Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кемин: газ сыйымдуулугунун ордуна спорт аянтчасы

2016-09-24 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Кемин шаарында тогуз миңден ашуун киши жашайт, анын ичинде биринчи микрорайондо 86 үйбүлө катталган – мында 600 киши бар, анын 150сү балдар. Мындан тышкары бул жерде сегиз майып, 15 пенсионер, 10 толук эмес үй-бүлө мэрияда аз камсыздалган катары каттоодо турат. Үйлөрдөгү подъезддердин, канализациялык системанын абалы кейиштүү. Бул болсо жашоочулардын, өзгөчө балдар менен пенсионерлердин ден соолугуна да таасирин тийгизип келет. Бир нерсени өзгөртүп, үйлөрдү тартипке келтирип, аймакты дагы да жайлуу кылып, адамдар сергек жашоо калыбына өтүшү үчүн таза абада эс алуу жана спорт менен алектенүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Анткен менен үйлөрдүн ортосунда спорт аянтчасы үчүн орун такыр болбогону бул маселени ого бетер татаалдаштырды. Анын үстүнө бул жерде машинелер ары-бери көп каттайт жана туш келди токтой берет. Мындан тышкары микрорайондун аймагында СССР кулагандан бери эч иштебей турган станционардык газификациялык системанын бир бөлүгү катары көлөмү 3000 куб.м болгон чоң бөлүштүрүүчү сыйымдуулук турат.

2015-жылы микрорайондун жашоочулары аймакты абаттоо жана спорт аянтчасын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Алардын оюнча бул жер үй-бүлөлүк эс алуу үчүн өтө зарыл. Балдар таза абада ойносо, энелери алардын жанында бири-бири менен жайбаракат баарлашып, нервдерин эс алдырмак, ал эми пенсионерлер ар нерсени токуп (муну менен үй-бүлөлүк бюджетке да салым кошуп), башкаларга кошулуп соңку жаңылыктар менен бөлүшүп, гезит окуп, балдарга көз салып турушмак. Мэрия колдонулбаган газификациялык системаны бузуп, газ сыйымдуулугун казып алып, коомдук менчиктеги мүлк катары сатууга уруксат берген. Андан кийин жумушчу топ түзүлүп, жумуштардын көлөмүн жана анын сметалык наркын эсептеп чыгышкан. Кыркка жакын тургун, анын ичинен басымдуусу жаштар долбоорго эмгек салымын кошушту.Микрорайондун калган тургундары 200 сомдон тапшырышты. Газ сыйымдуулугун сатуудан түшкөн акчаны эсепке алуу менен баары болуп 48 миң сом чогулду. Биринчи кезекте бул каражатка подьездердин каалгалары оңдолуп, көп жылдардан бери таштандыга толуп жашоочулардын, өзгөчө балдардын ден соолугуна таасирин тийгизип жаткан канализация системасы жана подвал тазаланып чыкты. Бул жумуштардын баарына эмгек салымын кошкондо 84 миң сом сарпталды.
Андан кийин жергиликтүү лидерлер Махабия КУКЕНОВА, Асылкан ИБРАИМОВА, Минавара САРБАШЕВА эс алуу зонасын уюштурууга киришти. Алгач көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары арасында чогулуш өтүп, анда ар бир батирден спорт аянтчасынын курулушуна дагы 200 сомдон чогултуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул акчага сыр, электроддор, отургучтар үчүн тактайлар сатып алынмак. Газ сыйымдуулугун бузганда кескиленип алынган трубалар турниктерди жасоого колдонулду. Ошондой эле спорт аянтчасы үчүн орунду тазалап, ал жерде түрдүү спорт объекттерин орнотуу планга кирген эле. Планды ишке ашыруу үчүн алты адамдан турган жумушчу топ түзүлүп, өз ара милдеттер бөлүштүрүлдү. Мэрия аянтча үчүн жерди аныктап берди. Жашоочулар ал жерди тазалап, тегиздеш-ти. Жергиликтүү жашоочу Темирбек САРБАШЕВ трубалар менен алек болсо, анын кошунасы Бакас АБАКИРОВ ширетүү иштерин жасап, төрт турник жана отургучтардын буттарын жасап берди. Башка балдар булардын баарын сырдап беришти. Отургучтарды турниктердин жанында жана ар бир подъездин алдына орнотушту. Мэриянын кызматкерлери майда кум менен шагыл жеткирип берсе, жашоочулар өздөрү эле спорттук аянтчага чачып чыгышты.
Бул коомдук демилгенин натыйжасында бир нече көйгөй чечилди: биринчиден, балдардын спорту жана эс алуусу үчүн аянтча пайда болуп, сыртта ойногон балдардын коопсуздугу камсыздалды, дене тарбиясы жана руханий өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлдү; экинчиден, улуу муундун өкүлдөрү – пенсионерлер эс алып, таза аба жутуп, акыркы жаңылыктар менен бөлүшүп, баарлашып отуруусу үчүн жер бөлүндү; үчүнчүдөн, адамдар жогору жактан жардам күтпөй эле өз маселелерин өздөрү ийгиликтүү чечип аларына көздөрү жетти; төртүнчүдөн, адамдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ортосунда байланыш бекемдеди, анткени жергиликтүү бийликтин жардамы жана колдоосу болбосо, бул маселелерди чечүү да кыйын болмок. Бул ийгиликтерине кубанган биринчи микрорайондун тургундары эми бул аймакта жана жакын жердеги Берикбаев, Бозов, Киров көчөлөрүндө жашаган 70 бала үчүн чыныгы балдар аянтчасын куруп берүүнү пландоодо. Ал жерде оюн үчүн дөбөлөр, күүлөнчөктөр орнотулуп, жарык берилип, таштанды үчүн кутулар орнотулат. Мунун баары өсүп келаткан муунду туура тарбиялоого көмөктөшүп, улуу муунга көңүл бурулмак.
 
Махабия КУКЕНОВА,
жеке бала бакчанын тарбиячысы,
электрондук дареги: Sarbaeva1954@mail.ru

Окшош материалы: