Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖАПЫРТ БЕЛГИЛЕНГЕН МАСЛЕНИЦА! же Улуттук майрамдарды кайра жандандыруу аркылуу конфессиялар жана улуттар аралык мунасага жетсе болот

2016-06-09 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
ЖАПЫРТ БЕЛГИЛЕНГЕН МАСЛЕНИЦА! же Улуттук майрамдарды кайра жандандыруу аркылуу конфессиялар жана улуттар аралык мунасага жетсе болот

Юрьевка айылдык аймагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан. Ал эки калктуу конуштан турат – Юрьевка айылынан жана “Ысык-Ата” курорттук санаторийинен. Аймактын жалпы аянты – 5 005 га, Бишкектен 65 км жана район борбору болгон Кант шаарынан 45 км алыстыкта жайгашкан.

Калкынын саны 4500 кишини түзөт. Муниципалдык менчикте 6 объект бар: мектептер, бала бакчалар, клуб, жолдор, коммуникациялар бар. Этностук курамы – көп улуттуу. Ар бир өлкөнүн өнүгүүсү жана анын дүйнөлүк жамааттагы орду биринчи кезекте бул өлкөдө тынчтык жана мунаса канчалык бекем болгону, толеранттуулук канчалык бар болгону менен аныкталат. Башка маданиятка, тилге, диний ишенимине жана салттарына сый-урмат мамиле муундан муунга өтүп турган бүткүл элдин руханий баалуулугу болуп эсептелет. Таза жана сугат суу, таштанды тазалоо, жолдорду оңдоо, көчөлөргө жарык берүү өңдүү турмуштук мааниге ээ болгон чечимдер менен катар, ЖӨБ органдары аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында улуттар аралык мамилелерди бекемдөө, этностор аралык жаңжалдарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды да жүзөгө ашырат (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесинин 6-б. 17-1-пункту).
 
Жергиликтүү бийлик органдары бул тапшырманы ар ким ар кандай аткарууда. Муну артыкчылыктуу маселе катары эсептеп, жарандык мунасага, этностор аралык туруктуулукка, тынчтыкка жана улуттар аралык ынтымакка жете алгандар да аз эмес. Бул болсо жалпысынан аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз Республикасындагы көпчүлүк муниципалитеттерде түрдүү улуттун өкүлдөрү жашайт. Ошондой муниципалитеттердин бири болуп Юрьевка айылдык аймагы эсептелет. Бул аймакта жарым кылымдан ашуун убакыттан бери кыргыздар, орустар, түрктөр, азербайжандар, күрддөр, уйгурлар, дунгандар, немистер, беларустар, казактар, өзбектер жана башка улуттун өкүлдөрү эриш-аркак жашап келатышат. Бул мезгил аралыгында алар тынчтыкка жана тартипке, өз ара урмат сыйга жана кызматташтыкка жетишип, айылдын көйгөйлөрүн чогуу-чаран чечип келатышат. Бирок акыркы жыйырма жылдан бери этностор ортосунда байланыш жоголо баштагандай. Базар экономикасына өткөндөн бери адамдар күнүмдү көр тиричилик тууралуу көбүрөөк ойлонуп, маданияттын өнүгүүсү, тыгыз улуттар аралык кызматташтык өңдүү түшүнүктөр экинчи планга жылгандай болду. Мунун баары албетте жаштарды тарбиялоого да таасирин тийгизбей койгон жок. Жаңы муун идеологиянын, адеп-ахлактык тарбиянын, маданий агартуучулуктун, этностук жана конфессиялык көп түрдүүлүктүн жоктугунан улам вакуумда калды.
 
Ошондуктан акыркы учурда муниципалитеттерде турмуштук мааниге ээ болгон маанилүү артыкчылыктуу маселелердин катарында жаштардын тарбиясы көйгөйү да көбүрөөк айтыла баштады. Жамаат бул багыттагы ой-пикирин “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашыруунун алкагында ЖМБА-иш-чараларын өткөрүү маалында да айтып калды. 2015-жылдын апрель айынан тарта Юрьевка АА Долбоор менен тыгыз кызматташа баштаган эле. Анын натыйжасында ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү тыгыз өз ара пайдалуу кызматташуу, жарандардын чечим кабыл алууга жана жалпысынан ААнын андан кийинки өнүгүүсүнө катышуу процесстерине жаңыча көз караш менен карай алышты. Жамааттын лидерлеринин жана карапайым адамдардын Долбоордун алкагында өткөрүлгөн бардык иш-чараларга (ЖМБА-ишчаралары, окуу тренингдери, чогулуштар жана бюджеттик угуулар өңдүү коомдук иш-чаралары) катышуусу жашоочуларда өзүнө болгон ишенимди пайда кылып, дараметин билүүгө түрттү. Бул болсо аныкталган артыкчылыктуу тапшырмаларды чечүүдө гана эмес, түрдүү улуттук маданияттардын маданий, руханий жандануусу өңдүү маселелерге да таасирин тийгизди.
 
Жаштарда улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук духун тарбиялоо, башка улуттук маданияттар менен тааныштыруу максатында Юрьевка айылдык аймагынын тургундары унутулуп бараткан Масленица аттуу славян элинин майрамын биргелешип белгилөөнү чечишти. Өлкө президенти 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялагандыктан бул демилгени АӨ кызматкерлери да жигердүү колдоп беришти. Юрьевка АА көулуттуу болгондуктан мындай майрамды өткөрүү калктын башка этностук топторунун улуттук салттуу майрамын жандандыруунун башаты болору да бул демилгеге түрткү берди. Жумушчу кеңешмеге чогулуп, айыл лидерлери ЖӨБ органынын өкүлдөрү менен биргеликте бул майрамга даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. Биринчи кезекте жамаат лидерлеринин, айылдын тургундарынын жана АӨ кызматкерлеринин арасынан адамдар тандалып алынып, майрамды өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ага АӨ кызматкери Татьяна МАРТЫНОВА, жергиликтүү мектептин мугалимдери Анжела КУЧ, Гульнара КЕҢЕШБАЕВА жана Тамара ЛЮКШТЕД, ТСКАКБ бухгалтери Татьяна ТИЩЕНКО, клуб башчысы Арзыкан КУРУЧБЕКОВА, үй кожойкелери Людмила КОВАЛЕВА жана Галина МАГЕЛЬ кирди.
 
Алар элдик майрам өтчү күндү жана ордун аныктап алышты. Майрам 2016-жылдын 11-мартында Маданият үйүнүн жанындагы аянтта өтмөй болду.Жумушчу топ иш-чаралар планын иштеп чыгып, анда майрамга чейинки маалымат өнөктүгүнө чоң көңүл бурулду. Бул өнөктүктүн алкагында кулактандыруулар жана көзгө урунган жарыялар даярдалып, алар эл көп жүргөн жерлерде – мектепте, ооруканада, аялдамаларда, дүкөндөрдө, клубда жана АӨ имаратынын алдында жайгаштырылды. Уюштуруучулар айыл аралап, үн күчөткүчтүн жардамы менен Масленица майрамы тууралуу кабар таратышты. Маалыматты жайылтууда чоң ролду окуучулар ойноду. Алар алдыда боло турган майрам тууралуу жакындарына кабар беришти. АӨ кызматкерлеринин аракети менен ишембилик өттү – Маданият үйүнүн жанындагы аянтты иретке кел-тирип алышты. Ал эми байгелерди сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 3 000 сом бөлүндү. Башкача айтканда, иш-чараны даярдоо процессине уюштуруучулар өтө олуттуу мамиле жасай алышты. Бардык даярдык көрүү жана уюштуруу маселелеринде жергиликтүү окуучулардын жигердүү катышуусун да өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Бул ишке Юрьевка айылындагы Р.ШАБОТОЕВ атындагы орто мектептин 500дөн ашуун окуучусу жана 43 мугалими тартылды.
 
Алардын жардамы менен майрамдын негизги иш-чаралары өтө турган Маданият үйүнүн алдындагы аянт жасалгаланып чыкты. Мектептин бардык окуучуларына жана алардын ата- энелерине таттууларды жасап, жармаңкеге катышуу сунушталды. Жалпысынан майрамга айылдык аймакта жашаган бардык улуттардын 300дөн ашык баласы катышты. Алар жакындары, мугалимдери жана кошуналары менен майрамга катышып, колго жасалган токочторду, тортторду ала келишти. Мунун баары майрамдын катышуучулары арасында таратылды. Майрамды жакшынакай кийинген кыз-жигит алып барып, түрдүү конкурстарды өткөрүштү. Мыкты макал, ыр айтып, бийлеп, элди күлдүрүп, табышмак айткандарга жакшы белектер тапшырылды. Балдарда да, чоңдордо да майрамдык маанай болуп, баары күлүп-жайнап, кубанып жүргөнү ишчараларга өзгөчө көрк берип турду. Бул күнү элдин биримдиги, ынтымагы билинип, ырлар айылдыктардын эне тилинде жаңырды. Ал эми улуттук кийимчен бийчилер элдин маанайын өзгөчө көтөрдү.
 
Самандан жасалган каракчыны өрттөө – Жазды тосуп алуу каадасы майрамдын кульминациялык учуру болуп калды. Катышуучулар мындай жылуу, шаңдуу элдик майрам көптөн бери болбогонун белгилешти. Ал эми башка улуттун өкүлдөрү атүгүл кышты узатуунун ушундай байыркы орус салты тууралуу укпаганын да, билбегенин да моюнуна алышты.Айыл аксакалдарынын айтымында, башка улуттардын маданияты жана тарыхы менен тааныштырган ушундай иш-чаралар улуттарды бири-бирине жакындатууга, биринчи кезекте жаштарды тынчтыкта жана ынтымакта жашоого тарбиялоого тикелей таасирин тийгизет. Аксакалдар дал ушундай майрамдарды өткөрүп, аларга бардык элдердин жана конфессиялардын өкүлдөрүн сөзсүз чакырыш керектигин белгилеп жатышты. “Жаш-карысына, улутуна жана диний ишенимине карабай айылдын бардык жашоочулары чогулганда бул элди бириктирет. Биздин балдар бири-бири менен жакындан таанышып, славян маданиятынын бир бөлүгү тууралуу маалымат алышып, ынтымактын жана биримдиктин духун сезе алышты. Анткени бул иш-чара ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын көп айдан берки биргелешкен ишинин жыйынтыгы болуп калды. Алар жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу маселесине башкача мамиле жасай башташты.
 
Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүн калк менен иш алып барууга, алардын пикирлерин эске алып чечим кабыл алууга үйрөткөн Долбоордун салымы зор.Кыска убакыт ичинде адамдар өзгөрүп, бири-бирине жакын болуп, жергиликтүү бийликке, айылдык кеңештин депутаттарына ишеним артып, бардык иш-чараларга жигердүү катыша башташты. Адамдардын арасында жандануу жана бир максаттын тегерегинде биригүү сезимин байкоого болот. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, адамдарды уга билүү, ишчараларды биргелешип уюштуруу жана айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чогуу чечүү канчалык маанилүү болгонун түшүндүм”, - деди АӨнүн Долбоордогу координатору Татьяна МАРТЫНОВА. “Биздин айылдык аймак көп улуттуу. Ошондуктан мындай иш-чараларды өткөрүү менен түрдүү этностордун маданиятын, салтсанаасын, каадаларын көрсөтүп, өнүктүрүүгө, жаштарда жана өсүп келаткан муунда башка улуттун өкүлдөрүнө карата сый-урмат көрсөтүп, толеранттуу болуу сезимин жаратып жатабыз. Айылдын маанилүү маселелеринен тышкары биз түрдүү улуттардын жана маданияттардын унутулуп бараткан каадасалттарын жандандыра баштадык. Аксакалдардын айтымында, мурда мындай иш-чаралар чоң шаан-шөкөт менен белгиленчү экен.
 
Эми биз да жакшылыкка үндөгөн ушундай маанилүү майрамды калыбына келтирүүнү чечтик. Тилекке каршы, айылда бул үчүн тиешелүү инфраструктура жок экен. Бирок биз азыр ушул маселени чечип жатабыз. Анткени бүгүнкү күндө элеттиктер үчүн артыкчылыктуу маселе – Маданият үйүн калыбына келтирүү. Бул жерде маданияттын өнүгүүсүнө салым кошуп да, жаштарды тарбиялай да алабыз”, - деген ою менен бөлүштү АӨ башчысы Бек ЖЕКШЕМБАЕВ. Мына ошентип иш башталды. Юрьевка АА жергиликтүү жамаатынын лидерлеринин айтымында, эми негизги тапшырма мүмкүн болушунча кыска убакыт ичинде Маданият үйүндө капиталдык ремонт жасоо боюнча долбоорду ишке ашыруу болуп калды. Ал эми капиталдык ремонт үчүн 1 млн. сомду АА 2016-жылдын апрелинде Долбоордун чакан гранттар конкурсуна катышып утуп алган эле. Маданиятты өнүктүрүү маселесин чечип берүү боюнча өтүнмөнү конкурска демилгелүү топ жиберген. Ремонт иштери аяктагандан кийин аймактын жашоочулары ушул өңдүү майрамдарды көбүрөөк өткөрүп, тасмаларды көрсөтүп, эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерттерди уюштуруп, чыгармачыл ийримдерди түзүү менен,  өз таланттарына дем берүү максатын көздөп жтат. АӨ башчысынын айтымында, оңдолгон Маданият үйү Юрьевка айылынын көркүн ачып, жаштарга жана улуу муунга бош убактысын өзү үчүн да, жалпы жамаат үчүн да пайда менен өткөрүүгө шарт түзмөкчү.

 

Окшош материалы: