Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (112) 4 Март 2015

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарым-жартылай бош мектептерди жана ашыкча толтурулган бала бакчаларды кантип ыңгайлуу билим берүү объекттерине айландырса болот? Кара-Балтанын сыры

2013-02-28 / Административдик-аймактык реформа

Муниципалдык менчиктеги объекттерди рационалдуу жана натыйжалуу башкаруунун жакшы үлгүсү – Кара-Балтанын шаардык муниципалитети.

 

Шаардык жана элеттик ЖӨБ органдары менен иштешүүнүн көп жылдык практикасы көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары муниципалдык менчиктеги объекттерди дайыма эле натыйжалуу колдоно бербейт. Өзгөчө көп учурда билим берүү мекемелеринин имараттары, өзгөчө мектептер натыйжасыз колдонулат. Муниципалитеттердин жетекчилери дайыма эле ошол объекттерди жакшылап кароого жана тейлөөгө (ремонт, жылуулук ж.б.) финансы каражаттары жетишсиз болгонун айтып, даттанышат. Мектептер адатта суук, жөнөкөй эле нерселер жетишсиз, спорт аянтчалары кароосуз калган. Балдар көп ооруйт жана начар окушат, ата-энелер арызданса, мугалимдер кол жаят. Ал арада мыкты кожоюн деген наамга татыктуу ЖӨБ органдары да бар. Мектептер жана муниципалдык менчиктеги башка имараттар жылуу, ремонттолгон, дубалдар акталган, полдор жылуу, буга тургундар абдан ыраазы.
 
Мектептерди куюштуруп, мугалимдердин комплектин алып, чыгашаларды үнөмдөйбүз
 
Муниципалдык менчиктеги объекттерди рационалдуу жана натыйжалуу башкаруунун жакшы үлгүсү - Кара-Балтанын шаардык муниципалитети. Бул жерде мектептерди кармоого кеткен чыгымдарды үнөмдөө үчүн эки билим берүү мекемеси бириктирилген. Баары 2011-жылы башталган. Ошол маалда мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги курч маселе болчу, коммуналдык кызматтардын кымбаттыгынан жарымжартылай бош турган мектеп имараттарын кармоо чөнтөктү каккан. Маселени терең каза келгенде, буга себеп калктын ички жана тышкы миграциясы болгон: акыркы 10 жылда шаардын тургундарынын айрымдары өлкөнүн тышына иш издеп кетсе, айрымдары болсо Кыргызстандын башка калктуу конуштарына көчүп кетишкен. Калктын структурасы өзгөргөн: окуучулар азайып, мектептер жарым-жартылай бошоп калса, бала бакчалар тескерисинче жетпей калган.
 
Бул көйгөйдүн бардык жагдайларына анализ жасап чыгып, Кара-Балта шаарынын мэриясы райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте эки шаардык мектепти - №11 менен №7 – бириктирүүнү сунуштады. Анткен менен муну жеңил жана тез арада ишке ашыруу мүмкүн эмес эле – ата-энелер жана мектептин окуучулары каршы турушту. Азыр гана шаардык башкармалыктын кызматкерлери өздөрү мойнуна алгандай, башында ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер менен маалыматтык иштерге жетишээрлик көңүл бурулбай калган. Адегенде башында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калктын катышуусунда коомдук иш-чаралар уюштурулуп, бардык жүйөлөрдү негиздеп берүү зарыл эле. Тажрыйбаны эске алуу менен ошол эле 2011-жылы шаардык башкармалык мугалимдердин жана ата-энелердин талкуусуна долбоорду ар бир мектепте өз-өзүнчө алып чыкты. Андан соң коомдук угуулар өтүп, анын жүрүшүндө эки мектептин тең мугалимдери жана ата-энелер биригүү тууралуу чечимди биргелешип кабыл алды.
 
Мындай чечим үчүн негизги себеп - №5 мектептин жарым-жартылай бош турганы болду: класстык кабинеттердин жана кошумча жайлардын болгону 50% иштечү, ал эми №7 мектептин көлөмү бир кыйла аз. Ошентип №7 мектепти алдын ала ремонттолгон №5 мектепке көчүрүү боюнча уюштуруу иштери башталды. Бардык жумуштар жергиликтүү бюджеттен (406,0 миң сом) жана ата-энелердин төлөмдөрүнүн эсебинен каржыланды. Жаңы окуу жылынын башталышына карата, 2011-жылдын сентябрында №5 мектеп толугу менен ишке киришип, эки мектептин тең окуучуларын кабыл алды. Бош калган №7 мектептин имараты жаңы имаратка муктаж болуп турган Экономика жана укук техникумуна ижарага берилди.
 
Бирок ушул долбоорду ишке ашыруудан мэрия жана жалпысынан шаардын жамааты кандай пайда тапты? “Муниципалитет” журналынын бул суроосуна мэриянын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү секторунун башчысы Элла Бокмановна Ким жооп берди:
 
“Биринчиден, биз ушул объекттерге коммуналдык чыгашаларды азайтуудан шаардык бюджеттин финансы каражаттарын үнөмдөп калдык.
 
Экинчиден, мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйү чечилди, педагогикалык курам толукталды.
 
Үчүнчүдөн, ата-энелер абдан ыраазы, окуучулардын билим деңгээли жогорулап, калк тарабынан оң гана пикирлер айтылууда.
 
Төртүнчүдөн, мурда №7 мектеп жайгашкан имаратты Экономика жана укук техникумуна ижарага берүүдөн түшкөн каражат ЖӨБ органдарынын бюджетине кошумча киреше катары түшүүдө.
 
Бешинчиден, техникумдун башка имаратка көчкөнүнө байланыштуу студенттердин саны артты. Анткени бул имарат студенттерге жакты (шаардын борборунда жайгашкан, аянты кеңейди).
 
Алтынчыдан, техникумдун эски имаратында Кара-Балтага абдан зарыл болуп турган бала бакча ачыш үчүн (бала бакча имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тууралуу тиешелүү каттар Маммүлк фондуна, Өкмөттүн Чүй облусу боюнча толук ыйгарым укуктуу өкүлүнө жөнөтүлдү) мамлекеттик менчиктен муниципалдыкка өткөрүп берүү маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
 
Мектеп + мектеп = бала бакча + мектеп
 
Мектепке чейинки билим берүүгө жана бала бакчаларда орундардын жетишсиздигине карата Кара-Балтанын мэриясы бошоп калган техникумдун имаратын мамлекеттик менчиктен муниципалдыкка өткөрүп берүү идеясында гана токтоп калган жок. Анткени шаарда бала бакчалардагы орун өтө курч турат. Расмий маалыматтар боюнча, шаардын калкы 40 миң кишини түзсө, бейрасмий маалыматтар боюнча 55 миң адамга жетет. Башкача айтканда, шаарда жана анын четинде республиканын башка региондорунан келген, үй-бүлөдө балдары көп ички мигранттардын саны бир кыйла. Мында Кара-Балтада жакынкы убакытка чейин болгону 7 муниципалдык мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер иштеп келген. Ошондуктан жыл сайын балдардын мектепке чейинки мекемелерине кезек өсүп жатты. Ал эми бала бакчаларда орундарга эсеп жүргүзгөн райондук билим берүү бөлүмү шаардын мэриясына кошумча орун бөлүү маселеси боюнча жыл сайын кайрылып келген. Маселе бара-бара курч туруп, 2009-жылы мэрия “Байчечекей” бала бакчасында капиталдык ремонт жасап, 50 жаңы орун түздү. Бирок муну менен маселе соңуна чейин чечилген жок.
 
Ошондуктан мэрия муниципалдык менчиктеги объекттердин иш жүзүндө толтурулушуна жана жалпы билим берүү мекемелеринин бар болгон кубаттуулугуна анализ жасады. Натыйжада №1 орто мектеп жарым-жартылай (болгону 5-класстан 11-класска чейин) колдонулуп келгенин аныктады. Педагогдор жана ата-энелер менен талкуу өткөргөн соң, коомдук угуулардын жүрүшүндө №2 башталгыч мектепти №1 орто мектебине которуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ал эми №2 мектептин бошогон имаратын (мурда бала бакча болчу) ремонттоп, аны баштагыдай эле бала бакча катары колдонуу чечими кабыл алынды. Шаар депутаттары кеңештин сессиясында имаратты ремонттоп чыгууга жана жабдууларды сатып алууга акча каражатын бөлүп берүүнү чечти. Жарым жылдын ичинде 200 орундуу бала бакча калыбына келтирилди: шаардык бюджеттин эсебинен 2 млн. сомдон ашуун каражатка капиталдык ремонт жасалды; эмерек (керебеттер, үстөл, отургучтар, идиш-аяк, спорттук жабдуулар, оюнчуктар ж.б.) сатып алууга кошумча 1,5 млн. сом сарпталды. Ошентип 2013-жылдын 25-январында “Керемет бөбөк” бала бакчасынын расмий ачылышы болду. Анда Жайыл районунун акими балдар мекемесине белек тапшырды – оргтехниканын комплектин (компьютер жана универсалдык басма жабдуусу).
 
Шаардык жамаат үчүн бул окуя абдан маанилүү эле. Анткени шаар жогорку жана төмөнкү бөлүктөргө бөлүнгөн, ал эми көпчүлүк бала бакчалар шаардын жогорку бөлүгүндө орун алган, анын үстүнө жакшыраак камсыз болчу. Ал эми шаардын төмөнкү бөлүгүндө маселе өзгөчө курч турчу жана шаардыктар муну акыйкатсыз деп эсептешээр эле. Эми мэриянын кызматкерлеринин жана жамааттын жакшы жана өз убагында уюштурулган биргелешкен ишинин эсебинен мектепке чейинки билим берүү кызматын көрүү маселеси жарым-жартылай чечилди. Бүгүнкү күндө шаарда муниципалдык менчикте турган 8 мектепке чейинки билим берүүчү жана 2 жеке мектепке чейинки билим берүүчү мекеме бар.
 
Эми шаардын планында муниципалдык менчиктеги бардык объекттерди изилдеп чыгуу каралган (ал эми алар бир топ эле – инженердик инфраструктуралык объекттерди кошпогондо 100,0 млн. сомдук 63 имарат жана курулуштар). Шаардын менчигинде 11 орто жана 2 башталгыч мектеп бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын бир бөлүгү 70-75 пайызга толукталган. Мындай объекттерге карата рационалдуу жана үнөмдүү колдонуу үчүн алардын иш жүзүндө толукталышын жана кубаттуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.
 
Түз пикир
 
Гүлмира КУРМАНОВА, бала бакчанын ата-энелер комитетинин төрайымы: “Дээрлик ар бир бала үчүн белгилүү бир убакытта бала бакча экинчи үй болуп калат. Ал жерде даанышман тарбиячылар мээримин төгүп, жашоонун алгачкы сабактарын өтүшөт. Мына ушул сабактар кандай болгонунан, бала аны кандай шартта алганынан кичинекей инсандын андан аркы тагдыры көз каранды. Балдарды жакшы бала бакчага алып келүү мүмкүнчүлүгү үчүн биз биринчи кезекте Кара-Балта шаарынын мэри Шабданов Данияр Автандиловичке, Кара-Балта шаардык кеңешине жана биздин бала бакчаны ачууга жардам бергендин баарына, муну менен алектенүүгө күч жана каалоо таба алган ар бир адамга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул жеңил болгон жок”.
 
Галина ДЬЯКОВА, кварталдык комитеттин төрайымы: “Эки мектепти – №1 орто мектеп жана №2 башталгыч мектеп – бириктирүү тууралуу биргелешкен чечим туура болду. Анткени бизге бала бакча абдан зарыл болчу. №2 башталгыч мектептин бошоп калган имараты мына ушундай мүмкүнчүлүктү түздү. Биз үчүн бул нерсе өзгөчө маанилүү эле, анткени
Кара-Балта шаарынын төмөнкү бөлүгүндө бала бакчалардагы орундардын көйгөйү дайыма курч турган. Шаардын төмөнкү бөлүгүнүн тургундарынын атынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга ыраазычылыгымды билдирем”.
 
Аида ДҮЙШЕЕВА, Крупская ат. көчөнүн тургуну: “Бала бакчаларда орундун жетишсиздигинен өз балдарын орноштуруу мүмкүнчүлүгү болбогонунан улам жумушка чыга албай жүргөн көптөгөн энелердин атынан ушул бакчаны калыбына келтирүүгө 3,0 млн. сомдон ашуун акча каражатын бөлгөн шаардык кеңешке; туура чечим кабыл алганы үчүн шаардын мэриясына жана райондук билим берүүнүн бөлүмүнө жаш энелердин маселесине кайдыгер карабаганы үчүн ыраазычылык билдирем”.
 
Гуляим ШАМШИДИНОВА,
Өнүктүрүү саясат институту