Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ: өп-чап турмуштан өнүгүүгө өтүү

2016-11-01 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ: өп-чап турмуштан өнүгүүгө өтүү

“Муниципалитет” журналынын сентябрь айындагы чыгарылышында турмуш шартты жакшыртууга багытталган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылган, жамааттардын жергиликтүү демилгелери тууралуу 18 баян жарыяланган. Бул 18 баян “Жергиликтүү демилге-2016” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө арналган. Анткен менен Кыргызстанда мындай окуялар өтө көп. Ошондуктан журнал жарандардын ЖӨБ менен ийгиликтүү кызматташтыгынын мисалдарын басып чыгарууну уланта бермекчи. Мындан тышкары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору акыркы бир нече жылдын ичинде жергиликтүү демилгелердин тематикалык багыттуулугу кантип өзгөргөнүнө талдоо жүргүзүп, үмүттөндүргөн тыянактарга келди.

Жергиликтүү демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана азыркы калыбындагы мамлекетке чейин эле бар болчу. Таш доорунда эле адам баласынын жигердүү өкүлдөрү демилге көтөрүп чыгып, жашаган үңкүрүн ыңгайлаштырып, аны өзү жана жакындары үчүн коопсуз кылган. Мисалы, кыш чилдесинде оттун жылуулугун сактап калыш үчүн үңкүрдүн кире беришин жаап турушкан. Маңызы боюнча алып караганда, жергиликтүү демилге – бул адамдардын өз турмуш шарттарын өз күчү менен жакшыртууга болгон аракети. Ошондуктан жергиликтүү демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет. Атүгүл, жергиликтүү демилге – бул убакытка баш ийбеген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эссенциясы. Чындап эле миңдеген жылдар өткөнү менен, жергиликтүү демилге мурдагыдай эле адам жамааттарында, анын ичинде Кыргызстандын жергиликтүү жамааттарында да билинип келет.

Жергиликтүү демилгелердин (ЖИ) тематикалык багыттуулугу коомдун өнүгүү деңгээлин чагылдырып турат. Ал жергиликтүү жамааттын алдында турган максаттардын жакшы индикатору – аман калып, жашап кетүүбү, же өзгөрүп, өнүгүүбү. Өнүктүрүү саясат институту дайыма ЖИни колдоп келген. Ал эми ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖИ боюнча дайындар базасын жүргүзүп, соңку жылдар аралыгында коомдун активдүүлүгүнүн бул көрүнүшүнүн тематикалык багыттуулугун анализдеп келген. Бул анализ күтүүсүз жыйынтыкты көрсөттү. Ал көбүрөөк ЖИ феноменинин өзүн эмес, жалпысынан Кыргызстандын элеттик жамааттарында өнүгүү динамикасын таң калычтуу түрүндө мүнөздөйт.

Анализдин негизги тыянагы мындай болду: Кыргыз Республикасындагы элеттик жамааттар өп-чап жашап кетүү баскычынан өнүгүү баскычына өтүштү. Бул биринчи кезекте жарандардын өздөрүнүн аракетинин эсебинен мүмкүн болду. Эскерте кетели, сөз калктын демилгелери тууралуу жүрүүдө.

Мындай тыянакты кантип чыгардык? ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун командасы 2012-2016-жылдар аралыгында жергиликтүү демилгенин 234 мисалын талдап чыкты. Бул мисалдардын сүрөттөлүшү “Жергиликтүү демилге” деген аталыштагы конкурска катышуу үчүн Өнүктүрүү саясат институтуна өтүнмө түрүндө түштү. Алардын тематикалык багыттуулугуна анализ жүргүзүү үчүн бардык окуялар көрсөтүлгөндөй, 4 негизги категорияга топтоштурулду.

“Базалык инфраструктура” категориясы өзүнө жамааттын физикалык жашап кетүүсүн камсыздаган инфраструктуранын элементтерин курууга, калыбына келтирүүгө же оңдоп-түзөөгө байланышкан демилгелерди камтыйт. Бул жакка таза суу, жолдор жана көпүрөлөр, көчөлөргө жарык берүү, муниципалдык транспорт жана катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) жыйноо жана чыгаруу боюнча долбоорлор кирген. Бул түрдүү демилгелерди көтөргөн жамааттар минималдуу турмуш шарттарын, коомсуздукту камсыздоо менен алектенишет. Белгилей кетчү жагдай, 90-жыдардын этегинде, 2000-жылдардын башында Кыргызстандын айылдарындагы коомдук турмушта мына ушундай демилгелер үстөмдүк кылчу. Анткени СССРден мураска калган инфраструктура мамлекет тараптан каржылоонун жоктугунан улам талкаланып отуруп, бара-бара жоголо берген. Жамааттар мамлекеттин көңүл сыртында калып, өз арбайын өздөрү согуп, желкесин карт-карт тырмап, түзүлгөн кырдаалдан өз күчү менен чыгуунун амалын издегенден башка айласы калган эмес. Албетте, бул иштерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык донордук өнүгүү долбоорлорунун катышуусу менен жасашкан.

“Жеиргиликтүү экономикалык өнүгүү (мынданары – ЖЭӨ) жана айыл чарбасы” категориясы өзүнө жумуш орундарын түзүүгө жана негизинен агрардык бизнести өнүктүрүүгө багытталган демилгелердин мисалдарын камтыйт. Бул категорияга кирген демилгелер агрардык тармак экономиканын негизги реалдуу тармагы болуп эсептелген элеттик жамааттар үчүн мүнөздүү. Анткен менен мындай демигелердин санынын аздыгы жалпысынан бизнес мамлекеттин колдоосу менен өнүгүү үчүн шарттарды түзүп келатканынан, мындан улам жамааттар көңүлдү элеттик турмуштун башка өңүттөрүнө буруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонунан кабар берет.

“Абаттоо” категориясы өзүнө сейил бактарды, аллеяларды, эстеликтерди, коомдук транспорт үчүн аялдамаларды, айрым административдик имараттарды абаттоо демилгелерин камтыйт. Бул объекттер да инфраструктуранын элементтери болуп эсептелет, бирок жашап кетүү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ эмес. Чындыгында эле, таза сууга жеткиликтүүлүк маселеси курч турган чакта аллея жана эстеликсиз деле күн өтө берет эмеспи. Бул категорияда мисалдардын санынын өсүшү жергиликтүү жамааттарды инфраструктуранын баштапкы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк гана эмес, ошону менен бирге муниципалитеттин тышкы көрүнүшү, маданий жана социалдык абалы да ойго салаарынан кабар берет.

“Социалдык чөйрө” категориясы өзүнө социалдык же материалдык эмес маселелерди чечүүгө багытталган демилгелердин мисалдарын камтыйт. Алар жашап кетүү үчүн зарыл болуп эсептелбейт. Бирок “адам кара нан менен гана ток болбойт” деген ылакап кепти тастыктап, жергиликтүү жамааттардын социалдык өнүгүүсүн да ырастап турат. Бул категорияга жергиликтүү жамааттар коомдогу эң чабал жана корголбогон катмар – майыптуулугу бар адамдар, кары картаңдар үчүн турмуш шартты жакшыртуу; маданиятты жана спортту өнүктүрүү; мектепке чейинки жана мектепте билим берүү үчүн шарттарды жакшыртуу багытындагы демилгелер кирген. Атүгүл, жамааттардын колу китепканаларга, ден соолукту чыңдоо, укук тартибин орнотуу жана жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө да жетти.социалдык демилгелердин үстөмдүк кылуусу 2010-жылдары жергиликтүү жамааттын өнүгүү деңгээлин да жөн жеринен мүнөздөгөн жок.

Бул үстөмдүк жамааттар көп жагынан баштапкы керектөөлөрүн канааттандырып, инфраструктуранын базалык кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыздап, киреше булактарынын жана жумуштуулуктун тегерегиндеги кырдаалды жакшырта алганын, ошентип акыры өнүгүүнүн социалдык маселелерин чечүү менен алектене баштаганын ырастап турат. Бул кубандырган факт. Ал жергиликтүү жамааттар эбегейсиз чоң жаратуучу күчтүн генератору болгонун, өзгөрүлмө шарттарга ийкемдүү түрдө ыңгайлашып кетүүгө; мезгилдин экономикалык да, социалдык да чакырыктарына жооп кайтарууга; ошондой эле эң эле кеңири маанисинде адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрөнү түзүүгө жөндөмдүү болгону тууралуу тезисти кайра-кайра далилдеп жатат. Дал ушул жергиликтүү жамааттар Кыргыз Республикасындагы күч кубаттын, элдин жана бийликтин булагын түзөт.

 

Окшош материалы: