Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айшанын өз бала бакчасы бар

2017-10-21 / Көңүл чордонунда
Айшанын өз бала бакчасы бар

Юрьевка айылдык аймагы Ысык-Ата райнунун жогорку зонасында орун алган. Калкынын курамы көп улуттардан турат. Бул жерде кыргыздар, орустар, немистер, күрддөр, Тажикстандан келген этникалык кыргыздар, Баткен облусунан көчүп келгендер жашайт. Айылда албетте балдар көп, бирок мектепке чейинки билим берүү мекемеси жок. Буга чейин жергиликтүү аткаминерлер мурдагы бала бакчанын муниципалдык имаратын оңдоого аракет жасап келишкен.

Бирок аракеттен майнап чыккан эмес – акча да, бала бакча да болгон жок. Эки жыл мурда биздин үй-бүлөдө Айша аттуу кыз төрөлүп, бала бакча тууралуу маселе ошол заматта пайда болду. Анткени Юрьевкада бала бакча жок эле. Үй-бүлөбүз менен кеңешип, Айша чоңойгончо бул маселени өз күчүбүз менен чечели деген бир пикирге келдик. Бул демилгенин пайдалуу жактарын эске алдык: бала бакчаны ачып берүүнү көптөн бери биздин айылдын тургундары суранып келатышат. Атүгүл бала бакча кошуна айылдарда – Санташта, Аксайда, Кызыл-Арыкта, Жетигенде, Тельманда, Рот Фронтто да жок эле. Бала бакчага бериле турган имарат жана анын ыңгайлуу жерде орун алышы маанилүү болду. Маселенин финансылык жагын карай турган болсок, мен ишкер болгондуктан бул кеп эмес эле. Анын үстүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилиги да көйгөйдү чечүүгө кызыкдарлыгын билдиргени үмүт берип турду. Алдын ала эсептөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин мен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчиси Бек Русланович ЖЕКШЕМБАЕВге бизнес долбоорум тууралуу айтып берип, имаратты көрсөтүп, оюн аянтчасы жана сейилдөөчү зона үчүн имаратка чектеш жер участогун бөлүп берүү тууралуу маселени жергиликтүү кеңештин депутаттарынын талкуусуна алып чыгууну өтүндүм. Б.Р. ЖЕКШЕНБАЕВ кунт коюп угуп чыккан соң демилгени колдоого алып, эрте жазда курулуш-ремонт иштерин баштадык. Бардык санитардык-техникалык эрежелер сакталып, “экологиялык таза материал” деген белгиси бар курулуш материалдары гана сатып алынып, жаңы жылытуучу система жана электр линиясы өткөрүлүп, имараттын чатыры толугу менен жабылып, терезелер жана жыгачтан каалгалар орнотулуп, желдеткич киргизилип, суу менен жабдуу системасы жаңыланып, балдар үчүн даараткана курулуп, жуунучу, кол жуучу жайлар орнотулду. Райондук инстанциялар биздин демилгеге түшүнүү менен мамиле жасашты: кеп кеңештерин берип, пайда болгон маселелерди чечүүгө көмөктөшүштү.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ысык-Ата райондук башкармалыгынын жетекчисине жана Ысык-Ата райсанэпидемстанциясынын директоруна моралдык колдоосу жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Юрьевка айылдык кеңешинин депутаттары оюн аянтчасын курууга жер участогун бөлүп берүү тууралуу арызымды карап чыгышып, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 15 жылдык мөөнөткө алгылыктуу акыга жерди ижарага беришти. Бирок баары эле ойдогудай боло берген жок. Башкы прокуратурага жана УКМКга жер мыйзамсыз бөлүндү деп билдирген депутат да чыкты. Бул органдардын бардык текшерүүлөрүн татыктуу кабыл алып, ишибизди коргоп берген айыл өкмөтүнүн башчысына ыраазычылыгымды билдирем. Курулуш-ремонт иштерин жыйынтыктагандан кийин мен Бишкек шаарынан эмерек фирмасынын дизайнерин чакырып, биргелешкен аракеттер менен ашкана, оюн залы, окуу классы, уктоочу бөлмө жана кийим которуу жайы үчүн жабдууларды жана эмеректерди дыкат иштеп чыктык. Мында бардык нерсе эске алынды: материалдар, коопсуздук, боёктор, түстөр, эстетикалык көрүнүшү, баасы. Бөлүнүп берилген жер участогу өтө начар абалда болчу. Биз аны ойдогудай абалга келтирүү үчүн бир топ аракет жумшадык. Бул жерде ушул тапта балдар үчүн чатырча, чакан үйлөр, селкинчектер, кумжайы, тартынгычтар орнотулган. 3,5 миллион сом көлөмүндө өзүбүздүн финансы каражаттарыбыз жетпей калгандыктан Ишкерчиликти өнүктүрүү фондуна кайрылып, 1 млн. Сом көлөмүндө насыя бөлүп берүүнү өтүндүм. Фонддун директору МАКЕШЕВ менин арызым менен кунт коюп таанышып чыгып, бул сумманы бөлүп берди жана менин мисалымда “Мен Кыргызстанга инвестициялайм” деп аталган теледолбоор үчүн видеоматериал тартылды. Бизнес долбоорду ишке ашыра баштагандан тартып, аны жыйынтыктаганга чейинки ишибиз толугу менен тартылды. Бул тасма бир нече телеканалдан көрсөтүлгөндөн кийин тажрыйба менен таанышып, аны өздөштүрүү үчүн мага башка райондордон ишкерлер келе башташты. Биздин бала бакчанын эшиги бардык балдарга ачык. Кошуна айылдардан балдарын алып келгендер да бар. Бизде ата-энеси Орусияда же Түркияда иштеген балдар бар. Үй-бүлөлүк абалынын начардыгынан ата-энеси иштегенге тоскоол болбосун деп кичинекей бөлмөдө камалып келген бала да бар. Жер участогун оюн аянтчасына берүүгө каршы чыккан адамдардын балдары жана неберелери да келип турат. Бирок мен үчүн эң негизгиси – эми кызым Айшанын өзүнүн бала бакчасы бар.

Жакында эле Забид аттуу баланын чоң энеси төрткө чыгып калган небереси сүйлөй баштаганын угуп кубанганынан көзүнө жаш алды. Орусияда иштеп келген дагы бир эне баласын көргөнү келип, мындан ары Темирланы үчүн санаасы тынчып калганын айтты. Байге фондунун акчасын биз эмнеге сарптайбыз? Жообу өтө жөнөкөй. Кыш тушүп калды. Он тонна көмүр сатып алып, 25 сотик участокту тосмолоп, жашылдандырабыз – карагай, кайың, туя, кырчын өңдүү бак-дарактарды отургузабыз.

БЕКБОЕВА Гүлсайра,

бала бакчанын директору

Окшош материалы: