Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды реформалоого карата Өнүктүрүү саясат институтунун сунуштары

2018-02-01 / Көңүл чордонунда
Аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү  мыйзамдарды реформалоого карата Өнүктүрүү  саясат институтунун сунуштары

Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарына бир нече маселелер боюнча консультациялык жана техникалык жардамдарды көрсөтүп келет: түрдүү багыттарда башкарууну жакшыртуу, анын ичинде муниципалдык финансыны (жергиликтүү бюджеттерди) жана муниципалдык менчикти (жерлерди жана курулмаларды) башкарууну жакшыртуу маселелеринде иш алып барат, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу аналитикалык иштерди жүргүзөт. 2011-жылдан тартып ушул кезге чейин Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырып келатат. Бул долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт. Аталган долбоор ЖӨБ органдарынын бюджеттик ачык-айкындуулугунун деңгээлин, ЖӨБ органдарынын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Өнүктүрүү саясат институту мамлекеттик да, жергиликтүү да стратегиялык документтерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштамаларды даярдоого активдүү катышып келатат. Өнүктүрүү саясат институту өз сунуштарын Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жана КР Президентинин 2018-жылдын 18-январындагы Тескемеси менен түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кароосуна жиберди. Бул сунуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууда топтолгон маселелерди чечүүгө багытталган. Ошондой эле негизги көйгөйлөрдү аныктап, ошол көйгөйлөрдү чечүү жолдорун “Таза Коом, Жаңы Доор” аттуу 2018 – 2040-жылдарга Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү стратегиясына киргизүү сунушу берилген.
 
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам (же Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекс) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө колдонуудагы Мыйзам жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн концептуалдык түрдө чагылдырбайт, өзүнө жүктөлгөн функцияларды натыйжалуу аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга саясий, финансылык жана административдик өз алдынчалуулукту бербейт, ЖӨБ органдары менен мамлекет ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдеринин сүрөттөлүшүн жана регламентациясын камтыбайт.
 
ЖӨБ органдарын түзүү тартибин өзгөртүү, алардын ыйгарым укуктарын күчөтүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди конкреттештирүү жана чечмелөө, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүү, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмесин тактоо, ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү мехаизмдерин так регламенттештирүү ж.б. учурдун талабы болуп турат.  Эскертүү: айрым багыттар 2018-2022-жылдар мезгилине ЖӨБдү өнүктүрүү Программасынын долбооруна кирген.
 
2. Пландоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү (иштелип жаткан мыйзамдардын сунушталган варианттары: регионалдык пландоо жөнүндө мыйзам, мейкиндикти пландоо жөнүндө мыйзам, стратегиялык пландоо жөнүндө мыйзам, социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоо жөнүндө мыйзам, аймактык башкаруу жөнүндө мыйзам жана социалдык экономикалык өнүгүүнү комплекстүү пландоо жөнүндө мыйзам). Пландоо системасында эки ажырым бар. Вертикалдык ажырым: ведомстволук өнүгүү программалары жер-жерлерде өз ара координацияланбайт, бул болсо райондор жана муниципалитеттер деңгээлинде айырманын пайда болуусуна алып келүүдө. Горизонталдык ажырым: ЖӨБдүн өнүгүү программалары мамлекеттик программалар менен эч байланышкан эмес. Геомаалыматтарга, социалдык-экономикалык маалыматтарга негизделген комплекстүү мейкиндикти пландоо жок. Социалдык-экономикалык пландан алып караганда да, мейкиндик жагынан караганда да пландоочу кесиби жок.
 
Мейкиндикти пландоо дегенде шаар куруу жана архитектура тууралуу эски көз караш басымдуулук кылат, мында социалдык жана экономикалык факторлор эсепке алынбайт, ошондой эле улуттук жана субулуттук деңгээлдерде стратегиялык максаттар эсепке алынбайт. Башкаруунун бардык деңгээлдерин байланыштырган пландоонун улуттук системасын түзүү өтө зарыл болуп турат. Ага мейкиндикти пландоо кошулушу керек. Социалдык-экономикалык пландоо мейкиндик, аймак менен байланышта болууга тийиш. Эскертүү: ЖӨБ, мамлекеттик райадминистрация жана министрликтер деңгээлинде байланыштырган пландоо модели жөнүндө иштелип чыккан сунуштар бар. КР Экономика министрлигинде аймактык башкаруу жана комплекстүү пландоо жөнүндө мыйзамдын концепциясы бар (Дүйнөлүк банктын колдоосу алдында даярдалган).
 
3. Улуттук байгерчилик фондун түзүү жөнүндө сунуштар (вариант катары: коомдун байгерчилик фон- ду жөнүндө мыйзам, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү). Жер казынасынан түшкөн киреше – бул улуттук байлык болуп саналган жаңыртылбаган булактардан бир жолку түшүүлөр. Мындан улам алар азыр жашап жаткандарга гана эмес, келечек муунга да таандык. Бүгүнкү күндө бул байлык натыйжасыз эле “жерге көмүлүүдө” Региондорду өнүктүрүү фонддору бөлгөн гранттар аркылуу техника сатып алынып, мааниси аз объекттер курулуп, оңдолуп келатат. Улуттук байлык чачыранды болуп, натыйжасыз жок кылынууда.
 
Улуттук байлыкты муундар ортосунда акыйкат бөлүштүрүп, болочоктогу муктаждыктарды жана өнүгүү максаттарын камсыз кылуу үчүн, ошондой эле калдык принциби боюнча каржыланган же такыр эле каржыланбаган тармактарга акча салуу үчүн жер казынасынан түшкөн кирешени пайдалануу системасын түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Бул кирешелердин бир бөлүгү инвестициялык капитал түрүндө сакталып, бул инвестициялардан түшкөн кирешеге улут үчүн маанилүү долбоорлор каржыланууга тийиш. Мисалы, илим, маданият, технологиялар, жарандык коом, мамлекеттик тил жана улуттун келечегин түптөгөн башка чөйрөлөр каржыланышы керек. Улуттук байгерчилик фондун түзүү боюнча иштелип чыккан концепция бар.
 
4. Администрациялык-аймактык реформаны ийгиликтүү өткөрүү  КР Өкмөтү 2012-жылдын 23-мартындагы №198 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын бир жаңсыл чечүү (ААР жөнүндө бекитилген Концепцияны жаңылоо/тактоо). “ААР жөнүндө” атайын КР Мыйзамын иштеп чыгып, кабыл алуу. Бул болсо мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБ органдарына белгиленген эрежелердин чегинде ААР боюнча тапшырмаларды аткарууга жол ачат, талап кылынган финансылык чыгымдар менен камсыз кылып, белгиленген мөөнөттө тараптарга ААР боюнча зарыл ишчараларды жасоого шарт түзөт.
 
ААР жөнүндө атайын мыйзамда реформанын максаттары жана милдеттери, тараптар, алардын укуктары жана жоопкерчилиги, ошондой эле тиешелүү мөөнөттөрдө ААРди жүргүзүү үчүн финансылык ресурстар аныкталууга тийиш. Башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка дагы да сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтө алышы үчүн администрация- лык аймактарды оптималдаштыруу ААРдин негизги максаты катары аныкталышы керек. ААРди жүргүзүү администрациялык аймактардын, региондордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аларга жүктөлгөн милдеттерди өз алдынча аткара алууга, эффективдүү башкаруу системасын курууга көмөк көрсөтүшү керек.
 
Мындай система жарандардын сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Мыйзам администрациялык реформаны жүргүзүүнүн критерийлерин деталдуу түрдө аныкташы керек. Бул реформа жаңы аймактарда калктын санын, анын экономикалык, жаратылыш жана башка ресурстарын теңдөөгө багытталышы керек (мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында калктын минималдуу санын 10000 жана андан жогору деп аныктап, анын экономикалык, табигый жана башка ресурстарын эсепке алып, ошондой эле айылдардын жана шаарлардын географиялык жактан орун алуусун, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуулугун эсепке алса болот).
 
Мыйзам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыктыярдуу биригүүгө мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Мында бул үчүн мөөнөт белгиленип, критерийлер аныкталат. Ошол эле маалда мыйзамда ЖӨБ органдары белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу бириге албаган учурда мажбурлоо жолу менен бириктирүү чаралары да каралууга тийиш. Мындай учурда “КРда администрациялыкаймактык түзүлүштөр жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү да талап кылынат – ага ылайык, ЖӨБОну мажбурлап бириктирүү боюнча Өкмөткө функциялар жана ыйгарым укуктар берилиши керек. Бул максаттарга бюджеттен жумшалчу чыгымдарды азайтуу үчүн ААР реформасын аймактарды башкаруу органдарына кийинки шайлоого чейин жыйынтыктаса болот. Мындан тышкары мыйзам муниципалитеттер- дин биригүүсүнүн натыйжасында ишсиз калган жана башка муниципалдык кызматчылар үчүн кепилдиктерди жана компенсациялык чараларды да караштырышы керек (айлык акыны көбөйтүү, иштен бошотулган штаттагы кызматкерлер үчүн жөлөкпул берүү ж.б.) Эскертүү: ААР жөнүндө Мыйзамды иштеп чыгып, КРда ААР Концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
 
5. ЖӨБ органдарынын ассоциациялары (союздары) аркылуу ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү ЖӨБ органдарынын ассоциацияларынын (союздарынын) статусун мыйзамдар менен бекемдөөгө зарылчылык бар. Бул үчүн атайын мыйзамды иштеп чыгууну сунуштайбыз. Горизонталдык жактан да (ЖӨБ – ЖӨБ), вертикалдык жактан да (ЖӨБ – мамлекет) ЖӨБ органдарынын өз ара байланышын жакшыртып, күчтөндүрүү ЖӨБ органдарынын ассоциациялары (союздары) жөнүндө мыйзамды кабыл алууга негиз болуп саналат. Мыйзам ЖӨБ органдарынын өз ара жана мамлекет менен байланыш түзүү механизмин институционалдаштыруу максатын көздөйт. Мыйзамдын милдеттери:
 
• жергиликтүү жамааттар менен мамлекет ортосунда байланыш каналдарын жана отчет-туулук механизмдерин институционалдаштыруу;
 
• борбор менен региондор ортосундагы өнүгүү кызыкчылыктарынын балансына жетүү максатында мамлекет менен ЖӨБ органдары ортосундагы сүйлөшүү процессин институционалдаштыруу;
 
• методологияларды, продукттарды жана мыкты практиканы киргизүү жана жайылтуу боюнча туруктуу механизмди түзүү;
 
• горизонталдык деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча туруктуу системаны түзүү.
 
Горизонталдык өз ара аракеттенүү зарылчылыгы ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүнөн улам пайда болду:
 
• жалпы көйгөйлөрдү чечүү жана муниципалдык башкаруунун сапатын жакшыртуу максатында маалымат, мыкты практика, башкаруунун продукттары жана усулдары менен алмашып турууга муктаждыктан улам;
 
• ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгын жакшыртуу муктаждыгынан улам;
 
• жарандык коом менен бизнестин кызматташуусун жакшыртуу муктаждыктан улам пайда болду.
 
ЖӨБ органдарынын КР Жогорку Кеңешин, КР Өкмөтүн, министрликтерди жана ведомстволорду кошкондо, түрдүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу системанын жоктугунан улам вертикалдык өз ара аракеттенүү зарылчылыгы пайда болду. Вертикалдык өз ара аракеттенүү төмөнкү максаттарга жетүү үчүн керек:
 
• маалыматты “төмөндөн жогору карай”, мисалы, жергиликтүү жамааттардан Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө берген туруктуу каналды түзүү үчүн;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле улуттук деңгээлде алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн;
 
• жалпысынан өлкөнүн жана өз-өзүнчө жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти, ыйгарым укуктарды жана ресурстарды бөлүштүрүү балансын орнотуу максатында башкаруунун улуттук жана жергиликтүү деңгээлдери ортосунда сүйлөшүү процессин түзүү үчүн;
 
• мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара отчеттуулугун күчөтүү үчүн керек.
 
Мындай өз ара аракеттенүүнүн жоктугу же жетишсиз болушу бир топ иштерди аксатып жатат. Мисалы, улуттук жана жергиликтүү өнүгүү программаларынын максаттарына жетүүгө, жарандык укуктарды ишке ашырууга, ЖӨБ органдарынын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө, өлкө жарандарын жеткиликтүү жана сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга бут тосуп келатат.
 
6. КР Бюджеттик кодекси, тармактык мыйзамдар Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты – жергиликтүү бюджеттерди өз убагында түзүү жана бекитүү үчүн ЖӨБ органдарынын бюджеттик календарына өз алдынча, республикалык бюджеттен көз карандысыз мүнөз берүү. Ошол эле маалда республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү системасын тиешелүү башкаруу органдарына жүктөлгөн функцияларга ылайык өзгөртүү зарыл. Жергиликтүү бюджеттин кирешелер булагын кайра карап чыгуу боюнча мындай чара 2016-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында Бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясында (БМӨК) каралган, бирок иш жүзүнө ашкан эмес.
 
КР Бюджеттик кодексине жана түрдүү тармактык мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Иштелип чыккан мыйзам долбоору бар (2017-жылдын 14-апрелинде № 6-8483/17 каттоодон өткөн). Жергиликтүү бюджеттин киреше курамынан сатуудан түшкөн салыкты чыгарып салуу жана киреше салыгы жана салык боюнча кирешени 100% жергиликтүү бюджетке өткөрүп берүү бөлүгүндө бул мыйзам долбоорун толуктоо зарыл.
 
7. Кыргыз Республикасында жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана аткаруу процесстерин автоматташтыруу стратегиясы Жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана аткаруу процесстерин маалыматташтыруу жана автоматташтыруу бюджет аралык мамилелердин ачыайкындуулугуна таасирин тийгизген маанилүү тапшырма болуп саналат. Бүгүнкү күндө автоматташтыруу боюнча тапшырмалар КР Өкмөтүнүн түрдүү документтеринде ар башкача белгиленген:
 
• жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган базасын иштеп чыгуу (КРда мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017 2025-жылдарга карата Стратегиясынын (МФБӨС) 1.3.6-п.);
 
• жергиликтүү бюджеттерди пландоо процессин автоматташтыруу (МФБӨС, 1.3.8-п.):
 
• отчеттуулук жана документ жүргүзүүнүн электрондук системасын киргизүү (БМӨКтү ишке ашыруу боюнча Пландын 1.3-п.). Автоматташтыруу стратегиясы комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, 2016-2019-жылдарга карата Кыргыз Республкиасында бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясы менен макулдашылууга тийиш. Эскертүү: Автоматташтыруу Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу талап кылынат.
 
8. Теңдештирүүчү гранттар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү: теңдештирүүчү гранттарды эсептөөнүн жаңы методикасын иштеп чыгуу зарыл; “2018-жылга ресупбликалык бюджет жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Концептуалдык жактан алганда: теңдештирүү системасынын максаты аныкталган эмес: минимум боюнча, орточо жагынан алганда, өнүктүрүү максатында чабал аймактарга дем берүү. Техникалык жактан алганда бир топ маселелер бар, алар төмөнкүлөр. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы №321 Токтому менен бекитилген Теңдештирүүчү гранттарды эсептөөнүн методикасы татаал, ачык-айкын эмес, бул болсо теңдештирүүчү гранттардын суммасын эсептегенде бурмалоолорго мүмкүнчүлүк берет.
 
Ошондой эле ал ЖӨБ органдарын жергиликтүү бюджеттерди толуктоого шыктандырбайт. Орто мөөнөттүү перспективада жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин адилеттүү, түшүнүктүү жана эффективдүү теңдештирүүнү камсыз кылган методика кабыл алынууга тийиш. Кыска мөөнөттүү мезгилде теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүү бөлүгүндө ЖӨБ органдарынын деңгээлинде бюджеттик процесстердин өнүгүүсүнө бут тосуп келаткан факторлорду жок кылуу үчүн үч айдын ичинде “2018-жылга республикалык бюджет жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.
 
Бул өзгөртүүлөр төмөнкүгө байланыштуу болушу керек: мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чегинде салыктардын төрт түрү (жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патент, милдеттүү патент) боюнча ставкаларды жана коэффициенттерди көтөрүү же салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча ЖӨБ органынын демилгесинин эсебинен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүшү. Бул үч жылдын ичинде теңдештирүүчү гранттардын көлөмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт. Эскертүү: маселе КР Өкмөтү бекиткен бюджет аралык мамилелердин реформалоо Концепциясына (мындан ары – БАМР Концепциясы) кирген. Бирок концепция ишке ашырылбай келет.
 
9. Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн регламентин иштеп чыгуу Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн регламентин иштеп чыгып, кабыл алуу керек. Бул болсо ЖӨБ органдарынын деңгээлинде бюджеттик процесстерде мамлекеттик органдардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү үчүн; жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана аткаруу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын так регламентациялоо үчүн зарыл. Мындай чара БАМР Концепциясында каралган, бирок ишке ашырылган эмес. 
 
10. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо методикасы Ушул тапта берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн трансферттерди эсептөөнүн Убактылуу методикасы иштеп жатат. Аны өркүндөтүү каражаттарды бөлүүдө тең салмактуулукту камсыз кылат. Эгерде ачык-айкын формула болбосо, анда каражат Финансы министрлигинин жооптуу адамдарынын чечимине жараша субъективдүү бөлүнүп калат. Мындан улам кабыл алынганчечимдерде коррупциялык аракеттер күчөйт. Методиканы иштеп чыгуу зарылчылыгы КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 22-декабрындагы №696 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата Стратегиясында (МФБӨС) да көрсөтүлгөн.
 
11. Республикалык бюджеттен жергиликтү бюджеттерге берилген каражаттар аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоонун тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтому Бул тапшырма БАМР Концепциясында да коюлган (БАМР Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын 2.4-пункту). Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилген каражаттарды каржылоонун азыркы системасына анализ жана мониторинг жүргүзүү зарыл. Сунуштарды даярдаганда эл аралык тажрыйбаны эсепке алуу менен каржылоонун жаңы ыкмаларына негизделиш керек.
 
12. Жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугун жогорулаткан жана жарандарга бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн берген методикалар Жергиликтүү жамааттардын ресурстарын башкаруу жана тескөөнүн рационалдуу системасын түзүү тапшырмасы жергиликтүү бюджеттин кирешесинин өсүшү менен катар, бир эле маалда коомдук мониторинг жана контролду жогорулатууну, буга ылайык жергиликтүү бюджетти башкарууда жарандардын ролун жогорулатууну да караштырат. Жарандардын маалымат алууга жана бюджеттик процесске катышууга укуктары жөнүндө конституциялык талаптарды ишке ашыруу үчүн (КР Конституциясынын 52-беренеси) жарандардын бюджеттик процесске катышуусу үчүн укуктук базаны түзүү зарыл.
 
Бул ченемдик-укуктук актылар жеринде калктын башкаруу органдарына болгон ишениминин өсүшүнө жана бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун эффективдүүлүгун жогорулатууга көмөктөшөт. Жарандар үчүн түшүнүктүү болгон бюджетти түзүүнү камсыз кылган КРнын жергиликтүү бюджеттери боюнча Жарандык бюджетти түзүү методикасы КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №166 Буйругу менен бекитилген. Коомдук угууларды өткөрүү методикасынын долбоору иштелип чыккан (Финансы министринин Буйругу менен бекитүү үчүн). Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин баалоо методикасынын долбоорун Финансы министрлиги КР Өкмөтүнүн кароосуна жиберген.
 
Бул методикалар туруктуу, ачык-айкын бюджетик системаны жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусу үчүн шарттарды түзүү максатында КР Өкмөтүнүн токтомдору менен кабыл алынган. Ушул тапта Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин баалоо методикасынын Долбоору КР Өкмөтүнүн кароосуна берилди. Жарандык бюджетти түзүү методикасын бекитүү үчүн укуктук негиз бар (КР Бюджеттик кодексинин 126-беренеси). Коомдук угууларды өткөрүү методикасын КР Өкмөтү бекитип бериши үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар Жогорку Кеңешке жиберишкен жана учурда КР Өкмөтүндө экспертизадан өтүүдө (катталган № 6-8483/17, 14.04.2017).
 
13. ЖЁБ органдарынын ишин автоматташтыруу ЖӨБ органдарынын (ЖӨБдүн аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдары) ишин автоматташтыруу: ЖӨБ органдарынын иши өтө чоң көлөмдөгү маалыматтарды берүүгө, ошол эле учурда бул маалыматтарды суроо-талапка жараша жогору турган мамлекеттик органдарга берүүгө байланышкан. ЖӨБО аппаратын башкаруу бүгүнкү күндө анын жетекчилери үчүн өтө оор тапшырма болууда.
 
ЖӨБО аппаратынын ишинин ири бөлүгү башкаруунун бюрократиялык системасына байланган, кадрлардын бир орунда токтобой жатышы да ишке кедергесин тийгизип жатат. ЖӨБ органдарын сапаттуу интернет байланышы менен камсыз кылып, алардын ишин автоматташтыруу жогоруда аталган тапшырмаларды комплекстүү чечүүгө жол ачат, иш процессин жана маалыматтарды эсепке алууну жүргүзүү ишин жеңилдетет. ЖӨБОнун дайындар базасын башкарууга жана эсепке алууга байланышкан негизги ишин толугу менен автоматташтырса болот.
 
Бул болсо бирдиктүү маалыматтык системаны уюштурууну камсыз кылат. Мунун натыйжасында ЖӨБ органдарынын аппаратынын ишиндеги бизнес-процессти натыйжалуу башкарууга жетекчилик жол ачат. Бүгүнкү күндө ЖӨБО аппаратында муниципалдык мүлктү башкаруу (жерди, объекттерди ижарага берүү же ажыратуу), социалдык коргоо, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жыйноо, эсепке алуу боюнча маселелерди башкаруу, документтерди жүргүзүүнү жана архивдештирүүнү башкаруу, муниципалдык кызматчылардын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү кошкондо кадр маселелери, жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ЖӨБОнун ишинде айкындуулукту камсыздоо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча отчет тапшыруу ушул жана башка көптөгөн башкарууга байланышкан процесстер колго жасалып, кызматчылардын иш убактысынын олуттуу бөлүгүн алып жатат. Бул иштерди автоматташтырса, алар бир кыйла натыйжалуу жана эффективдүү жасалып, төмөнкүлөрдү кепилдейт:
 
• башкарууга байланышкан чечимдердин эффективдүүлүгү артат;
 
• иш убактысы үнөмдөлөт;
 
• ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара байланыш оптималдуу болот (маалымат жыйноо жана чогултууда, электрондук отчетту берүүдө ж.б.);
 
• иш процессинин ачык-айкындуулугу камсыздалат;
 
• кызматчылардын иши натыйжалуу болот;
 
• эффективдүүлүктүн өзөктүк көрсөткүчтөрүнүн негизинде аппараттын жана кызматчылардын ишине мониторинг жүргүзүү системасы түзүлөт.
 
Өз кезегинде электрондук документ жүргүзүү системасын киргизүү менен ЖӨБ органдары иш өндүрүшүн автоматташтыруу, документтерди даярдоо жана архивдештирүү боюнча тапшырмаларды гана аткарбастан, ошол эле маалда жарандарга жана башка кызыкдар адамдарга электрондук түрдө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (анын ичинде берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр) боюнча эффективдүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Документ жүгүртүү ишин автоматташтыруу төмөнкүлөр боюнча тапшырмаларды аткарууга жол берет:
 
• жарандарга жана бизнеске берилген муниципалдык (анын ичинде мамлекеттик) кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү;
 
• документ жүгүртүүнүн бардык катышуучулары ортосундагы жемиштүү кызматташуу;
 
• аткаруучулук дисциплинага көзөмөлдү күчөтүү;
 
• кирген-чыккан каттарды натыйжалуу эсепке алууну уюштуруу, документтерди кароо жана аткаруу жол-жоболорун автоматташтыруу;
 
• жарандардын кайрылуулары менен ачыкайкын ишти уюштуруу, алынган суроо-талап боюнча жооп кайтаруу мөөнөттөрүн андан ары көзөмөлдөп туруу;
 
• жарандардын жана башка кызыкдар жактардын документтерге жана маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
 
• кызматчылардын ченемдик укуктук актылардын электрондук базасына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ж.б. Эскертүү: финансылык камсыздоосу менен кошо тиешелүү ЧУАны кабыл алуу талап кылынат.

 

Окшош материалы: