Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер тургундар менен байланыш түзүү үчүн жаңы технологияларды киргизүүдө

2018-03-03 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Муниципалитеттер тургундар менен байланыш түзүү үчүн жаңы технологияларды киргизүүдө

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору тарабынан даярдалды Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Макаланын мазмуну үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Кириш сөз

Аймактарды башкаруу калктын бардык топторунун муктаждыктарын эсепке алуу дегенди билдирет. Бул топко аялдар, жаштар жана азчылыктардын өкүлдөрү кирет. Калкты өз убагында маалымдоо, активдүү ишке тартуу жана кайтарым байланыш түзүү айыл өкмөтүнө жалпы калктын кызыкчылыгы үчүн пайдалуу чечимдерди кабыл алууга жардам берет. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун изилдөөсү боюнча, пилоттук айыл өкмөттөрдө респонденттердин 61% аймактагы окуялар тууралуу жаңылыкты айыл өкмөттөгү маалымат такталары аркылуу алышат. Демек тургундар аймагында болуп жаткан бардык өзгөрүүлөрдү билиши үчүн айыл өкмөтүнө көп катташы керек. Айрым айылдык аймактар, мисалы, Жалал-Абад облусундагы Курманбек айылдык аймагы сегиз айылдан туруп, эң четтегиси район борборунан 40 км аралыкта орун алган. Мындай шарттарда тургундар өтө эле олуттуу себеп болбосо айыл өкмөтүнө такыр барышпайт. Бул болсо алардын маалымат алуу жана өз аймагынын турмушуна жигердүү тартылуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүндө да ушул өңдүү көйгөй бар. Бардык эле айыл өкмөттөрүндөй, Теплоключенка калкты маалымат такталары аркылуу кабардар кылуу практикасын колдонот. Айылдык аймакта 13 349 киши жашайт жана өзүнө эки калктуу конушту камтыйт – Теплоключенка жана Лесное. Бул болсо өз ишмердиги тууралуу маалыматты өз убагында жайылтып, кайтарым байланыш алуу ишин татаалдаштырды. Айыл өкмөтү калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуунун үстүнөн жигердүү иштеп жатат. Мисалы, 2017- жылы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында бодо малды купкага салуу боюнча артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү башталган. Ошондой эле айыл өкмөтү бюджетти пландоо жана башка маанилүү маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүп турат. Айыл өкмөттүн кызматкерлери өздөрү белгилегендей, адатта алардын ишин калк байкабай калат. Мунун натыйжасында аларга карата кандайдыр бир ишенбестик жаралууда. USAIDдин долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн Теплоключенка айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жарандардын канааттануу деңгээли жана эффективдүүлүгү боюнча ишти баалоонун жыйынтыктары муну тастыктап турат. 1-сүрөттө көрүнүп тургандай, айыл өкмөтү эффективдүүлүк боюнча оң жыйынтыктарды көрсөткөн. Бирок жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына канааттануусу боюнча көрсөткүчтөр төмөн.

Калк менен айыл өкмөтүнүн ортосунда туруктуу байланыштын жоктугу органдын өзүнүн иш эффективдүүлүгүнүн начарлашына алып барат. Себеби кабары жок калк жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине ойдогудай тартыла албай калат. Натыйжада Теплоключенка айыл өкмөтү калк менен байланыш түзүү боюнча эффективдүү механизмди киргизүү зарыл деген тыянакка келди.

WhatsApp аркылуу кайтарым байланыш түзүүнүн мобилдик механизми

Жарандар өздөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ишин кандай кабыл алганы менен практикада ЖӨБ органдары жасаган иштин ортосундагы ажырымды кыскартуу – USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун негизги максаттарынын бири. Теплоключенка айыл өкмөтү болсо маалымдуулукту жана калктын алардын ишине болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга умтулат. Ошондуктан айыл өкмөтү менен Долбоордун максаты бири-бирине төп келди. 2017-жылдын сентябрь айында долбоор кайтарым байланыштын инновациялык механизмин жайылта баштады. Бул үчүн WhatsApp тиркемеси аркылуу текст, графика, аудио жана видео билдирүүлөрдү ыкчам таратууга киришти.

WhatsApp – жеңил, жеткиликтүү жана Кыргызстан калкы арасында колдонууга оңой болгон мобилдик тиркеме. Кыргыз Республикасында медиа сабаттуулуктун деңгээлин изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча шаар калкынын 79,8% жана элеттиктердин 63,1% WhatsApp колдонот.  Ошондуктан мындай механизм элеттиктер менен байланышты жөнгө салууга көмөктөшө алат. Коммуникациянын заманбап технологияларын жайылтуу аркылуу жарандар өз убагында, айыл өкмөтүнө барууга убакыт жана акча коротпостон эле төмөнкүлөрдү биле алышат:

• жаңылыктарды жана айыл өкмөтүнүн алдыда болчу иш-чаралары тууралуу биле алышат;

• айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине суроо узата алышат;

• онлайн сурамжылоого катышып, айыл өкмөтүнүн иши боюнча өз пикирин билдиришет;

• онлайн сурамжылоо аркылуу жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлгөн кызматтын сапатын баалай алышат;

• жергиликтүү кызмат көрсөтүүдө кандайдыр бир кемчиликтер болсо, аудио, видео же сүрөт жибере алышат.

Ошентип, бул механизм менен калк бир нече мүмкүнчүлүккө ээ болот: айыл өкмөттүн ишинин ачык-айкындуулугуна көз салып турат, маалымат алып турат жана айыл өкмөтү өз милдеттемелерин кантип аткарып жатканына коомдук көзөмөлдү орнотот.

Кыргызстан калкынын арасында кеңири жайылганы, жеткиликтүү болгону жана тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү WhatsApp тиркемесинин уникалдуулугун түзөт.

Айыл өкмөтү үчүн кайтарым байланыш механизмин киргизүү төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

• алдыда болчу коомдук угуулар жана башка чогулуштар тууралуу жарандарга өз убагында кабар берүүгө;

• жергиликтүү деңгээлдеги салык ставкаларына жана жөлөкпулдардын башка түрлөрүнө тиешелүү өзгөрүүлөр тууралуу жарандарды кабардар кылууга;

• чукул окуялар жана аларга реакция жасоо усулдары тууралуу ошол замат кабарлоого;

• кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу калк арасында сурамжылоо жүргүзүүгө;

• кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу тууралуу калктын пикирин жана сунуштарын чогултууга. Ошентип, механизм жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аймактын жашоочулары ортосундагы өз ара байланыштын эффективдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Механизмдин иштеши

Ар бир тургун механизмди колдонуу үчүн мобилдик телефонуна WhatsApp тиркемесин орнотуп алышы керек. Андан кийин айыл өкмөттүн телефон номерин сактап, бул номерге WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөтөт. Мисалы, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жашоочулары “Аймак” деген код сөздү жазып, фамилиясын жана атын кошуп билдирүү жибериши керек. Айыл өкмөттүн адиси бул жашоочунун аты-жөнүн телефондогу даректер журналына кошуп коет. Ошондой эле бул билдирүүдө айыл өкмөтүнө кайрылуунун себебин да көрсөтсө болот.

WhatsApp аркылуу алынган бардык суроолор, ой-пикирлер жана сунуштамалар:

1) айыл өкмөттүн даттануулар жана сунуштар китебине киргизилиши керек;

2) айыл өкмөттүн адистери дыкаат текшерип чыгышы керек;

3) ар бир кайрылууну жекече карап чыгууга тийиш;

4) айыл өкмөтү ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чечимдерди сунуштайт.

Бул маанилүү: суроолорго жооптор жана сунуштар жеке мүнөздө, суроо-талап жиберген жашоочу менен жекече жазышууда берилиши керек.

Кайтарым байланышты түзүү боюнча мобилдик механизмди жайылтуунун этаптары

Теплоключенка айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, кайтарым байланыш механизми ийгиликтүү болушу үчүн бир нече маанилүү этаптарды басып өтүш керек.

Регламент шарттарды аныктайт, аларды аткарганда WhatsApp жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүү боюнча кайтарым байланышты алуунун кошумча булагы болуп таанылат. 

Даярдык көрүү

Адегенде айыл өкмөтү аймактын чегинде механизмдин иш-аракетинин регламентин бекитүү, механизмди ишке берүүнүн себептери жана максаттары жөнүндө токтомду даярдайт. Регламент субъекттерди, алардын укуктары менен милдеттерин, кайрылууларды алуу жана берүү ыкмалары, айыл өкмөтү тарабынан жооп кайтаруунун мөөнөттөрү жана тартиби, WhatsApp аркылуу кайтарым байланыш түзүү боюнча мобилдик механизмди ишке берүүнүн тартибин сүрөттөйт. Бекитилген регламентке ылайык, айыл өкмөтү механизмди ишке берүү жана аны иштетүү боюнча демилгелүү топ түзөт. Демилгелүү топко бардык кызыкдар адамдар кире алышат. Мисалы, жамааттын жигердүү мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү.

Киргизүү

Кайтарым байланыш механизмин ишке берүү техникалык базаны даярдоодон башталат. Бул үчүн мобилдик номер жана WhatsApp тиркемесин орнотууга мүмкүнчүлүк берген телефон болушу керек. Ошондой эле маалыматты жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн компьютер болууга тийиш.

Андан кийин демилгелүү топ айыл өкмөтү менен биргеликте тургундар үчүн механизмди колдонуу тууралуу эскерткичти иштеп чыгат. Анда айыл өкмөтүнө WhatsApp аркылуу кайрылуу боюнча колдонмо жана айыл өкмөтү тарабынан арызды кароо тартиби көрсөтүлөт. Бул эскерткич жашоочулар арасында коммуникациянын бар болгон каналдары аркылуу таратылат же айыл өкмөтүнүн жашоочусу WhatsApp аркылуу биринчи жолу кайрылганда берилет.

Иш аракеттер

WhatsApp тиркемесин коммуникация үчүн каражат катары колдонуу тууралуу сөз болгондо көптөр бир нече катышуучу менен бир топ чатты элестетишет. Адатта мындай чатта колдонуучулар бири-бири менен ар кандай маалыматтарды бөлүшүп турат. Бул жерде айрым бир коркунучтар бар. Себеби топтун ар бир катышуучусу кандай мүнөздөгү билдирүүнү жиберип жатканын көзөмөлдөө кыйын.

Мындай тобокелдиктерди болтурбоо жана Теплоключенка айыл өкмөтүнүн ар бир тургунуна жекече мамиле жасоо үчүн WhatsApp аркылуу калкты маалымдоо үчүн жөнөтмөлөрдүн тизмеси колдонулат. Жаңы жашоочудан суроо-талап түшкөндө механизмдин иштеши үчүн жооптуу адис байланыш маалыматтарын телефондун дарек китебине сактайт, андан соң аны тизмеге кошот. Бул тизмеге кирген ар бир жашоочу айыл өкмөттөн жеке билдирүү алат жана ушул эле жол менен алынган маалыматка жооп кайтара алат. Ошентип айыл өкмөтү ишенимсиз маалыматтын жайылуусун болтурбайт.

Жөнөтмөлөрдүн тизмесинин жардамы менен айыл өкмөтү кулактандырууларды, кабарламаларды жана өз ишин баалоо үчүн онлайн сурамжылоого шилтемелерди жибере алат. Онлайн сурамжылоо Surveymonkey.com өңдүү акысыз онлайн ресурстарда даярдалат. Бул онлайн ресурс айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына калктын ишеними жана канааттануусу тууралуу суроолорду компьютерде даярдоого жол берет. WhatsApp тиркемесинин дагы бир өзгөчөлүгү – web.whatsapp. com сайты аркылуу компьютерден эле тиркемеге кошулса болот. WhatsApp тиркемесинин мындай версиясынын жардамы менен компьютерден эле анкетаны жиберип койсо болот.

Компьютер үчүн WhatsApp – бул web.whatsapp.com сайты аркылуу компьютерден телефонго бардык билдирүүлөрдү синхронизациялап, чагылдырууга жол ачкан тейлеме.

Ийгиликтин факторлору

Кайтарым байланыш механизмин жайылтуунун жана иштетүүнүн ийгилиги бир нече факторлордон көз каранды болот:

• айыл өкмөтүндө механизмди жайылтып, бул багытта иштей ала турган адис болуш керек;

• интернетке кошулган компьютер жана мобилдик телефон болуш керек;

• механизм ишке берилгени тууралуу калк арасында маалыматты этап-этабы менен жайылтуу үчүн маалымат өнөктүгү өткөрүлүүгө тийиш.

Механизм эффективдүү иштеп, пайда алып келиши үчүн айыл өкмөтү жогоруда аталган ресурстарды берүүгө даяр болушу керек.

Ошондой эле айыл өкмөтү көбүрөөк жашоочулар механизмге кошула алышы үчүн коммуникациянын бар болгон каналдарын колдонуу менен калк арасында тааныштыруу иштерин жүргүзүшү керек. Бул тааныштыруу өнөктүгү этап-этабы менен жүрүүгө тийиш. Ошондо гана айыл өкмөтү жашоочулардын суроо-талаптарын иш режиминде даректей алат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен Теплоключенка айыл өкмөтү өз аймагында ушундай маалымат өнөктүгүн өткөрдү. Механизм иштей баштаганы тууралуу калкты маалымдоо үчүн баннерлер даярдалып, коомдук жерлерге илинди, стикерлер жабыштырылып, айыл өкмөтүнүн WhatsApp тиркемесиндеги номери жөнүндө билдирүү жазылган калемдер, бул механизмди колдонууга нускамалар таратылды. “Теплоключенка айыл өкмөтү дайыма байланышта!” деген атайын ураан даярдалып, бардык промо-материалдарга кошулду. Бул материалдар калктын басымдуу бөлүгүн тартуу үчүн кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды. Бул өнөктүктүн натыйжасында айыл өкмөтүнүн байланыштар тизмесине суроо-талаптар көбөйдү.

2017-жылдын ноябрь айынан тартып Теплоключенка айыл өкмөтүнүн демилгелүү тобу WhatsApp аркылуу кайтарым байланыш түзүү боюнча мобилдик механизмди жайылта баштады. Кыска мезгил аралыгында кайтарым байланыш механизмине 364 адам кошулду. Орточо эсеп менен аптасына 3-5 суроо-талап түшөт. Алар негизинен жер участогун алууга, балдардын жөлөкпулу тууралуу, суунун жоктугуна жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү. Айыл өкмөтү жашоочулардын кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли тууралуу калк арасында сыноо түрүндө эки сурамжылоо жүргүзүп, ага 25 адам катышты.

Теплоключенка айыл өкмөтүнүн тажрыйбасын өлкө боюнча таратуу

Теплоключенка айыл өкмөтүнүн коммуникациянын заманбап технологияларын киргизүүдөгү ийгилиги бардык муниципалитеттер үчүн үлгү боло алат. Теплоключенканын ийгиликтүү тажрыйбасын жайылтуу максатында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы пилоттук муниципалитеттер үчүн маалымат берүү сапарларын уюштурду.

Окутуучу семинарлар Теплоключенка айыл өкмөтүнүн өзүндө башталды. Бул семинарга Ысык-Көл облусундагы 11 пилоттук айыл өкмөттүн өкүлдөрү, тургундар, ЖӨБЭММАнын, КР ЖӨБ Союзунун жана USAIDдин өкүлдөрү катышты. Иш-чарага USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кимберли РОЗЕН катышты. Кимберли айым команданын ынтымагы жана өз ишинде инновациялык ыкмаларды киргизүү зарыл болгонуна ишеними абдан маанилүү болгонун белгиледи. Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Талант КОБОНБАЕВ кайтарым байланыш механизми ачык жана айкын мамлекетке жетүү боюнча Өкмөттүн “Таза коом” программасынын максаттарын жана иш-чараларын толуктай турганын айтты. Иш-чаранын катышуучуларынын бири, айылдык кеңештин депутаты Сергей МИЩЕНКО аймактын өнүгүүсүндө айыл өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбооруна ыраазычылыгын билдирип. “Бул механизм аймактын жашоочуларына көйгөйлөр тууралуу айыл өкмөтүнө кабар берип, суроо узатып, кызыктырган маалыматты сурап алууга шарт түзөт. Бул жаңы мүмкүнчүлүк аймактын өнүгүүсү үчүн жаңы жолдорду ачат”, - деди депутат.

Ушундай эле семинарлар долбоордун калган пилоттук муниципалитеттеринде да өттү. Кайтарым байланыш механизминин иши үчүн жооптуу Жаркын АМАНТУРОВА Теплоключенка айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы тууралуу 31 муниципалитеттин башчыларына, жооптуу катчыларына жана адистерине, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, журналисттерге жана аймактардын жигердүү жашоочуларына айтып берди. Бул жолугушууларга КР ЖӨБЭММАнын жана КР ЖӨБ Союзунун регионалдык өкүлдөрү катышты. Катышуучуларга механизмди ийгиликтүү ишке берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана бул үчүн зарыл болгон ресурстар кызыктуу болду. Көп суроолор механизмдин иш регламентине жана жашоочулардын суроо-талаптарына өз убагында реакция жасоо ыкмаларына тиешелүү болду. Көрсө, айрым айыл өкмөттөрү жарандардын кайсы бир топтору менен маалымат алмашуу үчүн WhatsApp тиркемесин жарым-жартылай колдонуп жатышкан экен. Мисалы, Жалал-Абад облусундагы Ленин айыл өкмөтү аймактын кварталчылары менен чат ачыптыр. Айыл өкмөт башчысы ТОКТОМУНОВ Бактыбек белгилегендей, айыл өкмөтү WhatsApp тиркемесин колдо- нууну системага салып, кеңейтиши керек жана Теплоключенканын тажрыйбасы буга көмөкчү болот. 2018-жылдан тартып долбоордун пилоттук айыл өкмөттөрү WhatsApp тиркемесин колдонуу менен кайтарым байланыш механизмин жайылта башташат.

Муниципалитеттер коммуникациянын салттуу болуп калган каналдарын колдонууда өздөрүн чектебеши керек. Учурда байланыш түзүү үчүн көптөгөн жеткиликтүү каражаттар бар. Айыл өкмөтү жашоочулар менен байланыш түзүү үчүн аз акча жумшап, коммуникациянын ушундай заманбап каналдарын колдоно алышат. WhatsApp өңдүү байланыш каражаттары аркылуу туруктуу кабардар кылуу жашоочулардын өз аймагынын жашоосуна тартылуу деңгээлин жогорулатат. Жарандардан кайтарым байланыш алуу менен, айыл өкмөтү өз ишин алардын муктаждыктарына жана күтүүлөрүнө жараша ыңгайлаштыра алышат. Бул болсо дагы да эффективдүү кызмат көрсөтүп, жарандардын айыл өкмөтүнө болгон ишенимин арттырат. Жарандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ортосундагы ишенимдүү мамиле ачык-айкындуулукту камсыз кылат. Ал эми тургундар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катыша алышат. Бул болсо региондордун динамикалуу өнүгүүсүнө сөзсүз көмөктөшөт.

Окшош материалы: