Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Юрьевка АА: спорт жаңжалдарга каршы

2016-09-28 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Юрьевка АА аймагында 4842 киши жашайт. Улуулардын айтымында, бул жерде Союз маалынан бери эски футбол талаасынан башка эч кандай спорттук курулмалар болгон эмес.Эгемендик жылдары мамлекеттик структуралар жана жергиликтүү бийлик тарабынан спортту өнүктүрүүгө эч кандай көңүл бурулган эмес, адамдар күнүмдүк турмушун гана ойлоп, жаштар өзү менен өзү болуп калган. Канчалык өкүнүчтүү болбосун, бирок жаштыгын маанисиз жана зыяндуу адаттарга – ичкиликке, баңгиликке короткон муун өсүп чыкты. Бейбаштык жасагандардын, уурулуктунсаны өсүп, адамдар түнт тартып, коомдук спорттук жана маданий иш-чараларга барбай калган, атүгүл кошуналар ортосунда да байланыш үзүлгөн. Натыйжада айрым элеттиктер түрмөгө, балдар колониясына түшсө, көптөр жакшы жашоо издеп Мекенин таштап, сыртка чыгып кеткен.

Түзүлгөн кырдаал дээрлик ар бир жашоочуну кандайдыр бир деңгээлде кыйгап өткөн жок – коомдо чыңалуу, кыйынчылыктарга моюн сунуу сезими пайда болгон. Ошондуктан 2015-жылы Шейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”Долбоору ишке ашырыла баштаганда ЖМБА-ишчараларынын жүрүшүндө аныкталган башка артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн катарында айыл жаштары спортту өнүктүрүү маселесин көтөрүп, муну элеттиктердин, өзгөчө мектеп окуучуларынын бош убактысын өткөрүүсү үчүн маанилүү бир бөлүк катары белгилешкен. Ошентип беш адамдан турган демилгелүү топ түзүлүп, анын лидери болуп Аскат АСАНКУЛОВ шайланды. Биринчи кезекте балдар айыл өкмөтүнө машыктыруучу залды уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.2015-жылдын жаз мезгилинде АӨ башчысы жаштардын демилгесин колдоого алып, Маданият үйүндөгү аянты 60 чарчы метр болгон жайды бөлүп берди. Демилгелүү топтун мүчөлөрү аймак жаштарын чогулушка чакырып, ага эки жүздөн ашык киши келип берди.
Чогулушта спорттук жабдууларды сатып алууга жаштар жашаган ар бир короодон 100 сомдон 500 сомго чейин мүмкүнчүлүгүнө жараша акча чогултуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле аймактын ыктыярчылары да жардамга келди – кимдир бирөө акча берсе, башкасы спорттук жабдуулар менен кол кабыш кылды. Ошентип, баштаганда эле эки штанга, брус, турник, 16 килодон 24 килого чейин алты гиря, эки гантели, бокс үчүн буюмдар пайда болду. Баары болуп 19 миң сом чогулду, аны спорт жабдууларын сатып алууга сарпташты. Бул акчага эки груша, төрт жуп кол кап, эки жуп бокс үчүн кол кап, төрт жуп бокс үчүн баш кийим, эки гантели сатып алынды. Жергиликтүү кеңештин чечими менен жергиликтүү бюджетке спортту өнүктүрүүгө каражат бөлүнгөн эле. Ошондуктан АӨ жетекчилиги жаңы спорт залы үчүн жалпы суммасы 150 миң сомдук көп функционалдуу машыктыргыч жана 16 матрац сатып алды. Аймактын жаштары ошол замат спорт менен жигердүү алектене баштады. Бүгүнкү күндө 40тан ашуун киши спорт залга барат, алардын ичинен сегизи кикбоксинг менен профессионалдык деңгээлде машыгат, түрдүү деңгээлдеги таймаштарга катышып келишет. Атүгүл Ысык-Ата району боюнча беттештерде биринчи орунду ээлешти. Эки
жолу Юрьевка айылынын кубогу үчүн кикбоксинг боюнча чемпионат уюштурулуп, ага кошуна төрт айылдык аймактан жалпысынан 20 спортчу катышты.
Ошентип болгону бир эле спорттук зал ачылды.Бирок элеттиктердин турмушу бир кыйла өзгөрдү – улуттар аралык жаңжалдар токтоп, жаштар гана эмес, улуу муундун өкүлдөрү да биригип, достук мамилелер калыбына келе баштады. Топтошуп алып ичкендер жоголуп, бейбаштыктар, мушташуулар болбой калды. Эми ата-энелер өздөрү балдарын спорт залга ээрчитип келүүдө. Бул жерде кикбоксинг, эркин күрөш, аралаш күрөш боюнча балдар секциялары ачылып, анда 60 бала машыгууда. Жаштар алдына максат коюшту: АРИС долбоорлорунун алкагында спорттук комплекстин курулушуна чоң грант утуп алуу. Спортту өнүктүрүү боюнча жаштардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүдө элет жаштары менен жергиликтүү кеңештин депу-таттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлери ортосунда ишенимге негизделген мамиле түзүлдү. Түрдүү спорттук беттештерди, анын ичинде үй-бүлөлөр ортосунда да эстафета менен конкурстарды өткөрүү боюнча биргелешкен пландар курулуп жатат. Бардык беттештердин жыйынтыктары сүрөттөр жана байгелер менен кошо маалымат тактасында илинип, жеңүүчүлөр менен байгелүү орундарды алгандарды аты-жөнү айылдык чогулуштарда жаңырууда. “Менин балам кикбоксинг боюнча секцияга катышат.
Ал болгону 12 жашта, бирок эмитеден эле беттештерде байгелүү орундарды ээлей баштады. Бирок биз, ата-энелер үчүн эң маанилүүсү – ал тартиптүү болуп, мектепте жакшы окуп, өз чөйрөсүндө лидер болуп калды. Эми мен анын келечеги үчүн мурдагыдай кооптонбой калдым. Анткени ал өз алдынчалуулукка үйрөнүп, чоңдордой чечим кабыл алып, улуу жана кичүү бир туугандарына үлгү көрсөтүүдө”, - деди Юрьевка айылынын жашоочусу Айнура КОБЕНЧЕРОВА. Элеттиктер “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна ыраазычылыгын билдиришүүдө. Себеби бул долбоорго катышуу жаштарды ойготууга жардам берип, спортту өнүктүрүү чөйрөсүндө гана эмес, маданий деңгээлди жогорулатууда, чыгармачыл жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүдө да элеттиктердин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө көздөрүн ачты. Машыктыруучу залда спорттук жабдууларды орнотуу зарыл: дагы бир универсалдуу машыктыргыч сатып алуу керек. Себеби мынча көп сандагы каалоочулар үчүн бирөө жетишсиз болууда. Кикбоксинг менен машыккан балдарга жана улууларга коргонуучу кийим-кечелер зарыл. Мындан тышкары секиргич, бокстогуч, кол кап зарыл. ЖӨБ органы менен Демилгелүү топтун лидерлери башында турган жашоочулардын мындан аркы кызматташтыгынын ушундай пландары бар. Ал эми жергиликтүү демилге зарыл буюмдарды сатып алууга өз салымын кошмокчу.
 
Адылбек СМАИЛОВ,
АЭ жана ПС инспектору,
электрондук дареги:
yurevskiy.ayylnyyaymak@mail.ru

Окшош материалы: