Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы №58 ПЖ “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөн

2016-04-21 / Көңүл чордонунда

Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн болтурбоо, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин болушуна каршы күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте мамлекеттик башка органдарды тартуу менен укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишин негизсиз текшерүүлөрдөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин системалуу укуктук коргоо моделин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана салык органдарынын ишине киргизсин, мында төмөнкүлөр алдын ала каралсын:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү, анын ичинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдардын алкаганда укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүүчү текшерүүлөр, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн алкагында укук коргоо органдарынын жана салык мыйзамдарынын алкагында салык органдарынын ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүлөр текшерүү женүндө алардын актылары прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлөт;
  • прокуратура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү жөнүндө укук коргоо жана салык органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте каттайт жана эсепке алат;
  • текшерилүүчү ишкердик субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кайра байланыштын формалары прокуратура органдарына каттоосуз текшерүүлөрдү өткөрүүгө тез чара көрүүгө жана ага бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.

2.        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

  • ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ишкердик субъекттерин системалуу укуктук коргоо моделин мыйзам менен бекитүүгө чейин текшерүүлөрдү каттоонун жол-жоболорунун максималдуу түрдө ачык- айкындыгынын жана оперативдүүлүгүнүн механизмин, алдыңкы технологияларды киргизүүнү, анын ичинде текшерүүлөрдү каттоонун электрондук формасын, текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетке жарыялоону киргизүүнү караган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин ишин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүсүн каттоонун убактылуу эрежелерин эки айлык мөөнөттө бекитүү тууралуу маселени карап чыксын;
  • башка зарыл чаралар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдык актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча чаралар көрүлсүн.

3.         Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мыйзамдарда белгиленген тартипте укук коргоо жана салык органдары жүргүзгөн ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген норма- ларды бузган адамдарга чара көрүү тапшырылсын.

4.        Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнө, ошондой эле финансы-экономикалык анализ жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5.         Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” гезитинде 2016-жылдын 18-мартында, №22 жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын президенти А. АТАМБАЕВ

Окшош материалы: