Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун децентралдашуусу жана өнүгүүсү: 25 жылдан кийин

2016-10-03 / Көңүл чордонунда

2016-жылдын октябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргыз Республикасы маанилүү окуяны белгиледи – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаңы тарыхынын 25 жылдык мааракеси өттү.

Өнүктүрүү саясат институту жана “Муниципалитет” журналы өлкөнүн бардык жарандарын бул маанилүү дата менен куттуктайт. Өзгөчө куттук сөздөр жергиликтүү формалдуу жана бейформал лидерлердин – ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерле- ринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана жигердүү жарандардын дарегине айтылышы керек. Мына ушулар жумшаган күчаракеттин арты менен Кыргызстан демократия жана адам өнүгүүсү чөйрөсүндо аймактык лидерге айланды. Жергиликтүү жамааттар ЖӨБ органдары менен биргеликте көз карандысыз кыргызстандык мамлекеттин негизин түптөп, канткенде жамааттардын эрки жана күчү менен инфраструктура менен маданиятты, салттар менен прогрессти сактап калып, өнүктүрсө болорун бүткүл дүйнө жүзүнө көрсөтүштү.Мааракеге байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келаткан толгон токой көйгөйлөр тууралуу сөз кылгыбыз келген жок. Бирок көйгөйлөрдүн массиви менен катар, ЖӨБдүн жаңыча өнүгүү тарыхында талашсыз жетишкендиктер да бар. Ошол жетишкендиктер менен сыймыктанып, эстей жүрүү зарыл. Окурмандын эсине салуу үчүн, биз адамзаттык өнүгүү тууралуу докладдан үзүндүлөрдү келтирүүнү туура таптык. Бул доклад жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналып, 2012-жылы басып чыгарылган. Үзүндүнүн тексти туура беш жыл мурда – 2011-жылдын күз мезгилинде жазылган. Бирок ошол алты жылдан бери өз актуалдуулугун жоготкон жок. Атүгүл бул текстти алты жылдан кийин кайра окуп жатып, докладдын авторлору тандап алган багыт жана аналитикалык мамиле туура болгонун түшүнөсүң.
Кыргыз республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жыйырма жылдык тарыхынан ала турган эң негизги сабак төмөнкүдөй: мамлекет кедей ресурстары жана анын өнүгүүдөгү муктаждыктарын чыгарып таштоо менен,бул процессти көзөмөлдөөнү төмөндөн жогору карай жүргүзүүгө азгырылышы мүмкүн. Мамлекеттин абстрактуу кызыкчылыктарынын алдында адамдын конкреттүү – жеке, өздүк, жамааттык кызыкчылыктарын мындай кодулоо адамды коомдук келишимдин шарттарын (бул келишимдин негизинде мамлекет жашайт) токтотууну же кайра карап чыгууну калоого аргасыз кылат.Экинчи сабак: «жогорулардын» саясий эрки жана алар тарабынан жүргүзүлүп жаткан кайра куруулар жер-жерледеги кайра куруулардан алда канча алдыда болсо, адам өзүн алданып калгандай сезет – анын жеке турмушунда эч нерсе өзгөргөн жок.Адам борбордук бийликтин прогрессивдүү алга умтулары менен жергиликтүү бийликтин чабалдыгын, мажүрөөлүгүн ортосундагы айырмачылыкты сезгенде, борбордук бийлик да аны чоң нерселерден да, кичине нерселерден да алдап жаткандай шектене баштайт. Көркөмдөп айтканда Бишкектеги чоңдор өлкөнңн жашоо шарттары жакшырууда деп айтып жатса, ал эми айылда суу мурдагыдай эле жок болсо, өкмөттүн сапаттуу иштеп жаткандыгына жана өлкөдө жалпысынан оңолуу болгондугуна карабастан, айылдын жашоочусу Бишкектин чоңдоруна ишенбей калат.
Үчүнчү сабак: адамдын нааразычылыгынын чектен чыгышына түрткү берген аргасыздык жана келечектин алдында коркунуч, башкача айтканда бактысыздык жана чечилгис маселелер анын кичи мекенинде, шаарында жана айылында, анын көчөсүндө жана үйүндө эмоционалдык жана физикалык ыңгайлуулуктун жоктугу. Борбор тарабынан башкарууну борборлоштуруу аркылуу, бардык деңгээлдеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды мамлекеттик бийликтин колунда топтоштуруу аркылуу адамдан ресурстарды, кырдаал менен өзү күрөшүү, өз алдынча жана өзү жоопкерчиликте болуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди, жеке жашоо-тиричилик маселелерин чечүү мүмкүчүлүктөрүн тартып алуу аракети келечексиз, зыяндуу.2005-ж. жана 2010-жылдардагы толкундоолор менен мамлекеттиин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүүгө карата ыраатсыз, иштей билбеген, бүлүндүргүч саясатынын ортосундагы анык эмес,бирок ушунчалык жөнөкөй жана табигый байланыш стратегиялык маселелерди чечүүгө жоопкерчиликтүү болгон жаңы лидерлерди алардан мурункулардын катасын кайталабашына мажбурлайт. Кыргызстандагы ЖӨБнын тарыхын шарттуу түрдө, негизги учурлары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам чыгаруучулукта жана башкаруу практикасында ири өзгөрүүлөр болгон беш этапка бөлсө болот. Бул учурларды изилдеп таанышуу өлкөнүн тигил же бул убакыт аралыгын дагы жергиликтүү жамааттардын, өлкө жаранда-рынын башкаруу функцияларын аткаруу жана өз жашоо шарттарынын деңгээлин жогорулатуудагы ролун баалоо мүмкүнчүлүгүн берет.
 
  • Биринчи этап (1991-жылдын 19-апрелинен - 1991 жылдын 19-декабрына чеийин) - мамлекеттик бийлик органдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайра түзүү (мурда иштеп жаткан төмөнкү звенолор Элдик депутаттар кеңештерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу орагндары статусуунун берилиши) жана мамлекеттик башкаруунун борбрдон эң чоң ажыратылышы.
  • Экинчи этап (1991-жылдын декабры1997-жыл)-тилкелей мамлекет башкару унун күчөй башташы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын бир эле мезгилде мамлекеттештирүү жана бийлик өкүлчүлүгүнөн автономдоштуруу менен «десоветтештирүү»
  • Үчүнчү этап (1998-2007 - жылдар) жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарынын өз алдынча системасынын пайда болушу жана анын андан ары кеңештерден автономддоштуруу аларга активдүү таасир этүү ишинде жергиилктүү коомдоштуктардын мүчөлөрү үчүн акырындык менен мүмкүчүлүктөрдүн жогорулашы.
  • Төртүнчү этап – (2008-2010 - жылдар)- бийликтин бекем борборлоштурушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун активдүүлүгүнүн «өчүшү».
  • Бешинчи этап – (2010-жылдын апрелинен бүгүнкү күнгө чейин) - жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун кеңири өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.
ЖӨБдүн Кыргыз Республикасындагы 20-жылдык өнүгүү тарыхы өз алдынча башкаруу системасы (аны менен бирге бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасы) ар дайым өтө тез жана айрым учурларда негизсиз жана иреттүү болбогон өзгөрүүлөргө учурагандыгын көрсөтүп турат. Ар дайым саясий мүнөздө болгон, экономикадагы жана социалдымамилелердеги өтө курч кризисттик кырдаал шарт- тарында башкаруучулукту камсыз кылуу – мына ушул улана берген өзгөрүүлөрдүн негизги милдети болгон. Болгон аракеттерди жумшап, керек болсо, чегинен аша, ашыкча борборлоштуруунун эсебинен, ЖӨБ чөйрөсүндөгү реформалардан баш тартып же ЖӨБдүн керектөөлөрүнө эч бир көңүл бурбай, колдогу бийликти сактоо тийиштүү мезгилдерде өлкөнү башкарган адамдардын биринчи кезектеги милдети болгон. Мына ушул милдетти чечүүдө адамзаттык өнүгүүнү камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү ж.б. маселелер такыр эле каралган эмес же арткы планда кала берген. Мындай көрүнүш социалдык – экономикалык кырдаал өтө эле оор болуп калган биринчи, экинчи (1991 - 1997 ж.ж.) этаптарга мүнөздүү болгон. Шаарлардын, өзгөчө айыл муниципалитеттеринин тургундары өтө эле жакырланып кеткен.
Мамлекет колуна каржы жана уюштуруучулук ресурстарды топтоп, калктын эң эле жөнөкөй экономикалык керектөөлөрүн канааттандыра албаган шарттарда адамзаттык өнүгүү контекстиндеги ЖӨБдүн аспектилери турмушка толук ашыруу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн болгон эмес. Бирок ошого карабастан, ЖӨБдүн калыптануу жана өнүгүүсүнүн биринчи, экинчи жана үчүнчү этаптарындагы калктын нейтралдуу позициясын, айрым учурларда мамлекеттин бардык демилгелерине карата анын белгилүү бир деңгээлдеги колдоо менен ишенимин белгилеп кетүү зарыл.Үчүнчү этабында (1997-2007 – ж.ж.) экономика жалпысынан оңолуп, шайлоо процесси демократиялана баштаганда (чакан шаарлардын,шаарчалардын жана айылдардын ЖӨБ башчылары түз шайлоо жолу аркылуу шайлана баштаганда)менчик ээлери (ортонку класс) пайда болуп, жашоо деңгээли көтөрүлүп, калктын эптеп жан сактоо кызыкчылыгы өзүн өзү өнүктүрүү кызыкчылыгына алмашылды.Так ушул мезгилде өз алдынча башкаруунун өнүгүшү үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүп берген мамлекеттин жардамы менен ЖӨБ органдары өздөрүнүн комдоштуктарынын жашоо шарттарына активдүү таасир бере башташты.
Бирок 2007–жылы ЖӨБ системасын чыңдоо процесстери бошоңдоп, жергиликтүү башкаруу мамлекеттеше баштады, бийликти эптеп колдон чыгарбоо шарттарында аддамдын таламдары арткы планда калды. 2010–жылдын саясий окуялары ЖӨБ жана адамзаттык өнүгүүнү колдоого түрткү берген жок. 2012-жылдын жаз мезгили да келип калды, бирок ЖӨБ аркылуу мамлекетти чыңдоо жана аймактарда адамзаттык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тарыхтагы мүмкүнчүлүк азырынча толугу менен колдонулган жок. Кыргыз Республикасынын ЖӨБ чөйрөсүн өнүктүрүү жаатындагы эң маанилүү жетишкендик- теринин бири Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында Конституциясы болгондугу шексиз. Анда «Айылдардын, калктуу конуштардын, шаарлардын, райондордун, облустардын калкынын жергиликтүү мааниге ээ болгон жашоо-турмуш маселелери, мамлекеттик бийлик менен бир катарда иш алып барган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башаттарында чечилет», - деп белгиленүү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине өзүнчө глава бөлүнгөн.
Негизги мыйзамдын беш беренесинде Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 4-мартындагы № 749-XII «Кыргыз Республикасынындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамында негиз салынган бардык башкы жоболору жана принциптери бекитилген.Ошондон бери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциалык статусу шектенүү жараткан эмес жана өз жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн эң оор мезгилде да (2008-2010-жж.) жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын бар экендигин жарыялоо туруктуу бойдон калган. Тескерисинче, Конституциянын кийинки редакцияларында (1996, 1998, 2003, 2007, 2010 – жж.) бул статус менчиктин өз алдынча формасы – муниципалдык, муниципалдык кызмат жөнүндө ченемдер менен толукталган.
 
2030-жылдагы ЖӨБдүн көрүнүшү Биринчи жолу 2030-жылдагы ЖӨБдүн Көрүнүшү 2011-жылы адамзаттык өнүгүү тууралуу докладды даярдоонун алкагында түзүлгөн. Беш жылдан кийин, 2016-жылы 58 эксперт жана ЖӨБдүн, мамлекеттин өкүлдөрү 2030-жылдагы ЖӨБдүн жаңы Көрүнүшүн түзүшкөн. Эки формулировканы салыштыра келгенде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынан күтүүлөр кантип өзгөргөнүн байкоого болот. Айталы, 2016-жылдагы Көрүнүштө “сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр” деген мүнөздөмө пайда болгон.Бул болсо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн концепциясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды да, жарандарды да түзүүдө терең тамыр жайганын билдирет. “Функцияларды так ажыратуу” мүнөздөмөсү жоголду. Балким, мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө мыйзам бул маселе акыры чечилет деген үмүттү бергендей. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык көз карандысыздыгынан күтүүлөр өстү: бул жерде мурдагыдай эле көп көйгөйдү көрүүгө болот. Анткен менен административдик көз карандысыздыктан күтүүлөр төмөндөдү – коом жана бийлик 2030-жылга чейин административдик ыйгарым укуктарды ажыратуу маселелери
толугу менен чечилет деп божомолдоо. Кадрларга, муниципалдык башкарууга, мыйзамдарга карата күтүүлөр ошол деңгээлинде кала берди.
 
2030-жылдагы ЖӨБдүн көрүнүшү 2030-жылдагы ЖӨБ деген эмне? 2030-жылы Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул ЖӨБ органдарынын финансы жагынан камсыздалган туруктуу системасы, ал жарандар алдындагы отчеттуулуктун жана айкындуулуктун эсебинен алардын толук ишенимине ээ болот.
 
2030-жылы ЖӨБ эмнеге жетет? ЖӨБ органдары сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр, эффективдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү аркылуу калктын турмушун жакшыртууда ийгиликтерге жетет. 2030 жылга чейин ЖӨБ буга кантип жетет? Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгилиги мыкты жана туруктуу мыйзамдарга, квалификациялуу кадрларга жана административдик өз алдынчалуулукка таянат.

Окшош материалы: