Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформа: 2012-жылдын жыйынтыктары

2013-03-29 / Административдик-аймактык реформа

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институтун киргизүүнү эсепке алуу жана Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы менен Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР президентинин Указынын долбоору иштелип чыкты.

 

Акыркы жылдары республикада аймактык бирдиктерди ирилештирүү, башкаруучу борборлордун ордун тандоо, калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылуу, региондорду өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жана аймактарды натыйжалуу башкаруу максатында административдик-аймактык реформа жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу пикир кеңири жайылып кетти.
 
Андыктан республикадагы региондордун дараметин күчөтүү жана мамлекеттик, муниципалдык башкаруунун структурасында кайталоону жок кылуу максатында 2012-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №198 Токтому менен 2012-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформанын Концепциясы (мындан ары – Концепция) жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш тууралуу Жобо кабыл алынган. Өз кезегинде 2012-жылдын 31-майында КР премьер-министринин №237-р жарлыгы менен Концепцияны ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеши бекитилген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүгүү боюнча Мамлекеттик агенттик Координациялык кеңештин жумушу органын белгилеген.
 
Концепцияга ылайык, болочоктогу административдик-аймактык реформа биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун оптималдуу системасын түзүүгө багытталыш керек. Тажрыйба көрсөткөндөй, бул бир топ эле узак мөөнөттүү, жалпы коомдун аракетин талап кылган оор иш.
 
Белгиленген максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмаларды аткаруу каралган:
 
• мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу структурасында кайталоону жок кылуу, алардын ишмердүүлүгүндөгү натыйжалуулугун арттыруу, бюджеттик чыгашаларды азайтуу;
 
• региондордун потенциалын күчөтүү, алардын каржылык өз алдынчалуулугун чыңдоо;
 
• мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү;
 
• элдик курултайлардын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарт түзүү;
 
• кадр саясатын жакшыртуу;
 
• ченемдик укуктук базаны үндөштүрүү.
 
Өткөн 2012-жылы иш жүзүндө эмнелер жасалды?
 
Өлкөнүн административдик түзүлүшү өзүнө башкаруунун 4 деңгээлин камтыйт: борбордук, облустук, райондук жана муниципалдык (шаарлар жана айылдар).
 
Концепция сунуштаган административдик-аймактык түзүлүштүн модели облустук деңгээлди жоюп салууну караштырган жана башкаруунун төрт эмес, үч деңгээлин камтыйт: борбордук, райондук жана муниципалдык.
 
Административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделин ишке ашыруу 3 баскычка эсептелген. Административдик-аймактык реформанын биринчи баскычын ишке ашыруунун алкагында 2012-жылы төмөнкүлөр жасалды.
 
КР Өкмөтүнүн региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн институтун түзүү
 
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы №506 токтому менен конституциялык күчүнө кирген жаңы “КР Өкмөтү жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, облустарда тиешелүү аппараты менен КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары түзүлдү. Өкмөттүн ушул эле токтому менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу Жобо бекитилип, ал жерде анын функциялары жана ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн.
 
Эми мамлекеттик бийлик жергиликтүү райондук администрациянын райондук деңгээлинде гана көрсөтүлгөнүн, ал эми жергиликтүү облустук мамлекеттик администрация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты болуп калганын эсепке алуу маанилүү. Аппараттын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
 
• облустун чегинде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
 
• тиешелүү облустун чегинде мамлекеттик башкаруу органдарынын, тартип коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишмердүүлүгүн координациялоо жана көзөмөлдөө;
 
• жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте облустун аймагын өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле регионалдык экономикага инвестицияларды тартуу боюнча иштерди уюштуруу;
 
• облустун аймагындагы коопсуздукту, калкты жана аймакты чукул кырдаалдардан коргоону камсыздоо чөйрөсүндө иштерди координациялоону ишке ашыруу.
 
Ошентип Кыргызстан төрт деңгээлдүү башкаруу системасынан үч деңгээлдүүгө өттү: өкмөт – жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация – жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Чынында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макамы дагы деле бир аз бүдөмүк көрүнүп турат. Андан тышкары өкмөт бул органдын макамын жана ыйгарым укуктарын кайра карап чыгып, Конституцияда “ыйгарым укуктуу өкүл” деген орган каралбаганына карабастан аны күчөтүү аракетин көрүүдө.
 
Бул жерде мындай масштабдуу кайта өзгөртүүлөр адатта өтө оор жана мамлекеттик аппарат тарабынан каршылык менен коштолоорун эсепке алыш керек. Андыктан бул реформанын натыйжалары азырынча көрүнө элек болсо да, бул мамлекеттик башкарууну оптималдаштырууга карата олуттуу кадам болуп эсептелет.
 
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн 2012-жылдын 30-августунда КР Өкмөтү №631 жарлыгы менен Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, структурасы жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аппаратынын штаттык түзүму тууралуу Типтүү жобо бекитилген. Ошондой эле КР премьер-министринин тиешелүү буйругу менен облустарда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалган.
 
КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институтунун түзүлүшүн эсепке алуу менен ченемдик укуктук акттарды шайкеш келтирүүнүн алкагында 2011-жылдын 14-июлундагы №96 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Бул мыйзамдын 4-беренесинде “КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү” түшүнүгү колдонулган.
 
Ошондой эле ушул тапта «“КР административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Бул мыйзамдагы административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын түзүлүшү, кайра түзүлүшү жана жоюулушу тууралуу сунуштарды даярдоонун жана карап чыгуунун тартибин аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ошону менен катар мыйзам долбоорунда облустардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын ордуна “Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү” түшүнүгү киргизилди. Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн Аппаратына кароого жиберилген.
 
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институтун киргизүүнү эсепке алуу жана Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы менен Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР президентинин Указынын долбоору иштелип чыкты. Ушул тапта ал КР Өкмөтүнүн Аппаратына кароосунда турат. Ошентип, концепциянын алкагында каралган облустун деңгээлиндеги мамлекеттик башкаруунун бөлүгүн оптималдаштыруунун бардык юридикалык жана техникалык аспекттери кыймылга келди. Эми кийинки иш – аны ишке ашыруу.
 
Райондук кеңештерди жоюу
 
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдоонун зарылчылыгына байланыштуу, эки тепкичтүү бюджетке өтүүнү эсепке алуу менен жана райондук бюджетти бекитүү зарылчылыгы болбогонунан улам райондук кеңештердин институтун жоюу зарылчылыгы жаралды.
 
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, анын ичинде райондук кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укугунун мөөнөтү, 2012-жылдын 3-августундагы №149 “Айрым бир мыйзамдык акттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, 2012-жылдын 30-ноябрына чейин узартылган. Ал эми 2012-жылдын 1-декабрынан тарта райондук кеңештердин институту жоюулган. Ушул эле мыйзам менен райондук кеңештердин ордуна “жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны” түшүнүгү киргизилген. Тиешелүү райондордогу жергиликтүү (айылдык, шаардык) кеңештер тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо жана иштен бошотуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн эми ушулар жооптуу.
 
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына да “райондук кеңештер” түшүнүгүн алып таштоо менен өзгөртүүлөр киргизилди.
 
Андан ары райондук кеңештерди жоюуга байланыштуу жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине шайкеш келтирүү максатында райондук кеңештердин аппаратындагы кызмат орундарын жоюу үчүн “Муниципалдык кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Президентинин жарлыгынын долбоору иштелип чыккан. Бул бөлүк боюнча ушул тапшырма юридикалык жана техникалык жактан аткарылды десе болот.
 
Шаар тибиндеги конуштарды кайра түзүү
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын систематизациялоо жана шаар тибиндеши конуштардын макамына карата юридикалык карама-каршылыктарды жоюу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кезектеги шайлоосун дайындоого чейин шаар тибиндеги конуштарды шаарга же айылга кайта өзгөртө туруу жөнүндө материалдар даярдалды.
 
2012-жылдын 27-сентябрында КР Жогорку Кеңеши “КР шаар тибиндеги айрым конуштарын кайра түзүү жана аларды айылдын же шаардын категорияларына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алды. Бул мыйзам менен шаар тибиндеги 19 конуштун алтоо райондук маанидеги шаар болуп кайра түзүлдү: Айдаркен, Кадамжай, Токтогул, Кемин, Орловка жана Кайыңды. Калган 13ү айылдык аймак болду. Мындай чечим балким талаштуудур, бирок иштеп жаткан мыйзамдар боюнча кайра түзүү тууралуу чечимди жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар кабыл алыш керек. Шаар үчүн тиешелүү өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурага ээбиз, ошондой эле мындан ары экономикалык өнүгүүгө шарттар бар жана калктын санынын өсүшү ыктымал деп эсептеген жергиликтүү бийлик шаарларга кайра түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай кайра түзүүлөр ммалекеттик бюджет үчүн чыгымдуу. Анткени ЖӨБнын аткаруу органынын штатын жана бюджетин көбөйтүп, шаарларга мүнөздүү кошумча социалдык жана башка кызматтарды түзүү керек болот. Белгилей кетүү керек, жаңы түзүлгөн шаарлардын жергиликтүү бюджетинин кирешеси да 2012-жылдын соңунда болжол менен 2,5 млн. сомго көбөйдү. Бул кирешеге карай салыктан чегерүүлөрдүн нормативи 40 пайыз көлөмүндө орнотулганына байланыштуу мүмкүн болду. Бул болсо конуштарга караганда 30% көбүрөөк.
 
Айылдык аймактар болуп кайра түзүлгөн конуштарда болсо педагогикалык кызматкерлерге элет жергеси үчүн белгиленген саатта сабак өтүүнүн санына жараша айына 1000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт. Бул да мамлекеттик бюджетке таасирин тийгизмекчи.
 
Белгилей кетчү жагдай, бул мыйзам менен өз алдынча административдик-аймактык бирдик болуп эсептелген жана өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы бар шаар тибиндеги 19 конуш кайра түзүлдү. Шаар тибиндеги бул конуштардан тышкары бүгүнкү күндө республикада шаарлардын курамындагы бир катар конуштар бар. Алар: Сүлүктү шаарындагы Чыгыш конушу, Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар жана Шамалды-Сай ж.б. Андыктан келечекте шаарлардын курамында болгон шаар тибиндеги дагы 8 конушту кайра түзүүнү кайра карап чыгуу пландаштырылууда.
 
Элдик курултайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу
 
КР Конституциясынын 52-беренесинин 2-пунктуна ылайык, кыргыз элинин тарыхый салттарын жана менталитетин эсепке алуу менен, жарандардын тиешелүү административдик-аймактык бирдикте мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алуусуна катышуусун уюштуруу жана принциптерди орнотуу максатында элдик курултайларды өткөрүү тартиби тууралуу тиешелүү мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы чыкты.
 
Бул максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. ИМАНАЛИЕВ, К.БОКОЕВ. Д.БЕКЕШОВ “Курултайлар жөнүндө” КР мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Ал мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн өзгөчө маанилүү маселелерин чечүү максатында жарандардын, жергиликтүү жамааттардын, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук маанилүү кызыкчылыктарынын макулдашуусун камсыздайт. Бул мыйзам долбоорун КР Жогорку Кеңеши 2012-жылдын июнь айында биринчи окууда кабыл алды. Алдыда мыйзам долбоорун дагы талкуулоо жана аны кабыл алуу иштери бар.
 
Каржылык децентралдаштыруу
 
Жергиликтүү деңгээлде каржы реформаларынын алкагында өткөн жылы КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №32-р жарлыгы менен өлкөнүн бюджеттик системасы үч тепкичтүү системадан (республикалык – райондук – ЖӨБ) эки тепкичтүү (республикалык – ЖӨБ) системага өттү. Буга чейин болуп келген райондук бюджет жергиликтүү бюджеттердин категориясынан алынып салынган, ал эми мамлекеттик органдардын райондук бөлүмдөрү республикалык бюджеттен түз каржыланууга өткөрүлдү.
 
Жергиликтүү бюджетти түзүүнүн эки тепкичтүү системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерин аныктаган негизги талаптарга жооп берет:
 
1) чечим кабыл алуу процесстерине жергиликтүү жамааттын катышуусу,
 
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалуулугу,
 
3) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн өз каржы ресурстарынын болгону,
 
4) ЖӨБО мамлекеттик органдар менен өз ара өнөктөштүк мамилелери.
 
Анткен менен бул реформа төмөнкү себептерден улам азырынча олуттуу натыйжа бере элек:
 
• 2008-2011-ж.ж. аралыгында жергиликтүү бюджеттердин киреше базасынын олуттуу азайышы киреше потенциалынын маанисинин төмөндөшүнө алып келип, теңдөөчү гранттардын өсүшүнө таасирин тийгизди,
 
• ЖӨБО бюджетиндеги каражаттарды райондук бюджеттерге “куюштуруу” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын райондун администрациясынан административдик жактан көз карандуулугунун деңгээлин жогорулатты,
 
• адатта негизделбеген чыгаша милдеттемелери бир кыйла көбөйдү,
 
• өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо маселеси чечилген эмес,
 
• ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан кирешелерди администрациялоо процессинен дээрлик сүрүлүп чыгарылган.
 
Концепция ушул жылдын соңуна чейин жергиликтүү салыктарды администрациялоо функциясын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү караштырган. Бул максатта “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору кабыл алынган.
 
Жалпысынан бюджеттик реформа чаташканын жана анын ийгилиги жакынкы жылдары жогоруда көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтетүү үчүн КР Өкмөтү да, ЖӨБ органдарынын өздөрү да жасаган аракеттерден көз каранды болот. Тагыраак айтканда: 1) ЖӨБнын чыгаша милдеттемелери алардын киреше потенциалы менен тең болуш керек, 2) мамлекеттик ыйгарым укуктар тиешелүү каржылоо менен кошо өткөрүлүп берилет, 3) ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан кирешелерди администрациялоо процессине кошулат.
 
Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
 
Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү административдик-аймактык реформанын маанилүү, бири-бирине жалганма бөлүгү болуп эсептелет. Ашыкча администрациялоо, бийлик органдарынын контролдук-көзөмөл жана уруксат берүүчү функцияларындагы карама-каршылыктар – булар жана башка көптөгөн факторлор ишкерчиликтин өнүгүүсүнө бут тосуп, инвестициялык жагымдуулукту азайтууда. Мунун айынан экономиканын динамикалык өнүгүүсү оорлошууда.
 
Ушул максаттарда КР Өкмөтүнүн буйругу менен Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул долбоорду 2012-жылдын май айында Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети карап чыккан. Ушул тапта мыйзам долбоору жогоруда аталган комитеттин эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен жана “КР Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык толукталууда жана төмөнкү экспертизалардан өтүүдө: социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана мыйзамдын аракетиндеги коррупциялык кесепеттерине.
 
Жумушчу топ мамлекеттик жана муниципалдык органдар көрсөткөн кызматтарга деталдуу анализ жүргүзгөн. Анын базасында Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси иштелип чыккан. Акырында 2012-жылдын 10-февралында КР Өкмөтүнүн №85 токтому менен бийликтин аткаруу органдары, алардын структуралык бөлүмдөрү жана ведомстволор алдындагы мекемелери көрсөткөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри (тизмеси) бекитилген. Бул токтом менен мамлекеттик акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана түрлөрү бекитилген, ошондой эле Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кошулбаган акыга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарып салуу каралган. Ошондой эле КР Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине эки айлык мөөнөт ичинде КР Өкмөтүнө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын типтүү стандартынын долбоорун киргизүү талабы коюлган. Ал эми аткаруу бийлигинин органдарына жана алардын структуралык бөлүмдөрүнө үч айлык мөөнөт ичинде КР Өкмөтүнө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбей калган кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарып салууну караган ченемдик укуктук акттардын долбоорун киргизүү тапшырмасы берилген.
 
Реестр же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси азыр да иштелип жатат. Ошондой эле көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын сапатынын стандартын иштеп чыгуу жана жайылтуу, сапатка мониторинг жүргүзүү системасын түзүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү боюнча иш-чаралар өз кезегин күтүп турат. Алар 2013-2014-жылдары ишке ашырылмакчы.
 
Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн КР Өкмөтү бүткүл өлкө боюнча орнотулган талаптарга шайкеш келген көп функционалдуу борборлордун түйүнүн түздү. Көп функционалдуу борборлорду өнүктүрүү маалымат коомун калыптандыруу үчүн зарыл шарт болуп калды. Алар калктын электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнүн түйүнү болуп калды. Калктын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн ар бир шаарда жана район борборлорунда коп функционалдуу борборлорду түзүү зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 50гө жакын ушул өңдүү борбор ишке киргизилди. Анын ичинен 12си Бишкек шаарында, бирөө Ош шаарында, калгандары район борборлорунда жайгашкан.
 
Облустук деңгээлде башкаруунун аймактык органдарынын ишмердүүлүгүнүн максаттуулук маселесин үйрөнүү
 
Ушул тапта атайын Жумушчу топ мамлекеттик башкаруу органдарынын облустук аймактык структураларын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда жана алар КРда административдик-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңешинин кароосуна жиберилет.
 
“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты. Өзгөртүүлөр административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын түзүлүшү, кайра түзүлүшү жана жоюулушу тууралуу сунуштарды даярдоонун жана
карап чыгуунун тартибин аныктоо бөлүгүнө киргизилди. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосунда турат.
 
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 9-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган ченемдик укуктук акттарга шайкеш келтирүү максатында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625 “Кыргыз Республикасында коомдук аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн регламенттештирген жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалды.
 
Концепциянын биринчи баскычын ишке ашыруунун натыйжаларын баалаганда ал өз алдына койгон тапшырмалардын олуттуу бөлүгү ишке ашырылганын көрсө болот. Кийинки баскычка өтүү үчүн көптөгөн демилгелер кыймылга келген.
 
2013-2014-жылдарды камтыган кийинки баскычында албетте башталган демилгелер уланат. Ошону менен катар төмөнкүлөрдү жасоо керек:
 
Шаарлардын курамында турган шаар тибиндеги калган 8 конушту кайра түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. Алар: Сүлүктү шаарындагы чыгыш конушу, Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар жана Шамалды-Сай, Майлуу-Суудагы Көк-Таш, Кара-Көлдөгү Кетмен-Төбө, Караколдогу Пристань-Пржевальский, Балыкчыдагы Орто-Токой, Орловкадагы Борду, Бишкектеги Чоң-Арык. Алар өз алдынча айылдык аймак болуп кайра түзүлөбү же административдик-аймактык бирдиктердин курамына кириш керекпи – муну жеринде башкаруу системасына доо кетирбестен, кырдаалга терең анализ жасап, ойлонуштуруп чечиш керек.
 
Айылдык аймактарды ирилештирүү
 
Айылдык аймактарды ирилештирүү – бул Кыргыз Республикасындагы бири-бирине чектешкен жана экономикалык жактан тыгыз өз ара байланышта турган эки же андан көп субъекттердин административдик биригүүсүнүн саясий жана экономикалык процесси. Айылдык аймактарды оптималдуу ирилештирүү мамлекеттик чыгымдарды азайтууга, административдик функцияларды азайтууга, жаратылыш, өндүрүштүк, адамдык, материалдык жана башка ресурстарды дагы да натыйжалуу колдонууга алып келиш керек.
 
Бүгүнкү күндө республикада бир гана айылдан турган 57 айылдык аймак бар. Алардын көбүндө калктын саны көп эмес. Ошондой эле Ноокат өңдүү жасалма түрдө эки бөлүккө бөлүнгөн административдик бирдиктер да бар. Балким биринчи кезекте ушундай айылдык аймактар оптималдаштыруу максатында каралыш керектир.
 
Албетте айылдык аймактарды ирилештирүүнү ишке ашыруу үчүн деталдуу негиздеме талап кылынып, илимий-техникалык экспертизаны жана экономикалык эсептерди жүргүзүү керек.
 
Мында калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүү үчүн юридикалык тоскоолдуктарды жокко чыгарууга жол ачкандай мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
 
Кадр саясатын жакшыртуу
 
Кадр саясатын жакшыртуу төмөнкүлөрдү караштырат: мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо жана ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегинин натыйжасын жана анын маянага таасирин баалоо системасын киргизүү аркылуу алардын эмгегин төлөө системасын реформалоо. Бул максатта КР Мамлекеттик кадр кызматында эки стратегия иштелүүдө: 1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча жана 2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын маянасын реформалоо боюнча. Бул болсо өлкөдөгү жаңы кадр саясаты үчүн негиз болуп бермекчи.