Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Катышуу кандай учурда эксплуатациялоого айланат же Ашар менен кантип күрөшөбүз?

2017-05-12 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Катышуу кандай учурда эксплуатациялоого айланат же Ашар менен кантип күрөшөбүз?

“М” журналы жергиликтүү демилге, кайсы бир маселени чечүү үчүн жарандардын өздөрүн өзү уюштура калуу мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү тууралуу жазганда көп учурда суроо жаралат: жергиликтүү, жарандык демилге канчалык даражада орундуу жана пайдалуу? Башкаруу органдарынын жоопкерчилиги менен бийликтин милдеттенмелерин жарандарга оодарып коюу аракети ортосунда чек кайдан бүтөт?Ашар – талкууга жем таштаган темалардын бири. Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ашар усулун кеңири пайдаланууга каршы чыгып келет. Институт ашар – бул бөөдө кырсык болгондо жана өзгөчө кырдаал жаралганда өтө керектүү элдик салт деп эсептейт. Бирок ашарды өнүгүүнү туруктуу башкарууда колдонууга болбойт. Биздин тынчсыздануубузду жана жүйөлөрүбүздү турмуш да тастыктап жатат. Тынчтыкты бекемдөө үчүн инновациялар боюнча Булан институту (www.bulaninstitute. org) 2017-жылы даярдаган “Кыргызстандагы курулуш жана мектептердин коопсуздугу: авариялык мектептер жана балдар” Баяндамасы биздин кооптонуубуз жүйөлүү болгонун ырастоодо. Назарыңыздарга мектептерди ашар жолу менен курууга жана анын кесепеттерине арналган бул баяндамадан үзүндүлөрдү сунуштайбыз. Ашар жолу менен курулган мектептер урай баштаганы тууралуу берүүлөр ушунчалык оор таасир калтыргандыктан мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ашар практикасын уланта берүү бери дегенде натыйжасыз жана келечексиз экенин, ал эми айрым учурларда атүгүл кылмыштуу болгонун укпай да, көрбөй да коюушу мүмкүн эмес. Мектептердин курулушунда ашарды колдонууга такыр эле тыюу салууну сунуштаган Булан институтунун адистери да мына ушундай тыянакка келишти: “Баштапкы жана орто мектептерди ашар жолу менен (ыктыярдуу жамааттын курулуш жана ыктыярдуу кайрымдуулук) курууга мамлекеттик деңгээлде тыюу салынышы керек. Мектептер социалдык объект катары мамлекеттин, жергиликтүү бийликтин (Бишкек жана Ош шаарлары) көзөмөлү алдында курулушу керек”. Биз болгону мектептерден тышкары башка дагы объекттер ашар менен курулуп, көп өтпөй талкаланууга дуушар болбошу керектигин кошумчалагыбыз келет. Ушинтип адамдардын эмгегин жана энтузиазмын натыйжасыз жана кээде кооптуу колдонуунун аягы көңүл калуу менен аяктап, кесепеттери оор болушу ыктымал. Адамдардын бири бирине жардам берүүсүнүн жакшы салты катары ашарды четке какканыбыз жок. Бирок ашарды бийликтин өз мойнундагы жоопкерчиликти жарандардын капчыгына оодарып коюу ыкмасына айландырбашыбыз керек.

Булан институтунун изилдөөсү республика боюнча ашар жолу менен курулган мектептер абдан көп болгонун аныктады. Элеттиктердин күчү менен ылай, саман жана топурак аралаш тургузулган мектептер курулуш талаптарына жооп бербейт жана көп өтпөй талкаланып жатат. Алар табият кырсыктарына туруштук бере албай, дубалдардан жаракалар кетип, ал эми төшөлмөлөр чирий баштады. Мисалы, Чоң-Алай районунун Жекенди айылдык аймагында жакында эле болгон (3-майда) жер титирөөдөн кийин үч мектептин окуучуларына чатырларды тигип беришти. Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы мектептердин эскилиги жеткен жана алардын айрымдары курулуш-техникалык талаптарды сактабастан ашар жолу менен курулган. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги 8-майда тараткан пресс-релизинде айтылат. (Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын 8-майдагы пресс-релизи.) 
Адамдарды соңку чараларды колдонууга – мектептерди ашар жолу менен курууга мамлекеттин кайдыгер мамилеси түртүп жатканын мойнубузга алышыбыз керек. Булан институту мектептерди жана башка социалдык объекттерди ашар жолу менен курууга мамлекеттик деңгээлде тыюу салыныш керек деп эсептейт. Жети-Өгүз райондук билим берүү башкармалыгын 18 жыл бою жетектеп келген Мурат Жетимишбаев Союз маалында Ысык-Көл облусунда ашар жолу менен бир да мектеп курулбаганын, бирок мындай ыкма түштүк аймактарда колдонулган болушу мүмкүндүгүн айтат.
“Акаевдин 15 жылдык башкаруусу маалында мектептерди ашар жолу менен куруу ыкмасы модага айланып кеткен. Мамлекет да ушундай жол менен мектеп курган акимдерди колдоп турган. Себе-би бюджетте акча тартыш болуп, бул аргасыз чара катары каралган! Атүгүл мындай жергиликтүү бийлик башчылары мактоого арзып, акимдерге сыйлык да тапшырып келишкен! Бирок мектептерди ашар жолу менен куруу – бул жапайычылык. Бизде да аким Бектуров Боз Бешик жана Чоң-Кызыл-Суу айылдарында эки мектепти курган. Бирок төрт жылга жетпей алар талкаланган. Мектептер талкаланды, ал эми ошол эле жылдары Чолпон-Ата шаарында курулган анын пансионаты сопсонун эле абалда турат! Бул коррупция болбогондо анда эмне!”. (Мурат Жетимишбаевдин Булан Институтуна курган маеги, 2017-жылдын 6-июну.)
Мамлекет өз жарандарын акысыз орто билим берүү менен камсыздоого милдеттүү болгону Баш мыйзамда – Конституцияда белгиленген. Бул демек, мамлекет мектептердин курулушу боюнча милдеттенмени өзүнө алып, карапайым тургундардын күчү менен топурактан сокмо мектептерди тургузууга тыюу салыш керек дегенди билдирет. Эгерде мамлекет бардык курулуш эрежелерин сактап, атайын долбоор боюнча кирпичтен типтүү мектептерди курганда мындай мектептер көп жылдарга ишенимдүү туруп бермек.
Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкулов ашар жолу менен чукул арада курулган социалдык объекттер тууралуу Ак үйгө отчет берүү модага айланганын белгилейт. “Мамлекет имараттардын коопсуздугу жана курулушу үчүн өзүнө жоопкерчилик алышы керек. Мектеп мугалимдери жана директорлору билим берүүнүн сапаты жөнүндө гана ойлонушу абзел. Бирок бүгүнкү күндө андай болгон жери жок. Эгемендик алгандан кийин аймактарда акимдер отчет берип,сыйлык алуу үчүн ашар жолу менен кура башташкан. Бирок бийик тоолуу райондордо ашар жолу менен курулган мектептер жүктү көтөрө албай, тез эле жараксыз абалга келүүдө. Айрым айылдар чакан болуп, мамлекет 100-150 окуучу үчүн мектеп курбаганы ашар жолу менен курулушка ыктоонун дагы бир себеби десек болот.
Ошондуктан жергиликтүү тургундар акимдер менен макулдашып, мектептерди ашар жолу менен курушууда”. (Гүлжигит Соронкуловдун Булан институтуна 2017-жылдын
15-июнунда курган маеги.)
Өзгөн районунун Бостон айылындагы мектеп 2011-жылы ашар жолу менен курулган. Үч жыл мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты жараксыз деп тааныганы менен, ал жерде окуу процесси улана берген. Жарым-жартылай талкаланган дубалдар тирөөч менен кармалып турат, чатырынан суу агат, төшөлмөлөрдө адам буту батчудай чоң-чоң тешиктер пайда болгон – мектептин чыныгы көрүнүшү дал ушундай. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун айтымында, Бостон айылындагы мектептин курулушу тууралуу маселе парламентте да көтөрүлгөн. “Биз бул мектепте көчмө жыйын учурунда болгонбуз. Өкмөт имаратты алып, 2015- жылы мектеп курулушу башталган. Бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн курулуш иштери токтоп калган. Балдар элеттик клубда билим алууга мажбур. 2017-жылы да бул мектеп үчүн бюджетте каражат каралган эмес”, - деп өкүнүчүн билдирди депутат.
Ашар жолу менен курулган дагы бир мектеп Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан. Ал эми курулушу төрт жыл мурда эле башталган жаңы мектеп кодонууга бериле элек. 2013-жылыфундамент куюлду, 2014-жылы биринчи кабатын тургузушту, андан кийин жылы экинчи кабаты курулуп, өткөн жылы чатыры жабылды. Мына ошондон бери курулуш иштери улана элек. Окуучулар эски, 1958-жылы ашар жолу менен курулган мектепте билим алышууда. Мектеп директору Венера Эпееванын айтымында, дубалдарда 5 10 сантиметрлик тешиктерди көрүүгө болот, чатыры такыр жараксыз абалга келди жана жамгыр жааганда, класстардын ичине суу толуп калат.
Лейлек районунун Маргун айылдык аймагынын Чурбек айылындагы М.Юлдашев атындагы мектеп да авариялык абалда турат. Ал дагы 1957-жылы ылай жана самандан ашар жолу менен курулган. Дубалдардын бир капталы урап калган. Атүгүл кийинчерээк – 1980-1986-жылдары ушундай эле жол менен курулган китепкана, ашкана, устакана жана кароолчунун бөлмөсү да жараксыз абалга келген. Маргун айылдык аймагы райондогу эң алыс жайгашкан жана бюджети аз айыл өкмөтү болуп эсептелет.
Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын жашоочулары 2007-жылы ашар жолу менен мектеп тургузушкан. Эки жылга жетпей ал жараксыз абалга келген. Себеби курулуш эрежелери сакталбастан саман менен ылайдан эле тургузулган болчу.Курама уулу Турусбек атындагы №12 башталгыч мектептин корпусу авариялык абалда турат. Бирок буга карабастан 1-4-класстардын окуучулары 1970-жылы курулган мындай кооптуу имаратта окуусун уланта беришкен. Кышында кенже класстын балдары негизги корпуска көчүп барышкан. Ошондон бери жогорку класстын балдары менен чогуу окуп, тар жана ыңгайсыз шарттарга чыдоого мажбур.
2000-жылы Жети-Өгүз районундагы Кабак айылында эки кабаттуу мектеп ашар жолу менен курулган. Мектептин негизги бөлүгүн 1946-жылы курулган Маданият үйүнүн имараты түзөт. Жергиликтүү тургундар 2000-жылы ашар жолу менен имараттын эки жагына 8 бөлмөнү улап куруп коюшкан. Бирок бул имарат айылдагы 336 окуучуну батыра албайт. Балдар үч нөөмөттө билим алышууда, мектеп имараты болсо авариялык абалда турат.
Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы мектеп 1998-жылы ашар жолу менен курулган. Курулуш стандарттары сакталбагандыктан төшөлмөлөр көгөрүп, шыбагы түшүп калган. Бакай-Ата районундагы Кашка-Жол орто мектеби да ушул жол менен 1998-жылы курулуп, абалы кудум ушундай. Райондогу Үрмарал айылындагы мектепте да ушундай эле көрүнүш. (Талас обладминистрациясы Булан институтуна берген расмий маалыматтан алынды) Талас облусунун Манас районундагы Манас айылында 2001-жылы орто мектептин имаратына кошумча кабинеттерди кошуп коюшкан. Бөлмөлөр өтө тар, мектепте спортзал, китепкана, ашкана жок. Пайдубалы таштан тургузулгандыктан ал чөгө баштады, ал эми дубалдарынан жарака кетүүдө. Манас районунун Май айылында совет мезгилинде мектептин биринчи имараты тамекиөстүргөндөр үчүн курулган. Экинчи корпустун курулушу 1987-жылы ашар жолу менен курула баштаган. Бирок каражаттын жоктугунан туура 15 жыл эч козголбой туруп, 2003-жылы гана колдонууга берилген. Курулуш эрежелери туура эмес жүргүзүлгөндүктөн жыгач конструкциялар бузулуп, дубалдарда жаракалар пайда болду.
Дээрлик бир кылым мурда ашар жолу менен курулган дагы бир мектеп бар. Чүй облусунун Москва районунун Кепер-Арык айылындагы К.Артыкбаев атындагы мектеп алыскы 1928-жылы эле тургузулган. Ал маалда айыл Бүдөн-Уй деп аталчу. Айыл тургундары мектепти курууга киришип, өгүздөргө чегилген чаналар менен жарлардан оор таштарды ташып келишкен. Мектеп директору Кенжегүл Мурзалиеванын айтымында, ашар жолу менен курулган бул мектеп биринчи жолу эшигин балдарга 1930-жылы ачкан. “Бул мектеп райондо жалгыз болгондуктан алыскы айылдардан балдар билим эңсеп келишчү. Ал учурда балдар 7-класска чейин окушчу. 1940-жылы толук кандуу орто мектеп деген статус алса, 1966-жылы кошумча имарат уланган. 2009-жылы К.Артыкбаевдин ысымы ыйгарылып, имарат толугу менен ремонттолгон”. (Кепер-Арыктагы К.Артыкбаев атындагы мектеп 1928-жылы ашар жолу менен курулган http://www.turmush.kg/news:322865/?from=kg_turmush&place=newstoplastarea) 
Ушул тапта Керме-Тоо айылдык аймагындагы А.Бекенов атындагы мектеп авариялык абалда турат. 1987-жылы ашар жолу менен курулган мектеп жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келген. “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имарат авариялык абалда болгону тууралуу корутундусуна карабастан башка имараттын жоктугунан улам 500 окуучу тобокелдикке салып билим алууда”. (Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин Булан институтуна 2017-жылдын 20-майында курган маегинен үзүндү.) Баса, 2015-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темирбек Сариев Араванга иш сапары маалында бул мектепте болуп, аны 2016-жылдын бюджетиндеги капиталдык курулушка кирген объекттердин тизмесине кошууга убада берген. Бирок курулуш иштери башталган эмес.
Ноокат районундагы Борко айылында 1972- жылы ашар жолу менен мектеп курулуп, ал 192 окуучуга эсептелинген. Учурда ал жерде үч нөөмөттө 576 бала билим алат. Бул болсо санитардык нормаларды сактабагандык болуп эсептелет.
Ушул кезге чейин бул мектептин маселеси чечиле элек. Ушундай эле көрүнүш Ноокат районунун Үчбай айылын-дагы мектепте да байкалат. 1975-жылы ашар жолу менен 150 орундуу убактылуу мектепти курушкан. 2000-жылдары мектепке улай 8 бөлмөдөн турган кошумча имаратты курушкан. Азыр ал жерде 411 окуучу билим алат. “Мектептин пайдубалы таштан тургузулган жана 2009-жылы комиссия иликтеп чыгып, мектеп имараты катуу жер титирөөгө туруштук бере албастыгын, себеби дубалдары пайдубалга кошулбаганын, бул болсо талаптарга жооп бербей турганын айтып, корутунду чыгарып беришкен”. (Жогорку Кеңештин депутаты Токторовдун Булан институтуна 2017-жылдын 22-майында курган маегинен үзүндү.) 
Жергиликтүү тургундар зарыл каражатты топтоп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда жана окуу процессин улантууга жарабайт деп тааныган имараттарды ашар жолу менен оңдоп чыккан учурлар да болот. Мисалы, Сузак районунун Кокон-Багыш айылындагы Турат Арзыкулов атындагы №52 мектепти беш жыл мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колдонууга болбойт деп тааныган корутунду чыгарган. Бирок жергиликтүү тургундар балдарын кошуна мектепке жиберүүдөн баш тартышкан. Алар 100 миң сом чогултуп, мектепти оңдоп, эми балдар ошол эски мектепте эле билим алуусун улантууда.
Совет маалында ашар жолу менен мектеп куруу өтө сейрек кездешчү көрүнүш болчу. “Ал маалда мектептин курулушуна карата мамлекеттик стандарттар жана мамлекеттик план деген бар болчу, деп эскерет Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Чолпон Тиленбаев. – Мен совет маалында көп жыл иштедим, ал эми эгемендик алгандан кийин Нарын облустук билим берүү башкармалыгын жетектеп калгам. Совет маалында ашар жолу менен мектеп курууга өзгөчө учурда гана уруксат берилчү. Анткени мамлекеттик комиссия мектепти кабыл алуудан баш тартып коюшу мүмкүн эле. Бул ошол маалда мүмкүн эмес болчу. Курулуш иштери Москвада бекитилген жалпы долбоорго ылайык жүргүзүлчү. Бир нече долбоорлор боюнча типтүү мектептер болгон. Алардын жалпы наркы 50-60 миллионго жетчү. Баары беки-тилген чыгашалар сметасын сактачу. Бул суммага парталар, такталар жана болгон материалдык-техникалык база кирчү”, - деп айтты ал.
Мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев да Булан институту менен ой бөлүштү. “Өз убагында ашар түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу болгон. Бирок бүгүнкү күндө мындай ыкма менен куруу туура эмес болот. Мектептер заманбап талаптарга ылайык тургузулушу керек. Ашар – бул өзүн актабай калган ыкма. Азыр мезгил башка, шашылыш курбаш керек. Менимче, өкмөт бул маселени чечүүгө батыл киришкендей. Жаңы мектептер пайда болуп, бул багытта иш жанданганы кубандырат”.
Эгемендик алгандан кийин оор экономикалык кырдаал өкүм сүрүп турган маалда мамлекет ашар жолу менен мектептерди куруу боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоп берүүгө мажбур болгон. “Мамлекеттин айласы түгөнсө анан эмне кылмак эле? Айыл өкмөтү менен акимдерди колдоого мажбур эле. Атүгүл элди чогултуп, демилге көтөрүп, аракечтиктен алагды кылып, мектепти ашар жолу менен курганы үчүн айрымдарына сыйлык да тапшырылбадыбы, - дейт Чолпон Тиленбаев. – Албетте архитектура жана мамлекеттик көзөмөл органдары айыл өкмөттөрүнө уруксат берген эмес. Кийин алар акимдерге жардам сурап кайрылып жүрүштү. Мына ушинтип мектептер эрежелерди сактабастан курулуп келди”. 
 
Чолпон ОРОЗОБЕКОВА, Булан институтунун директору: “Биздин институт өз изилдөөсүн дал ушул авариялык абалдагы мектептер жана жаңы мектептердин курулуш ыргагы боюнча жарыялады. Себеби бул маселе өтө курч турат жана мектеп имараттарынын сапатын жакшыртуу үчүн чукул чаралар талап кылынат. ЮНИСЕФ өз изилдөөсүн 2013-жылы жарыялап, анда да эксперттер мектептердин 80% структуралык жактан коопсуз эмес деген тыянакка келишкен. Баяндамада биздин институт мектептерди ашар жолу менен курууга мамлекеттик деңгээлде тыюу салуу керек деген корутунду чыгарды. Эгемендиктин алгачкы жылдары мамлекетибизде жаңы мектептердин курулушуна каражат болбогондуктан мындай жагдай жергиликтүү бийликтерди тургундар менен биргеликте ашар жолу менен курулуштарды баштоого түрткөн. Албетте мындай шарттарда курулуш нормалары тууралуу кеп да болгон эмес. Бул мектептер 5-10 жылдан кийин эле жараксыз абалга келген. Мындан ары да ушундай ыкмаларга тыюу салыш керек.Социалдык объекттер катары мектептер мамлекеттин демилгеси жана көзөмөлү алдында гана курулушу керек. Акыркы жылдары Кыргызстандын өкмөтү мектептердин курулушуна чоң көңүл буруп жатат. Мисалы, өткөн жылы рекорддук 77 мектеп курулган. Менимче, Жерүй кенин иштетүүгө лицензияны сатуудан түшкөн 100 миллион долларды мектептердин курулушуна багыттоо өтө туура чечим болгон.
Бул каражаттардын эсебинен 54 мектеп тургузулган. Кыргызстанда мектептердин жарымы 1980-жылга чейин эле курулганына көңүл буруу зарыл. Мисалы, 32 мектеп өткөн кылымдын 30-40-жылдары курулган, башкача айтканда бул имараттар урай баштады. Бул чөйрөгө инвестициялар зарыл, мектептердин курулушуна чет өлкөлүк донорлорду жана жергиликтүү бай адамдарды тартыш керек. Аларды салык жеңилдиктери өңдүү түрдүү стимулдар менен кызыктыруу абзел. Мындан тышкары эгемендикке жаңы жеткен жылдары ашар жолу менен көптөгөн мектептер курулган. Ары-бери тургузула калган бул имараттар эмитеден эле жараксыз абалга келүүдө. Мындай “кол өнөрчүлүгүнө” чекит коюу керек. Дагы бир мисал келтире турган болсом, Ошто Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин атындагы окуу жайы да урай баштады. Бирок кошуна мамлекет анын курулушуна 80 миллион сом бөлгөн да, кесипкөй курулушчулар да иштегендей болгон. Жакында эле Сауд Аравия Кыргызстанга мектептердин курулушу үчүн 32 миллион доллар берүүнү чечти. Биз туура тыянактарды жасап, бул акчаны үнөмдүү сарптап, сапаттуу мектептерди тургузушубуз керек”.

 

Окшош материалы: