Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аксакалдар жаштардын активдүүлүгүнө бата беришти жана жашоо да жеңилдей түштү

2016-06-20 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган жана Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна катышуу үчүн Чүй облусундагы муниципалитеттерден 45 конкурстук өтүнмө келип түштү. 12 жеңүүчү муниципалитеттин катарына Александровка АА (Чүй облусунун Москва району) да кошулду. Бул АА үч айылдан турат: Александровка, Беш-Корук жана Крупская атындагы айылдар. Айылдык аймактын жалпы аянты 12 000 гектарды түзөт. Ал Бишкек шаарынан 33 км, район борбору болгон Беловодск айылынан 12 км аралыкта жайгашкан. Калкынын саны 16 872 кишини түзөт.

Муниципалдык менчикте 50 объект бар. 2015-жылдын апрель айында Александровка АА менен Долбоор ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлүп, окуу тренингдери жана ЖМБА-сессиялары башталды. Аларга жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, аппарат жетекчилиги жана айыл лидерлери катышты. Натыйжада 11 артыкчылыктуу көйгөй аныкталып, демилгелүү топтор түзүлдү, биринчи кезектеги маанилүү маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттер планы иштелип чыкты. Мындан тышкары биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору түзүлүп, көптөгөн коомдук иш-чаралар, анын ичинде бюджеттик угуулар, артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн эң маанилүүлөрүн тандап алуу боюнча жыйындар өткөрүлдү. Ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Александровка АА конкурстук негизде бир миллион сом көлөмүндө грант утуп алды. Бул грант көптөн бери көкөйгө тийип жүргөн маселени – калктуу конуштагы ички жолдорду реконструкциялоо жана модернизациялоо көйгөйүн чечүүгө багытталган. Чечим кабыл алуу процессинде жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөгөн Долбоор Беш-Корук айылынын жаштары үчүн чоң түрткү болду.
 
Бул жердеги жаш айыл башчысы Болотбек ЖЕКШЕНБЕКОВ жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө калкты мобилдештирүү боюнча иштерди абдан жакшы уюштурууда.Натыйжада 1164 киши жашаган Беш-Корук айылы көз көрүнө өзгөрдү, ал эми бешкоруктуктарды көрүп, алардын кошуналары – жакын жайгашкан айылдардын тургундары да активдеше башташты. Эмесе баары эмнеден башталган эле? Биринчи кезекте айыл башчы бардык айылдардын тургундары менен чакан чогулуш өткөрүп, анда топтолуп бүткөн көйгөйлөр боюнча түрдүү маселелер талкууланды. Элеттиктерге минтип алакан жайып отурбаш керектигин, дайыма эле айыл өкмөткө даттана берүү туура эмес экенин түшүндүрүүгө туура келди. Өздөрү аракет жасап, демилге көтөрүп, айыл өкмөтү менен бирге маселелерди чечүү жолдорун издеши керектиги айтылды. Бул жолугушуулар текке кеткен жок – биринчи кезекте жаштар үн катты.Мындан кийинки өнүгүү дал ушул жаштардан көз каранды, алар негизги кыймылдаткыч күч эмеспи. Жаш элеттиктер демилгелүү топ түзүп, Беш-Корук айылындагы коопсуздук маселесин чечүү боюнча план иштеп чыгышты. Көчөлөргө жарык өткөрүү маселесин чечүү үчүн финансы каражаттарын чогултуу боюнча иштер ыкчам уюштурулду. Бул милдетти өзүнө 30-40 жаштардагы эркектер алды. Жалпысынан акча чогултуу менен 130 киши алек болду. Элеттиктердин ар кимиси мүмкүнчүлүгүнө жараша акча беришти – 500 сомдон 1000 сомго чейин берип жатышты. Натыйжада 120 миң сом чогулду.
 
Бул акчага энергияны үнөмдөгөн 80 чырак сатып алынып, аны өз күчү менен Беш-Коруктун сегиз көчөсүнө орнотуп чыгышты. Баса, эмгек салымы 20 миң сомду түздү. Бардык иштер Рамазан айынын алгачкы күнүндө – 2015-жылдын 16 июнунда жыйынтыкталды. Бул күнү мечитте салттуу ооз ачуу өтүп жаткан жана ага 150гө жакын киши катышкан эле. Бул көчөлөргө жарык берүү маселесин чечүүгө багытталган акциянын бардык катышуучулары үчүн мечиттен чыгып, жапжарык көчөлөрдү көргөн учур эң эсте калган учур болду. Алгач баары нес болуп туруп калышты. Андан кийин алардын кубанычына чек болгон жок. Жаңы шамчырактар айыл көчөлөрүн күндүзгүздөй жарык кылып турган эле. Элеттиктер майрамдагыдай маанай болгонун, абдан катуу кубанышканын айтып, сезимдерин жашыра албай турушту.Аксакалдар болсо мындай жарык көчөлөр атүгүл совет маалында да болбогонун айтып жатышты. Айылдын атынан аксакалдар баталарын беришип, бул демилгенин уюштуруучуларына болгон жакшылыктарды каалашып, көчөлөргө жарык берүүгө катышкандардын баарына ыраазычылыгын айтып бүтө албай турушту. Аксакалдардын батасын алып, алгачкы ийгилигине кубанган жаштар кийинки багыттар боюнча маселени чечүүгө киришти. Ошентип көп өтпөй өз ара чогулткан 15 миң сомго жана эмгек салымынын эсебинен айылдын жогорку көчөлөрүнө таза суу өткөрүп берүү маселеси чечилди.
 
Ошондой эле жалпы узундугу 350 метр болгон алты айылдык көчөгө 75 миң сомго майда кум төгүлдү. Ошентип бешкоруктук жаштар ЖӨБ органдары менен биргеликте ЖМБА-иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган жана Биргелешкен аракеттер планында каралган айылдын көйгөйлүү маселелерин чече алышты. Өз кезегинде Александровка жана Крупская атындагы айылдардын АК депутаттары Беш-Корук айылынын жаштарынын ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу өз шайлоочуларына айтып беришти. Алардын мисалы айылдык аймактын башка тургундары үчүн түрткү болду. Башкалар да өз айылдарынын турмушуна жигердүү катышууну чечишти. Александровка айылынын тургундары калктуу конушта жакшы иштерди жасоо эпидемиясы тараганын моюнуна алышты. Алар да көчөлөргө жарык өткөрө башташты – Александровка айылындагы Масанчин көчөсүндөгү 10 устунга 20 миң сомго жана жергиликтүү жамааттын салымынын эсебинен чырактар орнотулса, Крупская атындагы айылдагы Мичурин көчөсүндө 10 чырак орнотулду.Эми Беш-Корук айылынын жаштары дайыма кеп-кеңеш сурашып, башка айылдын жашоочуларына кайрылып турушат. Ошол эле маалда балдар айылдык аймактагы кошуналарына да колдон келген жардамын беришүүдө.
 
Өз күчүнө ишенген Беш-Коруктун жаштары айылдын гана эмес, жалпы аймактын да өнүгүүсү боюнча дымактуу пландарын курушууда. Алар ЖӨБ органдары менен биргеликте ЖМБА-иш-чараларынын алкагында аныкталган жана БАПка кирген бир катар артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү пландап жатышат. Алардын арасында чакан футбол талаасынын курулушу, канал аркылуу 40 метрлик көпүрөнү өткөрүү, клуб куруу, жолдорду оңдоо, мектептин аймагын тосмолоо өңдүү иштер бар.Акыркы он жылда калк менен башкаруу органдары ортосунда байланыш көп жакшы түзүлбөгөнү,муундар ортосунда байланыш үзүлүп, жамаатта мураскорлук жоголуп баратканы белгилүү болду.Жаштар жана улуулар ар кимиси өз оокаты менен алек болуп калган. Бешкоруктуктардын мисалы жаштардын биригүүсү, бардык жамаат үчүн жалпы болгон максаттарды коюп, аларга жетүү үчүн бардык тараптарды, анын ичинде ЖӨБду тартуу канчалык маанилүү болгонун көрсөттү. Аксакалдар жаштардын ишин колдоп, туура нукка багытташ керек. Алар адилеттүүлүктүн, эл үчүн кызмат кылуунун, патриоттуулуктун үлгүсү болуп, руханий, маданий, улуттук жана социалдык баалуулуктарды сактоого тийиш.

Окшош материалы: