Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдагы мыкты көчөлөр ЖӨБдүн сыйлык алышат

2017-10-22 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Айылдагы мыкты көчөлөр ЖӨБдүн сыйлык алышат

2017-жыл Маданият жана ыйман жылы деп жарыяланды. Буга байланыштуу Ак-Муз айылдык аймагынын жашоочулары аймактын мыкты көчөсүн аныктоо үчүн конкурс өткөрүүнү чечишти. Жергиликтүү жамааттын жетекчилиги атайын буйрук чыгарып, байге фондун тузүү үчүн 300 000 сом бөлүп берүү менен элеттиктердин демилгесин колдоого алды.

Жеңүүчү бир нече критерий менен аныкталды Биринчиден, массалык иш-чараларды, анын ичинде “Ыр кесе” конкурсундагы активдүүлүгү боюнча тандалды. Программаны түзүп жатканда даярдалган улуттук тамак-аштын сапатына жана тышкы көрүнүшүнө, конкурстун катышуучуларынын улуттук каада-салттарды карманганына, белгилүү авторлордун музыкалык чыгармаларын да, фольклорду да аткаруусуна, “Манас” айтууга, улуттук жана дүйнө элдеринин бийин аткарууга, кийимдердин көргөзмөсүнө жана алар менен тааныштырууга, юморго жана сатирага, сахнанын кызыктуу кооздолушуна жана башкаларга көңүл бурулду. Башкача айтканда, жогорку жоопкерчилик, сахна маданияты жана актердук чеберчилик менен кошо көчө жамааттардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн мүмкүн болушунча мыкты көрсөтө алуусуна көңүл бурулду. Экинчиден, көчөлөрдүн тазалыгы жана көрктөндүрүлүшү эске алынды – бул демек жашылдандыруу жана тазалоо, арыктарды жыйноо, арыктардан суу берүү боюнча ишембиликтер өткөрүлүш керек болчу. Дагы бир милдеттүү пункт – көчөнүн тургундары канчалык өз убагында төлөмдөрдү чегерип тураары текшерилди. Анын ичинде жайыттарды колдонуу, электр жарыгы жана ичүүчү суу үчүн төлөмдөр,салыктык жыйымдардын жана жергиликтүү төлөмдөрдүн бардык түрлөрү төлөнүп-төлөнбөгөнү текшерилди. Акыр соңунда көчө тургундары мал жаюу, коруктарды сактоо өңдүү айылдын ички эрежелерин канчалык сактай турганына баа берилди. Конкурсту жыл ичинде өткөрүү пландалган. Ар бир көчөдөн бирден өкүл көрсөтүлүп, алардан конкурстук комиссия түзүлдү. Бул комиссия белгиленген критерийлер боюнча көчөлөрдүн абалы менен таанышып чыкты. Конкурстун жыйынтыгы жыл соңунда жарыяланат. Жеңүүчүлөр үч байгелүү орун боюнча аныкталат. Утуп алынган каражат ошол көчөнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат: ички жолдорго шагыл төгүлөт, көчөлөрдө түнкүсүн жарык берилет, таштанды челектери орнотулат, трансформаторлордун иши оңолот, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт ж.б. Каражаттын максаттуу колдонулушуна атайын комиссия, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөттүн жетекчилиги көз салып турат. Жеңиш маанилүү болгону менен, бул конкурстун негизги максаты эмес. Мындай жергиликтүү демилгенин негизги максаты – калктын маданий убакыт өткөрүүсүн уюштуруу, элдик таланттарды издөө, аларга сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берүү, жаштар арасындат аракечтикти, баңгиликти жана зордук-зомбулукту алдын алуу, кошуналар арасында ынтыкматы жана тынчтыкты бекемдөө, айылдын өзгөчө курч көйгөйлөрүн аныктап, аларды чечүү жолдорун издөө, төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өз убагында төлөөнүн эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. Бул максаттарга жетүүдө түрдүү көчөлөрдүн жашоочулары ортосунда конкурстун шарттары менен камсыздалган атаандаштык да бир топ ролду ойнойт. Конкурстук тапшырмаларды аткаруу процессинде Ак-Муз айылынын батыш бөлүгүндө, айыл чарба максатында колдонууга жараксыз деп таанылган алты гектар жердин аймагында сейил бакотургузушту. Аны тосмолоого жергиликтүү бюджеттен талдын 6100 түбү, 4900 терек, 2100 мажрүм тал, 126 карагай, 28 түп ийне жалбырактуу, 2200__ өрүк, 300 даана жида, 206 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Жаратылышты коргоо боюнча Ысык-Көл-Нарын фондуна жалпы суммасы 950 000 сом болгон гранттык долбоор жаздык. Натыйжада буга чейин эч нерсе өспөйт деп эсептелип келген таштак жер көрктөндүрүлүп, бу болсо аймактын экологиялык абалын жакшыртты. Келечекте бул жерде элеттиктердин үй-бүлөлүк эс алуусу үчүн кооз сейил бак пайда болот деп ишенебиз. Мындан тышкары Боогачы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси менен айылдын батыш бөлүгүндө орун алган борбордук көчөдө түнкүсүн жарык берип турган 18 чырак орнотулду. Бул болсо жергиликтүү жашоочулардын, коноктордун жана экскурсияга келген туристтердин коопсуздугун бир кыйла арттырды.

Ак-Муз айылынан 80 км аралыкта жайгашкан Жылаңач жайлоосунда суу кирип, кыяны жууп кетти. Ошондуктан жергиликтүү малчылар малды Арчалуу дарыясынан өткөрүп жаткан учурда кыйналып жаткан эле. Айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин, айылдык кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү жашоочулардын биргелешкен демилгеси боюнча бул жерге темирден көпүрө курушуп,кыяны бекемдөө боюнча жумуштар жасалды. Натыйжада жайыттардын инфраструктурасы оңолуп, малды коопсуз айдап келүү үчүн шарттар түзүлдү. Эгерде биз байге фондун жеңип алсак, анда бул жергиликтүү демилгени жана аймактагы көйгөйлөрдү жоюу боюнча жамааттын жаңы идеяларын ишке ашырууну уланта беребиз.

ДОСОЕВА Айзат,

айыл өкмөттүн статист, адиси

Окшош материалы: