Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

10 (108) 13 Ноябрь 2020

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эстония Республикасынын жана Латвия Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, 1-бөлүм

2019-11-22 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Эстония Республикасынын жана Латвия Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу,  1-бөлүм

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) Кыргызстандын делегациясы үчүн Эстония жана Латвия Республикаларына тажрыйба алмашуу сапарын уюштурду. Бул Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Эстонияга жана Латвияга сапар администрациялык-аймактык реформа, өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйба менен таанышуу максатында уюштурулду. Кыргызстандык делегацияны Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К. А. БОРОНОВ жетектеп барды.

Делегациянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары К. К. КЕРЕЗБЕКОВ, Т. Г. ТИЛЛАЕВ, А. У. ЖАПАРОВ, КР Өкмөт Аппаратынын өкүлү, финансы жана экономика министрлеринин орун басарлары, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлдөрү кирди.

Делегация Эстония Республикасында 2019-жылдын 23-25-сентябрь күндөрү, ал эми Латвия Республикасында 25-28-сентябрь күндөрү болушту. Тааныштыруу сапары Латвиянын жана Эстониянын Муниципалитеттер ассоциациясындагы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

Эстония Республикасы

Эстониянын тажрыйбасы менен таанышуунун алкагында Кыргызстандан барган делегация өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй өңүттөрү менен тааныша алышты:

  • Эстониянын администрациялык-аймактык реформасы (максаты, этаптары, жетишкендиктери, тажрыйбасы, алган сабактары);
  • санарип Өкмөттү түптөөгө байланышкан маселелер (калкка мамлекеттик сектордогу электрондук кызматтарды көрсөтүү, электрондук Өкмөттү киргизүүнүн тарыхы жана принциптери, өлкөнү санариптештирүүдө жетишилген ийгиликтер, кыйынчылыктар жана жетишкендиктер);
  • Эстониянын мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу системасы (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана милдеттери, Муниципалитеттер Ассоциациясы менен Эстониянын борбордук бийлиги ортосунда сүйлөшүү процесси);
  • муниципалдык финансыны башкаруу маселелери (ЖӨБдүн кирешелери жана чыгашалары, бюджет аралык мамилелер, өз алдынча башкарууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды теңдештирүү жана каржылоо системасы);
  • Эстониянын Шаарлар жана волосттор ассоциациясынын иши, анын ичинде борбордук бийлик менен сүйлөшүү процессинде Ассоциациянын ролу;
  • Пярну шаардык муниципалитеттин иши жана Пярну шаарынын электрондук башкаруу системасы.

Эстонияга барган күнү кыргызстандык делегация бул өлкөнүн Шаарлар жана волосттор ассоциациясынын (ЭШВА) Кеңешинин төрагасы жана Таллин шаардык кеңешинин төрагасы Тийт ТЕРИК мырза, вице-төрага, директор, анын орун басары жана өнүгүү боюнча менеджер менен жолугушту. Ошондой эле чет өлкөлүк соода жана маалымат технологиялар министри Керт КИНГО айым, Өкмөттүн Интернет технологиялар (IT) директору/ Экономика жана телекоммуникациялар министрлигинин IT боюнча вице-канцлери Сийм СИККУТ мырза менен жолугушуулар болду. Мындан тышкары кыргызстандык делегация Парламенттин депутаты, Эстония Парламентинин финансы комиссиясынын төрагасы Айвак КОКК мырза менен жолугушту.

Кийинки күнү делегация Эстониянын Финансы министрлигинин мамлекеттик башкаруу министри Яак ААБА, Эстониянын Финансы министрлигинин канцлери Вейко ТАЛИ мырзалар менен жолугушту. Делегация “э-Эстониянын брифингборборуна” барып, ал жерде эксперттер өлкөнү санариптештирүүнүн тарыхы, басып өткөн этаптары, модели жана жетишкендиктери менен тааныштырып, электрондук башкаруу системасы жана аны киргизүү жолдору тууралуу маалымат беришти. Сапардын соңунда делегация Пярну шаарына да барып, мэр Ромек РОЗЕНКРАНИУС мырза менен жолугушуп, муниципалитеттин иши жана Пярну шаарынын электрондук башкаруу системасы менен тааныша алышты.

Эки күндүн ичинде Кыргызстандан барган делегация бардык кызыктырган суроолорду талкуулап, эстондук кесиптештери менен пикир алмашып, алар башынан өткөргөн кыйынчылыктар, бардык реформалардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин карап чыгышты. Таанышуу сапары Кыргызстан менен Эстониянын мамлекеттик башкаруусунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү жолдорун салыштырууга жардам берди. Администрациялык-аймактык реформалар жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү реформалар, ошондой эле ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоодо мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ассоциациялардын) ортосундагы сүйлөшүү процесси катышуучуларда чоң кызыгууну жаратты. Муниципалитеттердин саясий, административдик жана финансылык өз алдынчалуулугу, билим берүү, өз алдынча башкаруу органдары аткарган, бирок республикалык бюджеттен каржыланган саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо чөйрөлөрүндө өз алдынча башкаруунун функциялары, республикалык бюджеттен каржылоо жолу менен муниципалитеттерди теңдештирүү механизмдери да кызыктуу темаларга айланды.

Эстония Республикасы 1992-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Эстония көз карандысыз демократиялык парламенттик республика болуп эсептелинет. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу Парламентке (Рийгикогу) таандык. Анын курамына 101 депутат кирет. Бул депутаттар тең укуктуу жана түз шайлоонун жүрүшүндө пропорционалдык система боюнча төрт жылга шайланат.

Мамлекет башчысы Республиканын Президенти болуп саналат. Президентти Рийгикогу депутаттары же жашыруун добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулар коллегиясы тандап алат. Президент беш жылга шайланат. Бирок дагы бир мөөнөткө шайланууга укугу бар. Шайлоочулар коллегиясы парламенттин депутаттарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын бардык кеңештеринен түзүлгөн делегаттардан турат. Президенттикке талапкерлердин бири да парламентте көпчүлүк добушту (конституциялык курамдан үчтөн экисинин добушун) ала албаган учурда коллегия чогулат. Шайлоочулар коллегиясында мамлекет башчысын шайлоо үчүн көпчүлүктүн добушу жетиштүү болот. Рийгикогунун же шайлоочулар коллегиясынын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Аткаруу бийлиги Республиканын Өкмөтүнө баш ийет. Өкмөттү премьер-министр башкарат. Премьер-министр болуп парламенттик шайлоодо уткан партиянын лидери же парламенттик коалициянын лидери дайындалат. Парламент жактырган премьер-министрликке талапкер көрсөтүлгөндөн кийин президент Министрлер кабинетин бекитет.

Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу

1993-жылдан бери Эстонияда өз алдынча башкаруунун бир деңгээлдүү системасы колдонулуп келатат. Бардык шаарлар жана волосттор тең укукка ээ жана бирдей тапшырмаларды аткарышат. 

Конституцияга ылайык, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруулары көз карандысыз болуп саналат жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык маселелердин чечилиши үчүн жооптуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын милдеттери мыйзамдын же алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет. Мамлекет өткөрүп берген, мыйзамдардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкарууга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттен төлөнөт.

1994-жылы Эстония Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар жөнүндө Европа хартиясын толугу менен ратификациялаган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын жыйналышына шайлоо ушундай эле аталыштагы Мыйзам менен жөнгө салынат.

ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын жыйналышы төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Эстонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын жыйналышы саясий орган болуп эсептелинет. Жыйналыш ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысын (мэрди, волосттун башчысын) шайлайт. Ал эми аткаруу органы жергиликтүү өкмөттү түзөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттери:

  • коомдук жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүү, коомдук кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон инфраструктураларды куруу жана тейлөө;
  • мектепке чейинки, башталгыч жана орто билим берүү;
  • социалдык кызмат көрсөтүүлөр;
  • маданият жана спорт;
  • турак жай-коммуналдык чарбасы (ТЧК);
  • суу менен жабдуу, канализация;
  • аймактарды пландоо;
  • муниципалдык коомдук транспорт жана муниципалдык жолдорду тейлөө;
  • жаштар менен иш алып баруу;
  • бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу;
  • көрктөндүрүү;
  • таштандыны кайра иштетүү.

Жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин негизги булактары:

1) жеке жактар төлөгөн киреше салыгы: жеке жактардын кирешесинен алынган салыктан 11,86% (2018-ж.); 11,9% (2019-ж.); 11,93% (2020-ж.) (киреше салыгы 20% түзөт);

2) жергиликтүү бюджетке толугу менен түшкөн жер салыгы (волосттук жана шаардык жыйналыштар жер салыгын жердин эсептик наркынан 0,1-2,5% чегинде дифференциялайт);

3) кендерди (күйүүчү сланец, кум, гравий, суу ж.б.) иштетүү укугу үчүн акы;

4) теңдештирүү фондунан;

5) колдоо фондунан;

6) башка кирешелер.

Эстониядагы администрациялык-аймактык реформа (ААР)

Эстонияда администрациялык-аймактык реформа (ААР) элди коомдук кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кыла алган жергиликтүү өз алдынча башкарууларды түзүү, аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү, мыйзамдар менен жүктөлгөн милдеттерин өз алдынча аткара алуусун камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн.

Демографиялык өзгөрүүлөр, урбанизация жана мобилдүүлүктүн өсүшү, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшыруусу ААРди жүргүзүүгө себеп болгон. ААР кабыл алынган Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын администрациялык реформасы жөнүндө Мыйзамдын алкагында өттү. Аталган Мыйзам 2016-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген. Минималдуу көлөмдөгү – 5000 адам жашаган өз алдынча башкарууларды бириктирүү Мыйзамдагы негизги талап болгон (сунушталган көлөмү – 11000 адам). Ыктыярдуу биригүү 2017-жылдын 1-январына чейин ишке ашса, 2017-жылдын 15-февралынан тартып мажбур түрдө бириктирүү башталган.

Администрациялык реформа жөнүндө Мыйзамда белгиленген критерийлерге жана максаттарга кошумча, биригүү учурунда төмөнкү жагдайлар эсепке алынышы керек болчу:

  • тарыхый жактан негизделгендиги;
  • элдин турмуш шартына тийгизген таасири;
  • жашоочулардын бириккендик сезими;
  • коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына тийгизген таасири;
  • административдик өз алдынчалуулукка тийгизген таасири;
  • демографиялык кырдаалга тийгизген таасири;
  • транспортту жана коммуникацияларды уюштурууга тийгизген таасири;
  • ишкерлер чөйрөсүнө тийгизген таасири;
  • билим берүүгө байланышкан кырдаалга тийгизген таасири;
  • бирдиктүү регионго кызмат көрсөтүүдө уюм катары өз алдынча башкаруунун жолго салынган иши.

Реформага чейин 213 муниципалитет, анын ичинде 183 волость жана 30 шаар бар болчу. Эстониядагы администрациялык реформадан кийин 79 муниципалитет – 64 волость жана 15 шаар түзүлдү. Эстониядагы ААР ыктыярдуу бириккен муниципалитеттер үчүн финансылык колдоо жана жумушсуз калган муниципалдык кызматчылар менен муниципалитет башчыларына компенсация төлөп берүү менен коштолгон. Биригүүгө бөлүнгөн финансылык колдоонун (жөлөкпулдун) көлөмү 66 млн. евро болду. 160 жергиликтүү өз алдынча башкаруу, же 86 пайызы өз демилгеси менен ыктыярдуу түрдө кошулган. Калгандары мажбурлоо жолу менен, финансылык колдоосуз бирикти. ААРдин натыйжасында 15 уезддик мамлекеттик администрация жоюлуп, алардын ыйгарым укуктары министрликтер менен муниципалитеттер ортосунда бөлүштүрүлүп берилген.

Эстониянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ассоциациясы

Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруулары ассоциацияларды жана биргелешкен уюмдарды түзүүгө укуктуу. Ассоциациялар мамлекеттик органдар, башка жактар жана эл аралык уюмдар менен мамиле түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бирдиктүү уюму катары чыгышат.

2018-жылдын 27-февралында жалпы мамлекеттик масштабдагы Ассоциация Эстониянын шаарлар жана волосттор союзу (ЭШВС) болуп кайра түзүлгөн. Ал Эстониянын Шаарлар союзу менен Волосттук өз алдынча башкаруулар союзунун биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ЭШВСтин курамына 77 муниципалдык түзүлүш кирет (79 түзүлүштүн ичинен). Бул түзүлүштөрдө өлкө калкынын 99,8% жашайт. Эстониянын Биринчи Шаарлар жана волосттор союзу 1920-жылдын 19-сентябрында негизделген.

Эстониянын Шаарлар жана волосттор союзу Жалпы жыйналыштан, Кеңештен, Башкаруу жана Канцеляриядан турат. Жалпы жыйналыш – башкаруунун жогорку органы, анын 230 мүчөсү бар. Ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруудан бери дегенде эки делегат Союзга мүчө, бир жергиликтүү өз алдынча башкаруудан делегаттардын максималдуу саны – 12. Кеңеш 115 кеңешчиден турат. 13 мүчөдөн турган Башкаруу – ассоциациянын жетекчи органы, башкаруу төрагасы – Таллин шаардык кеңешинин төрагасы Тийт ТЕРИК. Канцелярия административдик ишти жасайт, 20 кызматкерден жана жетекчиден турат.

ЭШВСнын негизги милдеттери:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ортосундагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, жалпы кызыкчылыктарды жана укуктарды коргоп, башкаларга жеткирүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруулар тутумун демократиянын жана бийликти децентралдаштыруу принциптерине ылайык, элдин күтүп жаткандай жана анын кызыкчылыгында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн көңүлгө алуу менен өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын уезддик ассоциациялары менен кызматташуу жана бул кызматташтыкты бекемдөө;
  • мамлекеттик органдар, башка мекемелер жана эл аралык уюмдар менен мамиле түзүүдө Союздун мүчөлөрүн бирдиктүү уюм катары алып чыгуу;
  • жергиликтүү бийлик органдарынын башка союздары менен кызматташуу;
  • мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткаруу.

ЭШВС төмөнкү багыттар боюнча 6 комиссиянын жана 5 эксперттик топтун ишин жүзөгө ашырат:

  • финансы жана салык саясаты;
  • билим берүү жана жаштар менен иштөө;
  • социалдык коргоо, саламаттык сактоо, жумуштуулук;
  • транспорт жана инфраструктура;
  • маданият жана спорт;
  • жер ресурстары жана айлана-чөйрө;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялары боюнча эксперттик топ;
  • интеграция боюнча эксперттик топ;
  • ТКЧны модернизациялоо боюнча жумушчу топ;
  • ЕБ-2021-2027 стратегиясын аткаруу боюнча жумушчу топ;
  • айлана-чөйрө боюнча жумушчу топ;
  • башка маселелер.

Эстониянын Шаарлар жана волосттор Союзу менен Эстония өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр

ЭШВСтин маанилүү жана уникалдуу ролу – мамлекеттик бюджет боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу. Бул процессте ЭШВС жергиликтүү өз алдына башкаруулардын кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде коргоп келет: кийинки жылымамлекеттик бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкарууга бөлүнө турган каражаттын көлөмү тууралуу мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Сүйлөшүүлөрдүн темасы:

  • жергиликтүү өз алдынча башкарууларга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана аларды төлөө принциптери (жеке жактан алынган салык кирешеси, турукташтыруучу фонд, жер салыгы, айлана-чөйрөнүн булгануусу үчүн акы);
  • жергиликтүү өз алдынча башкарууга мыйзам менен жүктөлгөн мамлекеттин милдеттерин аткаруу шарттары жана ага кеткен чыгымдын ордун толуктоо тартиби.

Мамлекеттик бюджет жөнүндө сүйлөшүүлөр

Сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчн мамлекеттик башкаруу министри жооп берет. Ал ошондой эле Өкмөттүк комиссиянын төрагасы да болуп эсептелинет. Билим берүү жана илим министрлигинин, Айлана-чөйрө министрлигинин, Экономика жана коммуникациялар министрлигинин, Социалдык иштер министрлигинин, Маданият министрлигинин жана Финансы министрлигинин өкүлдөрүӨкмөттүк комиссияга мүчө болушат. Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары бул процесс маалында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын мамлекеттик бюджеттин стратегиясында жана тийиштүү жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда чагылдыруу тууралуу макулдашууга жетишет.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү процесси тийиштүү жумушчу тартип менен жөнгө салынат.

Сүйлөшүүлөр Өкмөттүк комиссияда, ошондой эле сектордук жумушчу топтордо кеңешмелер түрүндө өтөт.

Сектордук жумушчу топтор:

  • финансы жана салык саясаты боюнча жумушчу топ;
  • жаштар иштери жана билим берүү боюнча жумушчу топ;
  • жумуштуулук, социалдык чөйрө жана саламаттык сактоо маселелери боюнча жумушчу топ;
  • транспорт жана жолдор маселелери боюнча жумушчу топ;
  • маданият жана спорт иштери боюнча жумушчу топ;
  • айлана-чөйрө жана жер ресурстары маселелери боюнча жумушчу топ;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар маселелери боюнча жумушчу топ;
  • интеграция иштери боюнча жумушчу топ.

Сүйлөшүүлөрдүн протоколу, б.а. баштапкы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жыл сайын Парламентке мамлекеттик бюджеттин долбоору жана түшүндүрмө кат менен кошо берилет.

Өкмөттүк коалиция менен сүйлөшүүлөрдө ЭШВСнын болжолдуу сунуштары:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын киреше базасын кризиске чейинкидей деңгээлде калыбына келтирүү, муну мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын ортосунда бөлүштүрүлгөн киреше салыгынын үлүшүн көбөйтүү жолу менен ишке ашыруу;
  • билим берүүнүн муктаждыктары үчүн, кызыкчылыктар жана мектептен тышкаркы билим берүү боюнча иштерге, социалдык чөйрөгө, ошондой эле маданият жана спорт үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууларга бөлүнгөн жөлөкпулдарды көбөйтүү;
  • жергиликтүү жолдорду күтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкарууларга бөлүнгөн жөлөкпулду көбөйтүү – реалдуу муктаждыктарга шайкеш келген деңгээлге чейин жеткирүү (мамлекет 29 млн. евро бөлөт, реалдуу муктаждык – 50 млн. евро болот);
  • жергиликтүү салык тутумун модернизациялоо: жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын киреше алуу мүмкүнчүлуктөрүн кеңейтүү/салык автономиясын көбөйтүү, мисалы, туристтик салыкты киргизүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар мамлекеттик бюджеттен абдан көз каранды болуп турушат.

Электрондук Эстония

Эстония санарип Өкмөттү жана коомду нөлдөн баштап түптөй алды жана бүгүнкү күндө бардык кызыкдар өлкөлөр менен өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Эстониянын жолун жолдоп, анын тажрыйбасын колдонуп электрондук башкарууну жүзөгө ашырууга 60тан ашык өкмөт катышууда.

Эстония маалыматтык коомду 20 жыл мурда түптөй баштаган, башында жарандар тууралуу сандык маалыматтар чогултулган эмес. Ал маалда элде жалпысынан Интернет, атүгүл Интернетти колдонуу үчүн түзүлүштөрү да болгон эмес. Маалыматтык технологиялардын жолун басып өтүүгө жана буга инвестиция жасоого күчтү саясий эрк талап кылынды. Кабыл алынган мыкты чечимдер дин натыйжасында Эстония дүйнөдөгү санарип жамааттары өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланды.

Төмөндө маалыматтык технологиялар жаатындагы чечимдер Эстониядагы күнүмдүк турмушту канчалык оңдогонун көрсөткөн айрым индикаторлор берилди:

  • санарип кол тамгаларды жапырт колдонуунун натыйжасында мамлекеттик ИДПнын 2 пайызы үнөмдөлүүдө;
  • маалыматтарды электрондук жол менен алмашуунун натыйжасында жыл сайын 1407 жылдык жумушчу убакыт үнөмдөлүүдө;
  • бизнести түзүүгө кеткен убакыт беш күндөн үч саатка чейин кыскарды;
  • компаниялардын 98% онлайн түзүлгөн;
  • банк операцияларынын 99% онлайн жүргүзүлөт;
  • салыкты администрациялоонун 95% онлайн ишке ашат;
  • эстон элинин 98 пайызында улуттук электрондук тек жайды тастыктаган күбөлүгү бар;
  • 54 минден ашык адам электрондук жол менен ушул өлкөдө жашоого уруксат сурап өтүнмө берди;
  • Европа парламентине өткөн соңку шайлоодо 109 өлкөдө жашаган эстон шайлоочулардын 46,7 пайызынын ичинен 46,7% i-Voting колдонгон;
  • шайлоочулардын 99% шайлоодо участокко барбастан эле аралыктан электрондук добушун берүү укугуна ээ;
  • бейтаптардын 99 пайызында өлкө боюнча санарип жазууларды алууга жеткиликтүүлүгү бар;
  • рецепттердин 99% санарип түрүндө жазылат;
  • ай сайын дарыгерлерден 2,3 миллион электрондук суратым жана бейтаптардан 1,8 миллион суратым түшөт;
  • 2500 мамлекеттик кызмат көрсөтүү 99% онлайн режиминде, күнү-түнү, дем алышсыз жеткиликтүү;
  • полициянын машинелериндеги электрондук полиция тутумунда 15тен ашык маалымат базасы, анын ичинде Шенген жана Интерполдун базасы бар;
  • башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу маалыматтык-компьютердик технологияларга байланышкан билимди эки эсе көп студент алат;
  • Эстониядагы мектептердин 100 пайызы электрондук чечимдерди колдонот ж.б.

Эстониядагы электрондук өкмөттүн принциптери:

  • Децентралдаштыруу – борбордук дайындар базасы жок, мамлекеттик департамент болобу, министрлик, өз алдынча башкаруу же бизнес болобу – ар бир кызыкдар тарап өзүнүн жеке системасын тандайт.
  • Өз ара байланыштуулук – системанын бардык элементтери маалыматтар менен ишенимдүү бөлүшүп, чогуу иш алып барышат.
  • Бирдиктүүлүк – маалымат алмашуу, М2М маалыматтары менен бөлүшүү (жөн турган абалындагы маалыматтар жана журналдар, көз карандысыз жана толугу менен инфраструктурага отчет берген KSI блоктордун чынжырча технологиясынын жардамы менен), бул болсо ачык булак катары иштейт.
  • Туруктуу укуктук өзгөрүүлөр жок.
  • Бир гана жолу – мекеме маалыматтарды бир гана жолу чогултат, мындан улам маалыматтарды кайра-кайра чогултуу, бюрократия көрүнүшү болбойт.
  • Ачык-айкындуулук – жарандарда өзүнүн жеке маалыматын көрүп, өкмөт бул маалыматты лог-файл аркылуу кантип пайдаланып жатканын текшере алат.

2019-жылдын 25-28-сентябрь күндөрү Кыргызстандан барган делегациянын таанышуу сапары Латвияда уланды. Толук окуу