Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Болгариядан Эмнени үйрөнө алабыз?

2015-04-07 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Болгариядан Эмнени үйрөнө алабыз?

Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реформалоо, мамлекеттик социалдык тапшырык, бийликти бир жерде топтоштуруудан арылтуу жана борборлоштурууну азайтуу тууралуу ар кандай макалаларда, окуу китептеринде, маалыматтык жана аналитикалык материалдарда Болгариянын тажрыйбасына шилтемелер көп кездешет. Бул да жөн жерден эмес. Акыркы жылдары бул чакан өлкөдө социалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө бир топ маанилүү өзгөрүүлөр орун алып, бул болсо социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү калкка жакындатууга, аларды алуучулардын керектөөлөрүнө жакшыраак жооп берип, мурдагыдан да даректүү кылууга жол ачты.

Элестүү айта турган болсок, Болгарияда социалдык кызмат көрсөтүү мүмкүн болушунча адамга жакын болуп, персоналдашып, бара-бара “камкордук”, “коргоо”, “өнүгүү үчүн шарттар” түшүнүктөрүнүн чыныгы маанисине жакын боло баштады. Бир жерде топтоштуруудан арылтуу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жолу менен Болгарияда муниципалитеттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жардамдын жана коргоонун башкы оператору болуп калышты. Ошону менен бирге социалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө маанилүү ролду бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар ойнойт. Алар социалдык маселелерди чечүүгө жең түрө киришип, болгар коомунун жана башкаруу органдарынын алдында өзүн көрсөтө алышты. Болгария менен Кыргызстандын көлөмүн, бирдей административдик-буйрук берчү өткөн чагын, жашоо деңгээлин жана калктын кирешесин салыштыра келгенде бул өлкөнүн тажрыйбасы ага жөнөкөй сереп жасоого гана эмес, дыкат, ийне-жибине чейин изилдөөгө, Кыргызстандын шарттарында чечмелеп берүүгө татыктуу деп баа бере алабыз. Болгондо да бери дегенде реформалардын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарына карата айта турган болсок.
Албетте деталдары биздин ата мекендик, кыргызстандык болуш керек жана болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ролу менен жакындан таанышып келүү үчүн 2015-жылдын апрель айында Болгарияга Кыргызстандан делегация аттанып кетти. Делегациянын курамына бейөкмөт уюмдардын, муниципалитеттердин, ошондой эле мамлекеттик органдардын – КР Өкмөт аппаратынын жана КР Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү кирди. Бул сапарды Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Жарандык коомду колдоо фонду" долбоору финансылык колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту жана Болгариянын Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү фонду уюштурду. Сапардын жүрүшүндө жасалган байкоолор бул түрмөктүн өзөгүн түзөт.