Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдар аянтчасынын артобъекттери тарбиялоонун усулу катары

2016-11-02 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Балдар аянтчасынын артобъекттери тарбиялоонун усулу катары

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылдык аймагынын курамына кирген Бирдик айылындагы бала бакчада бир толук күн тарбияланган топ жана толук эмес күн болгон эки топ бар. Бакчадагы балдардын жалпы саны 70ке жетет. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде за- манбап талаптарга жооп берген оюндар үчүн аянтчанын жоктугу эзелтеден бери чечилбей келаткан чоң көйгөй болчу. Бул жерде селкинчектер менен отургучтардан башка балдардын таза абада интеллектуалдык, эстетикалык, дене бой өнүгүүсү үчүн көмөктөшчү эч нерсе болгон эмес.

Бул көйгөй башка көптөгөн мектепке чейинки мекемелерде да бар жана буга каражаттын жетишсиздиги, демилгенин жоктугу, кызматкерлердин өз кесибине карата кайдыгер мамиле себеп болууда.Узактан бери бул факторлор Бирдик айылынын жашоочуларынын демилге көтөрүп чыгуусуна бут тосуп келген. Акыры лидерлер да табылды. Алар бала бакчанын жана “Виктория” коомдук уюмунун жетекчилери жана кызматкерлери болду. Алар биринчиден, бул көйгөйдү артыкчылыктуу маселелердин ичинен иргеп алышты. Экинчиден, массалык маалымат каражаттарына жарыялаган макалалардын жана видеотасмалардын жардамы менен бул көйгөй канчалык маанилүү болгонуна элеттиктердин назарын бурушту. Алар аянтчаны абаттоо боюнча чыгармачыл идеяларга конкурс жарыялап, жаккан долбоорду тандап алып, ишке ашыра турган команданы түптөштү. Конкурсту уюштуруу этабында эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүштү. ЖӨБ органдары башында эле идеялар менен тааныштыруу ишчарасына жана жеңүүчүлөрдү аныктоого кошулган.

Долбоор “Биз жомокту чындыкка айландыруу үчүн жаралганбыз” деп аталып, аны ишке ашырууга бала бакчага барган наристелердин дээрлик бардыгынын ата-энеси тартылды. Алардын ичинен 25 адам тандалып алынып, беш командага бөлүнүштү. Таймаш формасы жөн жеринен тандалып алынган жок. Анткени дал ошол форма, тажрыйба көрсөткөндөй, чыгармачыл энергияны активдештирип, мыкты жыйынтыктарга жеткиретТапшырма баары үчүн бир болчу – бала бакчада эстетикалык, тарбиялык, өнүктүрчү критерийлерге жооп берген, колдо богон материалдардан бир нече көңүл ачуучу объектти түзүү. Конкурстанттар үчүн 5 миң сом көлөмүндө байге фонду, интернет добуш берүү аркылуу жыйынтык чыгаруу жана бүтүндөй процессти ММКда чагылдыруу бир топ күчтүү мотивация болду. Конкурс 2016-жылдын 15-майынан 1-июнуна чейин өттү. Натыйжада бала бакчада оригиналдуу, атүгүл, айрым бир маанисинде экзотикалык да объ- екттер пайда болду. Мисалы, “Токтогул” командасы төрт арт-объектти даярдады.

Алардын ичинен А.С.Пушкиндин “Падыша Салтан тууралуу” жомогунун негизинде жасалган “Ак куу – каныша” композициясын эң көлөмдүү жана көңүлдү бурган объект деп атаса болот. Ак куунун өзүн командадагы аталар автомашинанын шинасынан кесип, ак сыр менен боёшкон. Жанында тактайдан жасалган секиче-сахна орнотушту. Ал жерден жомокту сахналаштырса болот. Бул жумуштарга кеткен чыгымды бир жарым миң сом деп баалашканы менен, анын балдар үчүн мааниси баа жеткис болуп калды. Аянтчадагы дагы бир маанилүү объект – үч дөңгөлөктүү велосипед, аны аталар тактайдан, үч шинадан жана чыныгы рулдан жасашкан. Тактайды болсо ачык түскө боёп коюшкан. Бул курулма балдарда техникалык ой жүгүртүүнү, техникага болгон кызыгууну калыптандырат. Буга көбүнчө кыздарды отургузуп алып, шамал менен жарыша велосипед тепкиси келген эркек балдар кызыгууда. Велосипед менен оюн процессинде жамаат менен бир болуу, командада иштөө жөндөмдүүлүгү калыптанып, Корней ЧУЙКОВСКИЙдин “Башаламан” ырындагы “Аюулар велосипед тээп баратканда...” деген жерин сахналаштырса болот. Ата-энелердин бул техникалык  ойлоп табууга кетирген чыгымы 1500 сомду түздү.

Мындан тышкары ата-энелер машиненин шиналарынан көздү кызарткан гүлзар жасашты. Шиналар гүл түрүндө кескиленип, өтө ачык түстөргө боёлгон. Бул гүлзарга петунья, вербена, календула гүлдөрү отургузулган. Экологиялык тарбия берип, балдарда табиятка болгон сүйүүнү калыптандыруу үчүн бул гүлзар абдан керек жана маанилүү. Балдар суу куйгуч менен сугарып, жерди балдар үчүн күрөк, айры менен жумшартып, айтор гүл өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындай жумуштар өсүмдүктөр үчүн жоопкерчиликти калыптандырууга жардам берет. Бул болсо тарбия процессинде абдан маанилүү учур. Бул гүлзарга ата-энелер 4000 сом жумшашкан. Пластиктен козу карындар жана бөтөлкө менен чакадан жасалган гүлдөр да аянтчада өз ордун табышты.

Алар да балдарда кооз буюмдарга кызыгууну, эстетикалык табитти калыптандырып, түстөрдү айырмалап, абстрактуу ой-жүгүртүүгө көмөктөшөт. Бул декорацияга салымды 200 сом деп бааласа болот. Ошентип аталган команданын аянтчаны абаттоого кошкон жалпы салымы 7200 сом болду. Балдар бакчасын жасалгалоодо өз сөзүн “Красавишны” командасы да айтты. Бул команда “Чүрөк” деген композицияны жасаган. “Чүрөк” – ширетилген металл конструкциясынан жасалган оригиналдуу асма гүлзар. Мында асма жарым сфералык вазондорго топурак салынып, ал жерге петунья, герань,цинния гүлдөрү отургузулган. Курулма төрт бурчтук клумбанын чордонунда орун алып, чет-чекеси оймо түрүндө отургузулган гүлдөр менен кооздолгон. Ата-энелердин баамында, бул курулма балдар – жашоонун гүлү деген маанини берип турат. Экологиялык-эстетикалык тарбия максатында бул курулма абдан пайдалуу. Балдар аянтындагы бул бөлүктү жасалгалоого ата-энелердин кошкон салымы 2000 сомго бааланды.“Балалык” деп аталган үчүнчү команда классика аттуу оюн үчүн бурч жасады. Бул – дүйнө жүзүндө балдардын эң популярдуу оюну. Ал наристелердин дене бой өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Бул оюн маалында тең салмактуулук, атаандаштык сезимдери пайда болуп, утулганды да, утканды да үйрөтөт.

 Ал тогуз керамогранит плиталарынан туруп, алардын бетине тамгалар жана сандар тартылган. Бул болсо балдарга ары-бери чуркагандан тышкары, тамгаларды, сандарды үйрөнгөнгө да жардам берет. Буга кеткен чыгым 500 сомду түздү. Аянтчадагы өзүнө бөлүнгөн жерге мультфильминдеги каармандарды – аюуну, матрешканы, ак кууну, Гена крокодилин жасаган дагы бир команда “Жамаат” деп аталат. Бул жерде жаркын, күндүн нурлары тийип турган, бактылуу балалыктын символу болгон атмосфера түзүлгөн. Бурч чоң көлөмдөгү керамогранит плиталар менен төшөлгөн аянтча менен толукталды. Бул плиталардын бетине каармандар тартылган. Бул болсо түрдүү оюндарды уюштуруп, эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап, таза абада оюн салган балдардын көңүлүн ачуу үчүн түрдүү айла-амалдарды ойлоп табууга жол ачат. Ошондой эле бурч заманбап стилдеги жыланча түрүндө жабдылган. Бул болсо дене бой жана интеллектуалдык жактан өнүгүүгө жардам берет. Команданын аянтчаны абаттоого кошкон салымы 6000 сом болду.

“Балалык” деп аталган бешинчи команда болсо балдардын дене бой тарбиясын максат кылды. Бул команда жети шинадан тосмолорду жасады. Мындан тышкары ата-энелер балдары жылаңайлак ойносун деп кум төгүлгөн аянтча жасашты. Албетте бурчта гүлзар үчүн да орун табылды. Аны эки шинадан жасап, бальзамин гүлдөрүн отургузушту. Команданын чыгымы 3000 сомду түздү. Ошентип, балдар аянтчасын абаттоо долбооруна ата-энелер жалпысынан 18 700 сом сарпташты. Ал эми балдардын кубанычын жана өсүп келаткан муунду тарбиялоодо көп кырдуу жардамды акчалай баалоого мүмкүн эмес. 2016-жылдын жай мезгилинде ишке ашырылган идеялардын баяндамасы жасалып, ар бир команда аны видеотасма менен коштоп, жасаган иштери тууралуу айтып беришти. Андан кийин беш күн бою социалдык тармактарда добуш берүү жүрдү. Колдонуучулар мыкты, кызыктуу жана таанытуучу долбоорду тандашты. Ошондон кийин жеңүүчү командаларды сыйлоо аземи өтүп, ал майрамдык торт менен жыйынтыкталды. Дагы бир аптадан кийин бул командалар тууралуу макала массалык маалымат каражаттарында жарык көрдү.

Балдардын кубанычынан тышкары бул демилгенин негизги жыйынтыгы – ата-энелер балдар аянтчасын абаттоого өз салымын кошуп, балдардын дене бой, экологиялык, эстетикалык, политехникалык, интеллектуалдык өнүгүүсү үчүн активдүүлүк зонасын түзүшүп, муну менен наристелердин ар тараптуу өсүшүнө көмөктөштү. Ошондой эле бул демилге ата-энелерди бириктирип, аларды бирдиктүү долбоордун тапшырмаларын аткарууга багыттап, убакыттын жана ресурстардын жетишсиздигине карабастан, ар кандай оорчулуктагы тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү болгон команданы түздү. Ата-энелерде “эгерде бириксек бир чоң күчкө айланабыз деген ишеним пайда болду. Мындан тышкары жарактан чыккан буюмдар да кайрадан колдонулду. Ал эми атаандаштык сезими чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүүгө да, убакыт жана каалоо табууга да көмөктөштү. Балдар аянтчасындагы арт-объекттер элеттиктердин да көңүлүн буруп, алар үйлөрүнүн чет-чекесин ушундай кылып кооздой башташты.

Коомчулуктун күчү менен долбоордук ишмердүүлүктү уюштуруу жана бул демилгени ММКда чагылдыруу мүмкүнчүлүгү башка мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ушул өңдүү демилгелерди ишке ашырууга тартты. Бул ишти аткаруу процессинде алынган тажрыйба бир топ башка демилгелерге да жол ачты. Аларды элеттиктер ландшафттык долбоорлордо ишке ашырайын деп жатышат. Идеялар бар жана “Эврика” мектеп-комплексинин бүтүрүүчүлөрү бул идеяларды жакын арада болчу эс алуу күндөрү ишке ашырайын деп турушат. ЖӨБ органдары демилгени колдоп, баяндамаларга катышып, жыйынтык чыгаруу боюнча добуш берүүгө да тартылышты. Бардыгы – конкурстун катышуучулары да, ага байкоо салгандар да бир пикирди карманышат: мындай ийгиликке жетүүгө Өнүктүрүү саясат институту уюштурган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында элеттиктер үчүн уюштурулган окуулар көмөктөштү. Жаңы демилгелерди ишке ашырууга байге фондунун каражаттары көмөкчү боло алат. Аны менен катар, бул каражат мектепке чейинки билим берүү мекемелерине татыктуу материалдык-техникалык база түптөөгө жардам бермек

Анткени бүгүнкү күндө бул база чеке жылытпайт. Бала бакча АКШ элчилигинин колдоосу алдында ишке ашырылган долбоордун алкагында алынган эмерек менен жабдылган. Ал эми балдардын окуусуна жана өнугүүсүнө көмөктөшкөн дидактикалык каражаттар жетишпей турат. Мындан тышкары толук кандуу окуу-тарбия процесси үчүн чакан интерактивдүү такта, проектор, балдар үчүн адабият, моториканы өнүктүрүү үчүн конструкторлор (желимден), “блок” конструкторлору, “Багбан”, “Балык уулоо”, “Дүкөн” оюнчук жыйнагы, бакча үчүн оюнчук шаймандар, азык-түлүк салынган “Супермаркет” арабасы, жыгачтан жана жумшак картондон жасалган пазлдар, чач тарач шаймандары, Барби куурчактары жана дагы көп нерселер керек. Ошентсе да бүгүнкү күндө элеттиктер үчүн башкы тапшырма – жергиликтүү мектеп-комплексинин спорт залынын курулушу үчүн инвестиция тартуу. Бул маселени сөзсүз чечиш керек жана эл аны кантип чечээрин билип калды.

Окшош материалы: