Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Гроздь АА: абатталган талаа болсо футбол күйөрмандары болот, дени сак өлкө да болот!

2016-09-22 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Бирдик айылында 16 жаштан 35 жашка чейинки курактагы 500 киши бар. Алар үчүн спорттун негизги түрү – футбол. Футболду чоң-чоң аталары,чоң аталары жана ата-энелери ойноп келишкен. Бул оюн жергиликтүү жамааттын турмушуна биротоло кирди, футболго кызыкпаган үй-бүлө да жок. Гроздь айылдык аймагында Бирдик айылынын борборунда союз доорунан бери калган футбол талаасы бар. Дал ушул жерде жаш-кары дебей көп сандагы матчтар жана турнирлер өткөрүлүп турат. Бирок жыл сайын футбол талаасы эскирип, заманбап талаптарга жооп бере албай калды: талаада чөп төшөлгөн эмес, оюн сайын чаң асманга көтөрүлүп, спортчулар жаракат алып, көрөрмандарга отургучтар орнотулган эмес. Тосмонун жоктугунан улам талаада мал жайылып жүрөт, ал эми жамгырдан кийин көлчүктөр пайда болот. Айтор футбол талаасы деп айтканга деле ооз барбайт.

2014-жылы жаштар футбол талаасын көрктөндүрүп, абаттоону чечишти. Биринчи кезекте бул ишке кетчү акча каражатына байланыштуу маселени чечип алыш керек эле: бардык футболчулар (100 киши) жүз сомдон жогору жеке салым кошту.Натыйжада 22 000 сом чогулду. Негизги салымды команданын машыктыруучусу Александр БЕЛЬДИНОВ жасады, ал 8 миң сом берди. Бул акчага 40 метр труба, 100 метр ийкем түтүк, суу берүү үчүн насос, 6 кап чөп сатып алынды. 80 мин сомго бааланган иштин баарын он күндө балдар өздөрү эле бүтүрүп коюшту. Алар металл тосмосун орнотуп, талааны тегиздеп, газон чөбүн чачып, талааны сугаруу үчүн насос орнотушту.Чөпкө кам көрүү үчүн эки чөп тегиздегич керек эле. Аларды демөөрчүлүк жардам катары “Абдыш-Ата” жана “Кыргызгаз” коммерциялык компанияларынан алышты. Ар бир чөп тегиздегичтин баасы 18 миң сомдон айланды. Ошентип 36 миң сом көлөмүндө инвестиция тартылды. Бирок футбол талаасын абаттоо маселеси ачык бойдон кала берди. Анткени көрөрмандар үчүн отургуч маселеси чечилген эмес. Күйөрмандардын тең жарымы пенсия курагындагы адамдар болгондуктан алар чөптүн үстүнө эле отурушчу. Бул теманы демилгелүү топко кирген балдар ЖМБА иш-чараларында көтөрүп, муну биринчи кезекте чечилиш керек болгон маселелердин катарына кошушту.
Ошентип биргелешкен аракеттер планы иштелип чыгып, ар бири үч метрден келген сегиз отургучту орнотууга кетчү чыгашалар сметасы эсептелинип, демөөрчүлөргө расмий кат жолдошкондо, алар 18 350 сом бөлүп беришти. Бул акчага зарыл болгон курулуш материалдары, боёгучтар, майда кум, шагыл сатып алынды. Балдар өздөрү эле отургучтар үчүн металлдан буттарды жасап, отургучтарды орнотуп, бетондоп, жыгач бөлүктөрүн жасап, сырдап чыгышты. Бул иштин баары 15 миң сомго бааланды. Азыр футбол талаасы көргөн адамды кубандырат. Ал заманбап талаптарга толугу менен жооп берип, бул жерде күйөрмандар жана команда мүчөлөрү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Натыйжада элеттик стадион акыркы эки жылдан бери Чүй облусу боюнча тазалыгы жагынан биринчи орунду ээлеп келатат. Бул мезгил аралыгында Чүй облусундагы 12 командадан 750 спортчунун катышуусу менен 50гө жакын матч өткөрүлдү. Бул оюндарды көрүүгө жергиликтүү жамааттан жана башка аймактардан 3500 күйөрман келди. 2016-жылдын жаз мезгилинде Кыргызстандын Топ лигасынын чемпиондугуна даярдык көрүү үчүн жогорку дивизиондогу бишкектик “Алга” футбол клубу биздин стадионду машыктыруучу база катары колдонду. Бул демилге элеттиктердин спорттун ушул түрүнө кызыгуусун арттырып, 20 баладан турган балдар командасы түзүлдү.
Жергиликтүү жамаат спортчуларды колдоп, аларды шыктандырып, бардык таймаштарга жана турнирлерге катышып жатат. Жаштарда мындан да жогорку спорттук бийиктиктерди багындырууга стимул пайда болду. Натыйжада 2015-жылы жергиликтүү команда КРнын футбол боюнча чемпиондугунун экинчи лигасында Кара-Балта менен Канттан кийинки байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Баса, жергиликтүү команданын Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунун экинчи лигасына катышуусу үчүн 25 миң сом көлөмүндө жылдык салым талап кылынат. Ошондой эле судьяларга ар бир матч үчүн 3 850 сом төлөп туруш керек (жылына 12 матч өтүп турат). Буга карабастан акыркы үч жыдан бери жергиликтүү бюджетке спортту өнүктүрүүгө 180 миң сомго чейин акча каралып турат. Алардын ичинен 71 200 сом жыл сайын жергиликтүү команданын Чүй облусу боюнча таймаштарга катышуусуна бөлүнүп турат. “Мурда мен жана күйөрман досторум беттеш учурунда дээрлик эки саат же туруп көрчүбүз, же жерге эле отуруп алчубуз. Азыр болсо талааны абаттоо боюнча иштерди уюштургандардын баарына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми мен бир да беттештен калбайм. Күйөрмандардын да саны көбөйдү, мен өз командабызга жана ушундай стандионубузга сыймыктанам. Биздин команда облустун чегинде гана эмес, өлкө сыртында да таанылат деп ишенем”, - деп бөлүштү ою менен жигердүү күйөрман, мурда футбол ойноп жүргөн Сабырбек АСАНКУЛОВ.
Тимур ЖУМАЛИЕВ,
жер жайгаштыруу жана кыймылсыз
мүлк боюнча башкы адис,
жаштар комитетинин төрагасы,
Гроздь ААда “Берлик” футбол тобунун
администратору,
электрондук дареги:
grozd.ayil.okruk@gmail.com

Окшош материалы: