Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Латвия: Амата элеттик муниципалитетине жана Драбеши негизги мектебине сапар

2019-11-22 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Латвия: Амата элеттик муниципалитетине жана Драбеши негизги мектебине сапар

"Латвиядагы өз алдынчалыкка ээ болгон өз алдынча башкаруу" макаласынан үзүндү. Автору: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси

 
2019-жылдын 29-сентябрынан 4-октябрына чейин ЖӨБдү өнүктүрүүдөгү тажрыйба алмашуу үчүн Латвияга жумушчу сапар уюштурулду. Бул тажрыйба алмашуу сапарына Ош (Ылай-Талаа жана Көк-Жар АА), Нарын (Кара-Суу жана Жерге-Тал АА), Чүй облустарындагы (Петровка жана Кызыл-Туу АА) муниципалитеттердин айыл өкмөт башчылары, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Ысык-Көл райондук мамадминистрациясынын башчысы жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышты.

Тажрыйба алмашуу сапарынын акыркы күнү Амата элеттик муниципалитетинде жана Драбеши аймагындагы негизги мектебинде өттү. 

Тынчтыкты эңсеп турасызбы? Анда Аматага багыт алыңыз!

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары Латвиядагы акыркы күндү Амата (Amatas novada dome) элеттик муниципалитетинде өткөрүштү. Катышуучуларды ысык чай, шоколад жана “Бизде сейил бак жок, бирок биз паркта жашайбыз” деген сөздөр менен муниципалитеттин төрайымы Элита ЭГЛИТЕ айым (Elita Eglite), муниципалитеттин аткаруучу директору жана туризмди өнүктүрүү боюнча адис тосуп алышты.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары менен учурашкандан кийин Аматанын өкүлдөрү Европа Биримдигинин колдоосу алдында долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Алардын маалыматына ылайык, 2014-жылдан 2020-жылга чейин жалпы суммасы 2 546 490 еврону түзгөн 12 долбоор ишке ашырылып, пландалган. 

Бул тизмеге бекитилген, бирок азырынча ишке ашырыла элек долбоорлор да кирет. Андан соң катышуучулар Аматанын Муниципалдык маркетингдик стратегиясы менен таанышып чыгышты. Бул стратегия 2016-жылы даярдалып, анын натыйжасында ар бир волосттогу ресурстар көрсөтүлгөн карта түзүлгөн.

Маркетинг стратегиясын даярдап, аймакка туристтерди тартуу боюнча максаттуу иш алып барган туризмди өнүктүрүү боюнча адис маалыматы менен бөлүштү. Ага ылайык, Амата крайынын аймагы 745,51 км2 түзөт, анын ичинен 447,31 км2 токой, 219,61 км2 – айыл чарба жерлери жана 78,59км2 – башка жерлер ээлейт. Крайдын рельефи дөбөлөрдөн, аң, көл жана дарыялардан турат. Ал эми Элкас тоосунан Гауя дарыясы башат алган.  

“Амата – толугу менен элет жергеси. Бизде токой, көздүн жоосун алган жаратылыш, биологиялык фермалар, СПА-отелдер, мончолор, конок үйлөрү бар, бул жерден тынчтыкты жана жымжырттыкты табасыз. Жол тыгынын таптакыр эле унутуп койсоңуз болот! Ошондуктан биз регионду ири шаарлардын жашоочулары катуу стресстен кийин көзү ачылып, сергип кала турган жер катары тааныштырып келатабыз. Түрдүү иш-чараларды уюштуруу менен бул багытты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча бир топ иштерди жасап жатабыз. Мисалы, фестивалдарды, Арайшидеги ачык музей түнү, төрт сезон бою уланган туризм, элеттик романтизм ж.б. өңдүү иш-чараларды өткөрүп келебиз. Ар бир сунуш биздин региондун мезгилге жараша өзгөчөлүгүнө ылайык каралып чыгат. Мисалы, октябрь-ноябрь – караңгы айлар, жарык жок, бирок азырынча кар да түшө элек да. Эмне кылыш керек? Жергиликтүү ишкерлер ойлонуп отуруп, акыры жаңы жолдорду, туристтик маршруттарды таап чыгышты. Бул жолдорду басып өткөн туристтер укмуштуудай кооз жаратылышка күбө болушат, атүгүл кандайдыр бир сыйкырдуу темалар да пайда болду. Ошондой эле биз ачык асман алдында, табигый продукттарды жана материалдарды колдонуп көп иш-чараларды, жашыл фестивалдарды өткөрүп турабыз. Дагы бир мисалды келтирсек болот – биологиялык фермалар. Бул жакка келгендер козу карын терип, аң уулап, төө, ат минип, айтор убактысын көңүлдүү өткөрүшөт. Төрт жыл мурда биз Жапайы тамак фестивалы өңдүү жаңы багытты өздөштүрө баштаганбыз, ал эми Нан күнүн 15 жылдан бери өткөрүп келатабыз. Жапайы тамак фестивалы региондогу чакан ишкерчиликти өнүктүрүүчү аспапка айланды. Бул фестивалды өткөргөн алгачкы жылы 500 киши келет деп күткөнбүз, бирок миңге чукул конок келди. 2019-жылы бул фестивалга 5 миңге жакын адам катышты. Фестивалга катышуу акысы – бир адамга 3-5 евро болот”, - деди Эва, туризмди өнүктүрүү боюнча адис.

Бардыгы балдар үчүн

Аматанын өкүлдөрү сөзүн жыйынтыктагандан кийин сапардын катышуучуларына аймакты кыдырып чыгууну сунуш кылышты. Андан соң сапардын алкагында соңку объектке кезек жетти. Кыргызстандык делегация бак-дарактар менен курчалган жайлуу жашыл зонада орун алган, жаңыланган Драбеши негизги мектебине багыт алышты.

Мектептин директору Кристине ПАЙСУМА айым конокторду тосуп алып, мектепте чакан экскурсия уюштурду: “Мен он жыл бою Латвияда “Билим берүү жарчысы” болдум. Мен Европаны, АКШны жана Орусияны түрө кыдырып, билим берүү чөйрөсүндө жайылтууга мүмкүн болгон идеялардын баарын Латвияга алып келип турдум. Мен доцентмин, жогорку окуу жайында биринчи курстун студенттери үчүн илимий иштерди түзүү методикасын, “Жүйө келтирүү искусствосу” жана “Баяндама жасоо искусствосу” сабактарын өтөм. Бул жерге келип калган таржымалым абдан кызыктуу болгон. Бала кезден бери бир кыялымды багып келдим – мектепти нөлдөн баштап кургум келчү. Бир жолу эмгек өргүүсүнө чыгып, деңиздин жээгинде эс алып жаткан элем. Ошондо “Адамдарга эмнелерди жасаш керектигин үйрөтөм, бирок эмне үчүн өз кыялымды орундата албай койдум?” деп катуу ойго түштүм. Себеби өзүм тренер болсом, демек адегенде өз алдынча иш жасап көрүп, ошондон кийин гана муну башкаларга үйрөтүшүм керек да, туурабы? Көп өтпөй мага баш тартууга мүмкүн болбогон сунуш түштү – Ливи жана Драбеши жергелеринде эки мектепти кайра түзүүнү сунушташты. Бул реформалардын натыйжасында Ливидеги башталгыч мектеп мектепке чейинки билим берүүчү мекемеге, ал эми Драбешидеги мектеп интернаты негизги мектепке өтмөк (башталгыч мектеп – 1-4-класстар, негизги мектеп – 5-9-класстар). Бул сунуш бир нерсени айгинелеп турду– мектепти нөлдөн баштап түптөп чыгыш керек. Үй-бүлөм мага катуу колдоо көрсөттү, бул үчүн абдан ыраазымын. Ооба, башында абдан эле оор болду, бирок биз муну жасай алдык! Бул мектепти эки жыл мурда ачып, ошондон бери иштеп келатабыз. Биздин мектептин өзгөчөлүгү – башынан оор күндөрдү өткөргөн балдар менен иштейбиз. Дал ошол себептен мектепке БАЛАНЫ билген жана аны түшүнгөн мыкты мугалимдерди тандап алабыз. Балада чыгармачыл инсанды өнүктүрүү процессинде биздин ишибиз өтө көп кырдуу. Бул ар бир балада өзүнө болгон ишенимди пайда кылат.

Ал эми биздин мектепте инсанды өнүктүрүү – динамикалуу процесс, мында мектеп жамаатынын ар бир мүчөсү жоопкерчиликтүү болгонду үйрөнүп, алдына койгон максатына умтулат. Бул болсо этикалык иш-аракеттердин өзөгү жана өзүн башкаруу жөндөмдүүлүгү. Бирок БАРДЫК кызыкдар тараптар – ата-эне, балдар, кызматкерлер, өз алдынча башкаруу (анын ичинде Билим берүү боюнча башкармалык), иш берүүчүлөр жана жергиликтүү жамаат чогуу иш алып барганда гана бул процесс ишке ашат. Натыйжада биз кызыкдар тараптардын негизги муктаждыктарын канааттандыра турган ийгиликтүү уюмга ээ болобуз”.

Мектепте балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн – эргономикалык отургучтары бар трансформер үстөлдөрдөн баштап, ыңгайлуу тапчан жана оюн аянтчасы бар короого чейин баары бар. Эргономикалык отургучтары бар кабинет катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты1. Мындай отургучтар омурткага келген жүктү жеңилдетип, денени түз кармап, отурса да кыймылда болууга шарт түзүп, узак убакыт бир абалда отура бергенден кармайт, бул болсо өзгөчө балдар үчүн көйгөйлүү маселе. Ар бир кабинет окуу процесси үчүн зарыл болгон шаймандар менен жабдылган. Ал эми бөлмө өсүмдүктөрү үчүн стеллаждар “манеж” стилинде орнотулган – текчелерди ары-бери кыймылдатса болот. Катышуучулар буларды көтөрүп жүрүү ыңгайлуу болгонун белгилешти. 

Драбеши мектебинин тарбиялануучулары мугалимдердин күч-аракетин баалашат жана алар үйрөтүп жаткан баалуулуктарды бекем сакташат: туруктуулук жана стабилдүүлүк; латыш салт-санааларын билүү; мектепти өнүктүрүү.

Драбеши мектеби маданий билим берүүчү борбор катары да таанылган. Бул жерде формалдуу билим берүү менен катар, окуучуларга бейформал билим да сунушталат. Мындай билим өзүнө материалдык (Устачылык үйү) жана материалдык эмес (Арайши археологиялык паркы) маданий мурасты сактоону камтыйт. Бүгүнкү күндө Драбеши мектебинде 1-класстан 5-класска чейин 49 окуучу билим алат, алар менен 35 кызматкер иштейт, алардын 19у – педагогдор. Мектеп аккредитациядан өтүп, Өнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыккан, өнүктүрүүнүн багыттарын аныктап, билим берүүнүн сапатына аудит жүргүзгөн.

Бекболот БЕКИЕВ, ӨСИнин өкүлү: “Биздин билим берүү системабыздын Латвиядан айырмасы – бул жерде ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ведомствосуна өткөрүлүп берилген, ал болсо жеринде сапаттуу билим берүү кызматын көрсөтүүгө жана камсыз кылууга кызыкдар. Бул – балдар татыктуу жана сапаттуу билим алып, окуу процессин уюштурууга жөндөмдүү директорду ишке алуу үчүн аны конкурстун негизинде тандоого ыйгарым укугу бар, квалификациясы жогору адисти чакыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон муниципалитеттин үлгүсү”.

Бул Кыргызстан үчүн канчалык реалдуу?

Бардык нерсенин башы да, аягы да болот эмеспи. Ошентип Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу алдында уюштурулган тажрыйба алмашуу сапары да соңуна чыкты.

Бул сапар Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстанда муниципалитеттер жана өкмөт ортосундагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Аталган долбоорду Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясы аткарат. Дээрлик бардык катышуучулар Латвияда көргөндөрдүн көбүн Кыргызстанда да ишке ашыруу мүмкүн экенин белгилешти. Болгону үч суроо бар: Бул үчүн ким өзүнө жоопкерчилик алат? Бул үчүн саясий эрк жетеби? Бул качан ишке ашат? Муну эми убакыт көрсөтөт.

 

_____________

1 “Эргономика” (грек тил. ergon – иш жана nomas – мыйзам) термини биринчи жолу өткөн кылымдын ортосунда Улуу Британияда пайда болгон. Бүгүнкү күндө эргономика — бул эффективдүү, ыңгайлуу жана ден соолукка зыян келтирбей жашаганды (иштегенди жана окуганды, эс алганды жана машине айдаганды) үйрөткөн илим. Мындай отургучтар омурткага келген жүктү жеңилдетип, денени түз кармап, отурса да кыймылда болууга шарт түзөт. Бул болсо өз кезегинде маанайга да, жалпы жонунан психикалык абалга да оң таасирин тийгизет. Булагы: https://smartstool.ru/blog/ergonomichnyij-stul.html