Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштандылар менен иш алып барган “Гетлини” экологиялык полигону жана ZAAO муниципалдык компаниясы менен таанышуу

2019-11-22 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Таштандылар менен иш алып барган “Гетлини” экологиялык полигону жана ZAAO муниципалдык компаниясы менен таанышуу

"Латвиядагы өз алдынчалыкка ээ болгон өз алдынча башкаруу" макаласынан үзүндү. Автору: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси

2019-жылдын 29-сентябрынан 4-октябрына чейин ЖӨБдү өнүктүрүүдөгү тажрыйба алмашуу үчүн Латвияга жумушчу сапар уюштурулду. Бул тажрыйба алмашуу сапарына Ош (Ылай-Талаа жана Көк-Жар АА), Нарын (Кара-Суу жана Жерге-Тал АА), Чүй облустарындагы (Петровка жана Кызыл-Туу АА) муниципалитеттердин айыл өкмөт башчылары, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Ысык-Көл райондук мамадминистрациясынын башчысы жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышты.

Сапар Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстанда муниципалитеттер жана өкмөт ортосундагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Аталган долбоорду Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясы аткарат (www.lps.lv).

Сапардын максаты: таштанды жыйноо жана чыгаруу системасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жана Латвияда жүргүзүлгөн администрациялык-аймактык реформа менен таанышуу. Тажрыйба алмашуу сапары Латвиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана регионалдык өнүктүрүү министрлигинен башталды. Аталган министрликте делегация Айлана-чөйрөнү коргоо жана регионалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рудите ВЕСЕРЕ (Rudite VESERE) айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Латвиянын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана саясий документтерин даярдап, пландоо тууралуу, таштандыны башкаруу, экологиялык саясатта экономикалык аспаптарды колдонуу (мисалы, жаратылыш ресурстарында салыкты колдонуу) жөнүндө маалымат алышты.

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясында (Latvijas Pašvaldību savienība) жолугушуу достук маанайда өттү. Буга Өнүктүрүү саясат институту менен Ассоциациянын көп жылдан берки кызматташтыгы себеп болду. Жолугушуу маалында Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын Төрагасы Гинтс КАМИНСКИС мырза конокторду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы ийгиликтүү өнүгүп, өлкө өсүп-өнүксүн деген тилегин айтты.

Ассоциациянын Башкы катчысы Мудите ПРИЕДЕ айым жана Ассоциациянын улук кеңешчиси Марис ПУКИС мырза “Латвиядагы өз алдынча башкаруулар системасы. Латвияда ЖӨБдүн өнүгүүсү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары. Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясы. Латвияда өз алдынча башкаруулар ассоциациясын түзүүдө принципиалдуу маселелер. Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий диалогу. ЛӨБАнын саясий структурасы. Европалык жана эл аралык деңгээлдерде кызыкчылыктарды коргоонун ыкмалары” деген темаларга баяндама жасашты1.

Делегациянын өкүлдөрү Латвиянын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда бул өлкөнүн мамлекеттик бюджети тууралуу толук маалымат алышты.

Кыргызстандан барган делегация Сеймдин (Латвия парламентинин) өкүлдөрү менен да жолугушуп, администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүүгө жана өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулап алышты. Жолугушуу маалында тараптар өткөрүлгөн реформалардын оң жана терс жактарын, тийгизген таасирин жана кесепеттерин, реформа жүргүзүү маалында алынган сабактарды талкуулашты2.

Таштанды полигонунда өскөн помидор, гүлдөр жана full-led бадыраңдары

Эки объект – “Гетлини” экологиялык полигону жана ZAAO муниципалдык компаниясына сапар бардык катышуучуларда катуу таасир калтырды. Бул объекттер таштандыны башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүп келишет.

Бизге туристтер келишет, алар менен иштөө үчүн атайын үч кызматкерибиз бар. Мисалы, 2019-жылы ишканага бала бакчаларда тарбияланган наристелерден баштап, пенсионерлерге чейин 9 миңдин тегерегинде адам келди. Ишкананы кыдыруу үчүн акы алынбайт, себеби жыл сайын биз буга кеткен чыгашаны тарифке кошуп коёбуз. Ишкананы үлгү катары чет өлкөлүк дипломаттарга, министрлерге, жетекчилерге жана башка атактуу конокторго көрсөтүп турабыз. Ишибиз тууралуу башкаларга айтып берип, көрсөтүп, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, жаңы муунга бир топ маанилүү билим беребиз: Эмне үчүн айлана-чөйрөнү коргош керек? Эмне үчүн таштандыны сорттош керек? Таштандылардын турмуштук цикли кандай? Эмне үчүн ар бир таштанды ресурс болуп берет? Эмне үчүн ашыкча буюм сатып албастан, калдыктардын санын азайтууга аракет жасаш керек? Айланачөйрөнүн коопсуздугуна жана биздин өлкөнүн туруктуулугуна байланышкан ушул өңдүү бир топ суроолорго жооп берип келүүдөбүз”3”, – деп айтып берди “Гетлини” ишканасынын директору.

“Гетлини” полигонунун аймагында жалпы аянты 11 412 чарчы метр, бийиктиги 5,5 метрге жеткен заманбап күнөсканалар курулган. Бул жерде 25 000 көчөт отургузулуп, өсүмдүктөр 10 512 чарчы метрди ээлейт. Бир жылда күнөсканада болжол менен 500 тонна помидор өсөт. Күнөсканаларда климатты көзөмөлдөп турган жабдуулар орнотулган. Алар технологдор белгилеген параметрлер боюнча орнотулуп, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн зарыл болгон чөйрөнү камсыз кылып турушат. Өсүмдүктөр жерден 70 см бийиктикте жөөктө илинген минералдык кебезде өстүрүлөт. Бул демек – өсүмдүктөр жерге тийбейт дегенди билдирет. Өсүмдүктөрдү азыктандыруу үчүн жер семирткичтерди аралаштыруу жана берүү боюнча компьютерге салынган программа колдонулат. Бул программа минералдык жер семирткичтердин жана терең скважинадан алынган суунун жардамы менен өсүмдүктөрдү бардык зарыл болгон заттар менен камсыз кылып турат. Азыктандыруучу эритме өсүмдүктөргө тамчылатып сугаруу системасы менен жеткирилет – бир литрге туура 1 мг. берилет. Помидорлордун гүлдөрүн жапай аарылардын үйүрү чаңдатат. Өсүмдүктөр биринчи жолу гүлдөй баштаганда эле аарылар күнөсканаларга киргизилет. Зыянкечтер менен күрөшүү үчүн алардын табигый душмандары – жылтырак аарылар жана жырткыч кенелер колдонулат. Ушундан улам бул күнөсканаларда өстүрүлгөн продукция пайдалуу жана даамдуу болуп калат.

“Гетлини” күнөсканасында өстүрүлгөн помидорлор, гүлдөр жана бадыраңдар ноябрда сатыкка чыгарылып, бул сезон кийинки жылдын августуна чейин уланат. Помидорлордун түшүмү аптасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жыйналат. Бир жумада болжол менен 15 тонна помидор жыйналат. Бадыраң өстүрүүдөгү өзгөчөлүк – ал күйүп-жанган диод орнотулган жогорку технологиядагы күнөсканада өсөт. Бул – full-led жарык берүүчү технология колдонулган дүйнөдөгү алгачкы күнөскана. Сезон маалында бул жерде өстүрүлгөн помидорлор жана бадыраңдар Латвиянын ири азык-түлүк дүкөндөрүндө, ошондой эле полигондун аймагында орун алган “Гетлини” атайын дүкөнүндө сатылат.

Кагазга экинчи өмүр тартуулаган жер

Ушул эле багытта иштеген экинчи ишкана – ZAAO муниципалдык компаниясы. 28 муниципалитетке таандык бул компания өз ишин таштандыны көмүү үчүн имараттарды, кеңселерди жана аянтчаларды куруудан баштаган. Бул компания курган аянтчаларда кайра пайдаланылуучу материалдар сорттолот.

2003-жылы иш жаңы башталганда полигонго таштандынын төрт түрү түшүп турчу. 16 жылдын ичинде бул тизме жыйырмага узарды. Компаниянын жетекчилиги биологиялык калдыктарды кайра иштетүү үчүн жабдууларды курууну пландап жатат: “2021-жылдын 1-январынан тартып биз үйлөрүбүздөгү ашканалардан чыккан биокалдыктарды өзүнчө жыйнап, аларды кайра иштетип, энергия алууну пландап жатабыз. Мисалы, биздин алгачкы “таштанды тообуз” толуп калды (биз жыл сайын өлчөп турабыз). Себеби мындай тоонун максималдык бийиктиги 20 метрге жете алат, бирок андан ашпашы керек. Ушул 20 метрлик бийиктикке жеткенден кийин рекультивациялоо ишин жасаш керек. Мындан тышкары мыйзам боюнча мындай полигондо биогаз иштетиш керек, себеби газ атмосферага кошулбашы керек. Бирок булэкономикалык көз караштан алганда пайда алып келбесе, анда мындай таштанды өрттөлүп жок кылынат. Биз ошондой эле транспортубузга да кам көрөбүз (бизде таштанды чыгаруу үчүн 20 машне бар). Шиналарды сактоо максатында бетон плиталарын сатып алабыз. Кезектеги “тоо” жабылгандан кийин жаңы жолдорду куруп жатканда биз бул плиталарды ары-бери кыймылдатып, биринин үстүнө экинчисин коё алабыз.

Мындан тышкары ишкана кайра иштетүүгө жарай турган плёнкалуу бастырмаларды фермерлерден акысыз чогултуп турат. Фермер колдонулган плёнкалуу бастырмаларды чогултуп, ишканага чалат, биз фермердин өтүнмөсүн планга киргизип, баарынан чогултуп кетебиз. Бирок бул материалга баа түшүп жатат. Балким, жакын арада мындай калдыктарды чогултууга тариф киргизилиши ыктымал.

“Биз бир нөөмөттө, эртең мененки саат сегизден кечки бешке чейин, аптасына алты күн иштейбиз. Бир айда биздин ишкана 600 тоннага жакын таштандыны кайра иштетип чыгат. Алгачкы таштандыны кайра иштетүү үчүн тариф – 240 литр болгон контейнер үчүн 3 еврону түзөт. Кийинки таштанды кабыл алуу жана кайра иштетүү акысыз болот. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдына цилиндр жана мүшөк салынган контейнерлерди коёбуз”, - деди ишкана жетекчиси.

Экскурсиянын соңунда кыргызстандык делегация муниципалдык ишкананын кеңсесине барды. Чынын айтканда, бул жерде өзүңдү таштанды полигонунун аймагында жүргөндөй сезбейсиң – полигондун кеңсесинин терезесинен жашыл токойду көрүүгө болот, ал эми кеңсенин ичи уй жалап кеткендей таза. Кыргызстандыктар жүргөн учурда окуучулар үчүн экскурсия өткөрүлүп жаткан экен. Окуучулардын айрымдары кагазды кайра иштетүү процессине катышты. “Урда” Технологиялар жана жаратылыш паркынын кызматкерлери Элия жана Арита жогорку класстын окуучулары үчүн “кагазга экинчи өмүр тартуулоо” боюнча мастер-класс өткөрүп жатышкан экен: “Биз балдарга бул ресурстарды колдонуп, таштап гана тим болбостон, аларды кайра иштетүү да мүмкүн экенин көрсөткүбүз келет. Ошону менен бирге үйдө таштандыны сорттоо канчалык маанилүү болгонун, бул атмосферага жана жалпысынан айлана-чөйрөгө таасир тийгизгенин айтып беребиз. Бул жерде ар бир каалоочу өзүн кагазды кайра иштетүүчүнүн ролунда сынай алат. Кайра иштетүүдөн кийин жаңы кагазды кургатып коёбуз. Эгерде окуучу кааласа, кийин ошол кагазды алып кетип, колго жасалган открытка, белек же сүрөт тартуу үчүн колдоно алат”.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары да бул процесске катышкысы келди: ошентип, Нарын облусунун Кара-Суу муниципалитетинин башчысы жана Өнүктүрүү саясат институтунун кызматкери гезитке экинчи өмүр тартуулашты. Андан соң катышуучуларга полигондун аймагында экскурсия сунушталды. Бул экскурсия айрым белгилери боюнча турмуштук циклге да окшошуп кетет: коноктордун сапары күн сааттарынан башталды. Бул сааттын жанында 28 муниципалитеттин (муниципалдык ишкананын ээлеринин) аталышы жана алардын ар бирине чейинки аралыкты көрсөткөн дарактар орун алган. Андан ары жол токойдун жашыл зонасы аркылуу өтүп, дагы бир аз баскандан кийин эко стилиндеги ачык асман алдында жумуш зонасына (open space workout zone) окшошуп кеткен бир аймак пайда болуп, анын этегинде таштандыны кайра иштетүүчү жер орун алган. Бирок эч бир жерде таштандынын жагымсыз жыты сезилген да жок!

Нуржан КОЖОШЕВА, КР ЖӨБ Союзунун юристи: “Таштандыны башкарууга бардык тараптар – ЖӨБ органдары да, жергиликтүү жамаат да катышууга тийиш. ЖӨБ органдары турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу маселелерин чогуу чечүү максатында муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкка жигердүү катышышы керек. Себеби аймактык өзгөчөлүктөрдү, айылдык аймактардын көлөмүн, алардын финансылык абалын эсепке алуу менен бул маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүн эмес, экономикалык жактан да пайдасыз болуп калат. Жергиликтүү жамаат айлана-чөйрөсүн жакшыртуу маселелерине жигердүү катышып, таштандыны натыйжалуу кайра иштетүү үчүн өз милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Бул үчүн таштандыны жыйноо жана чыгаруу үчүн өз убагында акча төлөп, мүмкүн болушунча таштандыны сорттоп турушу керек. Улуттук деңгээлден алып караганда, бийлик да саясий эркин көрсөтүп, айлана-чөйрөнүн булгануусу менен күрөш, таштандыны жок кылуу боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктап, зарыл болсо буга тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилгелеп, кабыл алышы керек. ЖӨБЭММА башында турган маморгандар таштандыны жок кылуу маселесин чечүү канчалык маанилүү болгонун түшүндүрүү, турмуштиричилик калдыктарын жок кылуу маселесин уюштуруу боюнча муниципалитеттер ортосундагы оң тажрыйба менен бөлүшүү, бул багытта мамлекетик саясатты ишке ашыруу боюнча процессти уюштуруп, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселесин талкуулашы керек. КР ЖӨБ Союзу түшүндүрүү иштерин, таштандыны жок кылуу маселесин уюштуруу боюнча муниципалитеттер ортосунда жакшы тажрыйба менен бөлүшүү, таштандыны жок кылуу маселесин саясий деңгээлде чечүү багытында иш жүргүзүшү керек”.

Чүй облусунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек КОЛЬБАЕВ: “Көргөн тажрыйбаны ишке ашыруу үчүн биринчи кадам – айылдык аймактарды ирилештирүү жолу менен эки деңгээлдүү башкарууга өтүү. Бул кадамды жасоо демилгесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши көтөрүшү керек. ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди функционалдуу түрдө чечүү үчүн айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен чогуу муниципалдык укуктук актыларды даярдап чыгууга тийиш”.

 

______________


1 Толугураак журналдын ушул эле чыгарылышында Бектурган Орозбаевдин Эстонияда жана Латвияда башкаруу системасы тууралуу материалынан окуңуз.

2 Толугураак журналдын ушул эле чыгарылышында Бектурган Орозбаевдин Эстонияда жана Латвияда башкаруу системасы тууралуу материалынан окуңуз.

3 http://www.getlini.lv/ru/теплица