Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭЛЕТТИК ДОН КИХОТ таштанды менен күрөшүүдө, же Активисттин мисалы башкаларга кантип үлгү болду

2016-06-11 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
ЭЛЕТТИК ДОН КИХОТ таштанды менен күрөшүүдө, же Активисттин мисалы башкаларга кантип үлгү болду

Гроздь АА Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан. Муниципалитет беш айылдан турат. Алардын ичинен Гроздь жана Бирдик айылдарында калк жыш жайгашкан. Айылдык аймактын жалпы аянты 4075 га түзөт. Аймак Бишкектен 25 км аралыкта жайгашкан. Район борбору болгон Лебединовка айылы менен да ушундай эле аралык алыстатып турат. Айылдык аймакта 1031 үй кожолугу бар жана калкынын саны 3568 кишини түзөт.

2015-жылдын май айында Гроздь АА Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) менен кызматташта баштаган. Долбоордун жардамы менен ЖМБА-сессиялары аркылуу айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, АӨ аппаратынын жана жамаат лидерлеринин катышуусу менен калктуу конуштагы 9 артыкчылыктуу көйгөй аныкталган. Алардын ичинен таштандыны тазалоо жана чыгарууну уюштуруу маселеси эң негизги деп табылган. Биринчи кезекте калк да, ЖӨБ органдары да катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү дээрлик болбогонун моюнуна алышты. 2011-жылдын башында эле айылдык кеңештин чечими менен таштанды чыгаруу үчүн тариф бекитилген – ар бир адамдан айына 15 сомдон алынмай болгон.
 
Бирок иш жүзүндө бул сумманы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары гана – 500дөн ашык киши төлөп келген. Бул болсо калктын 14% гана түзөт. Иш жүзүндө акыны чогултуу эсептик суммадан 12% ашкан эмес. Ал арада конуш тургундары таштандыны үйүнүн жанына эле төгө башташты. Кээде таштанды ушунчалык көп болуп жыйылып калгандыктан киши ал жерлерден өтө албай да калчу. Айыл өкмөтү таштандыны тазалоо үчүн атайын техниканы жылына эки-үч жолу жалдачу. Ушуну менен бирге бул үчүн каражат жергиликтүү бюджеттен төлөнүп келген. Жеке сектордун жашоочулары болсо таштанды чыгаруу маселесин өз алдынча чечип келди – бирде өздөрү чыгарса, кээде өрттөп турушту. Дал ошондуктан алар КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдөн баш тартып келишти. Бирок жолдо айыл көчөлөрүндө жана анын тегерегинде жаткан таштандылар элеттиктердин тынчын алып, алар айлана-чөйрөнү булгабоонун жолдорун издей башташты. Гроздь айылында 26 жаштагы Усман ШОДМАНОВ аттуу карапайым элеттик жигит жашайт. Ал ата-энеси менен бирге жашылча өстүрүп, аны элеттиктерге сатат. Ушул жигиттин эмгегинин натыйжасында жергиликтүү калк сапаттуу жашылча менен камсыздалып турат десе да болот. Усмандын айтымында, жашылча сатуудан түшкөн пайда аз болсо да, күнүмдүк жашоого жетет. Бир жолу, 2013-жылдын жаз мезгилинде Усман малын айылдын жанындагы жайытка чыгарууну чечет.
 
Бирок ал жерден өрттөлүп бүтүп, үч жерде үйүлүп жаткан таштандыга күбө болот. Бул көрүнүш жигитти абдан капа кылат. Биринчиден, мал жайганга жер калбагандыктан айылдан өтө алыс жерге барууга туура келет. Экинчиден, айлана-чөйрө ушунчалык деңгээлде булганганын көрүп, маанайы бузулган. Таштанды чыгаруу иши кандай абалда болгонун, элеттиктердин көбү кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөдөн баш тартканын билген жигитти бул көрүнүш катуу ойго салган. Ошондон баштап баары ыраазы болуп, айлана-тегеректе тазалык жана тартип сакталышы үчүн бул системаны канткенде жолго салса болорун түнү менен ойлоп чыккан. Кийинки күнү Усман көйгөйдү чечүү үчүн эмне кылыш керек деп, элеттиктер менен кеңешет. Бирок ар кандай пикирлерди уккандан кийин эч ким ага жардам бербей турганына көзү жетип, маселени өз алдынча чечүүгө киришет. Ал адегенде чөнтөгүнөн акча чыгарып (соляркага 700 сом төлөгөн), жер участогун теңдөө үчүн трактор жалдайт. Трактор таштанды чогулган жерди тазалап, тегиздеп чыгат жана ошол жердеги таштандынын баарын чыгарып кетет. Усман таштанды бул талаада гана эмес, айылдын тегерек четинде, көчөлөрдө жатканын көрүп, өз күчү менен тазалай албай турганына көзү жетет. Ар кайсы жакта жаткан курулуш таштандылары – кум, гравий, ылай үйлөрдүн жанында эле төгүлүп, айылдагы жолдорду тосуп калган эле. Бирок буга карабастан биздин каарманыбыз таштанды жана тазалыкты бузгандар менен кармашты токтоткон эмес.
 
Ал айып жаза салгандан баштап, мындай кылбаш керектигин айтып, элеттиктер менен узакка созулган түшүндүрүү иштерине чейин жүргүздү. Белгилүү Дон Кихот сымал ал таштанды менен кармаша берди. Бирок, тилекке каршы, таштанды да азайган эмес. Анын окуясы таштанды жыйноо жана чыгаруу ишинде жалгыз адам ийгиликке жете албай турганын тастыктады. Бул жерде жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышкан комплекстүү иштер жасалыш керек эле. 2015-жылдын май айында муниципалитет ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтыкты баштап, Усман анын бардык иш-чараларынын жигердүү катышуучуларынын бири болуп калды. Айылдын сегиз активистинин катарында турган Усман Гроздь жана Бирдик айылдарын таштандыдан арылтуу, канализациялык системанын начар абалын оңдоо боюнча демилгелүү топко кирди. Жалпысынан айылдык аймакта ушундай төрт топ түзүлүп, ар биринде жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүү боюнча иш-чаралардын тизмеси бар эле. Таштанды көйгөйүн чечүүгө киришкен Усман, башка активист балдар долбоордун конкурсунда жеңишке жетип, бир миллион сом көлөмүндө грант утуп алабыз деп үмүт артышкан эле. Артыкчылыктуу долбоорлорду аныктоо боюнча чогулуш маалында алар өз планын сунуштап, эмне үчүн таштанды чоң көйгөй болгонун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу биринчи кезекте таштанды төкчү бетон аянтчаларын түзүп, контейнер сатып алууга каражат бөлүш керектигин түшүндүрүп беришти. 
 
Анткен менен жамаат башка көйгөйлөрдү артыкчылыктуу деп тапты. Бул – мектептеги билим берүү жана таза суу маселелери. Бирок Усман демилгелүү топтордогу достору менен кол шилтеп басып кетишкен жок. Алар таштанды көйгөйү менен күрөштү мурдагыдан да күчөтүштү. Жашоочулар таштандыны түнкүсүн төккөнү ишти ого бетер татаалдаштырып жатты. Ошондуктан алар түнкү рейддерди уюштуруп, тазалыкты сактабагандарды ошол жерден кармап жатышты. Усман тачкага таштанды жүктөп алып, аны айылдагы жолдун боюна төккөн төрт адамды кармаган экен. Мындай иштер канчалык зыяндуу жана кооптуу болгонун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Усман аларды өз жеринин патриоту болууга үндөп, тазалыкты сактабаганы үчүн кандай жаза каралганын айтып берчү. Ошондон кийин адамдар таштандыларын кайра алып кетип, мындай кылбай турганына сөз беришчү. Эми ал адамдар Усмандын жардамчылары болуп калышты. Алардын ар бири өз участогунда айыл старосталары менен тыгыз кызматташып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Айыл жашоочуларынан тышкары түнкүсүн үч жолу талаага жана суунун жээгине курулуш таштандысы төгүлгөн. Көрсө, бул таштандыны майда кум алганы келген бишкектиктер төкчү экен. Айыл өкмөт башчысы менен кеңешкенден кийин Усман достору менен өз эсебинен 12 такта сатып алып, “Таштанды үчүн айып – 2000 сом” деп жазып чыгып, аны айылдын тышындагы жана көчөлөрдөгү таштанды көп төгүлчү жерлерге орнотуп чыгышты.
 
Ошондон баштап түнкү “коноктордун” “гастролдору” тыйылып, элеттиктер да таштандыны туш келди жерге таштабай калышкан. Айыл өкмөтү Усмандын бардык демилгелерин колдоп, атүгүл ыктыярдуу элдик дружинанын мүчөсү деген атайын күбөлүк тапшырган. Муну менен Усман айылдын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укук алды. Анткени колго түшкөн айрым тартип бузуучулар “сен ким элең?” дегенсип, анын эскертүүлөрүн көңүл сыртында калтырган учурлар да болгон. Мындан тышкары демилгелүү топтун мүчөлөрү эки айылдагы дээрлик бардык үйлөрдү кыдырып чыгышып, курулуш материалдары жана бузук техника үйүлүп калган, жолду тороп калган, муну менен адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, авариялык кырдаалды жараткан 26 короо аныкталды. Үй ээлери активисттердин эскертүүлөрүн туура эле кабыл алышып, ошол замат тегерек четин майда кумдан,топурактан, ылайдан тазалап чыгышып, машиненин бузук тетиктерин короолоруна киргизип коюшкан.Усмандын кийинки кадамы айылды жашылдандыруу маселесин чечүү болду. Айылда эски бакдарактар көп болгондуктан аларды жергиликтүүлөр кыйып салышкан жана көчөлөр ээн, көрксүз болуп калган эле. Ушундан улам аптапта көлөкө жерди таба албай тургандай кырдаал түзүлгөн. Албетте бул жолу да жигит алгач өзүнөн баштады – ал үйүнүн тегерегинде, жалпы колдонуудагы жер болуп эсептелген көчөдө карагайдын, алманын, алчанын 20 көчөтүн отургузуп, айлананы гүлгө толтурган. Кошуналардын өтүнүчү менен Усман алардын да тегерегин жашылдандырууга катышкан.
 
Топурак төгүп, тосмолоп, көчөт, гүл отургузууга кеткен чыгаша эмгек салымын кошкондо 10 000 сомду түздү.Эң негизгиси – жигиттин эмгекчилдиги башкаларга да жугуп, жергиликтүү Дон Кихоттун артынан башка элеттиктер да көрктөндүрүү жана абаттоо иштерине тартылды.Ошентип Усмандын жана анын санаалаштарынын бардык демилгелери жана аракеттери текке кеткен жок туш келди төгүлгөн таштандылардын басымдуу бөлүгү жок кылынып, эми жашоочулар таштандыны атайын жерлерге чыгарып, ички жолдор жана көчөлөр иретке келип жатат. “Усмандын ишинин жыйынтыктары бардык аймак үчүн мисал болуп калды. Биздин жалгыз мектептин окуучулары ал көрсөтүп берген айып тууралуу эскерткен такталарды даярдап, беш айылдагы таштанды көп төгүлгөн жерлерге орнотуп чыгышты. Коомдук иш-чараларда биз дайыма Усманды белгилеп, анын жетишкендиктерин айтып, ар бир демилгесин мисал катары келтиребиз. Эгерде кандайдыр бир маселе пайда болсо, Усман биринчи кезекте айыл өкмөтү менен акылдашат. Анын активдүүлүгү, жакшы мүнөзү, өз айылына болгон камкордугу, элине күйгөндүгү өзгөчө сөзгө арзыйт. Калктын көз карашы да өзгөрүп, коомдук иш-чараларга, анын ичинде чогулуштар менен жыйындарга жигердүү катыша баштады. Баары чогулуп ишембиликке чыгышат – ар бири өз аймагын тазалап, жашылдандырып, бак-дарак, гүл отургузганга умтулуп калды. Айыптар тууралуу айта турган болсом, эгерде мурда оозеки эскертүү берип келсек, эми болсо административдик тартип бузуулар боюнча комиссиялар аркылуу расмий түрдө айып сала баштайбыз. Бул комиссияларга аксакалдар сотунун мүчөлөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана башка активисттер кирет.
 
Ушунун баарында албетте бизди жергиликтүү жамаат менен иш алып барууга үйрөткөн Долбоордун салымы чоң”, деди АӨнүн Долбоордогу координатору Алла ЧЕТОКИНА.Айылдагы көйгөйлөр тууралуу ыкчам маалымат берүү жана аларды чечүү максатында бардык активисттерди, анын ичинде Усманды да айыл өкмөтү акысыз корпоративдик байланышка кошуп койгон. Бул болсо АӨ кызматкерлери, АК депутаттары, айыл старосталары, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана активисттери менен тез-тез байланышып турууга жардам берет. Албетте, айылдын тазалыгына байланыштуу маселе толук чечилди деп айтуу азырынча эрте. Бирок алгачкы жана эң маанилүү кадамдар жасалды – жигит башкаларга үлгү болду жана Долбоордун жардамы менен бардык аймакты ойготуп,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына да реалдуу иштерди жасоого түрткү берди.“Азыр 2013-жылга салыштырмалуу айыл бир кыйла таза болуп калды. Туш келди төгүлгөн таштандылардын дээрлик 80% жок кылынды. Тургундардын активдешип, айылды тазалоого катыша баштаганы мага абдан жагууда. Жашоочулардын басымдуу бөлүгү таштанды жыйноо жана чыгаруу үчүн белгиленген тарифтер боюнча акы төлөөгө даяр болуп калышты. Жасай турган бир иш калды – таштандыга барчу жолду тазалап чыгыш керек, ал жерден өтүү аябай оор. Өзүн өзү сыйлаган жана кичи Мекенин сүйгөн ар бир адам таза айылда жашап, табиятты сактоо үчүн колдон келгендин баарын жасап, эртеңки күнүн да ойлош керек. Биз көппүз, биз биргебиз, биз жасай алабыз!”, - деп ишенимдүү айтты Усман.

Окшош материалы: