Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Новопавловка АА: жакшылык жасоого үрөткөн сабактар

2016-09-19 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

“Өзгөчө бала” коомдук бирикмеси Бишкекте гана эмес, Сокулук районунда да майыптуулугу бар балдарды баккан ата энелердин башын бириктирет. Мындай балдарга коюлган диагноздор да ар түрдүү – ДЦП, Даун синдрому, психикалык жана сүйлөө проблемалары. Баса, Новопавловка жана Военно-Антоновка айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызмат-керлери жүргүзгөн сурамжылоого жана Сокулук районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси берген маалыматтарга ылайык, бул калктуу конуштарда жана жалпысынан район боюнча өнүгүүдө өзгөчөлүктөрү бар мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарды окутуу үчүн бир дагы күндүзгү борбор жок. Ошол эле маалда расмий маалыматтарга караганда, райондо миңге жакын майып бала катталган. Сокулук районунун Маловодное айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борбор (интернат) иштейт. Бирок бул маселени чечүү жолу эмес. Анткени бала баары бир үй-бүлөдө тарбияланыш керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар эч кандай билим албайт.

Себеби бардык эле үйбүл күн сайын Бишкекке каттай албайт. Ошондуктан 2015-жылдын 1-октябрында “Өзгөчө бала” коомдук бирикмеси “Абилис” эл аралык фондунун (Финляндия) долбоорун ишке ашыра баштады деген кабар чоң кубаныч менен кабыл алынды. Бул долбоордун алкагында Сокулук районунун Новопавловка айылында мектепке чейинки курактагы майыптуулугу бар 20 бала жана алардын ата-энелери үчүн үйдө билим берүүнү уюштуруу каралган.Долбоордун максаты – наристелерге математика, жазуу, логика, арт-терапия боюнча башталгыч билимдерди берип, өз алдынча болуунун алгачкы көндүмдөрүнө үйрөтүү, башкача айтканда мектепке чейинки даярдыктан өткөрүү. 
Коомдук бирикмеде логопед, эмгек терапевти, психолог өңдүү адистер болбогону менен, анда мектепке чейинки курактагы майыптуулугу бар балдарды окутуу жана өнүктүрүү укугун берген америкалык сертификаты бар эки атайын педагог иштечү.
Долбоорду ишке ашырууга кеткен бардык чыгымдарды өзүнө “Биг Лоттери” фондунун (Британия) финансылык колдоосу менен “Абилис” фонду жана Хелспром, “Келечек плюс” коомдук бирикмесинин “КРда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоо” долбоору көтөрдү. Аталган долбоордун максаты – мектепке чейинки курактагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды өнүктүрүүгө ата-энелерди активдештирип, окутуу жана уюмдун материалдык-техникалык базасын түзүү. Бул уюм адистештирилген китептерди, көрсөтмөлүү окуу куралдарын, балдардын өнүгүүсүнө жардам берген материалдарды өз алдынча чыгарат.Долбоорго тартылган педагогдор өздөрү да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери жана балдарды окутууга жана өнүктүрүүгө башкалардан кем калышпай кызыкдар. Долбоордун алкагында ата-энелерге моралдык колдоо көрсөтүү үчүн психологду тартуу менен тренингдер өткөрүлдү. Ата-энелер үйдө эле оорулуу баланы кантип окутса болоорун, аң-сезимди өнүктүрчү кандай оюнчуктар жана китептер зарыл экенин иш жүзүндө көрө алганы кубандырат.
Эгерде сатып алууга каражат жетишсиз болсо, анда көрсөтмөлүү китепти өздөрү да жасай алат. Ошондой эле атайын педагогдор гречиха, күрүч, кум, туз, топчу, жалбырактар өңдүү дайыма колдо болгон предметтердин жардамы менен майда моториканы кантип өнүктүрсө болоорун көрсөтүп беришти.Леготека жана китептер да чоң пайда алып келди. Көптөгөн ата-энелер балдар бурчун жасап, финансы мүмкүнчүлүктөрүнө жараша оюнчуктарды, китептерди сатып алып, үйүндө эле балдар менен иштешүүдө. Албетте бул көп күчтү талап кылуучу эмгек. Бирок буга карабастан жыйынтыкка жетүү үчүн өтө зарыл. Тренингде ата-энелер майып балдар маселесинде эч кандай татаал нерсе жоктугун, болгону ойдон чыгарылган социалдык алкактар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн шарт түзүү максатында ашып өтүш керек болгон чектөөлөр бар экенин түшүнүштү. Ата-энелер бири-бири менен таанышып, достошту, эми алар бала багууда өз тажрыйбалар менен бөлүшүп турушат. Өз алдына майып балдарга карата мамилени түп тамырынан берүү өзгөртүү тапшырмасын койгон жигердүү ата энелердин тобу да түзүлдү. Алар жолугушууларда өз идеяларын биргелешкен талкууга алып чыгышат.
Андай идеялардын бири – Новопавловкада Күндүзгү борбор ачуу. Мындан тышкары бизнес уюштуруу,анын ичинде кондитердик цех (эки жаш эненин кондитер диплому бар), күнөскана, тигүүчү цехтерди ачуу пландары бар. Андан түшкөн пайда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн Күндүзгү борбордун өнүгүүсүнө жумшалмак.Мындан тышкары долбоорду ишке ашырууда энелер өз укуктары тууралуу билим алып, аларды коргогонду үйрөнүп, Саламаттык сактоо, Билим берүү, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтринин линиясы боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматка ээ болушту.Өз кезегинде “Өзгөчө бала” коомдук бирикмесинин кызматкерлери да маморгандар менен өз ара аракеттенүүнү үйрөнүп, Новопавловканын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери менен байланышты жөнгө салышты. ЖӨБ кызматкерлери жолугушууларды, чогулуштарды,семинарларды жана тренингдерди өткөрүү үчүн жыйындар залын бошотуп беришти.Чыңгыз Айтматов атындагы окуу-билим берүү комплексинде 2015-жылдын декабрында 5-6-кластын окуучулары арасында жакшылык жасоого үйрөткөн сабак өттү. 
Ага 20 бала жана үч мугалим катышты. Бул жылы Балдарды коргоо күнүндө майыптуулугу бар балдар үчүн да инклюзивдүү иш-чара өткөрүлүп, ага балдары майып 12 эне катышты. Бул майрамдык концертке биринчи жолу оорулуу балдар да катышты. Лицейдин завучу Мария Ивановна Логвиненко мындан ары мектеп жетекчили ушундай биргелешкен иш-чараларды өткөрүп турат деп ишендирди.Лицейдин педагогикалык жамаатына долбоордун иши жана уюм тууралуу маалымат берилип, мугалимдер ар түрдүү көмөк көрсөтүүгө убада беришти. Долбоорду ишке ашырууга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын энелери гана эмес, ошону менен бирге үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү – аталар, чоң ата, чоң энелер, инилери жана эжелери, таяке-тайжелери да тартылды.
Алар балдар менен үйдө гана алектенбестен, семинарларга катышып, адабият менен таанышып, мындай балдар менен үйдө көнүгүүнү баяндаган видеоматериалдарды көрүшүп, атүгүл, ата-энелер бошобой калганда майып балдарды окууга коштоп келип турушту. “Менин кызым өз укуктары тууралуу эч нерсе билчү эмес, эч кандай мыйзамдарды да окуган эмес. Болгону оорулуу бала менен депрессияга түшүп үйдө отура берчү. “Өзгөчө бала” коомдук бирикмесинин кызматкерлери зарыл учурда жардам колун сунушту. Менин кызым көп нерседен кабардар болуп, психологиялык жардам алып, майып баланы окутуу жана өнүктүрүү боюнча зарыл билимге ээ болду. Эң негизгиси ал жалгыз болбогонун түшүнүп, ушундай ата-энелер менен таанышты. Эми ал кимден колдоо алып, ким менен сүйлөшө алаарын билет. Сиздерге чоң рахмат!”, - деди небереси ДЦП менен ооруган таяне. “Биз ушундай долбоор Военно-Антоновка айылында да ишке ашырылышын каалайт элек. Менин төрт жаштагы балама аутизм диагнозу коюлган.
Биз убакытты үйдөн өткөрүүгө мажбурбуз. Айылда өзгөчөлүү балдарды өнүктүрүү үчүн эч кандай мүмкүнчүлүктөр жок, атайын бала бакчалар жана мектептер да жокко эсе. Биз тынчсызданып жатабыз – убакыт өтүүдө, балабыз чоңоюп келатат, ал эми өнүгүүсү кечеңдөөдө. Бизге жардамга келгилечи!”, - деп суранат баласы аутизм менен ооруган эне. Өзгөчө муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө көп нерсе талап кылынат. Дал ушуларга Ч.Айтматов атындагы лицейде инклюзивдүү аянтча зарыл (атайын дөбөлөр, күүлөнчөктөр ж.б.) (150 000 сомдун тегерегинде акча керек). Ал жердекадимки балдар да, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар да аралашып ойной бермек. Ново-Павловка айылында алар үчүн инклюзивдүү аянтча жок (арабада отурган балдар үчүн кармоочу бар атайын дөбөлөр).Бул демилгени, башкалардын бакубатчылыгы үчүн чоң салым кошуп жаткан адамдарды колдоп бере турган, айланасына санаалаштарды чогултуп, тил табышып, ЖӨБ органдарынын колдоосуна ээ боло турган демөөрчүлөр табылат деп үмүт кылабыз.
Салтанат ТОРОБЕКОВА, “Өзгөчө бала”
коомдук бирикмесинин төрайымы,
электрондук дареги:
saltanat.bishkek@gmail.com

Окшош материалы: