Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык тапшырык каражатты үнөмдөйт жана кызмат көрсөтүүнү жеткирет. Бирок жаңы мыйзам зарыл!

2016-07-04 / Көңүл чордонунда
Социалдык тапшырык каражатты үнөмдөйт жана кызмат көрсөтүүнү  жеткирет. Бирок жаңы мыйзам зарыл!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин буюртмасы боюнча даярдалган “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык тапшырыктын механизмин колдонуунун экономикалык таасири” аналитикалык докладына резюме. Докладды даярдоо зарылчылыгы “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун карап жаткан маалда пайда болду. Аталган изилдөөнүн башкы максаты – “социалдык кызмат көрсөтүүнүн механизми катары мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайылтуудан мамлекетке экономикалык пайда болобу?” деген суроого жооп табуу. Социалдык кызмат көрсөтүүнү мамлекеттин өзүнүн күчү менен гана уюштуруу мындан дагы жеңил жана арзаныраак болуп жүрбөсүн?

Докладдын жалпы тыянагы Мамлекеттик социалдык тапшырыктын (МСТ) механизми – бул Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруунун жалпы реформалары менен шартталган, өтө зарыл болгон социалдык өнүгүү системасынын жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун элементи. МСТ механизми 10 негизгифактордун эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга, мамлекетке жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө олуттуу экономикалык таасирин тийгизет. Ал факторлор МСТнын жардамы менен коромжуларды азайтып, кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жана канааттануу деңгээлин жогорулатат, кызмат көрсөтүүнүн тизмегин жанагеографиясын кеңейтет, кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болуп, бирок эсепке алынбай калгандарды аныктап, аларга комплекстүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирет, күнүмдүк жана келечектеги чыгымдарды үнөмдөп, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө дагы да жагымдуу шарттарды түзөт.
 
МСТнын өнүгүүсү үчүн өбөлгөлөр: мамлекеттик саясат жана эл аралык милдеттенмелер Кыргыз Республикасы социалдык коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык макулдашууларды тааныйт жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гана эмес, ошону менен катар бизнес, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар жана мамлекеттин координациялоочу ролунда өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр да социалдык коргоонун субъектиси болуп эсептелинет деп билет1. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтер көп тараптуу катышууга жана секторлор аралык өз ара кызматташтыкка негизделген2. Анын алкагында бизнестин жана коомдук сектордун атынан кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөрү (КМЭЖ) мыйзамдарды өркүндөтүү процессине гана катышпастан, ошону менен бирге социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо социалдык саясатты аткарууга да түздөн түз аралашат. Кыргыз Республикасы кошулган эл аралык макулдашуулар төмөнкүлөрдү караштырат: социалдык колдоо жакырчылыкты жеңүү, ачкачылык менен күрөшүү жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарларынын кадимки керектөөлөрүн канааттандыруу гана эмес.
 
Бул көбүрөөк баштапкы социалдык кызмат көрсөтүүлөргө тең жеткиликтүүлүктү камсыздоо, өз убагында психосоциалдык жардам көрсөтүү, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр ж.б. Балдар укуктары тууралуу Конвенция, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пакт үй-бүлөлүк чөйрөгө болгон укуктарды сактоо жана интернаттык мекемелерге альтернатива болчу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешет. Булар бир сөз менен стационардык эмес же жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр деп аталат. Заман талабына жараша социалдык өнүгүү бул аярлуу катмарды балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, майыптар үйлөрү өңдүү жабык типтеги мекемелерде кармоого эмес, алардын үй-бүлөлөрдө жашоосу же өз алдынча оокат кылуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Бул болсо учурдагы чыгымдарды алганда да, өнүгүү келечегин эсепке алганда да мамлекетке жана коомго көбүрөөк пайда алып келмек.
 
Акыркы учурларда Кыргыз Республикасында ишкеашырылып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн концепциясы мамлекетке кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу милдетин мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөргө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Бул кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана улам өрчүп бараткан атаандаштыктын эсебинен алардын сапатын жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат.Бул үчүн мыкты механизмдердин бири – өзүнүн социалдык жана экономикалык эффективдүүлүгүн көп жолу далилдей алган мамлекеттик социалдык тапшырык. Ошентип МСТны кеңейтүү зарылчылыгы Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринен, секторлор аралык кызматташтыкты карманганынан, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн концепциясын сактаганынан улам пайда болду.
 
Социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна сереп Стационардык эмес социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөө (суроо-талап). Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын негизги тобу: оор турмуштук кырдаалда турган (ОТК) балдар жана үй-бүлөлөр; майыптуулугу бар адамдар; кары адамдар. Оор турмуштук кырдаалда турган 300 миң бала социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана коргоого муктаж. Бирок мындай керектөөлөрдүн кайсы бөлүгү канааттандырылып жатканы тууралуу так маалыматтар жок. Майыптуулугу бар дээрлик 30 миң баланын 10 пайызынын гана муктаждыгы канааттандырылат. Майыптуулугу бар улуу муундагы 10 миң адам жана 50 миң кары-картаң адамдар арасында социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөө 5% гана канааттандырылат. Туруктуу жашаган жери жок адамдардын
(селсаяктардын), үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун курмандыктарынын ж.б. категориялардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрү тууралуу ишенимдүү маалыматтар жокко эсе. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына карата гана кыйыр божомолдорду жасаса болот. Алардын саны 2014-жылы 8 миң кишиден ашкан.
 
Ошентип Кыргыз Республикасында 100 миңден 400 миңге чейин адам социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж. Анткен менен бул керектөөлөр эң минималдуу даражада канааттандырылган. Жарандардын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча төлөй алуу жөндөмдүүлүгү жана мамлекеттин социалдык өнүгүүгө кеткен чыгымдары. Кыргыз Республикасындагы аярлуу жарандар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча төлөөгө жөндөмсүз. Ошондуктан алар мамлекеттин даректүү колдоосуна жана стационардык эмес социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектринин кеңейтилишине муктаж. Жакырчылыктын деңгээли 30 пайыздын тегерегинде жана бул сан өсүүдө. Мындан улам мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого жумшаган чыгымдары 2011-жылдан 2016-жылга чей

Окшош материалы: