Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Байтик АА: окуучулар – тазалык үчүн башкы күрөшүүчүлөр

2016-09-27 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Байтик айылдык аймагындагы Кашка-Суу айылынын негизги өзгөчөлүгү болуп эч ким эч жакка чыгарбагандай элес калтырган чоң таштанды жайы эсептелчү. Бул антисанитардык көрүнүш элеттиктердин маанайына жана саламаттыгына терс таасирин тийгизип келди. Адамдар түрдүү жугуштуу ооруларга кабылчу. Таштанды маселеси ушунчалык оор болгондуктан, эч качан чечилбечүдөй сезилип калган. Т.Актанов атындагы орто мектептин мугалими, айыл тургуну Шааркан АНАРБАЕВА айыл башчысы Калыс САТКАНАЛИЕВге таштанды менен күрөшүүгө жергиликтүү калкты тартуу демилгеси менен кайрылды. Биринчилерден болуп Актанов атындагы элеттик мектептин администрациясы үн катты. Бул мектепте 16 мугалим иштейт, 250 окуучу (5-класстан 11-класска чейин) билим алат. Балдар жергиликтүү тургундарга кошулуп, ар бир үйдүн тегерек четинде жаткан таштандыларды жыйнап чыгышты.

Муну менен ишембиликтерди көз жаздымында калтырган жана айыл тазалыгына кайдыгер мамиле жасаган жердештеринин көңүлүн бурууга аракет кы- лып, жоопкерчиликтүү болууга үндөштү. Мектеп чогулуштарында жана ачык сабактарда санитардык жана гигиеналык талаптарды сактоо тууралуу баяндамалар жасалып, ошондой эле таштанды көйгөйүнүн кесепеттери кандай болоору тууралуу сөз болуп турду.Айылдын көптөгөн жерлеринде канализациялык кудуктардын капкактары ачык болчу. Бул жерлерге да таштанды чогулуп жаткан. Жашоочулар аларды тазалап чыгышты. Бул жумуштарда жергиликтүү тургун Мурат КАШКАЕВ чоң активдүүлүгүн көрсөтө ады. Ал ар бир көчөдөгү арыктарды тазалоо иштерин уюштурду. Таза арыктар жер-жемиштерди жана жашылчаларды таза суу менен гана камсыздабастан, ошондой эле Кашка-Суу айылында сугат суу тартыш болбосо деле сууну үнөмдүү пайдаланууга да жардам берет. Бул жердин тургундары алма, алмурут, кара өрүк, шабдалы, алча, кулпунай, карагат, малина жана башкаларды өстүрүшөт. Түшүмдү өздөрү жешет, артып калганын сатышат.
Мындан тышкары Шааркан АНАРБАЕВА жалпысынан айылды да, мектеп кабинеттерин да жашылдандыруу боюнча чоң иштерди жасап келет. Ал атайын топ түзүп, алардын жардамы менен класстарда гүлдөр көбөйүп, мектептин тегерегинде көп жылдык бак-дарактар отургузулду. Ала-Арча сейил багынын жетекчилиги 13 түп карагат, 9 арча, 38 кайың бөлүп берген эле, алардын баары Т.Актанов атындагы мектептин аймагына отургузулду. Окуучулар көчөттөргө дайыма көңүл буруп, тынбай сугарып турушат. Бак-дарактар айылдын сырткы көрүнүшүн гана жакшыртпастан, ошону менен бирге абаны тазартып, элеттиктердин жана коноктордун маанайын көтөрүп турат. Жайында мектеп окуучуларынан топ уюштурулуп, алар нөөмөткө чыгып көчөттөргө кам көрүп турушту. Ошол эле маалда фитанциддерди бөлүп чыгаруу менен абаны тазалаган ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн пайдасы тууралуу да айтып берип турушту.Мындан тышкары мектепте да жагымдуу өзгөрүүлөр болду – АРИСтин колдоосу менен мектеп директору Светлана Бекеновна ОРОЗОБАЕВА имараттын чатырын алмаштырып, аймакты тосмолой алды.
Чет өлкөлүк ыктыярчылардын жардамы менен информатика мугалими Жанара ШАРШЕЕВА он компьютер, ноутбук, принтер жана проектор алды. Бул үчүн мектеп жамааты Америка Кошмо Штаттарынан келген ыктыярчы Александра БАЙРОНго терең ыраазычылыгын билдирет. Мына ушундай жабдуулардын жардамы менен окуучуларда информатика сабагына болгон кызыгуусу артты. Балдар чет тилдерине да кызыгууда. Ошондой эле мектепке суу өткөрүлдү. Эми балдар жана мугалимдер суу издеп айыл аралабай калышты. Анткен менен мектептин көйгөйлөрү дале азэмес. Эң негизгиси – имарат эски, такталардын, үстөлдөрдүн жана отургучтардын абалы да начар. Мектеп жамаатынын алдында шарттарды жакшыртуу көйгөйү турат, бул үчүн мектептин капиталдык ремонтун жасап чыгуу талап кылынат. Бирок бул иштер жамаат айылды абаттоого мектеп кандай салым кошконун баалап, артыкчылыктуу маселелерди ЖӨБ органдары менен биргелешип чечүүдө демилге көтөрүп чыгат деген үмүттү пайда кылат.
Шааркан АНАРБАЕВА,
Т.Актанов атындагы мектептин мугалими

Окшош материалы: