Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалган жана чыныгы отчеттуулук

2016-01-01 / Көңүл чордонунда
Жалган жана чыныгы отчеттуулук

Жылдын башында элеттик муниципалитеттерде чогулуштардын кезеги тизилет. Анда райондук мамадминистрациянын жетекчилеринин катышуусунда ЖӨБ органдарынын башчылары аткарылган иштер тууралуу отчет беришет. Чогулуштарга, эрежелерге ылайык, жашоочулардын басымдуу бөлүгү катышат. Адатта бул иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын катышуусуз, өз алдынча өткөрүп келген чогулуштарына салыштырмалуу массалык мүнөзгө ээ болот. Ушундан улам суроо жаралат Кыргыз Республикасынын Конституциясында жегиликтүү өз алдынча башкаруу жамаат алдында отчеттуу деп так кесе жазылганын эске алганда, иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кимге жооптуу?

Отчет берип жатканда айыл өкмөт башчылары жамааттын жана аймактын өнүгүүсү, турмуш шартты жакшыртуу үчүн аткарган иш-аракеттери тууралуу айтып беришет. Чогулушта иш өндүрүшү тууралуу маалымат да берилет. Жарандарга жыл ичинде айыл өкмөтүнө кимден, канча кат, кайрылуу, суроо-талап түшөрү, өз кезегинде айыл өкмөтү кимге, канча жооп даярдай турганы тууралуу айтып беришет. Эрежеге ылайык, бул маалымат өтө деле маанилүү эмес, аудиториянын көңүлүн тартпаган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелбеген, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда айтылып келгендей “күнүмдүк иш” катары кабыл алынат. Бул болбогон кеп! Себеби иш өндүрүшүнүн статистикасы ЖӨБ органдарынын чыныгы отчёттуулугунун абалын сүрөттөйт, аткаруучу органдардын – айыл өкмөттүн кызматкерлеринин бушаймандыгын жана аларды эмне тынчсыздандырарын көрсөтүп турат.

Бул маселе боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн Өнүктүрүү саясат институту отчёттуулук тууралуу өз тыянактарын сунуштайт. 2016-жылдын январь айында Кыргызстандын 34 муниципалитетинде өткөн жыл ичинде келип түшкөн жана жиберилген каткабарлардын саны тууралуу маалымат чогултулган (алардын басымдуу бөлүгү АӨ башчыларынын отчетторунун тиешелүү материалдарынан алынган). Баары болуп 34 муниципалитет жоопту талап кылган 24 350 кат алган. Каттардын эң азы 131 болсо, эң көбү 1603 болгон. Орточо эсеп менен ар бир муниципалитет жыл ичинде 716 кат, же күнүнө үчтөн кат алып турган. Ушул үч каттын ичинен бирөө гана кат же жарандын кайрылуусу болуп эсептелет, жарандардан түшкөн каттардын же кайрылуулардын үлүшү 32,7% түзөт. Мында минималдык көрсөткүч 5,4% жана максималдык көрсөткүч 75% түзөт.

Калган корреспонденция (60% ашыгы) мамлекеттик органдардан келет. Аларды муниципалитеттерде эмнегедир “жогору турган орган” деп аташат. Бирок бул КР Конституциясынын көз карашынан алганда туура эмес. Корреспонденттердин катарына негизинен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өкмөттүн облустардагы ыйгарым өкүлчүлүктөрү, министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмчөлөрү кирет Чыгыш корреспонденциянын даректелүүчүсүнө жасалган анализ көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары орточо эсеп менен кат жүзүндөгү кайрылуулардын дээрлик 90 пайызына жооп беришет жана алардын үчтүн бири гана жарандарга, ал эми үчтүн экөө мамлекеттик органдарга жолдонот.

Ошону менен бирге ЖӨБ органдарынын акимдердин катышуусунда өткөн чогулуштардагы отчетторунда айыл өкмөтү калк менен кандай иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат жок – ЖӨБ органдарынын ачыктыгына, жарандарды чечим кабыл алуу процесстерине тартууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча калк алдындагы чыныгы отчеттуулукка жетүүгө көмөктөшчү чогулуштар, жыйындар, курултайлар жана башка иш-чаралар тууралуу маалымат жок. Сандар өжөр нерсе эмеспи. Кээде алар мыйзамдарда жазылгандарды көрсөтпөйт. Бул болсо мыйзам бузулуп жатканынан кабар берет. Бирок болуп жаткан нерселер үчүн мамлекеттик органдарды гана айыптай берген туура эмес. Кырдаал көп учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидерлеринин позициясынан, алардын отчеттуулуктагы артыкчылыктарынан көз каранды болот.

Мамлекет ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын жетекчилерин тандоо процессине катыша берсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калк, жарандар алдындагы чыныгы отчеттуулугу да айыл өкмөт башчынын шайлоо маалында анын талапкерлигин көрсөткөндүн алдында отчет берүү аракети менен жуулуп кетет.Ошону менен бирге кеп тигил же бул тарапка канча кат жазылганында эмес. Кеп жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башында мамлекеттин кызыкчылыктары жана көйгөйлөрү “отурабы”, же жергиликтүү жамааттынбы – мына ушунда. Башкача айтканда, ЖӨБ органдары кимге жооптуу – Кыргыз Республикасынын Конституциясы талап кылгандай, жарандаргабы, же Баш мыйзамга карама-каршы келип, жергиликтүү мамлекеттик аткаминерлергеби?

 

Окшош материалы: