Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Фрунзе АА: ичүүчү суу келип, адамдар айылдан качпай калды

2016-09-21 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Таза суу тартыштыгы көйгөйү Фрунзе айылдык аймагынын Чорголо айылында да курч турат. Бул жерде 72 короодо 500 киши жашайт. 2000-жылдан тартып бул адамдар таза суу колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты. Негизи эле суу мененжабдуу системасы бул жерде 1983-жылы эле курулган. 16 колонка айылдын ичинде жайгаштырылып, дайыма иштеп турган. 16 жыл мурда айылды суу менен камсыздаган жалгыз насос күйүп кеткенден кийин колонкалар таланып, иштен чыккан.Адамдар негизинен арыктан суу ташып, аны ичкенге да колдонуп, малга да берип турушкан. Айрым машинасы барлар (айылда андай 15 киши гана бар) сууну 15 километр аралыкта жайгашкан кошуна айылдан алып келишчү. Кээ бирөө атка араба чиркеп, суу ташычу. Кышкысын арыктар тоңуп, калк кар чогултуп, ал ээригенден киийин тамак-ашкаколдончу.

Күз жана жаз мезгилдеринде жамгырдын суусун колдонушчу. Кийимди арыктын суусуна жуугандыктан ал тез эле эскирип калчу.Мунун баары адамдардын маанайына да таасирин тийгизип, кыжырданып, ачуулуу жүргөн адамдар көнүмүш көрүнүшкө айланып калган. Ал эми суу маселеси кайсы бир күнү чечилет деген үмүттүн жоктугунан улам адамдар келечекти элестете албай калышкан. Мындан улам айрымдар чыдабай, жакшыраак турмуш жана эң негизиси суу издеп, башка айылдарга көчүп кетишкен. Өткөн жылга чейин айылдыктар жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик бул көйгөйгө көңүл бурат деп ишенип жатышкан. Дагы канчага чейин күтө бермек эле белгисиз, бирок өткөн жылы “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында ЖМБА-иш-чаралары башталган.Бул иш-чараларда адамдардын көзү ачылгандай болду: алар мамлекеттен жардам күтүп отура бербестен, өз айылынын көйгөйлөрүн өздөрү эле чечип алууга жөндөмдүү болгонун түшүнүштү. Ошентип, айылдыктар негизги көйгөй таза суу тартыштыгы болгонун аныктап, аны өз алдынча чечүүгө киришти. Биринчи кезекте жети адамдан турган демилгелүү топ түзүлүп, алар бул көйгөйдү чечүү боюнча план иштеп чыгышты. Андан кийин БАПтын негизинде демилгелүү топ айылдык чогулуш өткөрүп, ага 150 киши катышты.
Элеттиктер Чорголо айылынан тоо жакты карай жайгашкан булак суусун тартып келүүнү сунушташты. Ошондой эле чогулуштун катышуучулары ар бир короодон миң сомдон чогултуу боюнча демилгени бир добуштан колдоп беришти. Баары болуп 70 000 сом чогулду. Жергиликтүү кеңештин чечими менен жергиликтүү бюджеттен 140 000 сом бөлүндү. Чогулган акчага пластик трубалары (1700 м) жана суу түтүк тармагы үчүн зарыл болгон жабдуулар (чорго, өткөргүч ж.б.) сатып алынды.АӨ узундугу 200 метр болгон канал казуу үчүн атайын техниканы – экскаватор бөлүп берди. Жергиликтүү жамааттын жашоочулары – 150 киши өз күчү менен күн сайын 10 кишиден болуп, бири-бирин алмаштырып, бригадалык ыкма менен иштеп турушту. Алар 15 күндүн ичинде техника жетпеген жерлерди казып, 1700 метр аралыкка трубаларды жаткырып чыгышты. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында 1700 метрге суу түтүк түйүнү төшөлүп, колонкалардын ордуна беш жерде чоргосу менен трубалар орнотулган.Айылдын дээрлик бардык калкы жылдын төрт мезгилинде аба ырайына карабастан таза сууга жеткиликтүүлүккө ээ болду. Эми алар ден соолугу үчүн кооптонбой калышты жана кошуна айылдан суу ташып келгенге убакыт коротпойт. Бул жагдай адамдардын маанайын да өзгөртүп, алар өз күчүнө ишенип, бардык турмуштук көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн болгонун, бул үчүн алакан жайып, бийликке үмүт артып отура бербеш керектигин, өз айылыңдын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабастан, жигердүү болуп, ар кандай татаал кырдаалдардан чыгуунун жолдорун тапса болоорун түшүнүштү.
Ошентип таза суу көйгөйүн чечүү элеттиктер үчүн жакшы мектеп болуп калды. Бул иштен пайданы Чорголо айылынын 450 жашоочусу гана эмес, тегеректеги жерлерди ижарага алгандар, малчылар, аңчылар, туристтер, бул жерде альпинизм менен алектенген спортчулар, кымыз менен дарыланган эс алуучулар да алышты. “Мурда биз сууну арыктан ташып, суу тунганча бир саатка жакын күтүп, андан соң аны кайнатып, тамак-ашка колдонуп келгенбиз. Тилекке каршы баары эле антчү эмес, мисалы, балдар чийки сууну ичип алып, ооруп калышчу. Таза, болгондо да булак суу келе баштаганда биз жаңыдан жашай баштагандай эле болдук. Эми адамдар күчүн жана убактысын суу ташыганга коротпой калды. Оорулардын саны да кескин кыскара түштү”, - деп бөлүштү элеттик дыйкан  Улан КЫДЫРКУЛОВ. Балдарда болсо окууга көбүрөөк убакыт пайда болду. Ал эми окуу кызыктуу болушу үчүн активисттердин демилгеси боюнча жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен чечими менен мектептерде компьютердик класс ачылмай болду. Бул Жергиликтүү демилгенин аркасы менен ишке ашууда.Чорголоктуктардын тажрыйбасын Фрунзе айылдык аймагынын башка айылдары – Чалдыбар жана Чолок-Арык да өздөштүрүп жатат. Себеби аларда да ушундай көйгөй бар жана эми алар кайсы багытта иш алып баруу керектигин билишет.
Таштанбай ТУНГАТАРОВ,
айылдык кеңештин депутаты,
фермер, м
электрондук дареги: frunzeao@mail.ru

Окшош материалы: