Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук иш-чараларга жергиликтүү жамааттын мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуусун камсыз кылууга кантип жетсе болот?

2018-02-22 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Коомдук иш-чараларга жергиликтүү  жамааттын мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуусун камсыз кылууга кантип жетсе болот?

Маселенин чоо-жайы Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) сегиз жылдан бери Бюджеттик процессте жарандардын чечим кабыл алууга катышуу моделин киргизүү боюнча Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын 41 муниципалитетинин жергиликтүү жамааттарына көмөк көрсөтүп келатат.

2017-жылдан тартып Долбоор Ош жана Нарын облустарынын 15 муниципалитети менен кызматташа баштады. Долбоор жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылууда, жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө көмөк көрсөтүп, ЖӨБ органдары менен тикелей жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Долбоордун негизги максаты – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышуусун жогорулатуу.
 
Долбоордун артыкчылыгы – калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга, калк менен ЖӨБ органдары ортосундагы диалог үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү. ЖӨБ органдары жарандарды бюджеттик процесске тартууда кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөөрүн Долбоор менен максаттуу муниципалитеттердин биргелешкен кызматташуусунун көп жылдык тажрыйбасы көрсөттү. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде чечилиши керек болгон бир катар маселелер ачык бойдон кала берүүдө. Бирок ошол эле маалда практикада чечиле турган көптөгөн маселелер да бар. Буга коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери кирет.
 
Дээрлик ар бир ЖӨБ органында “чогулуштарга, жыйындарга катышкандардын саны аз, калк айылдын/шаардын көйгөйлөрүнө кайдыгер” деген сөздөрдү укса болот.Катышуунун төмөн деңгээлде болгонун бийлик органдары көйгөйлүү маселе катары таанышат. ЖӨБ органдары өзгөчө чогулуштар, жыйындар, курултайлар ж.б. маалында аудиториянын толуп турганына кызыкдар.
 
Эмне үчүн жарандардын чогулуштарга катышуусу ЖӨБ органдары үчүн ушунчалык маанилүү? Биринчи кезекте ЖӨБ органы калктын колдоосуна ээ болгусу келет. Колдоо – бул ишенимдин көрсөткүчү, ал жашоо шарттарын камсыз кылуу үчүн жооп бергендерге абдан маанилүү. Эгерде ачык-айкындуулук болбосо, өз иши тууралуу маалыматты калктын калың катмарына жеткирбесе, мындай ишенимге ээ болуу мүмкүн эмес. Калктын чогулуштарга жана ЖӨБ органдары өткөргөн, пландар талкуулана турган башка коомдук иш-чараларга катышуусу жергиликтүү маанидеги маселелерге байланыштуу кабыл алынган чечимдерге тикелей таасирин тийгизет.
 
Жарандардын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусу мунун натыйжасы болуп саналат. Б.а., канчалык көп адам маалыматка ээ болуп, коомдук ишке жигердүү катышса, ЖӨБ органы менен биргеликте чечимдерди талкуулап, кабыл алса, бардык жамаат да ошончолук прогрессивдүү болот. Айылдын же шаардын тургундарынын турмуш шартын жакшыртуу мындай жамааттардын негизги максатына айланат.
 
Долбоор менен тыгыз кызматташкан 56 муниципалитеттин (максаттуу муниципалитеттердин – ММ) тажрыйбасы көрсөткөндөй, чогулуштарга катышкандардын санын көбөйтсө болот, жамаатты көйгөйлөрдү талкуулоого, аларды чечүүгө тартса болот, жергиликтүү бюджеттердеги каражатты ошол көйгөйлөрдү чечүүгө пайдаланууну пландаштырса болот. Бул макалада Ош жана Нарын облустарынын 15 ЖӨБ органынын мисалында жарандарды жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуу боюнча айыл өкмөттөрдүн ишинин жыйынтыгы берилди. Алар Долбоор менен кызматташтыктын алкагында өткөрүлгөн окуу иш-чаралары маалында алган билимдерин жана көндүмдөрүн колдонушкан.
 
Калктын катышуу динамикасынын өсүшү  Айылдагы өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоого калкты тартуу боюнча кеңири масштабдагы өнөктүктөрдү өткөргөн соң ЖӨБ органдары аларды чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер пландарын (БАП) иштеп чыгышты. Өз пландары тууралуу калкты кабардар кылуу үчүн Ош жана Нарын облустарындагы 15 ММнын ЖӨБ органдары чогулуштарды өткөрүштү. Албетте чогулуштардын алдында коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча окуулар болду. Долбоор маалыматтык өнөктүктү өткөрүүгө консультациялык жана техникалык колдоо көрсөттү. Муниципалитеттер керектүү техника менен камсыздалды. Окууларда алынган билимди колдонуунун натыйжасында 1725 жашоочу жана 1204 аял (жалпысынан 2929 адам) ЖӨБОнун пландарын угуп, пикирин билдирип, суроолорду узатуу үчүн чогулуштарга келишти.
 
Чогулуштардагы талкуулардын жыйынтыгы боюнча, пландарга айрым бир өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип турду. Ошондой эле чогулуштар маалында пландалган иштерди аткарууга, процесске мониторинг жүргүзүүгө катышуу үчүн улам бир жаңы жигердүү жашоочунун ысымы аталып жатты. Пландалган жумуштардын жана ишчаралардын басымдуу бөлүгүн ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттердеги каражаттардын эсебинен чечишет. Жашоочулардын салымы да болуп турат. Бирок масштабдуураак тапшырмаларды аткарууга көпчүлүк муниципалитеттердин бюджетинде каражат жетпей калат. Мындай тапшырмаларды аткарууга, муниципалитеттерди өнүктүрүүгө көп каражат талап кылынат жана ЖӨБ органдары инвестиция тартуунун үстүнөн дайыма иштеп келишет.
 
Жергиликтүү бизнеске, донорлорго жана өнүктүрүү программаларына, региондорду өнүктүрүү фонддоруна, мамбюджетке (дем берүүчү гранттарга өтүнмө берип) кайрылуу – башкаруу органдарынын дайыма жасап келаткан иши. Жергиликтүү жамаат үчүн артыкчылыктуу болгон маселелерди чечүүгө долбоордук идеяларды, айылдардын жана шаарлардын инфраструктурасын жакшыртууга инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу оңой иш эмес, ал билимди жана көндүмдөрдү талап кылат. Мындай документтерди даярдоо үчүн техникалык билимден тышкары ЖӨБ органдарынан процессти туура уюштуруу талап кылынат. Бул жерде аймактагы бардык мүмкүн болгон жана жеткиликтүү ресурстарды тартуу маанилүү. Мисалы, долбоордук идеяларды иштеп чыгууга жергиликтүү жамаатты тартуу сунушталат. Мындай мамиле кошумча адам ресурстарын берет.
 
Ал эми бул ресурс ЖӨБ органдарынын өзүндө тартыш эмеспи. Идеяларды, долбоордук сунуштарды, гранттарга өтүнмөлөрдү ж.б. даярдоого тартылуу жарандардын өздөрүнө да чечим кабыл алуу процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.Андан соң ошол идеялардын ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик тең бөлүштүрүлөт. Долбоор менен кызматташтыктын алкагында 15 ЖӨБ органы коомчулук менен биргеликте артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашып, ыктымал инвестициялар үчүн долбоордук идеяларды даярдап чыгышты. Жамааттардын 75 артыкчылыгы боюнча аларды чечүү боюнча сунуштар даярдалды. Бардык сунуштар калктын элегинен өтүшү керек болчу. Себеби көпчүлүк үчүн маанилүү жана аткарууга мүмкүн болгон долбоорду тандап алуу зарыл.
 
Жарандардын катышуу моделин жайылтуунун кийинки этабы – биринчи кезекте чечилиши керек болгон жана каржылоонун кошумча булактарын тартуунун эсебинен чечүүгө мүмкүн болгон артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап алуу. Ошондой булактардын бири катары Долбоордун гранттык программасынын фонду каралган эле. Демилгелүү топтор эң көйгөйлүү маселени алып чыгып, аны чечүү боюнча идеяны сунуштап, ал эми айыл тургундары тандап алышы керек эле. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрү көп, ресурстар чектелүү болгон шарттарда акча каражаттарын бөлүштүрүү маселеси дайыма курч турат. Дал ошондуктан коомдук акча инвестициялана турган долбоорду тандап алууда мүмкүн болушунча ачык болуп, калк менен биргеликте чечим кабыл алуу зарыл. 15 максаттуу муниципалитетте өткөн чогулуштарда жалпысынан 75 долбоордук идея сунушталган. Б.а., демилгелүү топтордун мүчөлөрү кайсы бир артыкчылыктуу көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдорун көрүп турганын, бул үчүн канча каражат талап кылынаарын калкка айтып беришти. Андан соң дал ошол идея Долбоордун гранттык программасына катышуу үчүн өтүнмөнүн өзөгүн түзүшү үчүн жашоочулардан 2018-жылы каржылана турган долбоорду тандап алууну өтүнүштү.
 
Баяндамачылардын курамы: АӨнүн 16 өкүлү, 12 депутат, бюджеттик уюмдардын 16 жетекчиси, 7 староста, 24 жашоочу. Чогулуштарда артыкчылыктуу маселелерди чечүү жолдору тууралуу сөз болду. Булардын арасында жергиликтүү маанидеги түрдүү маселелер болду. Бирок эң көп тандалган маселе – өсүп келаткан муун үчүн шарттарды түзүү. Жергиликтүү жамаат бала бакчалардын жана мектептердин көйгөйлөрү чечилишин көбүрөөк каалайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жалпы элести өзгөрттү. Чогулуштарда көпчүлүктүн добушуна ээ болгон долбоорлордун арасында мурдагыдай эле мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандар басымдуулук кылат. Бирок айрым багыттар калктын колдоосуна ээ болгон эмес. Мисалы, ооруканалардын, айыл өкмөттүн имараттарын оңдоо. Артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча чогулуштардын катышуучуларынын саны болжолдонгондон ашты.
 
15 ММда чогулуштарга 4798 адам келди, алардын ичинен 2250сү аялдар. Муниципалитеттер арасында алып караганда 134төн 919га чейин адам катышты. Башкача айтканда, чогулуштарга аймактагы калктын 1-10% катышты. Чогулуштарга аялдардын катышуусу да көп нерседен кабар берет: 15 муниципалитетте өткөн чогулуштардын бардык катышуучуларынын 47% аялдар түздү. 2017-жылга салыштырмалуу коомдук мааниге ээ болгон маселелерди талкуулоодо жарандардын катышуу деңгээли 1,5 эсе өстү. Ошондой эле гендердик баланста да оң өзгөрүүлөр байкалат. Себеби аялдардын катышуу үлүшү 8,5% өстү (38,4 пайыздан 46,9% чейин) . Долбоордун Чакан гранттар программасынын алкагында 2017-жылдын этегинде Чакан гранттар программасы (ЧГП-2018) боюнча баяндамалар жасалды. Алардын негизинде бардык 15 ММ үчүн долбоорлорду даярдоо боюнча окуу тренингдери өткөрүлдү. Бул тренингдерге айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана демилгелүү топтордун (ДТ) мүчөлөрү катышты.
 
Тренингдер катышуучуларга артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча долбоордук өтүнмөлөрдү даярдаганды үйрөттү. Себеби ар бир 15 муниципалитетте БАПта көрсөтүлгөн бештен артыкчылыктуу долбоор аныкталган, алар боюнча долбоорлордун кыскача сүрөттөлүшү (ДКС) даярдалган. Соңку, негизги иш-чара 2018-жылдын январында өттү. Бул айда Долбоордун гранттык программасына катышчу долбоорлор талкууланып, тандалып алынды. Дал ушул чогулуштар ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттери менен чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти канчалык так пландап, калктын чогулушка катышуу санын кантип көбөйтсө болоорун көрсөттү. ЖӨБ органдарынын иши кантип уюштурулуп, чогулушка катышкан адамдардын саны эмненин эсебинен көбөйдү? Чогулуштарды уюштуруу маселесинде жарандардын активдүүлүгү, жоопкерчилиги жана демилгеси канчалык маанилүү болду? Аялдарды кантип чогулушка тарта алышты?
 
Маалымат өнөктүгү Долбоорду ишке ашыруунун баштапкы этабында жергиликтүү консультанттардын Ош жана Нарын облустарынын 15 максаттуу муниципалитети менен тажрыйбасы көрсөткөндөй, бардык ЖӨБ органдарында коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кандайдыр бир өзүнүн усулу бар. Бирок ал системага салынган эмес. Мисалы, иш-чараны уюштурганда жазуу түрүндө план түзүлбөйт, айыл өкмөттүн жетекчилиги кызматкерлерге ишти даярдоону оозеки эле айтып коет, ал эми кээде болсо адамдарды иш-чарага катыштырууга жардам берүүнү айылдык кеңештин депутаттарынан өтүнөт. Чогулушка чейин эч кандай алдын ала уюштуруу иштери, маалымат өнөктүгү өткөрүлгөн эмес, иш-чараны даярдоо бөлүгү көзөмөлгө алынган эмес. Мунун натыйжасында адатта коомдук иш-чаралар формалдуу өткөрүлүп, жетекчилик адамдардын саны аз болгону үчүн кимди жоопко тартууну билбей калчу. 2017-жылдын октябрында эле коомдук ишчараларды (чогулуштарды, коомдук угууларды) уюштуруу жана эффективдүү өткөрүү үчүн Долбоор тренинг өткөргөн.
 
“ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүүсү: коомдук катышуунун формалары, чогулуштар жана жыйындар” деген темага өткөрүлгөн тренингге бардык 15 муниципалитеттен ЖӨБО өкүлдөрү, жергиликтүү жамаат, бейөкмөт уюмдар катышты. Бул тренингдердин негизинде жарандардын ЖӨБго катышуусу боюнча ченемдик база тууралуу алынган билимден, чогулуштарды өткөрүүнүн эрежелеринен жана жолжоболорунан тышкары, катышуучулар чогулушка чейин жана андан кийин маалымат өнөктүгүн өткөрүү боюнча көндүмдөрүн өнүктүрө алышты. Тренингде алынган билимдин бир бөлүгүн колдонуу менен БАПты талкуулоо боюнча чогулуштарга даярданып жаткан маалда ЖӨБ органдары жыйынтыктарга көп жакшы ыраазы болушкан жок. Чогулуштардын биринчи сессиясын өткөргөндөн кийин Долбоордун адистери ЖӨБ органдары менен келгендердин санын талкуулоо боюнча иштер жасалды. Бул болсо чабал жактарын жана кемчиликтирин аныктоо максатында жасалды.
 
Жыйынтыктарга толук эмес канааттануу жана талкуулоо Долбоор сунуштаган маалымат өнөктүгүнүн кеңири аспаптарын колдонуу үчүн стимул болду. Чогулуштардын экинчи сериясын даярдоодо өнөктөштөр бардык үйрөнгөн “сабактарды” эсеп алышты. Ар бир муниципалитет боюнча чогулуштарды уюштуруу боюнча жумушчу топ (ЖМ) түзүлдү. Аларга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, ДТ мүчөлөрү жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү киришти. Жумушчу топ чогулуштун программасын түзүп, чогулушту уюштуруу жана өткөрүү боюнча текшерүүчү программа түзүлдү. Жумушчу топтун бардык мүчөлөрү ар бир уюштуруу маселеси боюнча жоопкерчиликти тең бөлүштүрүшүп, чогулушка чейин маалымат өнөктүгүнүн материалдары даярдалды. Бул материалдар калктын коомдук иш-чараларга келүүсүн камсыз кылуучу негизги механизмдердин бири.
 
Ошондуктан биринчи кезекте 15 муниципалитеттин айыл өкмөтү чогулушка 5-10 күн калганда кеңири маалымат өнөктүгүн өткөрүштү: кулактандыруулар жазылган баннерлерди жана афишаларды даярдап аймактагы ар бир айылда эл көп жүргөн жерге илип чыгышты, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнө чакыруулар жиберилди, пресс-релиздер даярдалып, райондук жана облустук жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберилди. Чогулуш өтчү күндүн алдында айылды үн күчөткүч орнотулган машиналар менен кыдырышып, чогулушка чакырып чыгышты ж.б. Башкача айтканда, бардык 15 муниципалитетте текшерүү барагынын алкагында АӨ аппаратынын так жасалган иши калктын келүүсүн камсыз кылды. Долбоордун жергиликтүү консультанты ТОЛИПОВ Абдилбоки текшерүү барактары канчалык пайдалуу болгонун мындайча айтты: “Жеринде тренингдерди жана консультацияларды өткөрүп, биз АӨнү текшерүү барагы менен иштегенге үйрөттүк. Мында бардык тапшырмалар жана иш-чаралар так жазылган эле (мөөнөттөр, жооптуулар, чогулуштан күтүлгөндөр ж.б.).
 
Натыйжада бардык максаттуу муниципалитеттер өз убагында даярдоо бөлүгүн уюштуруп, эки чогулушту эффективдүү өткөрүп алышты”. Мисалы, Ак-Муз ААда жашоочуларды чакыруунун өз механизмин пайдаланышты: айыл өкмөтүнүн ар бир кызматкерине өз-өзүнчө көчөлөр бекитилип берилди; жашоочулардын тизмеси даярдалып, АӨ кызматкерлери үй кожолуктардын башчыларынан маалымат алганы, чогулушка катыша алабы же жокпу деп кол тамгаларын чогултуп чыгышты. Ошентип чогулуштун катышуучуларынын санын алдын ала божомолдоо максатында АӨдө бардык маалыматтар чогулду. Калк аз катышат деп болжолдонуп жаткан участоктордо кошумча чаралар көрүлүп, үймө-үй кыдырып чыгышып, телефон чалып чыгышты.
 
Натыйжада мурда 30-100 киши чогулган чогулушка 261 киши катышты. Ушундай эле ыкманы Ак-Тал ААда жана Учкун ААда тандап алышты. Бул жерде АӨ башчылары бардык кызматкерлерин кварталга бөлүп чыгышты. Бирок чакыруулардан тышкары жашоочуларга беш долбоор боюнча ДКС таратылып берилди. Бул болсо калкка долбоорлордун кыскача сүрөттөлүшү менен таанышып чыгып, алдыда болчу чогулушка суроолорду даярдап алууга мүмкүнчүлүк берди. Ак-Муз жана Ак-Тал айылдык аймактары бир гана айылдан, ал эми Учкун АА эки айылдан тураарын белгилей кетиш керек.
 
Мындан улам бардык үй кожолуктарды кыдырып чыгуу кыйын болгон жок. Мындан тышкары Ак-Муз ААда жашоочуларды кызыктыруунун дагы бир жолун табышты: артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алгандан тышкары чогулуштун программасына кошумча иш чаранын киргизилгени чоң ролду ойноду. АӨ “Ак-Муз айылын өнүктүрүү-2017” аттуу конкурстун жыйынтыктары менен тааныштырып, анын жеңүүчүлөрү сыйла-нып, мыкты көчө тандалды. Бул иш-чара көптөгөн жашоочуларды чогулушка келип берүүгө түрткөн фактор болду. Коомдук иш-чараларды уюштуруп, өткөргөн маалда адам ресурстарын эффективдүү пайдалануу өтө маанилүү. Өзгөчө муну чогулушка катышуу үчүн тургундары узак аралыкты басып өтүшү керек болгон муниципалитеттердин ЖӨБ органдары эстен чыгарбашы керек. Ош облусунун Ак-Жар жана Шарк, Нарын облусунун Учкун айылдык аймактары чогулуштарга элдин катышуусун камсыз кылууга өтө олуттуу мамиле жасашты. АӨ башчылары жашоочулар менен өздөрү сүйлөшүп, Ак- Жар жана Шарк ААда алыстагы эки айылдан адамдарды эки бусик менен ташышты.
 
Бул транспорттун ээлери да чогулуштун катышуучулары болду. Учкун ААда айыл өкмөттүн кызматкерлери жети орундуу төрт “Минивен” үлгүсүндөгү машина таап, үч каттам менен Учкун айылынын тургундарын ташышты. Ошондуктан кийинки жылга бюджетти талкуулоодо ЖӨБ органдарына жашоочуларды коомдук иш-чараларга – чогулуштарга жана угууларга жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча уюштуруу маселелерин “башка чыгымдар” деген беренеге кошумча чыгаша катары кошууну сунуштайбыз. Айыл старосталары Коомдук иш-чараларды уюштурууда негизги жүк айыл старосталарына түшөт. Себеби алар күн сайын өз жашоочулары менен баарлашып тургандыктан айылдын ички турмушу тууралуу көбүрөөк билишет. Айталы, Кызыл-Суу, Жазы жана Ак-Жар айылдык аймактарында БАПты талкуулоо боюнча алгачкы чогулуштарды уюштуруунун жүрүшүндө эле АӨ башчылары тапшырма беришти: ар бир айылдын старостасы 50-60 кишини чогулушка тартат, ал эми чогулуштан кийин ар бир айылдын жашоочуларынын иш жүзүндө катышуусу боюнча талкуу уюштурушту.
 
Эсептөө ыңгайлуу болушу үчүн чогулуш башталаардын алдында катышуучуларды айылдар боюнча катташты. Бул келечекте анализ жүргүзүү үчүн да ыңгайлуу болот – тигил же бул айыл жалпы аймактын турмуш тиричилигине канчалык жигердүү катышып жатканы белгилүү болот. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча АӨ башчысы старосталарды шыктандырып же эскертүү берип тургандыктан бул долбоорлорду тандап алуу боюнча чогулушка жергиликтүү жамааттын катышуусунун жыйынтыгына таасирин тийгизди.Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу АК депутаттарынын жардамы да чоң болду. Мисалы, Көк-Жар ААда айылдык кеңештин депутаттары жигердүү жардамчыларга айланышты: жумушчу топту түзгөнгө чейин депутаттар АӨ кызматкерлери менен чогулушту өткөрүү процессин талкуулап алышты.
 
Алар жарандардын чогулушка катышуу маселесине өзгөчө көңүл бурушту. АК депутаттары алдыда болчу чогулуш, анын мааниси, негизги максаты тууралуу айтып берүү үчүн шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурушту. Депутаттар бул чогулуштарда негизги максат – аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча долбоорду тандап алуу болгонун, жашоочулар өздөрү добуш берип тандай турганын түшүндүрүп беришти. Мисалы, Бүлөлү ААда биринчи жолу чогулушка 172 адам катышты (калктын дээрлик 20%). Мында айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин кызматташтыгы негизги ролду ойноду. Айылдык кеңештин 11 депутатынын ичинен сегизи – 23-25 жашта, үч депутаты – 40-43 жашта. Алар коомдук иш-чаралардын дээрлик 100% жигердүү катышып, муну менен жергиликтүү жамааттын жана АӨ аппаратынын сый-урматына татып келишет. Айталы, эки айылдагы АК депутаттары беш уюштуруучулук чогулушту өткөрүштү, үймө-үй кыдырып чыгып, үй кожолуктардын ээлери менен сүйлөштү.
 
Гүлистан ААда айылдык кеңештин төрагасы депутаттар жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен адамдар көп жүргөн уюмдарды жана мекемелерди кыдырып чыгышты: бардык мектептерди, мечиттерди, чайканаларды ж.б. кыдырып, элди чогултуп, чогулушка катышууга үндөп, жашоочуларды артыкчылыктуу долбоорго өз добуштарын берүүгө үндөштү. Уюлдук байланыш Бүгүнкү күндө КР калкынын 80% жакыны мобилдик байланышты колдонот. Бул болсо өзгөчө элеттик жамааттарда маалымдоо процессин бир кыйла жеңилдетүүдө. Калктын басымдуу бөлүгү түрдүү топторго (достор, кесиптештер, туугандар ж.б.) мүчө болгондуктан WhatsApp тиркемесин колдонушат. Көпчүлүктургундар Интернеттеги социалдык тармактарды, негизинен “Фейсбукту” колдонушат. Ошондуктан айрым максаттуу муниципалитеттерде ЖӨБ органдары маалымдоонун бул механизмдерин жигердүү колдонушту. Айталы, Жазы ААнын айыл өкмөт башчысы чогулушка катыша албаган жашоочуларга WhatsApp тиркемесиндеги 250 адам мүчө болгон топ аркылуу кайрылды. Ак-Талаа ААда координатор ДҮЙШЕЕВ Урмат да WhatsApp тиркемесин колдонуп, “Жарнама-Ак Тал” тобуна мүчө жашоочуларды чогулушка чакырды.
 
Бул топко аймактагы жалпы калктын 50% жакыны кирген. Учкун ААда “Куланак Медиа” маалымат борборунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланышты. Бул борбор “Твиттер-блог” аркылуу мобилдик телефону бар жашоочулардын баарына чогулуш тууралуу СМС- билдирүү жиберди. Билим берүү жана жаштар маселелери боюнча демилгелүү топтун мүчөсү КЫДЫРАЛИЕВА Жазгүл WhatsApp аркылуу “Куланак Медиа” тобунун мүчөлөрүнүн баарына жарыя жиберди, бул топко айыл калкынын 40% катталган. Мындан тышкары Ак-Талаа жана Учкун айылдык аймактарында бул максаттарда “Фейсбукту” колдонушту. Жамаат лидерлери жана улуттук каада-салттар Адамдарды чогулуштарга тартуунун өтө кызыктуу ыкмасы Ылай-Талаа ААда табылды. Мисалы, Ылай-Талаа айылы өтө чоң жана 7 участокко бөлүнөт. Бул жакта 7 эл башы бар. “Эл башы” – бул турмуш тажрыйбасы бар, сый-урматка ээ болгон, эң негизгиси – өз ыктыяры менен, акча албастан иштеген, элеттиктер өздөрү тандап алган адамдар. Мындан тышкары айылдык аймактагы бардык беш айылда жашоочулар уруу-урууга бөлүнүшөт, алардын ар биринде уруу башчы бар, андан соң эл башы бар участокторго жана көчө башчылары бар көчөлөргө бөлүнүшөт.
 
Ушинтип кылымдар бою түптөлүп калган салттарды улай, чогулушка 5-6 күн калганда уруу башчылары, эл башчылары, көчө башчылары, жамаат лидерлери, мекеме жетекчилери (бала бакча башчылары, мектеп директорлору ж.б.) катышкан чакан чогулуштар өткөрүлдү. Мында чогулуштарга көбүрөөк жашоочуларды, анын ичинде аялдарды тартуу маселеси күн тартибине коюлду. Ушундай эле ыкма Шарк ААда дагы колдонулду. Бул жерде биринчи чогулушка 486 адам катышса, экинчисинде 919 адамдын башын бириктире алышты. Көрсө, беш айылдын башчыларынан (старосталарынан) тышкары, 80 эл башчы да бар экен, алар түрдүү коомдук иш-чараларды уюштурууга жардам берип келишет. Бул болсо жергиликтүү жамааттын ичинде маалымат алмашуунун эффективдүүлүгүн жогорулатат. Эл башы жергиликтүү бийлик менен калк ортосундагы кандайдыр бир көпүрөгө айланат, б.а., маалымат ыкчам жетип турат. Маалымдоо процесси мындайча өтөт: ЖӨБ органы болгон маалыматты айыл башчыларына берет, ал эми алар болсо, өз кезегинде эл башыларды чогултат, алар калкты кабардар кылышат.
 
Ушул эле нерсе тескерисинче да болот: жашоочулар өз көйгөйлөрүн эл башыга айтышат, алар өз кезегинде айыл старосталарына жеткиришет ж.б. Натыйжада Шарк ААда ар бир эл башы онго жакын адамды тартып, чогулушка 800 адам катышты. Жамааттар Чогулуштарды уюштурууда айылдык аймактардын жамааттары маанилүү ролду ойноду. Алардын эсебинен жергиликтүү жамааттын чогулушка тартылуусу жакшы болду. Мисалы, Мангыт ААда аялдар комитетинин төрайымы КАРМЫШОВА Бегай өз комитетинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонду. Бул комитетке 70тен ашуун аял мүчө, алар өз ара бекем байланышты кармап турушат, ошолордун жардамы менен чогулушка мүмкүн болушунча көбүрөөк санда адамдарды тартуу мүмкүн болду. Алар бардык коомдук иш-чараларга жигердүү катышат, бирок бул чогулушта аялдар кеңешинин төрайымы өздөрү менен кошо бери дегенде бештен адамды ээрчите келүүнү өтүндү. Ылай-Талаа ААда “Жазы биримдиги”, “Ылай-Талаа коому” аттуу топтор бар, алар да жашоочуларды чогулушка чакырууга салым кошушту.
 
Мекемелердин жетекчилери Калктын чогулушка чакыруунун стандарттуу ыкмаларынан тышкары, бул багытта оригиналдуу усулду Кызыл-Туу ААда ойлоп табышты. Бул жерде АӨ башчысы үч мектептин жана эки бала бакчанын директорлору менен жолугушууда алардан балдардын ата-энелерин жазуу түрүндө чогулушка катышууга чакырып берүүнү өтүндү. Натыйжада көпчүлүк чакыруу барактары балдар аркылуу таратылды. АӨ башчысынын айтымында, мекеме жетекчилери өздөрү биринчи кезекте ата-энелердин чогулушка катышуусуна кызыкдар болушу керектиги мына ушундай чечимди кабыл алууга түрттү. Себеби жыл сайын мектептерди жана бала бакчаларды күтүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп турат. Бардык тараптар зарыл болгон учурда бири-бирине жардам берип, коомдук иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар болушу керек – тыгыз өз ара кызматташтык деп ушуну айтыш керек. Гүлистан ААда калкты чогулуштарга тартуу үчүн түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү: төрт мектепте атайын спорттук иш-чараларды уюштурушуп, АК төрагасын жана АӨ башысын чакырышты; мектеп- терде жогорку класстардын окуучулары аркылуу ата-энелерге кабар берилди; ыктыярчылар участокторду кыдырышып, маалымат таратышты, ар бир участокто өзүнчө чогулуштар өткөрүлдү.
 
Демилгелүү топтор (ДТ) Чогулуштарга калкты көбүрөөк тартууда чоң ролду ДТ ойнойт. Бул топтор БАПтын алкагында артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү маселелеринде калктын айрым топторунун таламын талашуу максатында түзүлгөн. Анын үстүнө долбоорлорду тандап алуу боюнча чогулуш ДТ аркылуу кызыкдар топтордун таламын талашуу максатын көздөгөн. Бул долбоорлор чогулуштарда каралып, талкууланган эле.Ошондуктан АӨ башчылары жана адистери биринчи кезекте ДТнын жигердүү мүчөлөрүн иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү процессине тартышты. Мисалы, Ак-Муз, Учкун жана Ак-Тал ААда (Нарын облусу) ДТ мүчөлөрү иш-чараларды уюштуруунун бардык баскычтарында “мотор” болуп, алдыда өтчү чогулуш тууралуу маалыматтарды таратууга жардам беришти (баннерлерди жана афишаларды илип чыгышты, чакырууларды таратышты ж.б.). ДТ мүчөлөрү алардын идеяларын жергиликтүү жамаат билип, алардын долбоору үчүн добуш беришине өздөрү кызыкдар болушту. Ошондуктан алар өз тарапкерлерине маалымат жеткире алышты.
 
Мисалы, Ак-Тал ААда ДТ мүчөлөрү WhatsApp тиркемесиндеги топторду жигердүү колдонушту. Мындан тышкары бул муниципалитеттердин АӨ башчылары жана адистери айыл өкмөттүн имаратында аянтча уюштура алышты. Мында ДТнын мүчөлөрү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз идеяларын беришти, зарыл маалыматтар, мисалы, статистикалык сандар берилип, компьютерде иштей алышты. Натыйжада ДТ инвестициялык долбоорлордун кыскача сүрөттөлүшүн даярдап, АӨ кызматкерлери менен биргеликте бул долбоорлордун бет ачарын уюштурушту. Бул болсо ДТ мүчөлөрүнө айыл өкмөттүн ишин ичинен түшүнүп, долбоорлордун планы менен терең таанышып, тигил же бул чөйрөдөгү адистерди тартууга мүмкүнчүлүк түздү.
 
Ошентип АӨ менен ДТнын тыгыз кызматташуусу калктын жогорку деңгээлде катышуусуна, долбоорлорду тандап алуу боюнча чогулушту өткөрүү процессинин өзүнө таасирин тийгизди. Бардык айылдардын өкүлдөрү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө таасирин тийгизген долбоорлор үчүн добуш бере алышты. БЁУ (ЖКУ) Чогулуштарды уюштурууда ЖӨБ органдары менен тыгыз кызматташкан бейөкмөт уюмдар да акыркы ролду ойногон жок. Мисалы, Гүлистан ААда “ЦПГО-Ноокат”, “Чернобыль” коомдук уюмдары, “Радуга” ыктыярчылар борбору ЖӨБ органдарына чоң жардам беришти. “Радуга” жаштардын ыктыярчылар борборун өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Борбордун мүчөлөрү – жаш ыктыярчылар маалыматтык иш-чараларды өткөрүүгө жигердүү катышты: чакырууларды таратып, жарыяларды илишип, чогулуштардын катышуучуларын каттоого жардам беришти. “ЦПГО Ноокат”, “Чернобыль” коомдук уюмдарынын 24 мүчөсү да четте карап турушкан
 
Гуляим ШАМШИДИНОВА,
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

 

Окшош материалы: