Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ленин АА: баланын кыялдары орундалсын

2016-09-21 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Майыптуулугу бар баланы багуу ата-энеден чоң күчтү талап кылат жана дээрлик болгон убактысын алат. Мындай балдардын көбү өз алдынча баса албайт, тамак иче албайт, башка бирөөнүн жардамысыз жашай албайт жана суткасына 24 саат бою көңүл бурууну жана камкордукту талап кылат.Өзгөчө балдарды тарбиялаган бардык ата-энелерди бир нерсе бириктирип турат: алар оорулуу баланы багуу канчалык кыйын болгонун түшүнсө да, жалгыз өзү калса да баласынан баш тартышкан жок. Адатта мындай ата-эне мамлекеттик структуралардан эч кандай социалдык да, педагогикалык да, психологиялык да жардам алышпайт...

Аламүдүн районундагы Ленин айылында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери бул маселени жалгыз өзү чече албаарын түшүнгөн соң 2013-жылдын май айында “Баланын кыялы” коомдук бирикмесин түзүп, Күндүзгү борбор ачышты. Муну менен алар эки максатты көздөштү: биринчиден, өзгөчө баланын атаэнесинде майыптуулук бул өмүр бою созуларын, оорулуу балага коомдо жашаганды үйрөтүү керектигин, дос таап, баарлашканды, өзүнө кам көрүүнүн баштапкы көндүмдөрүн өздөштүрүүнү, кандайдыр бир кесипке үйрөтүү зарыл деген ойду калыптандырыш керек; экинчиден, ата-энени ишкерчиликке, жергиликтүү бийликтин, депутаттардын, бизнес структуралардын, жергиликтүү жамааттын жардамы менен пайда алып келчү ишмердүүлүккө тартуу менен үй-бүлөдөгү турмуш шартын жакшыртууга көмөктөшүү.
Бирок биринчи кезекте программанын жардамы менен алар маалыматка ээ болуп, кеп-кеңеш алып, өздөрүндө баарлашуу жана тажрыйба алмашуу жөндөмдүүлүгүн аныкташты.Майыптуулугу бар баланы тарбиялоо көйгөйүн чечүүгө чыгармачыл мамиле жасоо программанын өзгөчөлүгү болуп эсептелет – балдар кол өнөрчүлүгү, тигүүчүлүк менен алектенишет. Бала оюндун жардамы менен чыгармачыл процесске тартылып, ошол эле маалда баштапкы турмуш-тиричилик көндүмдөрүнө ээ болот.Мындай ыкма үй-бүлөлөрдө психологиялык чыңалууну азайтып, турмуш шартын жакшыртып, эң негизгиси аларды билим берүү процессине кошуу ыктымалдуулугу жогорулайт, мектепке даярдык көрүлөт. 2014-жылдын май айында “Баланын кыялы” коомдук бирикмеси “Хелспромдун” (Британия) финансылык колдоосу алдында майып баланы тарбиялаган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча долбоорду ишке ашырууга чакан грант утуп алды. Бул каражатка имарат ижарага алынып, иштей баштады. Буга параллель Ленин айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен кызматташтык башталды.
Айыл өкмөтү демилгечилерди колдоп, борбордун ижара акысынын бирбөлүгүн төлөп берип, балдар үчүн эмерек сатып берди.Киреше алып келчү ишмердикти өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен атаэнелерди жүн менен иштегенге, тигүүчүлүккө,улуттук стилде сайма саюуга үйрөтүп, уста-каналарды ачып берип,тигүүчү машиналарды сатып беришти. Ата-энелер сувенирдик  продукцияны даярдоо боюнча өздөрүнө кызыктуу болгон иш таба алышты. Ошону менен бирге кароосуз калтырууга болбой турган балдар дайыма алардын жанында болуп, мүмкүн болушунча бул иштерге акырындап тартыла башташты. Даяр сувенирлер жергиликтүү базарда сатылып,чет өлкөлүк туристтерде өзгөчө суроо-талапка ээ. Баласы оорулуу балдарга жардам көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу бир жагынан мамлекеттик органдардын көңүлүн ушул көйгөйгө буруп, бул адамдарга олуттуу жардам көрсөтүүгө түрттү. Экинчи жагынан коомдук бирикменин аброюн да көтөрдү. 
Бирикменин мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин сессияларына катышуу, майыптардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгуу, майыптуулугу бар балдарды колдоого багытталган программаларды ишке ашырууга гранттык өтүнмө таштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан тышкары тренингден өткөн жана өз укуктары тууралуу билим алган ата-энелер эми өз көйгөйүн чечүү үчүн кимге кайрылып, кайсы жерден жардам издей аларын билип калышты, алар айылдын коомдук турмушуна жигердүү катышууда.Бирок эң негизгиси – долбоор оорулуу балдардын турмушун жана өздөрүн бир кыйла өзгөртө алды. Буга ДЦП менен ооруган алты жаштагы Адилеттин окуясы далил болуп бере алат. Борбордун программасына кошулганга чейин Адилет үйүнөн эч жакка чыкчу эмес.Ата-энеси укуктук жактан сабатсыз болгондуктан ага майыптуулугу бар деген документтерди жол-жоболоштуруу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Борборго келген эки жылдын ичинде балада ийгиликтер байкала баштады – өзүн обочодо кармаган, чырлуу, түнт баладан Адилет топтун лидерине айланды.
Анда бирөөнү тууроо, байланыш түзүү, индивидуалдуулугун жоготпостон топ менен иштешүү жөндөмдүүлүктөрү пайда болду. Оорусуна карабастан ал көп нерсени өзү жасаганды үйрөндү – кийинип, тамак ичип, жашаган жерине тепкичтен көтөрүлүп чыкканды жана түшкөндү үйрөндү.Бала сүйлөй албайт. Бирок ишарат кылып, айрым сөздөрдү айтканды билип калды, атүгүл сүйлөм түзгөнгө да аракет жасап калды. Адистердин баамында, ыргак ушул бойдон сактала берсе, бала кадимки мектепте окуй ала тургандай даражага жете алмак.Борборго барган жыл ичинде Айдана катуу өзгөрдү.Ал командада ойногонду, конкреттүү кадам-кадамы менен иш ар акеттерди аткарганды – бут кийимин кийип, боолорун байлап, мончок та-гып, кагаздарды жабыштырганды билип калды. Мунун баарын ал чын дилинен жасайт. Эң негизгиси – мектепке бара баштады (эркин сабакка катыша алат, калган убактысын борбордо өткөрөт). Мектептен Айдана партага отурганды үйрөнүп, балдар менен ойноп, бардык классташтарынын атын жатка билет, кайсы сабак өтүлүп жатканын, тыныгуу качан экенин билет. Айдананын көздөрү жанып, жашоого болгон кызыгуусу пайда болду.
Тамара БАЛКИБЕКОВА,
“Баланын кыялы”
коомдук бирикмесинин төрагасы,
электрондук дареги:
tamarabalkibekova@gmail.com

Окшош материалы: