Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Польша үчүн актуалдуу маселе: Муниципалдык лидерлердин өз алдынчалуулугу менен жарандык коомдун көзөмөлү ортосундагы теңдик

2015-01-19 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Польша үчүн актуалдуу маселе: Муниципалдык лидерлердин өз алдынчалуулугу менен жарандык коомдун көзөмөлү ортосундагы теңдик

2014-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин, Өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, ЖӨБ органдарынын жетекчилери, жергиликтүү жамааттын жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү Польшага окуу сапары менен барып келишти. Бул сапар Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. “Муниципалитет” журналы борборлоштурууну азайтууда Польшанын тажрыйбасы тууралуу өз байкоолорун жарыялайт жана Кыргызстан үчүн кандай мисалдар пайдалуу болуп, ал эми кайсы жерден башкаларды туурабастан, өз жолубузду табышыбыз керектиги тууралуу талкууну улантуу үчүн бардык пикирлерди кубаттайт.

Польшанын саясий формуласы: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу +Базар экономикасы+ Сөз эркиндиги = Демократия
 
Польшанын башка айрым мурдагы социалисттик өлкөлөрдөгүдөй эле жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өзгөчөлүгү – анын келип чыгышын Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө ХХ кылымдын 80-жылдарынын соңунда башталган саясий трансформациялоо процесстери менен байланыштырышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тарыхый жаңырыктары бул өлкөлөрдө совет мезгилинде да сакталып кала берген. Балким ошол себептерден улам Чыгыш Европадагы шаарларда жана айылдарда турмуш тиричилик деңгээли Советтер Союзуна кирген республикаларга (Прибалтиканы кошпогондо) салыштырмалуу дайыма жогору болчу. “Польшада жергиликтүү өз алдынча башкаруу 1950 жылга чейин, аны Советтер Союзу иш жүзүндө жок кылганга чейин дайыма болуп келген”, - деп эскертет Жергиликтүү демократияны колдоо фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Польшада ЖӨБны калыбына келтирүү ишинин демилгечилеринин бири Ежи СТЕМПИЕНЬ.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун салттарын унутта калтырбаган Польшанын жаңы саясатчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасын трансформациялоонун символдорунун бирине айландырышты. Муниципалитеттердин өз алдынчалуулугу тууралуу сөздөр “Тилектештик” кыймылынын жана Польшанын коммунисттик партиясынын эң алгачкы консультациялары жүрүп жаткан маалда биринчи жолу айтыла баштады. Балким ЖӨБнын дал ушул саясатташып кеткенине жана символикалык маанисине байланыштуу анын кереги барбы, же жокпу деген маселени Польшада эч ким көтөрбөйт чыгар. Польша президентинин Туруктуу кеңешчиси Ян ЛИТЫНЬСКИЙдин айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун децентрализациясы жана өнүгүүсү – бул ар бир өлкөнүн башкаруунун демократиялык формасына өтүү процессиндеги ажыратылгыс бөлүгү. “Демократиялык Польшанын алгачкы өкмөтү – “Мазовецкийдин өкмөтү”–үч фундаменталдык реформаны баштап берди. Мына ошолор 20-кылымдын үлгүсүндөгү Польша мамлекетинин негизги контурун калыптандырды. Алар: сөз эркиндиги менен кошо саясий реформа; менчиктештирүүнү жана бизнестин өнүгүүсүн кошкондо экономикалык реформа; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун децентрализациясы жана өнүгүүсү. Борборлоштурууну азайтуу (децентрализация) – бул ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти ажыратууда зарыл болгон, талашсыз элемент. Ал бийликтин коом алдындагы отчеттуулугун, жергиликтүү бийликтин борбордон көз карандысыз саясат жүргүзүүсүн камсыздап, жарандардын борборлоштурулган башкарууга караганда, кабыл алынганчечимдерге дагы да жакшы таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кепилдейт”. Баса, “Муниципалитет” журналы жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мына ушул өңдүү мамиле Латвияда да калыптанганы тууралуу жазган эле. Латвияда Элдик фронт адегенде бийликти муниципалдык деңгээлде алып, андан кийин улуттук өкмөттү түзгөн. Ошондуктан Латвияда Польшадагыдай эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары жана эркиндиктери кол тийгис болуп эсептелет. Кыргызстанда болсо кырдаал башкача: бизде демократия менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда түз аналогия жүргүзүлбөйт. Бекер кылышат. Балким, эгерде биз жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата көз карашты бир аз башка нукка бурсак жана аны демократиялык башкаруунун негизи катары кабыл алсак, көп айтылган бийликтин оодарылган пирамидасы кадимки абалына келер беле... Ресурстар жана ыйгарым укуктар пропорционалдык эмес деңгээлде борбордо топтолуп, ал эми элет жергеси өнүгүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүк алалбай солуп, тынчсызданган кырдаал жакшы жагына өзгөрөр беле... Кыргызстан өнүгүү үчүн бекем жана туруктуу негиз алаар беле...
 
Польшада жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгилигинин негизги кепилдиктери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 
  • ЖӨБ органдарынын саясий көз карандысыздыгы (автономиясы);
  •  Көз карандысыз бюджеттер. Алардын негизги принциптери – жергиликтүү бюджеттин кирешеси жамааттын керектөөлөрүн канааттандырууга жетиш керек (жана бул мыйзамда белгиленген);
  •  Өзүнчө мүлк;
  •  Мамлекеттин мыйзамдарды сактоо жаатындагы көзөмөлү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө Польшанын жогорку  башкаруу органдарынын ролу

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө негизги ролду бардыгы үчүн бирдей эрежени орноткон Польшанын парламенти – Сейм ойной турганы шексиз. Парламентте жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитет иш алып барат. Ага муниципалдык кесипкөй тарыхы бар, айталы,заманбап жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнгөн жана ЖӨБнын кызыкчылыктарын тең салмактуу коргоого жөндөмдүү болгон Варшаванын мурдагы мэри өңдүү депутаттар кирет. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзамдык актылар узакка созулган жана деталдуу сүйлөшүү процессинен кийин гана кабыл алынат. Бул болсо бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарындагы тең салмактуулукту камсыздоого көмөктөшөт. Аны менен катар туруктуу комиссия да иш алып барат, ага мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун – муниципалдык ассоциациялардын өкүлдөрү кирет. Польшада ушул өңдүү бир нече ассоциация бар: “гмин жана шаарлар” бирдиги, “повяттар” бирдиги, “воеводалар” бирдиги жана “метрополийлер” бирдиги. Комиссияны өкмөттүн өкүлү – башкаруу министри жетектейт. Анткен менен бул мамлекеттин чечүүчү добушу бар дегенди билдирбейт. Анткени сүйлөшүү процессинин максаты – жеңишке жетүү эмес, баары үчүн ыңгайлуу чечим, мунаса табуу болуп эсептелет. Польша Республикасынын президенти Бронислав КОМОРОВСКИЙ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүн өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары эсептейт. Мамлекет башчысы ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү менен жылына бери дегенде бир жолу жолугушуп турат. Ал эми анын администрациясындагы министрлердин бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен байланышта болуп, ЖӨБга карата президенттин мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгуу үчүн жооп берет. ЖӨБнын өнүгүүсүндө Польша өкмөтүнүн ролу анчалык чоң эмес: өкмөт мыйзам чыгаруу демилгелер укугуна ээ эмес, бирок воеводаларды – өз өкүлдөрүн дайындоо үчүн жооптуу. Алар ЖӨБ органдарынын чечимдери колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келип-келбегенин текшерип турушат. Жалпысынан Польша мамлекети жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата логикага сыйган жана жүйөлүү позицияны ээлейт – мыйзамдардын сакталышына көз салат жана кызыкчылыктар тең салмактуулугун камсыздайт. Чечимдерди кабыл алуу процессине кийлигишүү тууралуу сөз да жүрбөйт. Анткен менен мэрлердин бири өзүнүн мамлекет менен өз ара мамилелери тууралуу мындай пикирде: “Парламент ЖӨБга каржы бөлүнбөй турган кошумча милдеттенмелерди жүктөгөн мыйзамдык актыны кабыл алуу менен биздин жашообузга “бүлүк сала алат”. Бирок иш жүзүндө мындай боло албайт. Анткени депутаттык комиссиялар жана ассоциациялар менен өкмөттүн биргелешкен комиссиясы биздин кызыкчылыктарыбызды коргойт. Мындан тышкары бизди Конституциялык палата коргойт. Анткени өлкөнүн Башкы мыйзамы каржылоо менен бекемделбеген милдеттенмелерди жүктөөгө тыюу салат”.
 
Польшадагы ЖӨБнын Үч деңгээли: татаал, бирок иштейт!
 
Кыргызстандан барган делегацияны Польшада ЖӨБнын татаал үч деңгээлдүү системасы канчалык татаал болгонуна карабастан бир кыйла натыйжалуу иштеп жатканы таң калтырды. ЖӨБнын биринчи деңгээли – бул болжол менен 2500 гмина жана шаар (гмина – элет жамааты, юридикалык жак). Экинчиси – 314 повят (район). Үчүнчүсү – 16 воеводство (облустун бир түрү), алардын ар биринде орточо эсеп менен алганда болжол менен 2,4 миллион киши жашайт. Ошону менен бирге ЖӨБнын төмөн турган деңгээлдери жогору тургандарына отчет бербейт! Деңгээлдер ортосундагы ыйгарым укуктар жана функциялар горизонталдык принцип боюнча бөлүштүрүлгөн. Ар бир деңгээл өз милдеттерин аткарат жана башкалар менен аралашпайт. Бардык функциялар бөлүктөргө бөлүштүрүлгөн. Мисалы, саламаттык сактоого карата медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн баштапкы деңгээли бар – гминалардын деңгээлинде, жалпы профилдеги оорукана – повяттардын деңгээлинде, кууш адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр –воеводстволордун деңгээлинде. Медицинанын өзү болсо илим катары мамлекеттин деңгээлинде турат. Темир жолдор, анын ичинде кыймылдама курамы локалдашуусуна жараша гминалык болушу мүмкүн, повяттарга, воеводстволорго жана мамлекетке тиешелүү боло алат. Ошону менен бирге өлкө калкы жана башкаруучулар темир жолдун ишинин натыйжалуулугу жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты адатта мамлекеттин деңгээлине салыштырмалуу повяттар деңгээлинде бир кыйла жогору болгонун белгилеп келишет – алардын курамы жаңыраак, тейлөө жакшыраак. Жалпысынан Польшадагы эксперттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу борбордук өкмөткө салыштырмалуу ресурстарды бери дегенде 20 пайызга эффективдүүрөөк жана үнөмдүү башкарат деген пикирди карманышат. Бул таң калычтуу деле эмес – кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөргө жакын болгону да таасирин тийгизбей койбойт. Мындай системада мамлекетте чоң көлөмдөгү менчиги болбойт, бирок ошол эле кезде башкарууга көп каражатты да сарптабайт. Министрлик-терде болсо практикалык мүнөздөгү милдеттери анчалык көп эмес – инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүгө байланышкан физикалык маселелердин көбүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз алдынча чечет. Мамлекет өз ресурстарын ири инфраструктуралык стратегиялык долбоорлорго багыттайт, билим берүүгө көп каражат жумшайт. Айталы, билим берүү жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын олуттуу бөлүгүн түзөт, ошону менен бирге бул чыгашалардын жарымына субсидияны мамлекет берет. Эгерде Кыргызстан менен салыштыра турган болсок, Польшада категориялык гранттар болушунча иштейт. Алардын бизден айырмасы – өлкөдө жан башына каржылоо
принциби так сакталат, ал эми ЖӨБ органдары мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди башкарууга таасирин тийгизе алат. Мисалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорун ЖӨБ органдары ачык
сынактын алкагында дайындашат. Польшанын муниципалитеттери функциялардын төрт негизги топторун аткарат. Биринчиси жана негизгиси – мейкиндикти башкаруу. Кыргызстандык делегациянын катышуучулары окшоштуруп көрүүгө аракеттеништи, бирок башкы пландан жакшы эч нерсе ойлоп таба алышкан жок. Поляктар болсо мейкиндик башкаруу дегенде дагы да кеңири процесстерди түшүнөт. Эгерде жөнөкөйлөштүрүп айта турган болсок, бул көбүрөөк өнүктүрүү стратегиясынын башкы план менен айкалышуусуна окшошуп кетет. Башкача айтканда, мейкиндикти башкарууга муниципалитетти өнүктүрүүнүн географиялык, демогра- фиялык, архитектуралык, инфраструктуралык, башкаруучулук, маданий, социалдык жана башка көптөгөн аспекттери кирет. Функциялардын экинчи тобу – баштапкы жана жарым-жартылай билим берүү. Анын чыгашасынын 50% жергиликтүү бюджет каржылайт, калган чыгашасын мамлекет көтөрөт. Үчүнчү топ – социалдык коргоо, анын ичинде баштапкы медициналык жардам жана жамааттагы социалдык-аярлуу топтордун өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү. Төртүнчүсү – коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын санап берүүдө польшалык саясатчылар биринчи планга өнүгүү жана башкаруу маселелерин коё турганын, ал эми коммуналдык чөйрө – акыркы орунда экенин байкаса болот. Мына ушунда Кыргызстанга салыштырмалуу Польшадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүн өзү далдаштыруусунун дагы да жогорку деңгээли сезилип турат. Муну муниципалитеттер жигердүү алектенген иштердин мисалдары ырастап турат. Айталы, шаар башчысы жолдордун ремонтуна жана таштанды чыгарууга башын оорутпайт – бул маселелердин баары чечилген. Мэр калктын санынын өсүшүнө байланыштуу билим берүү үчүн базаны кеңейтүү программасын ишке ашыруу максатында 15 миллион еврого муниципалдык облигацияларды чыгаруу менен алектенет. Муну ишке ашырса, бала -бакчаларда орундар көбөйөт, эки жаңы бала- бакчанын курулушу башталат. Мэр стадиондун, же темир
жол вокзалынын курулушу менен алектенет.
 
ААР тополоңго чыдабайт жана 30 жылга созулат
 
Кыргызстандан барган коноктор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үч деңгээли өтө көп деген пикирде калышты. Польшанын саясатчылары гминаларды ирилештирүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну повяттар деңгээлинде топтоштурса болот деп, жалпысынан кыргызстандыктардын божомолуна макул болушту. Анткен менен муниципалитеттерди ирилештирүү процесси – бул өтө татаал, узак мөөнөттү талап кылган жана сезимтал маселе. Мында чечим кабыл алууда эч шашпаш керек. Бул административдик-аймактык реформаны чукул арада жүргүзүү менен бардык көйгөйлөрдү чечсе болот деген куру кыял менен жашап келаткан кыргызстандык реформаторлор үчүн дагы бир сабак. Анткен менен Ежи СТЕМПИЕНдин баамында, 10-15 жылдан кийин Польшадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу повяттардын (райондордун) деңгээлинде иштеп калат.1998-жылы көптөр аларды ЖӨБнын “ашыкбаш” деңгээли деп эсептегенин кошумчалай кетели. Ошентип Польшадагы административдик-аймактык реформа болжол менен 30 жылга созулган болот (Латвияда ушул өңдүү реформа 20 жылга созулган жана 20 миллиард долларга ишке ашкан. “Муниципалитет” журналынын 2014-жылдын март айындагы чыгарылышын окуңуз).
 
ЖӨБ башчыларын түз шайлоо: Мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар
 

Польшанын жарандардын түз добуш берүүсү менен шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чындап эле көз карандысыз. Бул көз карандысыздык алардын иштеринде, жүрүм-турумунда, калк жана жергиликтүү кеңештер менен өз ара мамилелеринде байкалыптурат. Ошондой эле мамлекеттик аткаминерлердин, атүгүл эксперттердин да тынчсыздануусун жаратып келет. Польшанын мэрлеринин жана войтторунунэркиндиги тууралуу Ежи СТЕМПИЕНЬ булар-ды айтты: “Түз шайлоолорду саясатчылар жана журналисттер жакшы көрөт. Бирок башкаруунун отчеттуулугу жагынан алып караганда бул дайыма эле жакшы эмес. Польшадагы түз шайлоолоржергиликтүү кеңештерди бир топ начарлатты,мэрлер жана войттор эч кимге баш ийбеген “бийлерге” айланып калышты”.ЖӨБ органдарынын жетекчилери өз кызмат орундарын 15-20 жыл бою ээлеп, үч-төрт мөөнөткө шайланат. Бул убакыт аралыгында алар башкаруу системасында “тамыр жайып” калышат. Мунун оң да, терс да жактары бар. Албетте шаарда 15-20жыл бою иштеп келаткан мэр анын өзгөчөлүктөрүн баарынан мыкты билет, өнүгүүнүн туруктуулугун ке-пилдейт. Бирок экинчи жагынан алып караганда, ал адамда өз кызматына карата менчик сезими пайда болот, күмөндүү жана коммерциялык мамилелердитабышы мүмкүн. Мындай мэрди шайлоодо жеңип алуу – өтө татаал иш. Жаңы талапкер өз шайлоочусуна эски мэрден мыкты экенин далилдеп бериш керек. Эгерде шайлоочуну мэриянын иши канааттандырса, анда аны жеңип алуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай “тамыр жайып” калган мэрди кызматтан алуунун жалгыз реалдуу ыкмасы – жаңжал үчүн себеп табуу жана референдум өткөрүү. Польшада баары болуп жыл сайын муниципалдык деңгээлде 100гө жакын референдум өткөрүлөт жана элдик добушка чыгарылган суроолордун 90 пайызы ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин отставкасына тиешелүү. Добуш берүү предметинин 10 пайызын гана “маңызына жараша суроолор” түзөт: эмнени куруш керек? кошуна гмина менен биригүү керекпи же жокпу? Бул жакшыбы же жаманбы – айтуу кыйын. Балким Польшанын эксперттери референдум саясий күрөштүн куралы катары кызмат кылышы мүмкүн дегенге жалпысынан кошулат чыгар. Бул процессте маанилүү ролду массалык маалымат каражаттары ойнойт. Акыркы төрт жылдаММК бери дегенде 5 жолу муниципалдык лидерлер жасаган кыянат иштердин жана коррупциянын жүзүн ачышкан. Жаңжалдардын натыйжасында тийиштүү жетекчилер кызматынан ажыраган жана жазага тартылган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болгон Польшанын президенти муниципалдык жетекчи өз кызматын ээлей турган мөөнөттөрдүн санын чектөөнү сунуштап жатат. Жетекчинин эки мөөнөттөн ашык шайлануусуна тыюу салуу, бирок ошону менен бирге 6 жылга чейин (төрт жылдын ордуна) шайлоо сунушталууда. Ушул мөөнөт мэрге же войтко өнүктүрүү программасын аткарып, муниципалдык саясатты өткөрүп берүүнү камсыздоо мүмкүнчүлүгүн бермек. Анткен менен эч ким түз шайлоолорду алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштабайт.Бул туруктуу, ыйык демократиялык жетишкендик, жарандын муниципалитеттеги бийликти кимге ишенип берүүнү чече турган эч ким тартып алгыс укугу катары эсептелет. Анын ордуна ошол эле президент жетекчилердин жарандар алдындагы отчеттуулук механизмдерин жергиликтүү өз алдынча башкарууда өнүктүрүү жана кеңейтүү маселеси менен алек. Ошону менен бирге Бронислав КОМОРОВСКИЙ күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин үстүнөн жамааттын чабал көзөмөлү Польша үчүн эң актуалдуу маселе деп эсептейт. Ошондуктан Польшанын президенти муниципалитеттердин саясий турмушундагы референдумдардын ролун күчтөндүрүүнү ЖӨБга карата өзүнүн саясатынын артыкчылыктуу маселеси деп тандап алды. Анын үстүнө референдумдун жыйынтыктары катышкандардын санына карабастан таанылышы идеянын өзөгүн түзөт. Мындай чара жамааттагы атүгүл чакан топторго да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн бермек. Ошентсе да Польшада муниципалдык саясатчынын көз карандысыз, саясий жактан күчтүү фигура болушунун көп оң жактары бар. Бул кызмат муниципалдык башкарууга сейрек учурай турган адамдарды жана жакшы менеджерлерди тартып турат. Бул тууралуу Легионово шаарынын мэри мындай пикирде: “Эгерде мен өз айланамдагы жашоону чындап өзгөртүүнү кааласам анда шаарда иштейм.Башкаруу деңгээли канчалык жогору болсо, ошончолук абстракциясы да көп болот. Мен жергиликтүү өз алдынча башкарууну тандадым. Бирок Легионовонун ар бир тургуну референдум уюштуруп, мени кызматтан алып коё турганын унутпайм”.

 
Польшада ЖӨБнын ишинин үстүнөн көзөмөл мыйзам бузуу үчүн куугунтуктоого эмес, аны алдын алууга багытталган.
 
Польшада ЖӨБ органдарынын ишинин жана кабыл алган чечимдеринин үстүнөн мамлекеттин көзөмөлү укуктук мүнөзгө гана ээ. Округ башчысы – чакан аппаратка ээ болгон, өкмөт дайындаган аткаминер – ЖӨБ органдарынын чечимдери мыйзамдарга шайкеш кабыл алындыбы же жокпу дегенди текшерип, мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгаруу укугуна ээ. Бирок мэрлердин жана войттордун пикиринче, мындай учур чанда гана кездешет. Анткени ЖӨБ органдары юридикалык потенциалга ээ жана мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынышына дээрлик жол беришпейт. Ошону менен бирге округ башчысы дүйшөмбү күндөрү ЖӨБ башчыларын чогултпайт, эч кандай көрсөтмө бербейт жана сөгүш жарыялабайт. Ал жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды көзөмөлдөө боюнча өз милдетин ийгиликтүү аткаруу менен жада калса жылдап деле муниципалдык лидерлер менен жолугушпай жүрө алат. Легионово шаарынын мэри мамлекеттин көзөмөлү бир кыйла “жакын жана олуттуу” деп эсептейт. Бирок ал текшерүү өңдүү кырдаалды башынан өткөргөн эмес экен: “Биз Варшавага жакын жерде орун алганбыз, мамлекет тарабынан көзөмөлдү сезип эле турабыз. Бирок мунун баары мыйзамдардын, анын ичинде көзөмөл принциптери тууралуу мыйзамдардын алкагында гана сезилет. Ошентсе да биз үчүн көзөмөлдүн негизги аспабы – бул өзүбүздү өзүбүз көзөмөлдөгөнүбүз. ЖӨБ органынын структурасында ички аудит, ички көзөмөл тобу, тобокелчиликтерди баалоо системасы бар. Анын үстүнө биздин карызга батып калбашыбызга Эсептөө палатасы да көз салып турат. Ал эми иш тууралуу отчеттор жөнүндө айта турган болсом, биз жергиликтүү кеңештеге гана отчет беребиз. Эч кандай мамлекеттик органдарга отчет жибербейбиз”. Польшада мамлекет тарабынан көзөмөл системасы мыйзамдарды же финансылык тартипти бузууну болтурбай тургандай түзүлгөнүн белгилей кетүү керек. Бул канчалык эрте болсо ошончолук жакшы. Эч ким эч кимден кылмыштардын санын келтирген көрсөткүчтөрдүталап кылбайт. Коррупциялык кылмыш же финансылык тартип бузуу – бул чоң жаңжал жана бул үчүн муниципалдык аткаминерлер жана саясатчылар менен кошо ошону алдын албаган мамлекет тарабынан дайындалган көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү жоопко тартылат. Эмесе биз Польшадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсү тууралуу байкоолорубуз менен бөлүштүк жана бул маалымат сиз үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз. Анткен менен бул макалада биз жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун аспекттерине токтолгон жокпуз. Бул темага журналдын 2015-жылдын февраль айында жарык көрө турган санында кайрылып, өзүнчө макалада айтып беребиз. Польшанын жарандарынын жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусуна
токтоло турган болсок, бул ЖӨБ жетекчилерин түз шайлоо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана муниципалдык жетекчилерди чакыртып алуу үчүн референдумдардын кеңири колдонулушу аркылуу бир топ натыйжалуу камсыздалып жатат деген тыянакка келсе болот. Кыргыз Республикасында ЖӨБ органынын жетекчисин шайлоо ыкмасы тууралуу маселе күн тартибинде турганын, атүгүл өкмөттүк программага да камтылганын эсепке алуу менен, кыргызстандык саясатчылар түз шайлоо менен референдумдарды жайылтуу ортосундагы тең салмактуулукту изилдеп, ошондой эле Польшадагы ЖӨБ системасы башынан өткөрүп жаткан сабактарды жана тынчсызданууларды болтурбоо үчүн шайлануучу жетекчилердин иш мөөнөтүн чектөө тууралуу маселени карап чыкса болоор эле деп айткыбыз келет.