Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык башкаруу: Бавариянын тажрыйбасы

2014-02-20 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Муниципалдык башкаруу: Бавариянын тажрыйбасы

Ханнс Зайдель Фонду берген материалдарынын жана Бамберг университетинин профессору, Ханнс Зайдель Фондунун эксперти Юрген Вальсхефердин Бавариянын ЖӨБ негиздери боюнча лекциясынын негизинде, 2013-жылдын декабрь айы.

 
Германиянын эң эле жакшы өнүккөн жерлеринин  бири болгон Бавариянын дүйнөгө берген таанымал символдорун санап отуруу кыйын: күчтүү футбол клубу, BMW унаалары, атактуу сыра... Бирок биз бүгүн булар тууралуу эмес, Бавариянын экономикалык жана саясий өсүшүнө эмне алып келгени жөнүндө кеп кылабыз. Жалпы өнүгүүгө таасир эткен факторлордун бири – муниципалдык башкаруу, же аны бизче айткандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тарыхы бул жерде шаардык мыйзамдардын алгачкы жыйнагы пайда болгондон тарта, 400 жыл мурда башталган. Көп жылдан бери алар жергиликтүү субъекттердин көбүрөөк көз карандуулугуна ээрчиткен багытта өркүндөй берди. Калкы 12,5 млн. адамга жеткен жана 200 элеттик округу бар заманбап Бавария жашоосун эки принципке таянып курат: муниципалитеттердин көз карандысыздыгы жана жарандардын коомдук турмушка активдүү катышуусу.
 
Муниципалитеттердин көз карандысыздыгы
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизинде субсидиардуулук принциптери жатат. Ага ылайык, маселелер өтө төмөн, чакан жана борбордон алыстаган деңгээлде чечилиш керек. Бул жерде алардын чечимдери мүмкүн жана натыйжалуу болот. Башкача айтканда, ар бир индивидуум өзү үчүн жоопкерчилик алат. Эгерде ал муну жасай албай жатса, анда бул милдетти өзүнө чоңдугу боюнча кийинки турмуштук чөйрө катары үй-бүлө алат. Үйбүлөнүн колунан келбей жатса, анда жоопкерчиликти коңшулаштык же жамаат алат. Ушул чынжырдын соңунда гана мамлекеттин жоопкерчилиги турат.Баварияда (Германиянын бардык жеринде деле) өз алдынча башкарууга укук Конституция менен корголот жана мыйзам менен сакталат. Ал каржылык суверенитет, аймактык пландоо суверенитети, кадрдык суверенитет жана ченем чыгаруучулук суверенитети (устав түрүндө жергиликтүү ченемдик укуктук акттарды кабыл алуу) өңдүү тармактарды камтыйт. Алардын айрымдарына токтололу.
 
Кызыктуу факт 
 
Өткөн кылымдын 70-жылдарында Баварияда муниципалитеттерди ирилештирүү боюнча акыркы административдик-аймактык реформа жүргөн. Адегенде дем берүүчү (мисалы, инвестициялар үчүн мамбюджеттен гранттар), андан кийин – мажбурлоочу чаралар колдонулган. Натыйжада муниципалитеттердин саны эки эсеге кыскарган. Ошентсе да алар көбүрөөк каржылык ресурстарга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон. Ошентип муниципалитеттер өз өнүгүүсүн жеринде, түрдүү инстанциялардан өзгөчө уруксаттарды алып отурбастан эле башташты.
 
Каржылык суверенитет
 
Муниципалитеттердин каржылык автономиясы алардын өз киреше булагы болгону менен аныкталат. Булар: салыктар, жыйымдар жана пошлиналар. Негизги жергиликтүү салыктарга жер салыгы жана кирешеге салык кирет. Ошондой эле жергиликтүү бюджетте кирешеге карай салыктан белгилүү бир үлүш кала берет. Бул салыктар маал-маалы менен кайра каралып, өзгөрүп турат. Өз кирешелерин жана чыгашаларын өз алдынча пландоонун бай тажрыйбасы акча чогултууга карата бир кыйла тең салмактуу саясатка алып келди: муниципалитеттер эгерде алар жергиликтүү салыктардын ставкасын кошуна шаарларга же айылдарга салыштырмалуу өтө жогору орнотуп алса, бизнес ал жакта өтүп кетпесе да, бул жерде өнүкпөй турганын, бул болсо жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизе турганын жакшы билишет.Муниципалитеттер өз аймагын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өз алдынча аныкташат. Мындай тапшырмалардын тизмеси бир топ кеңири: алардын айрымдары федералдык мыйзамдарга ылайык милдеттүү (мисалы, суу менен камсыздоо, канализация, жолдор, жарыктандыруу ж.б.) жана ыктыярдуу тапшырмалар бар (мисалы, спорттук курулуштардын курулушу, китепканаларга, музейлерге көңүл буруу ж.б.).
 
Кызыктуу факт
 
10 миң калкы бар шаардын орточо бюджети – бул 400 барактан турган документ жана анда болгон чыгашалардын баары көрсөтүлгөн, ал эми кирешелердин булактары реалдуу.Ченем чыгаруучулук суверенитети Муниципалитет өз функцияларын мыйзамсыз аткарып жатканда гана мыйзам мамлекетке ошол функциялардын аткаруусуна кийлигишүүгө жол берет. Мамлекет тарабынан муниципалдык чечимдердин максаттуу болуп-болбогонун текшерүүгө көзөмөл болбойт жана көзөмөл болсо да мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Муниципалитет өзүнүн милдеттүү функцияларынын кайсы бирин аткарбай койгондо гана мамлекет кийлигише алат, бирок бул функциялар кандай аткарылып жатканына такыр кийлигише албайт.Муниципалитеттин мүмкүнчүлүк алкагынан чыккан тапшырмаларды аткаруу үчүн райондордун компетенциясы каралган. Бул үчүн райондордо да өзүнүн киреше булактары бар. Райондук бюджет көп учурда райондун аймагында жайгашкан муниципалитеттердин жергиликтүү бюджеттеринен акча чегерүүлөрүнөн түзүлөт.
 
Кызыктуу факт
 
Германиянын мыйзамдары боюнча, каалаган муниципалитет федерацияны сотко бере алат. 2 жыл мурда салык салуунун жаңы принциптерине каршы чыккан Шаарлар ассоциациясы бул механизмге дээрлик жетип, бирок соңунда баары тынч жол менен чечилген.2014-жылдан тартып Баварияда бардык милдеттүү эмес мыйзам чыгаруучу демилгелер убактылуу токтотулду. Жергиликтүү өкмөттүн жетекчисинин баамында, учурда мыйзамдык база жерлердин нормалдуу иштеши үчүн жетишээрлик, ал эми жаңы демилгелер башаламандыкка алып келип, аларга өтө көп убакыт жана энергия сарпталууда.
 
Жарандык активдүүлүк
 
Учурда Германияда “жарандык коомду күчтөндүрүү” менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу идеясы көбүрөөк популярдуу боло баштады.Бул демек, жеке бирикмелер – көп учурда ЖӨБ органдарынын колдоосу менен – шаардагы же жамааттагы социалдык, маданий, спорттук жашоого камкордук көрөт. Ошону менен ЖӨБ органдарынан каржылык жүк алынып, ал эми жарандык дух жана белгилүү бир муниципалитетке тийиштүү болгон сезим күчтөндүрүлөт. Дүйнөнүн башка жеринде болгондой эле, жарандардын өз муниципалитетине болгон мамилеси милдеттенмелерде жана укуктарда туюндурулат,бирок Баварияда алар бир аз башкача. Албетте жарандар салыктар, салымдар жана пошлиналар түрүндө каржылык милдеттенмелерге ээ.
 
Бирок, мындан тышкары, жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлана алат, алар өз функцияларын коомдук башталышта (акысыз) аткарышат. Ошону менен бирге жергиликтүү кеңештердин депутаттары жыйындарга жана добуш берүүлөргө катышууга милдеттүү, ошондой эле добуш берүүдө калыс пикирди карманууга уруксат берилбейт. Укуктар тууралуу айта турган болсок, жарандар муниципалдык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алышат; петиция берүүгө укуктуу; өз үнүн жеткирүү укугуна ээ; жергиликтүү кеңештердин ачык жыйындарынын протоколдору менен таанышууга укуктуу; кабыл алынган чечимдерди талкуулоого катышууга жана добуш берүүгө укуктуу; тандоо укугуна ээ жана белгилүү бир учурларда түздөн-түз чечим кабыл алууга укуктуу. Жашоочулар өзүнүн коомдук эркин жылдык жыйындар аркылуу билдире алат (жыйындарды өздөрү чакырса болот). Шаардагы курулуштарды пландоо, санитардык иш-чараларды өткөрүү – мунун баары тууралуу (максаттар, себептер жана ушул чаралардын кесепеттери) жарандар алдын ала маалымдалууга тийиш. Жергиликтүү жашоочулардын каалоолору, кооптонуулары жана сунуштары кабыл алынат жана каралып чыгууга тийиш. М