Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана КР мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга карата КР ЖӨБ Союзунун сунуштары

2018-02-12 / Көңүл чордонунда
Аймактарды башкарууда жергиликтүү  бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү  жана КР мыйзамдарына тиешелүү  өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга карата КР ЖӨБ Союзунун сунуштары

КР Президентинин 2018-жылдын 18-январындагы “Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө” Буйругу менен, Президенттин №3 Буйругу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрлер жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана эксперттер кирди. Ошондой эле Жумушчу топтун курамына КР ЖӨБ Союзунун директору Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ да кирди. Улуттук деңгээлде ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарынын мыйзамдуу өкүлү болуп саналган КР ЖӨБ Союзу Жумушчу топко жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын көз карашынан алып караганда Кыргыз Республикасындагы аймактардын өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө өз сунуштарын берди.

Мамлекеттик бийлик органдары менен ЖӨБдүн өз ара аракеттенүүсү алар башкаруунун башкы объекттерине карата бери дегенде өнөктөш катары тең дегенди билдирет. Бул өз ара аракеттенүү жалпы максатка жетүү үчүн жасалат. Максат – ар бир муниципалитеттеги жана жалпысынан региондогу калктын турмуш деңгээлин жана сапатын жогорулатуу. Жергиликтүү маанидеги маселелерди мамлекеттик кызыкчылыктардан бөлүп кароого болбойт, алар мамлекеттин таасирисиз калбайт жана калбашы да керек.
 
Буга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен байланышын жакшыртуу үчүн, бир жолку биргелешкен маселелерди чечүү үчүн биргелешкен убактылуу топторду жана комиссияларды түзүү сунушталат. Ал эми туруктуу байланышта болууну талап кылган маселелерди чечүү үчүн биргелешкен жыйындардын мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү сунушталат. Бул максаттарда Союз “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
 
Бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештердин биргелешкен отурумдар институтун сактап калууну, алардын функцияларын жана укуктарын кайра карап чыгууну караштырат. Мындан тышкары горизонталдык жана вертикалдык байланыштарды жакшыртуу өңдүү бардык муниципалдык түзүлүштөргө тиешелүү маселелер да бар. Бул жерде Союз биргелешкен ишти муниципалдык түзүлүштөрдүн ассоциациялары жана союздары аркылуу жүргүзүү дагы да жакшы жана эффективдүү болот деп эсептейт. Кыргыз Республикасында бардык муниципалитеттер КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна бириктирилген. Союздун мыйзамдар менен бекитилген укуктук шарттары жетиштүү.
 
Ошол эле маалда муниципалитеттерди коргоо жана улуттук деңгээлде алардын таламын талашуу үчүн Союздун укуктары жетишсиз болуп жатат. Мындан улам “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын ассоциациялары жана союздары жөнүндө” КР Мыйзамын иштеп чыгууну сунуштайбыз. Кыргыз Республикасынын Президенти ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шарипович өз сөзүндө козгогон маанилүү маселелердин бири – бул тармактык пландоону тартипке келтирүү.Ушул тапта министрликтер тармактык программаларды өз алдынча пландашат, өздөрү аткарышат жана аткарылышы тууралуу өздөрү отчет беришет. 
 
Башкача айтканда иш жүзүндө өздөрүнө өздөрү баа беришет. Жарандар жана ЖӨБ органдары баалоо жана баалоонун жыйынтыктары боюнча пландоо процессинен чыгарылган. Капиталдык салымдарды пландоо район деңгээлинде артыкчылыктуу керектөөлөрдү координациялабастан эле жүзөгө ажырылып келатат. Буга байланыштуу Союз “Пландоо жөнүндө” жаңы КР Мыйзамын иштеп чыгууну сунуштайт. Бул мыйзам өнүгүүнүн тармактык программаларын түзүп жатканда жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын эсепке алууну караштырмак. Программаларды даярдап жатканда маморгандар калктын пикирин эсепке ала тургандай укуктук ченемди иштеп чыгуу зарыл.
 
Ар бир аймактын деңгээлинде тармактык мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын баалоо системасын киргизүү керек. Капиталдык салымдарды пландап жатканда район деңгээлинде маморгандардын аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү болушу керек, артыкчылыктуу маселелер тууралуу маалымат алмашуу милдети акимдерге жүктөлүүгө тийиш. Мамлекеттик башкаруу башкаруучулук таасирди гана тийгизбестен, ошону менен бирге мамлекеттин жана анын субъекттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен кызматташуусун камсыз кылышы керек.
 
Бул болсо муниципалдык түзүлүштөрдүн максаттуу жана эффективдүү иштешин камсыздайт. Ошол эле маалда өз алдынча башкаруу өзү менен калбашы керек, ал жалпы бир түзүлүштүк органикалык бөлүгү катары каралууга тийиш. Мамлекеттик башкаруу системасында түз жана кайтарым байланыштардын опитмалдуу айкалышуусу чоң мааниге ээ. Өз ара мамилелерди үндөштүрүү максатында “Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” өзүнчө Мыйзамды иштеп чыгуу сунушталат.
 
Бул мыйзам калктын кызыкчылыгында мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн жалпы принциптерин белгилейт. Же болбосо Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР Кодексин иштеп чыгууну, ага жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү бардык маселелерди кошууну сунуштайбыз. Ошондой эле Союз маморгандардын, жергиликтүү органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга тиешелүү бир катар сунуштарды берди. Алар төмөнкүлөргө тиешелүү:
 
• мамлекеттик органдарды башкаруу боюнча учурдагы моделди тармактык принциби боюнча кайра карап чыгуу, аймактык-тармактык принциптин элементтерин колдонууга ырааттуу өтүү;
 
• министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерине тиешелүү кадрдык ыйгарым укуктарды берүү;
 
• мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттардын жер ресурстарын башкаруунун жана тескөөнүн рационалдуу системасын түзүү, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууну караштырат;
 
• жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү мүмкүн болушунча көбүрөөк эсепке алуу жана бийлик органдары менен калк ортосунда түз жана кайтарым байланышты бекемдөө;
 
• жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн бекем регламенттерин кошкондо, алардын ишин так жана ачык-айкын жүргүзүүнүн жолжоболору;
 
• региондорду өнүктүрүү долбоорлорун республикалык бюджеттен каржылоо жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө практикасын оптималдаштыруу жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү;
 
• жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү менен, жергиликтүү бюджеттердин булактарын көбөйтүү;
 
• жергиликтүү өнүгүүнү башкаруу процесстерин сапаттык жактан жакшыртууга багытталган мыйзам чыгаруучулук, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү чараларды көрүү, мында жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын эсепке алуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ролун, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүү.
Бул сунуштарды КР ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун мүчөлөрү 2018-жылдын 21-февралында өткөн отурумда талкуулап, жактырышты.

 

Окшош материалы: