргизсе болобу?
 
ЖООП. АӨ башчысын шайлоо тартиби ЖӨБ жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынган. ЖЖ Уствына АӨ башчысын калк/жамаат түз жол менен шайлайт деген ченем киргизилген учурда, мыйзамдардагы ченемдерге каршы келип калат.
 
СУРОО. ЖЖ Уставы айыл өкмөттүн Уставынан айырмаланабы? ЖЖ Уставынын юридикалык күчү кандай болот?
 
ЖООП. ЖЖ Уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана
эрежелерин регламенттештирет, жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин караштырат, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өз ара, жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин аныктайт. Мисалы, гигиена жана санитарияны сак-
тоо максатында КТК маселелери боюнча бул документ таштанды жыйноо жана чыгаруу, жергиликтүү маанидеги башка маселелер боюнча ишинин жалпы ченемдерин жана принциптерин аныктайт. ЖЖ Уставына эрежелерди сактабаганы үчүн нормаларды, б.а., эрежелерди бузуу үчүн айыптар же жазалар боюнча ченемдерди киргизүүгө болбойт. ЖЖ
Уставы негиз салуучу принциптерди камтыйт.
 
Эгерде жергиликтүү жамааттын жана айыл өкмөттүн Уставдарындагы айырма тууралуу айта турган болсок, бул экөө ар башка документ. Айыл өкмөттүн Жобосу бар, ал юридикалык жак катары айыл өкмөтүнүн бардык ишин жөнгө салат. Ал эми ЖЖ Уставы жамаат мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттерин жөнгө салат, жергиликтүү мааниде ги маселелерди демилгелөө, карап чыгуу жана чечүү боюнча жамаат мүчөлөрүнүн, АК, АӨ өз ара мамилелеринин тартибин жөнгө салат. ЖЖ Уставын жергиликтүү кеңеш бекитет, ал бул тууралуу тийиштүү токтом чыгарат, документ ЖМКда жана/же ЖӨБЭММАнын сайтында жана/же муниципалитеттин сайтында (эгерде бар болсо) расмий түрдө жарыяланат. Андан соң бул токтом ЧУА Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн юстиция органына жиберилет. ЖЖ Уставынын юридикалык күчкө кирүү нормалары ЖЖ Уставынын өзүндө камтылат. Аны менен катар, Уставлын долбоорунда ЖЖ Уставы расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчкө
кирди деп белгиленген. Ошондон кийин жамааттын бардык мүчөлөрү бул ЧУАнын (ЖЖ Уставынын) ченемдерин сактоого милдеттүү болот. Мындан тышкары ЖЖ Уставынын долбоору ЖЖ Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин да караштырат. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана аларды аткаруу тартибин/механизмин жөнгө салуу
максатында Уставда жергиликтүү маанидеги маселелерди жөнгө салуу боюнча атайын эрежелерди, жоболорду кабыл алууга уруксат берген нормалар каралган. Аларда ушул эрежелерди аткарбаганы үчүн санкцияларды (айыптарды кошкондо) караштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде КР мыйзамдарында айып салуу каралбаса, бул эрежелерге айыптарды киргизүү мүмкүнчүлүгү бериле турганын белгилей кетүү зарыл.
 
 
СУРОО. Демилгелүү топтун мүчөлөрү өзүнө чоң жоопкерчилик алып, көптөгөн көйгөйлөрдү чече алышты. Аткарылган иш үчүн топтун мүчөлөрү чын эле эч кандай акы сураган жокпу?
 
Шарк ААнын демилгелүү тобунун лидери Розубай НИШАНОВдун ЖООБУ: “Биз айылдын көйгөйлөрүн чечүү демилгесин өзүбүз көтөрүп чыкканбыз. Ошондуктан топтун мүчөсү катары иш үчүн акы суроо тууралуу эч кимдин оюна да келген эмес. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн иштедик. Анын үстүнө жергиликтүү бюджетте жергиликтүү маанидеги бардык маслелеерди чечүү үчүн каражат ансыз деле жетпей турат”.
 
Корутунду
 
Тажрыйба алмашуу сапарлары ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү коомдук иш-чараны (чогулушту) уюштуруу жана өткөрүү аркылуу ЖЖ Уставын киргизүү жана кабыл алуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. ЖЖ Уставынын долбоорун кеңири талкууга жергиликтүү жамаатты тартуу көндүмдөрү, ошондой эле презентациялык материалдар аркы-
луу баяндамаларды даярдоо көндүмдөрү өзгөчө маанилүү болду. Түрдүү муниципалитеттердин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү арасында тажрыйба алмашуу болду. Мында өз кесиптештеринин тажрыйбасы менен практикада таанышууга, ЖЖ Уставынын долбоорун киргизүү жана кабыл алуу жаатында иштин ачык-айкындуулугун камсыздоо маселелери боюнча ЖӨБ органдарынын жетекчилери ортосунда мүмкүн болушунча ачык диалог түзүүгө жол ачылды.
 
2018-жылдын август айында максаттуу жана максаттуу эмес ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн жаңы тажрыйба алмашуу сапарлары өттү. “Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун киргизүү жана кабыл алуу практикасы. ЖЖ Уставын карап чыгуу жана кабыл алуу маселелери боюнча АК сессиясы” деп аталган тема боюнча Жазы ААда (Ош облусунун Өзгөн району) жана Ак-Тал ААда (Нарын облусунун Ак-Талаа району) сапарлар уюштурулду. Бул иш-чаралардын жыйынтыгы тууралуу журналдын кийинки сандарында кенен айтып беребиз. 

 

Окшош материалы: