Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас облусунда зайымчылардын дээрлик 40 пайызы насыяны кайтарууда кыйналышат

2015-12-01 / Көңүл чордонунда
Талас облусунда зайымчылардын дээрлик 40 пайызы насыяны кайтарууда кыйналышат

Ар бир адамдын кыялы бар. Насыя ошол кыялды орундатууга жардам береби? Тилекке каршы, жок. Тажрыйба көрсөткөндөй, эгерде негизги жумуштан тышкары кошумча киреше булагы болбосо, бул идея көп учурда чатак ишке, атүгүл кырсыкка да айланышы мүмкүн. Насыя алуу оор деле эмес.Кыйынчылыктын баары ай сайын төлөмдөрдү төлөй турган учур келгенде башталат. Кыргызстандагы жарандардын, өзгөчө элеттиктердин финансылык абалы дайыма эле туруктуу эмес. Киреше көп учурда түшүмдөн жана башка алдын ала божомолдоого мүмкүн болбогон факторлордон көз каранды. Ал арада насыя берүүчү системалуу түрдө төлөөлөрдү талап кыла баштайт. Эмне кылыш керек? Кимдир бирөө биринчи насыясынан кутулуу үчүн башка финансылык мекемеге экинчи насыя алганы жөнөсө, башка бирөө туугандардан же достордон карызга акча сурай баштайт. Шылуундардын кылтагына илинип калгандар да аз эмес. Бирок кандай болгон күндө да карыздын желесинен чыга албай, өзүнүн ансыз да оор абалын татаалдаштырып жиберет.

Зайым алуунун себеби ар кимде ар кандай – машине сатып алуу, үйлөнүү тоюн өткөрүү, бизнести кеңейтүү, үйдү ремонттоо же жөн эле, үйдө ашыкча акча болсун дегендер да бар. Нарын жана Талас облустарынын тургундарынын айтымында, микрофинансы компаниялары ссуда жана насыя бергенге ушунчалык кызыкдар болгондуктан, өздөрү телефон чалып, атүгүл үйгө чейин кирип келгендер да бар. Алар “төмөн” пайыздык ставкалары менен насыяларды берип, муну менен карапайым адамдарды насыя торуна тартышат.
 
Насыяларды дээрлик арзыбаган нерселер үчүн алышат – тиричилик техникасына, үйдү ремонттоого, кашаанын курулушуна... Болгондо да мында адамдарды жамааттык насыя алууга түрткөн достор, туугандар, кесиптештер кыймылдаткыч күч болуп эсептелет. Адатта бул адамдар карызга акча алгандан пайда деле көрбөйт. Насыяны конкреттүү бизнес пландарга ылайык, аны кайтаруу мөөнөтүн эсептөө менен алып, өз багыты боюнча, олуттуу максат үчүн колдонгондор гана ойлогон оюна жетип, карызынан кутулуп кетет.“Ишеним” Насыя-маалымат бюросундагы насыя тууралуу маалымат менен алмашып туруу системасынын катышуучулары берген отчетторго сереп жасай келгенде, банк секторунда да, микрофинансы тармагында да 2015-жылдын ичинде карызын мөөнөтүнөн кечиктирип кайтаргандардын саны өскөнүн көрүүгө болот.
 
Банк секторунда мөөнөтүнөн кечиктирип кайтарылган насыялардын үлүшү 2015-жылдын биринчи кварталына салыш тырмалуу декабрдын башында эки эседен ашык, ал эми микрофинансы секторунда бир пайызга өскөн. Ошону менен бирге төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберген микрофинансы институттарынын зайымчыларынын саны 2015-жылдын 11 айында туруктуу бойдон сакталган. Ал эми банк секторундагы ушундай эле зайымчылардын саны 2015-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу тогуз пайызга өскөн.Аймактык алкактан алып караганда, төлөм мөөнөтүн өткөрүп жиберген зайымчылардын саны төмөнкүдөй болду.2015-жылдын биринчи кварталында мындай зайымчылардын эң көп көрсөткүчү Талас облусунда (23%), Ош шаарында (20%), Баткен жана Ысык-Көл облустарында (19 пайыздан) катталган. Жылдын соңунда кырдаал начарлап кетти. Анткени алган насыяларын кайтарууда кыйналган зайымчылардын саны жалпысынан өлкө боюнча 6% өстү. Ал эми облустар боюнча насыяларды кайтаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберген зайымчылардын санындагы өсүш 2 пайыздан 13% чейин жетет. Насыяны кайтарууда кыйналгандардын саны боюнча алдыңкы орунда Талас облусу турат.
 
Мында зайымчылардын 36% насыяны төлөөдө кыйналышууда.Таң калычтуусу, насыя алган дээрлик бардык жарандар адатта өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө,төлөө боюнча милдеттенмелерин аткара аларына терең ишенет. Бирок, эрежеге ылайык, алардын көбү насыя колго тийгенден кийин олуттуу финансылык кыйынчылыктарга туш болот. Болгондо да дээрлик эч ким эч качан чыгашалар жана кирешелер беренелери боюнча өз акча каражаттарына эсеп жүргүзбөйт.Эгерде мындай адаты болгондо, насыя тузагына түшүүгө баары эле көнө бермек эмес.“Муниципалитет” журналынын бул санында тигил же бул максатка насыя алган бир нече адамдын чыныгы таржымалы менен тааныша аласыз. Алардын окуялары көптөр өз аракетинин ыктымал кесепеттери жөнүндө, бөтөн бирөөнүн акчасын алып, бирок кайра өзүнүкүн кайтарары тууралуу ойлонбогонун далилдейт. “Ишеним” Насыя-маалымат бюросунун маалыматтарына ылайык, тилекке каршы, мындай окуялар катардагы көрүнүш болуп калды.
 
Адамдар Бюрого өзүнүн насыя таржымалы менен кайрылып, насыя алалбай жатканына даттанышат. Анткени буга чейин насыя алып, өз убагында кутула албай калышкан, тууганы үчүн насыя алып, ага документтерин берип коюшкан, ал болсо алдап кеткен ж.б. Адатта зайымчылар өз аракеттерин финансылык билимдин жетишсиздиги, туугандарына, досторуна жана жакындарына ишенгени менен акташып, насыя берүүчүлөр алардын абалын түшүнүп, кандайдыр бир мунасага барат деп күтүшөт.Буга байланыштуу акыркы бир нече жылдан бери жергиликтүү банктар жана микрофинансы уюмдары менен кызматташкан эл аралык инвесторлор жана донорлор насыя берүүгө карата мамилени өзгөртүүнү колдоп келатышат. Сөз насыялоо жөнүндө жүрүүдө.
 
Ал төмөнкүнү түшүндүрөт: банктардын жана микронасыя уюмдарынын бул багытта иш алып барган адистери зайымчыларга толук маалыматты берип, тигил же бул насыя продуктусуна байланышкан ыктмал тобокелчиликтерди сүрөттөп берүүгө тийиш. Ошону менен бирге насыя алабы же жокпу – муну кардар чечет. Ал берилген маалыматтын негизинде ага сунушталган насыянын жана анын шарттарынын алгылыктуулугун өз алдынча баалайт. Ыктымал зайымчы насыя келишими түзүлгөндөн кийин болбой койбой турган кесепеттери үчүн жоопкерчилик алганын так жана айкын түшүнүш керек. Ошентип тандоо эркиндиги болочок зайымчыда болот жана соңку чечимди ал өзү кабыл алыш керек.
 
Ал эми насыя адисинин милдети – насыя продуктусу жана түзүлгөн келишимдин кесепеттери тууралуу толук маалыматты чын жана ачык берүү. Ошону менен жоопкерчиликтүү насыялоо эки тараптын – насыя берүүчүнүн жана анын болочок кардарынын насыя берүү жана алуу боюнча чечим кабыл алуу процессин түшүндүрөт.Анткен менен иш жүзүндө насыя берүүдөгү бул методиканы бардык эле насыя берүүчүлөр колдоно бербейт. Аларда акча бар жана аны алгысы келген, бирок финансылык сабаттуулугу өтө жакшы болбогон кардар жагымсыз кырдаалга кабылышы ыктымал. Ошондуктан насыянын сунушталган шарттарын туура түшүнүү жана аны үстөк пайыздары менен кайтаруу боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүн адекваттуу баалай алуу үчүн ыктымал зайымчынын билими, финансылык сабаттуулугу чоң мааниге ээ.
Акжолтой ЕЛЕБЕСОВА,
“Ишеним” НМБнын башкаруу төрайымы

 

Окшош материалы: