Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (112) 4 Март 2015

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Додомол жана Кош-Булак: муниципалдык транспорттук маршрутту уюштуруу анча деле кыйын эмес. Каалоо гана жетет!

2013-02-28 / Административдик-аймактык реформа

Айылда ар бир эле ири чыгым ошону ишке ашырып жаткан адамдарга карата күмөн жаратышы ыктымал.

 

Четте жашашчу
 
Додомол жана Кош-Булак айылдары район борбору – Казарман айылынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Додомол айылынын дээрлик миң тургуну жана Кош-Булак айылынын 400дөн ашуун тургуну ушул 45 чакырымды күн алыс басып өтүшчү. Анткени Казарманга түрдүү себептер менен каттап турушчу. Мисалы, азык-түлүк сатып алуу, райондук ооруканага баруу, мекемелерге ар кандай документтерди тапшыруу же болбосо зарыл болгон маалыматты, справкаларды алуу ж.б. үчүн. Район борборуна жетип алуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү – Додомолдун жана Кош-Булактын тургундарынын жеке транспорту эле. Такси бул айылдарга сейрек келчү, ал эми коомдук транспорт жок эле. Ошондуктан айылдыктар дайыма эле өз убагында ооруканага, жумушка, зарыл жерге жете алчу эмес. Жол кире 120 сом болуп, ансыз да чөнтөгү жука элеттик үй-бүлөлөрдүн бюджетине оорчулук келтирчү. Бул маселе айылдык чогулуштарда өтө тез жана кызуу талкууга алынып турганы менен, иш жүзүндө аны чечүүнүн жолун таппай убара тартышты.
 
Кеңешип чечишти
 
2012-жылдын август айында 2 айылда көптөн бери жүрөктү өйүп келаткан көйгөйлөрдү биргелешип үйрөнүү боюнча сессия өтүп, коомдук транспорттун жоктугу өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн тизмесине кирди. Аны чечүү үчүн жамаат ЖӨБ органдары менен биргеликте аракеттенүү планын иштеп чыгышты. Ошону менен биргелешип аткарышты.
 
Кантип ишке ашты?
 
Адегенде кандай машине керектиги тууралуу маалымат чогултулду: унаанын үлгүсү, техникалык мүнөздөмөсү, базар баасы. Айылга микроавтобус керек деп токтолушту. 2012-жылдын 10-апрелинде айылдык кеңештин сессиясында депутаттарга кеңири маалымат берилди. Сессияда микроавтобус сатып алуу үчүн 300 миң сом бөлүү зарылдыгы белгиленди. Айылдык кеңештин сессиясы муниципалдык жол маршрутун түзүү үчүн зарыл болгон каражатты жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды.
 
Айылда ар бир эле ири чыгым ошону ишке ашырып жаткан адамдарга карата күмөн жаратышы ыктымал. Ошондуктан сатып алуу процесси терең ойлонулуп ишке ашырылды. Атайын комиссия түзүлүп, ага депутаттар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү лидер кирди. Сатып алынган машине муниципалдык менчик катары катталды, ал эми анын техникалык абалы тиешелүү актка киргизилди.
 
Транспорттук каражатты сатып алгандан кийин муниципалдык маршрутту түзүү жана жол кире акысын макулдашуу максатында Додомол жана Кош-Булак айылдарында жыйын өттү. Анын натыйжасында жол кире тарифи 60 сом, эки тарапка болсо 120 сом деп сунушталды. Б.а., мурдагыга караганда эки эсе арзан болду. Бул болсо карапайым калк үчүн маанилүү фактор болуп калды. Бирок сунушталган тарифти эми айылдык кеңештин сессиясында бекитиш керек.
 
Дагы бир маанилүү маселе – маршруттун «ээси», башкача айтканда, бир эле учурда микроавтобустун техникалык абалы үчүн жооп берген айдоочу ким болот? Айдоочуну ачык жана акыйкат жол – сынак аркылуу тандоону чечишти. Сынакка катышчу талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлду: айдоочулук тажрыйбасы жана Кош-Булак айылында жашай алуу мүмкүнчүлүгү болуш керек. Сынактын жыйынтыгы боюнча, айыл округунун 2012-жылдын 1-декабрындагы №45 буйругу менен үч талапкердин ичинен тандалып алынган Бешкемпир Жунусов иштей баштады. Ага 5000 сом маяна бөлүндү. Микроавтобус айдоочунун гаражында турат. Айдоочу унаанын техникалык абалын көзөмөлдөп, зарыл болгондо майда ремонт иштерин жасамакчы.
 
Эсеп таң калтырды!
 
Бирок айдоочуга маяна берүү менен эле транспорттук маршрутту кармоо үчүн кеткен чыгым бүтүп калбайт. Бензин, унаа тетиктери зарыл. Айылдыктар баарын тыкыр эсептеп чыгып, маршрутту кармоого бир айда 22 миң сом кетерин көрүштү. Ал эми бир жылда бул сумма 264 миң сомду түзөт. Анткен менен жол кире акысы 60 сом деген эсеп менен болочоктогу кирешелерди да санашты. Көрсө бир жылда маршрут менен 374 миң тапса болот экен, башкача айтканда 110 миң сом таза пайда түшмөкчү.
 
Муниципалдык транспорттук маршруттун ишинен түшкөн бардык каражат айыл өкмөтүнүн эсебине которулуп турат жана маршрутту колдонуунун алгачкы айынын жыйынтыгы боюнча норма аткарылып, 30 миң сомдун тегерегинде пайда түштү.
 
Элет тургундарынын кубанычында чек жок – эми ишемби менен жекшембиден тышкары, күн сайын эртең мененки саат 8де маршрутка эки айылдан каалоочуларды чогултуп, Казарманга алып келет. Ал эми кечинде саат 5те тургундарды Додомол жана Кош-Булак айылдарына жеткирет. Тургундар жай мезгилинде графикти өзгөртүүнү ойлонуп жатышат. Бирок азыртадан эле маалым болуп калды, мунун баары алардын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашат.
 
Эгерде бара-бара маршрут кирешелүү болуп, аймакка пайда алып келе баштаса, бул каражатты айылдыктар жакыр үй-бүлөлөргө берүүнү пландаштырып жатышат. Же балким бул кызмат көрсөтүүнү мындан ары да жакшырта беришмекчи.
 
Түз пикир
 
Кочконбай Алымбеков, Кош-Булак айылынын тургуну, пенсионер: «Айылда чоң көйгөй – жумушсуздук. Мугалимдер гана иштебесе, калктын калган бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Өстүрүлгөн продукцияны район борборунда, Казарман айылында сатабыз. Жаңы жылдан тарта муниципалдык транспорттун кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул чоң жардам! Биз каражатыбызды үнөмдөй баштадык. Анткени тариф – биз үчүн ыңгайлуу. Менимче бул демилге жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкача иштеп, бизди көйгөйлөрдү талкуулоого жана биргелешип чечим издөөгө тарта баштаганын белгилегим келип турат».
 
Мээркан Исакова, Тогуз-Тороуз АА жооптуу катчысы: «Мен 14 жылдан бери айыл өкмөтүндө иштеп келатам жана транспорт көйгөйү менен бала чагыман бери таанышмын. Анткени Кош-Булак айылында төрөлгөм. Каражатка шылтоолоп, бул маселе көптөн бери чечилбей келаткан. Бирок азыр баары өзгөрдү: айыл өкмөтү калк менен биргелешип көйгөйдү изилдеп чыгып, айылдык кеңештин депутаттарына чыгашаларды негиздеп берип, сарпталган бюджеттик каражаттын айкындуулугун камсыздап берди. Айыл өкмөтүндө айылдык аймактын көйгөйлөрүн калкты бюджеттик процесске катыштыруу аркылуу жергиликтүү бюджеттен чечүү каалоосу пайда болгону абдан маанилүү».