Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БИЙЛИКТИ КОММЕРЦИЯЛАШТЫРУУ – жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы кооптуу бурулуш

2016-07-05 / Көңүл чордонунда
БИЙЛИКТИ КОММЕРЦИЯЛАШТЫРУУ – жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы кооптуу бурулуш

Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоо жолунда алга умтулуулар, реформаны кармап туруу, артка кетенчиктөө же туура эмес багытты кармануулар болду. Акыркы жылдары ЖӨБ органдарынын өздөрүнө мүнөздүү болбогон функцияларды аткаруусун, тагыраак айтканда өндүрүштүк коммерциялык ишмердик аркылуу түз киреше табуу тенденциясын мына ошондой кетенчиктөөлөрдүн катарына кошсок болот. Бардык жерлерде айыл өкмөтү күнөсканаларды куруп, бизнес үчүн атайын техникаларды (экскаваторлорду, тракторлорду, жүк ташуучу унааларды ж.б.) сатып алып, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча муниципалдык ишканаларды, тигүүчү цехтерди, наабайканаларды ача башташты. Мындан тышкары бизнес менен алектенүү ниети көп учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, айылдык аймактарды дотациядан чыгарууга далбастаган губернаторлордун талаптарына негизделет. Бул үчүн алар экономикалык ишмердиктин өнүктүрүү үчүн муниципал-дык ишканаларды ачууну талап кылышууда. Бул көрүнүш акыркы жылдары кооптондурчу масштабга жетти: жергиликтүү бюджеттин зарыл каражаттары жумшалып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табиятына каршы келип, мындай түрдөгү схемаларда коррупциялык тобокелдиктер өтө олуттуу болууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн анын укуктук жана экономикалык өңүттөрүн баалап чыгыш керек.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам менен жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруунун алкагындагы тапшырмалардын тизмеги аныкталган жана бизнес менен тикелей алектенүү бул тизмекке кирбейт. 18-берененин 1-бөлүгүнүн 1-п. менен белгиленген жобо бар, ал ЖӨБ органдарынын милдеттенмесине “тиешелүү аймакта экономикалык өнүгүүнү камсыздоону” кошот. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдын негизинде ЖӨБО же муниципалдык мекеме бизнес менен алектене албай турганы талашсыз. Мындан улам муниципалдык ишкананы же акционердик коомду түзүү варианты калууда. Анын тартиби жана жол-жобосу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” Мыйзамдын 22-23-беренелеринде жазылган. Ар бир чарбалык субъекттин туруктуу ишмердигинин өзөктүк мүнөздөмөсү катары кирешенин болгону эсептелери шексиз. Бул болсо аталган Мыйзамдын 22-беренесинде көрсөтүлгөн. Бул муниципалдык ишканага да, акционердик коомго да тиешелүү.
 
Бирок кардарга карата муниципалдык жана жеке ишканалардын аракеттеринде айырма бар. Жеке ишкана келишимдин негизинде кызмат көрсөтөт жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөгөн кардардын каражаттары киреше булагы болуп эсептелет. Ушуну менен бирге эгерде кызмат көрсөтүүгө буюртманы ЖӨБ органы берсе, анда жергиликтүү бюджеттин каражаты да каржылоо булагы боло алат. Бирок кайсы бир себептерден улам жеке ишкерге же тапшырыкчыга бир нерсе жакпай калса, анда келишим үзүлүшү мүмкүн жана ишкер жаңы буюртмаларды издей баштайт. Муниципалдык ишканага байланышкан кырдаал башкача болот. “ЖӨБдүн финансы-экономикалы негиздери жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз милдеттенмелерине кирген кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт. Башкача айтканда, алар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам менен аныкталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү. Иш жүзүндө болсо ЖӨБ органдары жапырт түрдө бизнес менен тикелей алектене башташты. ЖӨБ органдарын бизнес менен алектенүүгө эмне түрттү Көпчүлүк учурда бул биринчи кезекте логикалуу көрүнөт. Мисалы, дотацияда турган ЖӨБ органында жарандардын суроо-талаптарын аткаруу үчүн материалдык мүмкүнчүлүгү чектелүү.
 
Ошондуктан алар болгон ыкмаларды колдонуп, акчаны өз алдынча, анын ичинде коммерциялык иш менен алектенип табууга аракеттенишет. Мунун башка бир түшүндүрмөсү бар: ошол ЖӨБ органдын аймагында кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн сунуштаган ишкерлер болбогондуктан айыл өкмөтү жарандардын, өзгөчө аярлуу топтордун суроо-талаптарын канааттандырып, кызмат көрсөтүүнү дагы да төмөн баада жеткириш үчүн бизнес баштайт. Бул ниети практикада канчалык ишке ашып жатат?Муниципалдык ишкананын кирешесин жергиликтүү бюджетке багыттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн ошол кирешени биринчи кезекте табыш керек эмеспи. Болгондо да киреше жеке бизнес менен атаандаштык шарттарында алыныш керек. Атаандаштыктын негизинде ишкананын жетекчисинин, кызматкерлеринин өз ишин жакшыртуу, киреше табуу же уставдык тапшырмаларды эффективдүү аткаруу мотивациясы болот. Жеке ишкердин мотивациясы түшүнүктүү. Ал пайда тапкысы келет. Ошол пайданы алыш үчүн жеке ишкер чыгашаларды оптималдаштырып,техниканы талаптагыдай абалда кармап, кызматкерлерди жакшы маяна менен кызыктырып, өз ишканасы үчүн кирешелердин кошумча булактарын издейт ж.б. Мындай мотивация муниципалдык ишкананын кызматкерлеринде барбы? Анткени муниципалдык ишкананын кызматкерлери белгиленген маянаны алып турат да. Бул акча иш болбогон күндө да эрежеге ылайык ага чегерилип турат эмеспи.
 
Муниципалдык ишкананын жетекчиси узак убакытка бул кызматты ээлейт деген кепилдик болбосо, анда жетекчиде узак мөөнөттүү өнүгүү программасын түзүүгө, техниканы талаптагыдай абалда күтүүгө мотивациясы болобу? Жети-Өгүз районундагы ушул өңдүү муниципалдык ишкананын иш практикасы 2015-жылы жергиликтүү бюджетке ишканадан эч кандай каражат түшпөгөнүн көрсөттү. Ушуну менен бирге, мисалы, эки комбайнды, болгондо да эскилерин сатып алууга гана Жети-Өгүз районундагы айыл өкмөтү 400 000 сомдон ашык каражат жумшаган. Алардын ичинен 200 000 сомдон ашууну жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен жана 200 000 сому Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан сарпталган. Комбайндарды оңдоп-түзөөгө кошумча каражат-тар талап кылынат, ал эми муниципалдык ишкананын кызматкерлери тетиктерди сатып бермейинче жана ремонт жасамайынча ишти баштабай жатышат. Ошол эле маалда ишкананын кызматкерлери катары комбайн айдоочуларына маяна чегерилип келатат жана алар ремонтту тездетүүгө көп деле ашыккан жери жок. Кыргызстандын шарттарында комбайн бир сезондо дан өсүмдүктөрдүн аянтынын 200 гектарын иштете алат1.
 
Башкача айткандакатуу киришсе комбайндар 400 гектар жерди иштетип кое алат. Айыл өкмөт жетекчисинин маалыматы боюнча, бир гектар жерди иштетүү 1500 сомду түзөт. Бирок муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы 10% аз. Б.а., элеттиктер жылына 60 000 сом үнөмдөшөт (150х400 = 60 000 сом). Мындан улам биринчи суроо пайда болот: эгерде аталган айылдык аймакта дан өсүмдүктөрү өстүрүлгөн жердин аянты 10 000 гектарды түзсө, дагы да арзаныраак кызмат көрсөтүү кимдер үчүн жеткиликтүү болот? Экинчи суроо: жылына 60 000 сомго жарандардын айрым категорияларына жардам берүү үчүн 400 000 сомдон ашык каражатты (күнүмдүк чыгашаларды кошпогондо) сарптоо канчалык зарыл? Анализ көрсөткөндөй, жыл сайын чыгашалар көбөйө берет, бирок муниципалдык ишкананын ишинин эффективдүүлүгү азаят. Натыйжада кандай жыйынтык болот?
 
  • Бюджеттен 400 000 сомдон ашык каражат тартылган, алардын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелер чечилиш керек болчу.
  • Муниципалдык ишкананын кирешелери жергиликтүү бюджетти толтура алган жок.
  • Жергиликтүү жеке комбайнчылар менен талапка жооп бербеген атаандаштык түзүлдү.
Эгерде бул айылдык аймакта жашоочуларга дан өсүмдүктөрүн жыйноо боюнча дагы да арзан кызмат көрсөтүүнү каалашса, анда социалдык жактан аярлуу топту аныктап, алар үчүн жергиликтүү кеңеш дан өсүмдүктөрүн жыйноонун баасын компенсациялоого жылына 60 000 сом көлөмүндө сумманы, б.а, ошол эле 10% бекиткени туура болмок.Ушуну менен бирге жумуштарды жеке комбайнчылар жасап, ЖӨБ органдары туруксуз муниципалдык ишкананы күтүү жана башкаруу боюнча түйшүктөн кутулмак. Ушундай эле мисалды түз бизнес менен алектенген башка муниципалдык ишканаларга карата да келтирсе болот. Айылда айыл чарба техникасы жетпей, жаңысын сатып алууга дыйкандарда мүмкүнчүлүк жок дейли. Бирок бул көйгөй ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгууда, бул маселени ЖӨБ органдары эмес, өкмөт, Айыл чарба министрлиги чечиш керек жана акча каражаттары ЖӨБ органдарына мүнөздүү болбогон функцияларга багытталбаш керек.
 
Айылдык аймактарды дотациядан чыгаруу аракетине келе турган болсок, анда бул көбүрөөк деңгээлде бюджеттер аралык мамилелер, кирешелерди администрациялоо жөндөмдүүлүгү, өз чыгашаларды оптималдаштыруу маселесине кирет.Бирок эч качан бизнес менен тикелей алектенүүгө болбойт. Муниципалдык ишкана абаттоо, КТК жыйноо, ичүүчү сууну жеткирүү маселесин чечүү, канализациялык системаларды күтүү ж.б. өңдүү чындап эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн. Бирок ошол эле маалда калкка акыга кызмат көрсөткөн башка бир кырдаалды карап көрөлү.Муниципалдык ишканада киреше алуунун 2 негизги түрү болушу мүмкүн: (1) кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрлөрү боюнча тарифтерди төлөө, аны жергиликтүү кеңеш бекитет жана (2) муниципалдык тапшырыкты аткаруунун алкагында жергиликтүү бюджеттин каражаттары. Муниципалдык ишкананын ишмердигинен түшкөн кирешелер бери дегенде анын милдеттенмелерин аткаруу боюнча бардык чыгашаларды жапса, бул ойдогудай болмок.
 
Б.а., тарифтер чогултулса (анын баасы реалдуу өз баасына шайкеш келиш керек), муниципалдык тапшырыктын көлөмү боюнча толук иштесе жана ал толугу менен төлөнсө. Иш жүзүндө бул булактар боюнча толук түшүүлөрдү камсыздоо оңой эмес. Анткени эрежеге ылайык, адатта жергиликтүү депутаттар тарифтердин наркын жарандар алдында спекуляциялардын куралы катары колдонуп келишет. Мындан тышкары адатта калк кызмат көрсөтүүнүн сапаты начар деген шылтоо менен, же төлөбөй койсо эч кандай жазага тартылбаганын билип туруп тарифти төлөөдөн баш тартат. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык тапшырыктын баасын төлөө аркылуу муниципалдык ишкананын ишин каржылоо практикасы толук өлчөмдө орун албай келатат. Ушул убакытка чейин муниципалдык ишкана совет мезгилиндей эле иш жүзүндө муниципалдык мекеме катары сметалык принцип боюнча каржыланууда жана аларга төлөнгөн акча аткарылган жумуштун көлөмүнөн көз каранды болбойт. Дотациядагы муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн туруктуулугун камсыздоо үчүн өз каражаттары дайыма эле боло бербейт.
 
Эгерде бул кырдаал жеке ишканага тиешелүү болгондо, анда ал келишимди үзүп, өздөштүрүү үчүн жаңы рынокту издей баштамак. Бирок муниципалдык ишканага келгенде кырдаал татаалыраак. Жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу процессин уюштуруу жана калкка жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү ЖӨБ органынын милдети болуп эсептелет. Муниципалдык ишкананын ишмердигин токтотуу менен жергиликтүү бийлик жарандарга кызмат көрсөтүүнү жеткирбей коюушу ыктымал деген коркунуч пайда болот. Эгерде муниципалитеттин аймагында ыктымал жекекызмат көрсөтүүнүн жеткирүүчү болбосо, башка варианттар да жок болсо, анда кырдаал ого бетер татаалдашат. Мындай учурда ЖӨБ башчысынын алдында оор маселе жаралат: кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун кантип камсыздаш керек?
 
Ошондуктан ЖӨБ органдарынын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери бизнес менен алектенүү зарылчылыгын кошумча киреше булагын табууга болгон керектөө менен түшүндүрүшөт. Мындай татаал кырдаалда ЖӨБ органдарына кандай кеңеш берсе болот? Биринчи кезекте көйгөйдүн өзүнө анализ жасап, муну кандай усул менен чечсе болот деген суроо узатыш керек? Ошол анализдин жыйынтыгы боюнча ЖӨБ орга-нынын жетекчиси эки ыктымал варианттын ичинен бир чечим кабыл алыш керек: (1) кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык ишкана/мекеме түзүү, (2) кызмат көрсөтүүнү жеке уюмга (жеке жакка) же коммерциялык эмес уюмга аутсорсингге өткөрүп берүү.Чечим кабыл алуу үчүн кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн болочоктогу туруктуулугунан кабар берген маалыматтарды изилдеп чыгыш керек:
 
  • Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөй турган абоненттердин же колдонуучулардын саны.
  • Тарифтердин мүмкүн болушунча чогултулушун камсыздоо мүмкүнчүлүгү.
  • Жергиликтүү бюджеттин абалы жана муниципалдык тапшырыкты каржылоого каражаттын болушу.
  • Зарыл болгон жумуштарды жасоо үчүн өзүнүн техникасынын, жабдууларынын, инфраструктурасынын болушу.
Болочоктогу же учурда иштеп жаткан ишкананын рентабелдүүлүгүн эсептей турган атайын методикалар бар. Эгерде эсептер кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү туруктуу болуп, кызмат көрсөтүүнү эффективдүү ишке ашырууга жөндөмдүү болгонун көрсөтсө, анда чоң маселе жаралбайт. Мындай учурда эки альтернатива тең четке кагылбайт жана анын ичинен тандап алууда кошумча факторлор роль ойнойт: жумуштардын күтүлгөн көлөмү,кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн квалификациясы, ЖӨБ органы тарабынан мүмкүн болгон кошумча чыгымдар.
 
Иш жүзүндө мындай кырдаал шаарларга же ири айылдык аймактарга көбүрөөк туура келет. Кырдаалга жасалган анализдин негизинде ЖӨБ органдарынын жетекчилери муниципалдык ишкананын келечектеги өнүгүүсүн болжолдой алышат.Эми кеңири жайылган кырдаалды карап көрөлү:калкынын саны көп эмес муниципалитет дотацияда турат жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө каражат жетишсиз дейли. ЖӨБ органынын жетекчиси татаал тандоого туш болду: же муниципалдык ишкана түзүү, же кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү. Муниципалдык ишкананы түзүү бул белгилүү бир кошумча милдеттенмелер. Жеке ишкер алардан оолак боло алат:
 
  • муниципалдык ишкананын жетекчисин жана бухгалтерин күтүү,
  • салыктык милдеттенмелерди милдеттүү түрдө аткаруу, салык отчеттуулугунун формалары жана жол-жоболору боюнча маневр жасаганда чектөөлөр. Мисалы, жеке ишкер бухгалтерди тартпастан салык салуу системасынын жеңилдетилген системасы боюнча иштей алат,
  • жумуштун көлөмүнө карабастан муниципалдык ишкананын кызматкерлерине маянаны милдеттүү түрдө төлөп берүү зарылчылыгы.

Эрежеге ылайык, бул ички кредитордук карыздын негизги себеби болуп калууда. Жеке ишкер бизнести диверсификациялап, болбой калды дегенде ишин убактылуу токтотуп, төлөп берүү маселесин дагы да ыкчам чече алат. Кирешенин жетиштүү булактары болбогон шартта мына ушундай милдеттенмелердин болушу эрежеге ылайык, күн мурда муниципалдык ишкананы банкроттукка алып келет. Бирок буга карабастан ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүнү жеке жеткирүүчүгө бербестен, техниканы, жабдууларды сатып алууга, инфраструктуранын курулушуна олуттуу каражаттарды (адатта донорлордун акчасын) сарпташат. Кызмат көрсөтүү системасын уюштуруу үчүн мындай кырдаалда ЖӨБ органдарына кандай кеңеш бере алабыз?

Эгерде муниципалдык ишкананы түзүү тууралуу чечим кабыл алынса жана башка варианттар каралбаса, анда уставдык документте жана жободо ишкананын туруктуулугуна көмөктөшө турган нормаларды караштыруу зарыл: (1) жетекчиде жана кызматкерлерде өз ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртууга болгон материалдык жана моралдык мотивация, (2) муниципалдык тапшырыктын баасын жана көлөмүн бери дегенде бир жылга аныктап алуу, (3) муниципалдык тапшырыктын аткарылышына зыянын тийгизбей тургандай калк үчүн акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымал тизмегин аныктап алуу. Муниципалдык ишкананы күтүүгө кеткен коромжуларды азайтуу үчүн аны башкаруунун оптималдуу моделин түзүп алуу маанилүү.
 
Эгерде кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү тууралуу чечим кабыл алынса, анда келишимдик мамилелердин алкагында төмөнкүдөй жоболорду караштыруу сунушталат: (1) кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнү тандап алууда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдын жоболорун сактоо, (2) муниципалдык тапшырыкты жүйөлүү эсептеп чыгуу, мында кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү аткарышы керек болгон милдеттенмелер жана ЖӨБ органы тарабынан акы төлөө боюнча милдеттенмелер каралат, (3) эгерде муниципалдык мүлк кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүгө берилсе, аны эффективдүү пайдалануу, ошондой эле мүлктү колдонуунун эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү боюнча так келишимдик мамилелер түзүлүш керек, (4) тарифтин баасын аныктоо, аны чогултуу үчүн жоопкерчилик бөлүгүндө, ошондой эле муниципалдык тапшырыкты түзүүнүн эрежелери жана тартиби боюнча акылга сыярлык акча саясаты жүргүзүлүш керек.Тилекке каршы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүнү уюштуруу маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бир кыйла сейрек тема болуп эсептелет жана ушул күнгө чейин көптөгөн маселелер талаштуу бойдон кала берүүдө. Бирок олуттуу каталарды болтурбоо үчүн ушул маселелерди талкуулоо зарыл экени айдан ачык болуп турат. 

 

Окшош материалы: