Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Текшерүүлөр регламенттелет! ЖӨБ органдарын көйгөйлүү маселенин чечилиши менен куттуктайбыз!

2016-04-04 / Көңүл чордонунда
Текшерүүлөр регламенттелет! ЖӨБ органдарын көйгөйлүү маселенин чечилиши менен куттуктайбыз!

Бир нече жылдан бери бардык деңгээлдеги ЖӨБ органдарын иштин ыргагына жана сапатына олуттуу таасирин тийгизген көйгөй жүдөтүп келген – көп сандагы, адатта бири бирин кайталаган жана алтынга тете убакытты алган ТЕКШЕРҮҮЛӨР. ЖӨБ органдарынын үнү КР Жогорку Кеңешине жана КР Президентине жетип, мындан ары текшерүүлөр регламенттеле турган болду! Өнүктүрүү саясат институту бул мыйзамдын иштелип чыгышын колдоп келген жана мамлекеттик бийликтин ушундай маанилүү чечими менен ЖӨБ органдарын куттуктайт!

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндё” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 18-февралында үчүнчү окууда кабыл алган жана 2016-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусуна жиберген.

Аталган Мыйзамдын демилгечилери: КР Жогорку Кеңешинин депутаттары К. С. БОКОЕВ, Н. В. НИКИТЕНКО, А. О. КУТУШЕВ, А. Г. БЕКМАТОВ, Ч. А. ТУРСУНБЕКОВ, Э. А. КОЧКАРОВА, М. Ю. АБДЫЛДАЕВ, М. А. РАСУЛОВ, Б. Э. ТӨРӨБАЕВ, Н. А. КАСЫМБЕКОВ, К. С. ДЫЙКАНБАЕВ, А. К. КОЧКОРБАЕВ, М. И. БАКИРОВ, Т. МАДЫЛБЕКОВ, У. К. НУРКУЛОВ.

ЖӨБ органдарынын ишин көзөмөлдөө жана текшерүү жаатындагы учурдагы практика коррупцияны болтурбоого, санын азайтууга эмес, жазало ого багытталып, ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча өз функцияларын сапаттуу аткаруусуна жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнө бут тосуп келатат.

Дээрлик ар бир жолугушууларда ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү мамлекеттик контролдук-көзөмөл органдары тарабынан системага салынбаган, башаламан, көп учурда эч негизсиз текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтышат. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери текшерүүлөрдүн саны өтө көп болуп, алар бири-бирин кайталап, текшерүүнүн так жол-жоболору  жана  регламенттери  болбогонун, мөөнөтү аныкталбаганын, ошондой эле ак ниетсиз текшерүүчүлөр тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болуп жатканын белгилешет. Албетте, бүгүнкү күндө ЖӨБ органдарын текшерүү системасы өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. ЖӨБ органдарын текшерүүнү тартипке келтирүү жана мыйзамдар менен жөнгө салуу зарылчылыгы бышып жетилди. Анткени мындай башаламан системанын кесепеттери барган сайын курч терс мүнөзгө айланууда.

ЖӨБ органдарын текшерүүнү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө орчундуу көйгөйлөрдүн негизги себептери төмөндөгү факторлор менен шартталган:

  1. ЖӨБ органдарына текшерүү жүргүзүүнүн бирдиктүү мыйзам тарабынан жол- жоболоштурулган тартибинин жоктугу;
  2. ЖӨБ органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чөйрөсүнүн негизсиз кеңейтилгендиги;
  3. мыйзамдарды бузууга жол бербөө боюнча алдын ала чараларды белгилөөгө багытталган ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын тыгыз өз ара аракеттеринин жоктугу;
  4. ЖӨБ органдарынын кадрдык курамынын по- тенциалынын начардыгы.

Кабыл алынган Мыйзам мамлекеттик органдар тарабынан ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнүн бирдей тартибин белгилөө, ЖӨБ органдарынын мыйзамдарды сакташын камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын алардын иштерине мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатын көздөйт. Анын үстүнө Мыйзам текшерүүчү мамлекеттик органдарга мыйзамдарды бузууну аныктоо, алдын алуу жана болтурбоо максатында ЖӨБ органдарын текшерүүнү гана эмес, ошону менен бирге мыйзам бузууларды болтурбоо жана алардын санын кыскартуу боюнча ЖӨБ ор- гандарына методикалык жана практикалык жардам берүү милдетин жүктөйт.

Мыйзам өзгөчө ролду прокуратура органдарына жүктөйт: мамлекеттик органдар жүргүзгөн пландык жана пландык эмес текшерүүлөрдү макулдашуу, ошондой эле текшерүүнүн бардык түрлөрүнө бирдиктүү эсеп жүргүзүү. Бул болсо ошол текшерүүлөрдү көзөмөлдөп, аларды жакшыртуу үчүн сунуштарды берүү үчүн зарыл. Башкы прокуратурага Мыйзам күчүнө киргенден тартып бир айдын ичинде төмөнкүлөрдү жасоо тапшырылат: 1) ЖӨБ органдарынын пландык жана пландык эмес текшерүүлөрүн макулдашуу механизмин иштеп чыгуу; 2) прокуратура органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүнүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү тартибин кабыл алуу.

Мыйзамдын корутунду жобосунда КР Өкмөтүнө Мыйзам күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде КР Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн төмөнкүлөрдү киргизүү тапшырылат:

  • ЖӨБ органдарынын ишин пландык жана пландык эмес текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин;
  • Ошондой эле антикоррупциялык иштер боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында кабыл алынган Мыйзам менен жылдык пландарды жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын милдеттүү тартипте Башкы прокуратуранын расмий сайттарында жана тиешелүү текшерүүчү мамлекеттик органдардын сайттарында жайгаштыруу, ЖӨБ органдарын текшерүүнүн жыйынтыктарын (акттарды) ЖӨБ органдарынын расмий сайттарына илүү, ЖӨБдүн аткаруучу органынын текшерүү актысында жазылган эскертүүлөрдү жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын алдында отчет берүүсү каралган.

Жалпысынан Мыйзам ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат жана төмөнкүлөрдү белгилейт:

  • ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнүн принциптерин жана чектөөлөрүн;
  • текшерүүлөрдүн түрлөрүн,
  • ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнү уюштурууда  бирдиктүү тартипти жана жол-жоболорду;
  • текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн;
  • текшерүүлөрдүн предметин жана жүйөсүн;
  • пландык жана пландык эмес текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашуунун тартибин;
  • жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымдоонун тартибин;
  • текшерүү маалында тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу контролдук-көзөмөл органдарынын административдик басымынан зыян тартпаш керек. Текшерүүлөрдүн жана суроо-талаптардын ашыкча болушу, “кожо көзүнө” өткөрүлгөн формалдуу текшерүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бут тосууда. Өзүнүн түз милдеттенмелерин аткаруунун ордуна муниципалитеттердин кызматкерлери убактысынын көбүн текшерүүчү органдарга, алардын кайрылуулары менен суроо-талаптарына жооп даярдоого, анын ичинде маморгандардын райондук, облустук мекемелерине тез-тез каттоосуна кетирип жатат.

Ушуну менен бирге ЖӨБ органдарынын ишине көзөмөлдү такыр эле алып таштоо туура эмес жана мыйзамга каршы келет. Анткен менен мындай көзөмөлдүн усулдары да так системага салынып, тартипке келтирилиш керек. Ошондуктан ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнү тартипке салган ушул Мыйзам “Ишкердик субъекттерин текшерүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын аналогиясы боюнча иштелип чыкты.

Окшош материалы: