Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бүгүнкү күндө Конституцияны өзгөртө болобу? Кимге ишениш керек?

2016-07-01 / Көңүл чордонунда
Бүгүнкү күндө Конституцияны өзгөртө  болобу? Кимге ишениш керек?

2016-жылдын күз мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата коомдук жана саясий кызуу талкуулар күтүлүүдө. Колдонуудагы Конституция 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган. Аталган темага карата коомдук кызыгуу жогорку деңгээлде болгонуна байланыштуу, ошондой эле бул маселе өтө маанилүү болгонунан улам “Муниципалитет” журналы анын укуктук жагына арналган макалалардын топтомун жарыялай баштайт Бул макалалар окурмандарга маселенин тегерегиндеги процессти баамдап, анын жыйынтыктарынан эмнени күтсө болоорун түшүнүүгө жардам берет. Биз журналдын бардык окурмандарын, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле саясатчыларды жана эксперттерди ошол макалаларга жооп кайтарып, редакцияга ой-пикирлерин жана баяндамаларын жиберип турууга чакырабыз.Жогорку Кеңештин айрым депутаттары “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун жана ага тиркелген “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгондон тартып коомдо кызуу талаш-тартыштар башталды.

Мыйзамдарда 2020-жылга чейин Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө толук тыюу салуу барбы?Талкуулардын бир бөлүгү Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн жол-жоболорун сактоо маселелерине арналган. Өзгөчө түзөтүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүнүн укук ченемдүүлүгү тууралуу маселе курч турат: 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртсө болобу, же жокпу? Бул маселени чечип алмайынча депутаттар сунуштаган түзөтүүлөрдүн маңызын жана мазмунун талкуулоонун кажети жок.
 
Бул маселеде адатта окурмандар эксперттердин пикирине таянат жана мында алардын саясий көз карашына көп деле көңүл бурбайт. Ар бир эксперт кандайдыр бир деңгээлде кайсы бир саясий багытты карманат. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эксперттер бир саясий позицияны, өзгөртүүлөрдү колдогондор экинчи бир позицияны ээлешет. Бирок алардын баарын бир нерсе бириктирип турат – алар биздин өлкөбүздө болуп жаткан саясий жана укуктук процесстерге кайдыгер эмес. Ошентсе да, эксперттердин саясий көз караштарын урматтоо менен, алар укуктук фактыларга так жана толук анализ жасап, өз сөздөрүн жана тыянактарын негиздеп бериш керек деген ойдобуз.
 
Саясатчылар же эксперттер мыйзам нормаларын так жана толук эмес чечмелөөгө негизделген көз караштарын атайын, же билбей туруп коомго жарыяласа, алардын калпы, компетенттүү эместиги билинип калат. Келиңиз, эч бир тарапка тартпай, бурмалабай, “пайдалуу эмес” беренелерди айтпай койбостон, мыйзамдарга тең салмактуу анализ жасап көрөбүз. Адегенде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы тартиби кандай болгонун эстеп көрүш керек. 2010-жылдын 27-июнунда өткөн референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби тууралуу жалпы жоболор камтылган.
 
«114-берене. 1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн. 2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. 3. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамд ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
 
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн. 4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат. 5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш». Конституциянын 114-беренесинде Баш мыйзамды өзгөртө ала турган субъекттердин тизмеги берилген. Ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосуна да талаптар коюлган.
114-беренеге ылайык, Конституцияны эки субъект өзгөртө алат:
 
  • ЭЛ (Жогорку Кеңеш дайындаган референдумду өткөрүү жолу менен); ушуну менен бирге референдумду өткөрүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси (80 депутаттан кем болбош керек) демилге көтөрүп чыгыш керек;
  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН өзү, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алуу жолу менен. Ушуну менен бирге Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин эсиңиздерге салгандан кийин, эми биздин башкы сурообузга өтөлү: чындап эле 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынганбы жана кайсы жерде, башкача айтканда, кайсы расмий документте бул тыюу жазылган?

Бул суроого жооп берүү үчүн биз “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кайрылышыбыз керек. Бул Мыйзам 2010-жылдын 27-июнунда өткөн референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен чогуу кабыл алынган. Аталган мыйзамдын 4-беренесинде “Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет” деп айтылган.Шашма окурман Мыйзамдын бул нормасын көрүп эле “Мына, көрдүңөрбү! Мыйзам 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салат экен! Болду! Талкуулоонун кажети жок!” деп кыйкырып жибериши мүмкүн. Мындай окурмандын пикирин туура да, туура эмес да деп айтсак болот.

Эмне үчүн? Тыюу салуу болгон учурда окурмандын пикири туура болот. Бирок бул тыюу Жогорку Кеңеш үчүн гана белгиленген. Болгондо да Жогорку Кеңешке Конституцияны өзгөртүүгө салынган тыюу толук жана абсолюттук эмес. Тыюу салуу Конституциянын айрым гана жоболоруна тиешелүү. Тагыраак айтканда – Жогорку Кеңеш ушул Конституциянын 3-8-бөлүмдөрүн гана өзгөртө албайт. Конституциянын башка бөлүмдөрү боюнча (1-2-бөлүмдөр) Жогорку Кеңеш өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу бар. Ошентип, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө тыюу бар, бирок ал биринчиден, бүтүндөй бир Конституцияга эмес, анын айрым бөлүктөрүнө гана салынган, экинчиден, бир гана субъект – Жогорку Кеңеш үчүн гана салынган.

Ал арада, Конституцияны Жогорку Кеңеш гана эмес, Кыргызстан эли өзү да өзгөртө алат. Ал эми Конституциянын эл тарабынан өзгөртүлүүсүнө Мыйзам менен тыюу салынган эмес. Эгерде “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзам Конституциянын бардык 114-беренесине (анын 2-бөлүгүнө гана эмес) мораторий киргизсе, анда Конституцияны өзгөртүү ыктымалдуулугу тууралуу сөз да козголмок эмес. Бирок Мыйзамда Конституцияны эл да өзгөртө албайт деген норма болбогондуктан, анда ал (эл) муну жасоого укуктуу. Анткен менен бул үчүн кандайдыр бир тартип белгиленген. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе боюнча эл да өз пикирин билдире алышы үчүн парламент да референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды кабыл алып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун референдумга чыгара алат.
 
Референдум депутаттардын демилгеси боюнча (Конституциянын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык, үчтөн экисинен кем эмеси, башкача айтканда депутаттардын жалпы санынан 80 депутат), же 300 000 кишинин демилгеси боюнча (“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 10-беренеси) өтсө болот. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо демилгеси Жогорку Кеңештин түпкүрүндө бышып жетилди. Референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоордун тексти менен кошо жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Анткен менен бул мыйзам долбоорлорунун коомдук талкуу үчүн жарыяланышы алар Жогорку Кеңешке расмий түрдө киргизилди дегенди билдирбейт.
 
Бул демилге расмий болушу үчүн адегенде узактыгы бир айдан кем эмес коомдук талкуу өткөрүү талап кылынат. Мыйзам долбоорлор Жогорку Кеңештин сайтында бир айдан кем эмес убакыт бою “илинип” тургандан кийин гана аларды сунуштагысы келген депутаттар мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Жогорку Кеңешке расмий түрдө киргизе алышат. Мыйзам чыгаруу демилге укугун колдонуш үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыккандар жана болочок демилгечилер аны Жогорку Кеңештин кароосуна расмий түрдө киргизиш керек. Бул үчүн “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын талаптары, тагыраак айтканда 47-берененин жоболору сакталууга тийиш. Бул беренеге ылайык: 1. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъекти тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбооруна төмөнкү коштоочу материалдар тиркелет:
 
  • демилгечинин коштоочу каты;
  • мыйзамдын долбооруна карата маалымдама-негиздеме, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтуусу тийиш:
  • мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;
  • мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;
  •  парламенттик угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;
  • мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө;
  • каржылоонун булактары тууралуу;
  • эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүү киргизилип жатса, салыштырма таблица;
  • сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун (мындан ары – мыйзам долбоорунун пакетин);
  • ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөндөөчү таасирин талдоону”.
     
Мындан тышкары “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоорунун тексти да тиркелиш керек (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 66-беренесинин 1-бөлүгү). Дал ушул этапта Конституцияны өзгөртүү тууралуу мыйзамды референдумга алып чыгууну сунуштаган депутаттардын саны тууралуу Конституциянын эрежелери сакталууга тийиш (“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу коштоочу катка бери дегенде 80 депутат кол коюш керек). Ошондон кийин гана зарыл болгон документтердин пакетинин толуктугу жана мыйзам долбоорун киргизүүнүн жол-жоболору туура сакталып-сакталбаганы текшерилет. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш каттайт жана ал расмий документ болуп калат. Аны Жогорку Кеңеш,
анын комитеттери жана депутаттары кароого тийиш.
 
Эгерде мыйзам долбоорлор жана коштоочу документтер 45-берененин (мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жана алардын саны тууралуу) жана 47-берененин (коштоочу документтер) талаптарына жооп бербесе, анда Жогорку Кеңештин Төрагасы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 49-беренесине ылайык, демилгечиге мыйзам долбоорун жана ага тиркелген документтерди кайтарып берет (мисалы, коомдук талкуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат жок болсо). Ошондуктан, Конституцияны өзгөртүү тууралуу демилге жөнсүз деген ырастоолор чындыкка коошпойт.
 
Конституциялык палатанын алдын ала корутундусу зарылбы? Айрым эксперттер жана саясатчылар Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жибергенге чейин демилгечилер Жогорку Сотко караштуу Конституциялык палатанын корутундусун алышы керектигин ырасташууда. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык палатанын корутундусу зарылбы? Корутунду берүү боюнча Конституциялык палатанын конституциялык ыйгарым укуктары кандай болот? Конституциянын өзүндө биз жооп таба албайбыз. Мындан улам башка мыйзамдарга кайрылышыбыз керек.
 
Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизип жатканда, ага Конституциялык палатанын корутундусу кошо тиркелиш керек деген талап “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 47-беренесинде жазылган эмес. Тагыраак айтканда, мыйзам долбоорун демилгелеп чыкканда, анын авторлору Конституциялык палатанын алдын ала корутундусун алууга милдеттүү эмес. Мыйзам долбоору расмий түрдө мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде киргизилгенде гана Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун Конституциялык палатага жибериш керек. Бул болсо Конституцияга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш өзү киргизип жаткан учурларда гана ушундай болуш керектигин белгилегим келип турат. Ал эми Конституцияга өзгөртүүлөр референдум аркылуу киргизилип жатса, анда милдеттүү түрдө болбойт.
 
Эмне үчүн? Себеби эч ким элдин мыйзам кабыл алуу укугун чектей албайт. Атүгүл эл шайлаган Жогорку Кеңеш да буга укуксуз. Бул мамлекеттик бийликтин булагы катары элдин талашсыз жана айныгыс ыйгарым укугу. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын 66-беренесинин принциби ушуга негизделет. Ага ылайык, “Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоодо Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун текстине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт”. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун маңызы боюнча карабайт. Жогорку Кеңешмаңызы боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун гана карайт. Мына ушул контексттен алганда Жогорку Кеңеш “дарбазачынын” гана функциясын аткарат: ал элге Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна эшикти “ачып” берүүгө гана ыйгарым укуктуу.
 
Ал эми Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алыш керекпи же жокпу – муну эл өзү чечет. Албетте, Жогорку Кеңеш же депутаттык фракция корутунду алуу үчүн мыйзам долбоорун Конституциялык палатага жибере алат. Анткен менен эл үчүн бул корутундунун юридикалык күчү болбойт. Конституциялык палатанын корутундусу кошумча агитациялык мүнөзгө гана ээ болуп, добуш берүүчүлөрдү Конституцияны өзгөртүүгө “макул” же “каршы” добуш берүүгө гана түртөт. Ошентип, жогоруда айтылгандарды өздөштүрүп, андан да жакшысы Конституцияны жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамды дагы бир жолу окуп чыгыш керек. Ошондон кийин гана саясатчылар жана эксперттер Конституцияны өзгөртүү тууралуу маселени референдумга алып чыгуу демилгесине кандай гана баа бербесин, окурман бул пикирлерди сынчыл көз караш менен өз алдынча баалай алат.

 

Окшош материалы: