Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылды өнүктүрүү «чылбыры» жаштарга тийди: аялдамаларды калыбына келтирүүгө акчаны ... футбол таймашынан утуп алышты

2016-10-18 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу АА беш айылдан турат. Айылдык аймактын жалпы аянты 7217 км2 түзөт, ал жерде 1655 түтүн жайгашкан. Бишкектен 20 км, район борбору болгон Сокулук айылынан 25 км аралыкта орун алган. Айылдык аймакта 7 071 киши жашайт, алардын 61% Күн-Туу айылында жашайт.

 Муниципалитет Швейцария өкмөтү каржылаган жана ӨСИ ишке ашырган ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен 2015-жылдын апрель айынан тарта кызматташа баштаган. Долбоордун алкагында түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Анын ичинде АӨ кызматкерлерин, АК депутаттарын, жергиликтүү жамааттын лидерлерин окутуу; аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча ЖМБА ишчаралары өткөрүлдү. Натыйжада биринчи кезекте чечилиши керек болгон 11 тапшырма аныкталып, аларды чечүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы иштелип чыгып, демилгелүү топтор, биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору түзүлдү. Айылдык чогулушта таштанды жыйноо жана чыгаруу маселесине биринчи кезекте көңүл бурулуш керектиги чечилди. Бул үчүн атайын техниканы – трактор-экскаватор сатып алууга Долбоордун гранттык программалар конкурсунан бир миллион сом утуп алышты.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин айтымында, бул иш-чаралардын баары ЖӨБ органдарынын иши үчүн, жалпысынан аймактын кал-кын активдештирүүгө жаңы түрткү берди. АӨ кызматкер- лери жана АК депутаттары өз ишине жаңыча көз караш менен карап, калк менен иш алып барууда жаңы усулдар- га жана көндүмдөргө үйрөнсө, жашоочулар айылдык аймактын социалдык көйгөйлөрүнө көбүрөөк кызыгып, биринчи кезекте чечилиш керек болгон көйгөйлөрдү аныктоо процесстерине катышуу менен жарандык демилгесин көрсөтүп жатышты. Бардык коомдук ишчараларга, анын ичинде чогулуштарга жана коомдук угууларга элет көйгөйлөрүн аныктаганды жана чечкенди үйрөнүү менен айыл жаштары жигердүү катышты. Натыйжада 2016-жылдын башында аймактын жаштары Күн-Туу жана Чоң-Жар айылдарында аялдамалардын жоктугуна көңүл бурушту.
Союз доорунан бери болгону эки аялдама калган, бүгүнкү күндө алардын абалы өтө начар. Айылдарда калк жыш жана бири-биринен 3-4 км аралыкта жайгашкандыктан алардын ортосундагы байланыш коомдук транспорттун жардамы менен ишке ашчу – бир автобус жана эки маршруттук такси бир сааттык айырма менен каттап турат. Бирок транспорт күткөн учурда адамдар кардан, жаан-чачындан жана күндөн жашына турган жер жок болчу, мунун айынан суук тийип ооругандар да аз эмес. Бул маселени жаштар ЖМБА-сессияларында да, айылдык чогулуштарда да бир нече жолу көтөрүп чыгышкан. Бирок дайыма экинчи планда кала берчү. Анткени жашоочулар ичүүчү сууга, таштанды чыгарууга, көчөлөрдү жарыктандырууга байланышкан андан да маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн добушун берип келишти…Элеттик жаштар жардам күтүп отура бербестен, аялдамаларды уюштуруу жана абаттоо ишин өз колуна алууну чечишти. Жаш лидер – 26 жаштагы Ильгиз Сагынов бул маселени чечүү үчүн балдардын башын бириктирди. Жумушту аткаруу үчүн акчаны эч кимден сурап отурбастан, таймашта жеңип алууну чечишти.
Ушул жерде Күн-Туу аймагындагы жаштардын салты тууралуу кеп кылалы.Күнтуулук жаштар жаздан күз мезгилине чейин ай сайын жергиликтүү командалар ортосунда футбол турнирлерин өткөрүп турушат. Командалар жаш курагына жараша бөлүштүрүлгөн. Ар бир айда бир муундун өкүлдөрү 200-300 сомдон акча чыгарып отуруп, 5-10 миң сомдук байге фонду түзүлүп калган. Кезектеги футбол таймашын жеңип алып, 5 миң сом көлөмүндө байгеге ээ болгон 26-27 жаштагы балдар мурдагыдай болуп акчаны өз ара бөлүп алышкан жок. Алар акчаны Күн-Туу айылындагы автобус аялдамасынын курулушуна жумшоону чечишти. Айыл өкмөттөн уруксат алган балдар ТКЧ бөлүмүнүн жетекчиси менен отуруп алып, бир маселени тактап алышты: автобус күткөн адамдар негизинен эски аялдамада чогулушат, ал эми ал жерде цемент плиталары гана калган. Балдардын арасынан кесипкөй ширетүүчү табылып, ал 3 аялдамага эсептелген ишти жасады. Ар бир аялдамага курулуш материалдарын сатып алууга чыгашалардын сметасы 8 000 сомду түздү. Ошондуктан утуп алган 5 миң сомго 30 киши дагы кошумча 13 000 сомду чөнтөктөрүнөн чыгарып, бул каражатка зарыл болгон курулуш материалдарын сатып алышты.
Жумуштардын баарын өз алдынча жасашты – чуңкур казып, майда кумду чачып, цемент куюп, тирөөчтөрдү орнотуп, чатыр жаап, жыгачтан отургучтарды жасашты. Ошентип акча каражаттарынан тышкары 18 000 сомго эмгек салымы болду (ширетүүчүнүн кызмат көрсөтүүсү – 3 000 сом, орнотуу иштери – 3000 сом). Жалпы чыгаша 31 000 сомду түздү. Кийинки жылы айыл өкмөтү автобустар кире алгыдай “чөнтөктөрдү” жасай тургандай кылып пландалды. Муну менен автобус аялдамага токтогондо башка машинелерге жолтоо болбой калат. Күн-Туу айылында автобус аялдамаларын уюштуруу боюнча жумуштарды ийгиликтүү жыйынтыктагандан кийин Чоң-Жар айылынын жаштары да кошуналардын тажрыйбасын кайталап көрүүнү чечишти. Алты жигит 16 миң сом чогултуп, өз айылында эки аялдама жасашты. Коопсуздук максатында бардык жумуштар айыл өкмөтүнүн ТКЧ бөлүмүнүн жетекчисинин көзөмөлү алдында жүзөгө ашырылды. Учурда бардык беш аялдаманы айыл өкмөттүн балансына расмий түрдө өткөрүп берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Күн-Туу айылынын жаштарынын демилгеси аймактагы бардык жашоочулар үчүн мисал болуп калды. Айталы, Шалта айылынын жашоочулары көчөнү жарыктандыруу көйгөйүн биротоло унутууну чечишти. Алар бул көйгөйдү ЖМБА иш-чараларын өткөрүүнүн алкагында артыкчылыктуу деп аташкан. Айылдын 14 тургуну өз аракеттерин бириктиришти. Алардын арасында Сокулук районунун РЭСинде иштеген кесипкөй электриктер да бар.
Биринчи кезекте ай- мактагы башка айылдарда көчөлөрдө жарык кантип өткөрүлгөнүн аныктап чыгышты. Андан кийин эсептеп чыгып, ар биринен 1000 сомдон 2000 сомго чейин чогултуп, 44 000 сомго 32 чырак, узундугу 1,5 км болгон зымдарды сатып алышты. Устун тургузулбаган үйлөрдүн жанында аларды орнотушту. Бардык жумуштар үч ай боюнча 2016-жылдын февраль айынан апрель айына чейин жүрдү. Ошентип 2016-жылдын март айында жашоочулардын күчү менен Шалта айылынын эки көчөсүнө жарык жетти. Мында акчалай салым 44 миң сом болду. Ал эми эмгек салымы (50 миң сом көлөмүндө) Шалта айылынын жашоочулары – 12 кесипкөй электрик тарабынан жасалды. Бул демилгенин жыйынтыктары тууралуу айыл тургуну Нурлан Тагаев буларды айтты: “Бул көйгөй адамдардын коопсуздугуна тикелей таасирин тийгизип келген. Мурда күүгүм болоор замат жашоо токтоп, көчөлөр ээнсиреп, адамдар үйдөн чыккандан коркчу. Эми болсо таптакыр башкача көрүнүш:баарында кубанычты байкайсың, күлүп-жайнап жүрүшөт, маанайлары да жакшы, каалаган учурда сыртка чыксаң болот.
Бири-бирибиздикине конокко барып калдык, балдар кечинде деле көчөдө ойноп жүрүшөт, балдарыбызды эч коркпостон дүкөнгө жумшай алабыз. Айтор кечкурун айылда турмуш токтогон жок”. “Айылдагы көпчүлүк адамдар бир маанилүү нерсени түшүнүп калышты – ЖӨБдүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан аймактагы көйгөйлөрдүн баарын бир заматта чечип салууга күчү жетпейт. Эл ойгонгондой болду, сырттан жардам күтүп отурбастан, өз алдынча кандайдыр бир чара көрүш керектигин түшүндү. Мунун баары жергиликтүү жамаат менен тыгыз иштеше баштаган ЖӨБ кызматкерлеринин жигердүү ишинен улам болууда. Айыл өкмөтү калкка зарыл болгон маалыматтардын баарын берип калды, чогулуштарды өткөрүп турат. Мунун натыйжасында калктын жигердүүлүгү да күчөп, жергиликтүү бийликке болгон мамиле да өзгөрдү. Бирок эң негизгиси – аймактын жашоочулары өз позициясын өзгөртүштү. Эгерде мурда жатып ичээр маанай өкүм сүрүп, адамдар ЖӨБдүн ишин тынбай сындап келсе, эми Күн-Туу айылдык аймагында ар бир адам жалпы көйгөйдү чечүү үчүн өз салымын кошууга умтулуп турат.Биз бул демилгелерди аймак боюнча тараткыбыз келет, бардык жергиликтүү жамааттар ким жана кантип аялдамаларды орнотконун, көчөлөргө жарык алып келгенин жана башка нерселерди билиши керек. Муну баары Долбоордун жарда- мы менен ишке ашты. Себеби Долбоор биздин аймакка жаңы дем берип, калк менен иштөөнүн жаны усулдарын аныктап чыкты”, - деп мойнуна алды айылдык кеңештин депутаты Нургуль Рыскулова.
Албетте бул калктын жарандык активдүүлүгүнүн жакшы бир үлгүсү деңизчи. Бирок муниципалитеттер менен иш алып баруунун көп жылдык практикасы көрсөткөндөй, негизинен ЖӨБ органдарынын кызматкерлери ушунлай долбоорлорду ишке ашыруу процессинде өз ролун баамдашпайт. Адамдар чогулуп, демилге көтөрүп, жумуштарды жасап, куруп, орнотуп, оңдоп-түзөп бүткөндөн кийин гана АӨ жетекчилиги бул объекттерди мыйзамдаштырууга киришет.Бирок мындай долбоорлорду ишке ашырууга киришерден мурда ЖӨБ органы тиешелүү ченемдик актыларды кабыл алышы керек. Башкача айтканда, элдик демилгелерди тигил же бул курулушка уруксат берүү тууралуу токтомдор өңдүү ЧУА аркылуу бекитүүгө, уруксат берүүчү документтерди, жабдууларга, электрмонтаж жана башка жумуштарды баштоого документтерди бардык адистештирилген ишкана менен мекемелерге, демилгелүү топторго көмөктөшүүгө тийиш. Мындай учурда айыл өкмөтү алгач РЭС менен расмий макулдашып, техникалык документтерди даярдашы керек болчу. Аялдамаларды ала турган болсок, мында да Архитектура менен техникалык документтерди макулдашуу жана даярдоо талап кылынат. Ошондон кийин гана аялдамалар курулуп, көчөлөргө жарык бериле башташ керек. Жумуштар аяктагандан кийинки объектти өткөрүп алуу жана колдонууга берүү, объектти АӨ балансына өткөрүп алуу жыйынтыктоочу милдеттүү этап болуп эсептелет. Өз кезегинде айыл өкмөтү келишимдин негизинде объектти тейлөөнү адистештирилген уюмга бериши керек.
Мисалы, орнотулган чырактарды жана устундарды өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде РЭСке берилиш керек. Мындай процесстин бардык катышуучулары унутпашы керек: адистештирилген уюм (РЭС, архитектура ж.б.) менен макулдашпастан, техникалык документти иштеп чыкпастан берилген объектте авариялык абал түзүлсө, же кандайдыр бир кырсык болсо, бардык жоопкерчилик демилгечи курулушчуларга да, ЖӨБОго да жүктөлөт. Жалпысынан жаштардын демилгелери колдоого татыйт. Алар өз курдаштарына гана эмес, улуу муунга да жарандуулуктун, өз айылына жана жамаатына болгон жоопкерчиликтүү мамиленин үлгүсүн көрсөтө алышты. Бирок жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү – бул ЖӨБ органдарынын милдети болгонун унутпаш керек.

Окшош материалы: