Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пенсионерлер “Согуштун балдары” статусун алышабы?

2015-06-19 / Көңүл чордонунда
Пенсионерлер “Согуштун балдары” статусун алышабы?

Майрамдык салюттар атылып, аянттан легендарлуу машинелер өтүп, ардагерлер ордендерге жык толгон параддык кийим–кечесин кайрадан катышты. Улуу Жеңиш майрамы аяктады. Бирок карылар кала берди. Фронтко баргандар гана эмес, оорукта жеңиш үчүн күрөшкөн гана эмес, балалыгы согуш жылдарына туура келгендер, эрте эрезеге толгондор, көптү көрүп, башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөргөндөр, өмүр бою эмгектенип жүрүп, сыйлыктардан куру калган согуштун балдары да калды. Бир нече жылдан бери Валентин ЖИТЕНЕВА башында турган “Жакшы күчтөрдүн биримдиги” коомдук уюму улуулар менен кошо мойнуна адам көтөрө алгыс жүктү артып алган пенсионерлер үчүн “Согуштун балдары” статусун киргизүү үчүн кармашып келатат. Бирок пенсионерлерде үмүттүн шооласы өчүп бараткандай. “Муниципалитет” журналы кайсы бир саясатчы жок дегенде парламенттик шайлоонун алдында ушул маселени чечүүгө киришип калаар деген үмүт менен Валентина Григорьевнанын кайрылуусун басып чыгарууну чечти.

Тилекке каршы АРДАГЕР түшүнүгү коомдо бир беткей калыптанып, өзүнө согуштун катышуучусун же майыбын, ооруктун ардагери дегенди гана кошот. Согуштун балдары, эмгек ардагерлери, ден соолугунун начардыгына карабастан беш жылдык планды 3 жылда аткарып, өлкөнү согуштан кийин талкаланган жылдары бутуна тургузган, белин бекем бууп, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыккан советтик пенсионерлер такыр эле унутта калды. Мисалы, 2013–2015–жылдары ЖЕҢИШТИН 70 жылдыгын майрамдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук программасы тууралуу Жарлыгында согуштун балдары тууралуу сөз да болгон эмес. Бирок кыргызстандык үй–бүлөлөргө келген 95 миң кара кагаз республика канча уул–кызынан ажыраганын гана көрсөтпөстөн, атасыз, энесиз калган он миндеген балдардан да кабар берет.
 
Кыргызстанда согуштун балдары унутта калганы өтө акыйкатсыз иш болду. Ушул кезге чейин издөө отряддары согуш талаасында калган жоокерлердин сөөктөрүн таап, сый–урмат менен жерге берүүдө. Балким алардын арасында да балдары унутта кала берген кыргызстандык жоокерлер бар чыгаар. Бул балдар кара кагаз алган күндөн тарта ата–эненин мээриминен жана камкордугунан кур калышкан. Согуштун балдары ким болгонун түшүнүү үчүн жүрөктүн үшүн алган ошол төрт жылды баштан өткөрүү керек эле. Алар балалыгынан айрылды. Аталары майданга кетип, энелерин дээрлик көрчү эмес. Себеби алар күндөп–түндөп заводдордо, фабрикаларда, талааларда баш көтөрбөй иштешчү. Бул балдар алабатадан жасалган токочтун даамын, битти кетирүү үчүн баштарын шыбаган керосиндин жытын эч качан унутушпайт. Ачарчылыкты ушул күнгө чейин унута албай келишет. Алар ээ калган талаада машак, картошка терип, ооруканаларда жарадар болгон жоокерлерге ыр ырдап, картошканын кабыгынан шорпо жасап жүрүшкөн.
 
Талкаланган балалык кайтып келбейт деңизчи. Согуштун балдары тууралуу бардык деңгээлдеги бийликтин камкордугу баштан өткөн кыйынчылыктарды жарым–жартылай гана толуктай алмак. Бели ката элек согуштун балдары ооруктун жарым жүгүн көтөрүштү. УЛУУ ЖЕҢИШТИН бир бөлүгү жана курмандыкка чалынган балалык, жоголгон күлкү, эрте агарган чач жана жетимчилик үчүн жупуну ыраазычылык мына ушул балдарга таандык эмес беле. Аман калгандар ден соолугунан ажырады. Жаш курагынан эрте чоңоюп алган согуштун балдары өлкөнүн өнөр жайын, айыл чарбасын, билим берүүсүн, медицинасын, маданиятын өнүктүрдү. Алардын бир урааны бар эле: “Адегенде Мекениңди, андан кийин гана өзүңдү ойло!”. Кыргызстанда согуштун балдары такыр эле жок болуп кете элек, бирок мыйзамдарда алар жок. Кыргызстандыктардын бул категориясына Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган күнү – 1945–жылдын 2–сентябрында 18ге толо электердин баарын киргизүү зарыл жана алардын жеңилдик статусун согуштун катышуучусу статусуна теңдештирүү керек. Эгерде Кыргызстан Конституция боюнча социалдык мамлекет болуп эсептелсе, анда биринчи кезекте социалдык жактан адилеттүү болууга тийиш!
 
Согуштун балдары, эмгектин ардагерлери, советтик пенсионерлер ардактуу эс алууга негизинен 90–жылдардын башында кете баштады. Алар кыскартылган пенсияны, акы үчүн медицинаны,өтө кымбат дары–дармекти, дарыланууну, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жогорку тарифтерди алышты. Кайра эле согуш жылдарындагыдай эч нерсеге жетпеген, кайдыгер жана алдамчылыкка жык толгон, тоёр–тойбос жашоо...Эмгектин ардагерлери, советтик пенсионерлер – согуштун балдары тууралуу мыйзам долбоорунун таржымалы узак жылдардан бери уланып келатат. Бийликтен бир гана жооп угасың – акча жок болчу, азыр да жок. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча, жакырчылыктан Кыргызстанда жылына 20 000дин тегерегинде кары адам жарыкчылык менен кош айтышса, айрымдары өз өмүрүнө кол салууга чейин барат. Соңку 15 жылдан бери жыл сайын биздин бирикме Кыргыз Республикасынын президентине, парламентке, өкмөткө жана Орусияга кайрылып, согуштун балдарынын өп–чап жашоосуна көңүл буруп коюуну өтүнүп келатат.
 
Тилекке каршы өлкө жетекчилиги бизди колдобой келатат. “Согуштун балдары” статусун белгилөө тууралуу көп жылдан бери Өкмөт жана Президент менен кат алышуулардын жыйынтыгы боюнча, биз, улуу муун мындан кийинки кат алышуулар маанисин жоготту деген тыянак чыгарышыбыз керек. Себеби азыркы бийлик өз идеологиясы боюнча согуш жылдардагы балдардын бир муунун социалдык коргоого алууну четке какты. Бул болсо эми саясий партия же коомдук уюм гана биздин талаптарды камтыган мыйзам долбоорун КР Жогорку Кеңешине талкууга чыгара алат дегенди билдирет. Согуштун жана андан кийин жылдардын бардык тир укмуштарын башынан өткөрүп калган Согуштун балдары кайрадан эле жабырлангандардын катарында. Мамлекет бул маселени чечүүдө четке чыга берди. Биз согуштун эпкинин көрүп калган муун жеке кайгысы жана жеке камкордугу болуп эсептелген саясатчыларды издейбиз.
 
Эгерде кайсы бир саясий партия биздин максатыбызды аткаруу үчүн – согуштун балдарын жок дегенде минималдык алгылыктуу деңгээли менен камсыздоо үчүн өзүнө жоопкерчилик ала турган болсо, бул партия үчүн эмгектин бардык ардагерлери добуш берет. Бул партия менен “Жакшы күчтөр биримдиги” бирикмеси Кызматташтык тууралуу келишим түзөт. Бул согуш жылдарынын трагедиясын башынан өткөргөн муунду социалдык коргоо боюнча узак мөөнөттүү иш болот.Айрым саясий партиялар коомдогу адеп–ахлакка байланышкан көйгөйдү көтөрүп чыгыш үчүн пенсияга 200–300 сомдон кошуп берүү, салык жеңилдиктери жана ушул өңдүү ойлонуштурулбаган талаптарды коюп келишет. Эмгек ардагерлеринин бирикмеси саясатчыларга башка, өтө зарыл тапшырманы сунуштайт.
 
Согуш балдары ошол жылдарды көңүлүндө түйүп калган акыркы адамдар катары совет элинин эрдиги тууралуу эс–тутум нөөмөтүн согуштун ардагерлеринен келечек муунга өткөрүп бериш керек. Бул максаттарга  жетүү үчүн бирикме “Согуштун балдарынын” статусун тааныган саясий партия аркылуу Согуш балдарын коргоого; турак жайы болуп–болбогонуна карабастан төлөнчү мамлекеттик социалдык жардам берүүгө; согуш ардагерлери үчүн ооруканаларда дарылануу мүмкүнчүлүгүнө; шаардык транспорттун бардык түрүн, шаар сыртына каттачу, темир жол жана автобус каттамдарын бекер колдонууга; паспорту болсо “Согуштун балдары” статусун таануунун жөнөкөйлөштүрүлгөн схемасына багытталган демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул муунга берүүлөрдү арнап, адабий, көркөм чыгармаларды басып чыгарып, скульптуралык эстеликтерди тургузуп, согуштун балдары үчүн төш белгилерин уюштуруу керек.
 
Биз, согуштун балдары, эмгек ардагерлери Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоонун алдында бакубат жашаган, оокаты тың кыргызстандыктарга, анын ичинде мамлекет жетекчилигине 15 согуштун баласын, бирикменин активисттерин моралдык жана материалдык жактан колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган элек. Башкача айтканда, жөн гана кайыр сурадык. Туш тараптан – жымжырттык! Ошондоөлкөдө ачарчылык жана жакырчылык өкүм сүрүп жаткан согуш жылдары, өзгөчө согуштан кийинки жылдары адамдар камкор жана боорукер болгонун эстедик.Саясатчылардын арасынан кимдир бирөө жок дегенде Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында “Согуштун балдары” статусу тууралуу мыйзам долбоорун өткөрүү менен алектенет деген үмүт кала берүүдө.
 
Согуштун балдарынын, эмгек ардагерлеринин, пенсионерлердин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын “Жакшы күчтөр биримдиги” эмгек ардагерлер бирикмесинин төрайымы Валентина ЖИТЕНЕВА

Окшош материалы: